Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Крест

Крест

Көптөр крестти христианчылыктын символу катары көрөт. Анткен менен айрымдар крест тагынууну, крестти үйгө же чиркөөгө коюп коюуну туура көрбөйт.

Исаны айкаш жыгачка кадашканбы?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

 

Кээ бирөөлөр римдиктер Исаны айкаш жыгачка кадап өлтүрүшкөн деп ойлошот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

 

Исаны «устунга кадап өлтүрүшкөн» (Элчилер 5:30). Ыйык Китепти жазгандар Исаны кантип өлтүрүшкөнүн сүрөттөгөндө колдонгон эки сөз тең эки эмес, бир эле жыгачты билдирет. «Байыркы убакта устунга кадоо» деген бир китепке ылайык, ставрос деген грек сөзү «устун деген сөздүн кеңири маанидегисин билдирет. Ал сөз крест деген сөзгө тектеш болгон эмес». Ал эми Элчилер 5:30да колдонулган «ксилон» деген сөз римдиктер кылмышкерлерди кадаган «тик тургузулган устунду же мамыны гана» билдирет *.

Ошондой эле Ыйык Китепте Исанын кантип өлтүрүлгөнү байыркы ысрайыл элинин бир мыйзамына байланыштырылган. Ал мыйзамда: «Эгер кимдир бирөө өлүм жазасына тартылгыдай күнөө кылып, өлтүрүлгөндөн кийин устунга кадалса, өлүгү түнү бою устунда калбашы керек... Устунга кадалган ар бир адам — Кудайдын каргышына калган адам»,— делген (Мыйзам 21:22, 23). Ошол мыйзамды сөз кылып, элчи Пабыл Исанын «биздин ордубузга каргышка калганын» айткан. Андан ары ал: «Анткени: „Устунга [ксилон] кадалган ар бир адам — каргышка калган адам“,— деп жазылган»,— деп жазган (Галатиялыктар 3:13). Ушундайча, элчи Пабыл Исанын устунга, бир эле жыгачка, кадалганын айткан.

«Алар... аны устунга кадап өлтүрүп салышты» (Элчилер 10:39).

Исанын шакирттери Кудайга сыйынганда крестти колдонушканбы? Ал алардын символу болгонбу?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

 

Ыйык Китептин бир да жеринде Исанын алгачкы жолдоочуларынын крестти диний символ катары колдонушканы жазылган эмес. Крестти алар эмес, өздөрүнүн кудайларынын символу катары ошол учурда жашаган римдиктер колдонушкан. Иса өлгөндөн 300 жылдай убакыт өткөн соң Рим императору Константин крестти өзүнүн аскеринин эмблемасы кылып алган. Кийинчерээк крестти христиан чиркөөлөрү менен байланыштырып калышкан.

Бутпарастар өздөрүнүн кудайларына сыйынуу үчүн колдонушкан крестти Исанын жолдоочулары чыныгы Кудайга сыйынууда колдонушат беле? Жок. Анткени алар Кудай байыртан эле ага сыйынууда бир нерсенин түспөлүн колдонууга тыюу салып келгенин жана алар «бурканга табынуучулуктан качышы» керектигин билишкен (Мыйзам 4:15—19; 1 Корунттуктар 10:14). «Кудай — Рух» болгондуктан, адамдар аны көрө алышпайт. Ошондуктан Исанын алгачкы жолдоочулары Кудайга сыйыныш үчүн көзгө көрүнгөн кандайдыр бир буюмдарды же символдорду колдонушкан эмес. Алар Кудайга көзгө көрүнбөгөн «ыйык рухтун жетеги менен» жана Кудайдын Ыйык Китепте жазылган эркине, чындыкка, ылайык сыйынышкан (Жакан 4:24).

«Чыныгы сыйынуучулар Атама ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйына турган убак келет» (Жакан 4:23).

Исанын жолдоочулары Исаны урматтаарын кантип көрсөтүшү керек?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

 

«Адамдар алардын куткарылышы үчүн колдонулган нерсени өзгөчө аздектеши жана ага сыйынып калышы таң калыштуу деле эмес... Кайсы бир сөлөкөттөрдү аздектегендер алардын артында турган бирөөгө сыйынышат» («Жаңы католик энциклопедиясы»).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

 

Исанын өлүмү анын жолдоочуларынын күнөөлөрүнүн кечирилишине, Кудайга жакындашына, түбөлүк өмүргө ээ болушуна өбөлгө түзгөндүктөн, албетте, алар анын алдында милдеттүү (Жакан 3:16; Еврейлер 10:19—22). Алар ыраазычылыгын Исанын өлүмүн билдирген символду колдонуу же Исага ишенем деп айтып коюу менен эле билдириши керек беле? Жок, анткени «ишсиз ишеним өлүк» (Жакып 2:17). Исанын жолдоочулары ишенимин иш менен көрсөтүшү керек.

Ыйык Китепте: «Бизге түрткү берген күч — Машаяктын сүйүүсү. Себеби биз мындай тыянакка келдик: бир адам бардыгы үчүн өлгөн... Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн жашабай, алар үчүн өлүп, кайра тирилген Машаяк үчүн жашашы үчүн, ал бардыгы үчүн өлгөн»,— деп жазылган (2 Корунттуктар 5:14, 15). Исанын сүйүүсү анын жолдоочуларына анын үлгүсү менен жашап, жашоосун өзгөртүүгө түрткү берет. Ооба, ушундайча, алар Исага алда канча чоң урмат-сый көрсөтүшөт.

«Анткени Атамдын эрки боюнча, Уулун таанып-билип, ага ишенген ар бир адам түбөлүк өмүргө ээ болушу керек» (Жакан 6:40).

^ 8-абз. «A Critical Lexicon and Concordance to the English and Greek New Testament», 11-бас., У. Буллингер, 818, 819-б.