Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

Өлгөндө адам каякка барат?

Өлгөндө адам каякка барат?
  • Өлгөндө адам эмне болот?

  • Адамдар эмне себептен өлүшөт?

  • Өлүм жөнүндөгү чындыкты билүү сооротобу?

1—3. Өлүмгө байланыштуу кандай суроолор туулат? Дүйнөдөгү диндер аларга кантип жооп берет?

БУЛ суроолор тээ эзелтеден эле көптөрдү ойлондуруп келет. Коомдо кандай абалды ээлебейли жана кайсы жерде жашабайлы, ар бирибиз аларга жооп алууну каалайбыз. Ушунун өзү эле ал суроолордун абдан маанилүү экенин көрсөтүп турат.

2 Мындан мурунку бөлүмдөн Иса Машаяктын курмандыгы түбөлүк өмүргө жол ачканын окуганбыз. Ошондой эле Ыйык Китепте өлүм болбой турган заман тууралуу айтыларын билгенбиз (Аян 21:4). Бирок азыркы дүйнөдө өлүм эмне экенин билбеген адам жок. Акылман Сулайман падыша: «Тирүүлөр өлөрүн билет»,— деп айткан (Насаатчы 9:5). Ар бирибиз эле узак өмүр сүргүбүз келет. Анткен менен: «Өлгөндө адам эмне болот?» — деп ойлонобуз.

3 Жакыныбыздан айрылганда өзүбүздү коёрго жер таппай күйүт тартабыз. «Азыр ал каякта болду экен? Кыйналып жаткан жокпу? Бизди көрүп жатабы? Ага жардам бере алабызбы? Аны кайрадан көрөбүзбү?» — деген ойлорго батып, бушайман болушубуз ыктымал. Дүйнөдөгү диндер бул суроолорго ар кандайча жооп берет. Айрымдары жакшы адамдар асманга кетет, ал эми жамандар тозокко түшөт деп окутат. Башкалары өлгөндө адам арбактар дүйнөсүндөгү ата-бабаларына кошулат деп үйрөтөт. Дагы бирөөлөрү өлгөн адам «тиги дүйнөдөн» суракка алынган соң жашоонун бөлөк түрүнө өтөт, тактап айтканда, башка жан болуп кайра төрөлөт дешет.

4. Көп диндер өлүмгө байланыштуу кандай окууну жактайт?

4 Ошентип, диндердин дээрлик баары адам өлгөндө, анын ичиндеги бир нерсе денесинен бөлүнүп чыгып, андан ары жашай берет деген окууну жактайт. Маркум көрүү, угуу, ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн жоготпой, жашоосун уланта берет дегенге адамдар мурдатан эле ишенип келишет. Бирок ушундай болушу мүмкүнбү? Сезимдерибиз жана ойлорубуз мээбиздин иштеши менен тыгыз байланышта. Адам өлгөндө, мээнин иштеши токтойт. Натыйжада эскерүүлөрүбүз менен ой-сезимдерибиздин баары жоголот. Анткени алар кандайдыр бир жол менен өзүнөн өзү пайда боло албайт.

ӨЛГӨНДӨ АДАМ ЭМНЕ БОЛОТ?

5, 6. Ыйык Китепте өлгөндөрдүн абалы тууралуу эмне делет?

5 Адам өлгөндө эмне болору жөнүндөгү чындыкты Жаратканыбыз Жахаба эң сонун билет. Ал өлгөндөрдүн абалы тууралуу өзүнүн Сөзүнө, Ыйык Китепке, жаздырган. Анда айтылгандарга ылайык, адам өлгөндө, жашоосу толук токтойт. Өлүм — өмүрдүн карама-каршысы. Өлгөн адам эч нерсе билбейт: көрө да, уга да, ой жүгүртө да албайт. Андан жашоосун уланта турган эч нерсе бөлүнүп кетпейт. Ооба, адамдын өлбөс жаны же руху жок *.

Жалын эмне болду?

6 «Тирүүлөр өлөрүн билет»,— деп айткандан кийин Сулайман падыша: «Өлгөндөр эч нерсе билбейт»,— деп кошумчалаган. Андан соң ал өлгөн адамдын сүйө да, жек көрө да албай турганын жана көрдө «жумуш да, ой жүгүртүү да, билим да, акылмандык да жок» экенин айткан. (Оку: Насаатчы 9:5, 6, 10.) Забур 146:4тө адам өлгөндө «ойлору ойрон болору» жазылган. Эч кимдин өлбөс жаны жок. Өмүрдү шамдын жалынына салыштырууга болот. Шамды үйлөсө, анын жалыны өчөт. Ал башка эч жерде күйбөйт.

ӨЛҮМ ЖӨНҮНДӨ ИСА ЭМНЕ ДЕГЕН?

7. Иса Машаяк өлүмдү эмнеге салыштырган?

7 Иса Машаяктын сөздөрү да өлгөндөр кандай абалда болорун түшүнүүгө жардам берет. Алсак, Лазар деген досу каза болгондо, ал шакирттерине: «Досубуз Лазар уктап калды»,— деген. Алар Исанын сөздөрүнүн маанисин түшүнбөй калышкандыктан Лазарды оорусунан жакшы болуп кетиш үчүн уктап жатат деп ойлошкон. Ошондуктан Иса аларга ачык эле: «Лазар өлүп калды»,— деп айткан. (Оку: Жакан 11:11—14.) Бул жерде Исанын өлүмдү уйкуга салыштырганына көңүл бурсаң. Лазар асманга да кеткен эмес, тозокко да түшкөн эмес. Ал периштелерге да, өлгөн ата-бабаларына да кошулган эмес. Ошондой эле башка жанга да айланып кеткен эмес. Өлгөндө ал катуу уйкуга баткандай болгон. Иса өлүмдү башка учурда да, мисалы, Жайырдын кызын тирилткенде да уйкуга салыштырган. Ал: «Кыз өлгөн жок, уктап жатат»,— деген (Лука 8:52, 53).

Жахаба адамдарды жер бетинде түбөлүк жашашсын деп жараткан

8. Кудайдын адамдардын өлүшүн каалабаганын кайдан билебиз?

8 Кудай адамдардын өлүшүн каалаганбы? Жок. Жахаба аларды жер бетинде түбөлүк жашашсын деп жараткан. Мурунураак окуганыбыздай, Кудай биринчи эркек менен аялды кооз бейиш багына жайгаштырып, аларга чың ден соолук берген. Жахаба Адам ата менен Обо энеге жакшылык гана каалаган. Мээримдүү ата-эне балдарынын карышын жана өлүшүн каалайбы? Эч качан. Жахаба Кудай да өзүнүн балдарын сүйгөндүктөн алардын жер бетинде түбөлүк бактылуу жашашын ниет кылган. Ыйык Китепте: «Чыныгы Кудай адамдардын жүрөгүнө түбөлүктүүлүктү салган»,— деп айтылат (Насаатчы 3:11). Ооба, Кудай бизди түбөлүк өмүр сүрүү каалоосу менен жараткан жана ал каалообуздун орундалышына кам көргөн.

АДАМДАР ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ӨЛҮШӨТ?

9. Жахаба Адам атага эмне деген жана ал буйрукка баш ийүү эмне үчүн кыйын болмок эмес?

9 Анда эмне үчүн адамдар өлүшөт? Бул суроого жооп алыш үчүн жер бетинде бир эле эркек менен аял жашаган убакты эске салалы. Ыйык Китепте: «Жахаба Кудай жерден мөмөсүн жегенге боло турган, көрүнүшү жакшы ар кандай дарактарды өстүрдү»,— деп айтылат (Башталыш 2:9). Бирок Кудай бир чектөө койгон. Ал Адам атага: «Бактагы бардык дарактын жемишинен каалашыңча жесең болот. Бирок жакшы менен жаманды таанытып билдире турган дарактын жемишинен жебе, болбосо аны жеген күнү өлөсүң»,— деген (Башталыш 2:16, 17). Бул буйрукка баш ийүү кыйын болмок эмес. Себеби бакта башка көптөгөн дарактар бар болчу жана Адам ата менен Обо эне алардын жемишинен жей алышмак. Коюлган чектөө аларга бардыгын, анын ичинде жеткилең өмүрдү тартуулаган Кудайга ыраазычылык көрсөтүүгө мүмкүндүк берген. Тил алуу менен ал экөө асмандагы Атасынын бийлигин урматташарын жана мээримдүүлүк менен берген жетегин баалашарын көрсөтүшмөк.

10, 11. а) Биринчи түгөй кандайча Кудайга тил албай койгон? б) Эмне себептен Адам ата менен Обо эненин тил албай койгону олуттуу күнөө болгон?

10 Өкүнүчтүүсү, биринчи түгөй Жахабага тил албай койгон. Шайтан жылан аркылуу Обо энеден: «Чын эле Кудай силерге бактагы дарактардын баарынан эле жей бербешиңер керектигин айтты беле?» — деп сураган. Обо эне: «Бактагы дарактардын жемишинен жесек болот. Бирок бактын ортосундагы дарактын жемиши жөнүндө Кудай: „Өлүп калбашыңар үчүн, андан жебегиле, ага тийбегиле“,— деп айткан»,— деп жооп берген (Башталыш 3:1—3).

11 Ошондо Шайтан: «Жок, өлбөйсүңөр. Кудай силердин андан жеген күнү көзүңөр ачыларын, жакшы менен жаманды билип, Кудайдай болуп каларыңарды билет»,— деген (Башталыш 3:4, 5). Шайтан Обо энени тыюу салынган дарактын жемишинен жесе жакшы болоруна ишендиргиси келген. Анын сөзү боюнча, Обо эне эмне туура, эмне туура эмес экенин өзү чечип, каалаганын жасай алмак. Андан сырткары, жемиштен жесе жаман эч нерсе деле болбой турганын айтуу менен Шайтан Жахабаны калпычы кылып көрсөткөн. Обо эне ага ишенип, дарактын жемишинен алып жеген. Андан соң күйөөсүнө да берген, ал да жеген. Түпкү ата-энебиз бул ишке туура эмес экенин билип туруп барган. Алар Кудай кылбагыла деген нерсенин так өзүн кылып жатышканын эң сонун билишкен. Дарактын жемишинен жеп, алар жөнөкөй жана акылга сыярлык буйрукту бузушкан. Муну менен асмандагы Атасын урматтабай турганын жана бийлигине баш ийүүнү каалабай турганын көрсөтүшкөн. Алардын кылганы кечирилгис күнөө эле!

12. Адам ата менен Обо эне каршы чыкканда Жахабанын кандай сезимде болгонун түшүнүүгө кайсы мисал жардам берет?

12 Бөпөлөп баккан балдарың чоңойгондо сени сыйлабай, тилиңди албай, ээн баш чыгышса, кандай сезимде болот элең? Албетте, аябай капаланмаксың. Анын сыңарындай, Адам ата менен Обо эне каршы чыкканда, Жахабанын жүрөгү да ушунчалык ооруган.

Адам ата топурактан жаралып, кайра топуракка айланган

13. Адам ата күнөө кетиргенде, Жахаба эмне деген жана бул эмнени билдирет?

13 Жахаба анын тилин албаган Адам ата менен Обо эненин түбөлүк жашашына жол берген эмес. Өзү эскерткендей эле, алар өлүшкөн. Адам ата менен Обо эне арбакка айланган эмес, алар жок болгон. Муну Жахабанын күнөө кетирген Адам атага айткан сөздөрүнөн билүүгө болот. Ал: «Өзүң алынган топуракка кайтмайынча маңдай териңди агызып нан таап жейсиң. Анткени сен топураксың, кайра топуракка кайтасың»,— деген (Башталыш 3:19). Кудай Адам атаны топурактан жараткан (Башталыш 2:7). Ага чейин ал жок болчу. Ошондуктан Жахабанын «кайра топуракка кайтасың» деген сөздөрү анын жок болорун билдирген. Адам ата өзү жаратылган топурактай эле жансыз болуп калмак.

14. Адамдар эмне себептен өлүшөт?

14 Кудайдын тилин алышса, түпкү ата-энебиз азыркыга чейин тирүү жүрмөк. Бирок алар тил албай, күнөө кылганы үчүн өлүмгө дуушар болушкан. Адам атадан күнөө менен өлүм тукум кууп өткөндүктөн, биз да өлүмгө дуушар болуп келебиз. (Оку: Римдиктер 5:12.) Күнөөнү коркунучтуу жана эч ким качып кутула албаган тукум куума ооруга салыштырууга болот. Ал өлүмгө алып барат. Өлүм болсо айыгышкан душман (1 Корунттуктар 15:26). Бизди андан куткаруу үчүн кун төлөнүшүнө кам көргөн Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

ӨЛҮМ ЖӨНҮНДӨГҮ ЧЫНДЫКТЫ БИЛҮҮ СООРОТОТ

15. Эмне үчүн өлүм жөнүндөгү чындыкты билүү жубатат?

15 Ыйык Китептен өлгөндөрдүн абалы тууралуу чындыкты билгенибиз бизди жубатат. Буга чейин айтылгандай, алар кайсы бир жерде кыйналышпайт. Өлгөн адамдар эч кандай зыян келтире албагандыктан, алардан коркуунун кереги жок. Алар жардамыбызга муктаж эмес, өзүлөрү да бизге жардам бере алышпайт. Маркумдар менен сүйлөшө да албайбыз. Анткен менен көптөгөн диний жетекчилер өлгөндөргө жардам бере алабыз деп айтышат. Ошондуктан көп адамдар, кайтыш болгон жакынына жардам көрсөтүлсүн деп, аларга акча беришет. Өлгөндөр тууралуу чындыкты билүү ушундай жалган окууларга алданып калуудан сактайт.

16. Көптөгөн диндердин окуулары кимдин таасири алдында пайда болгон жана кандай максатта?

16 Сен туткан дин өлгөндөр тууралуу эмнеге окутат? Көптөгөн диндердин окуулары Ыйык Китепте айтылгандарга каршы келет. Эмне үчүн? Анткени алар Шайтандын таасири алдында пайда болгон. Ал андай жалган окууларды өлгөн адамдын жаны «тиги дүйнөдө» жашоосун уланта берет дегенге ишендирүү үчүн колдонот. Ушул жана башка көптөгөн жалган окууларды колдонуп, Ибилис адамдарды Жахабадан алыстатат. Кандайча?

17. Эмне себептен тозок оту жөнүндөгү окуу Жахабага тил тийгизет?

17 Жогоруда сөз кылынгандай, айрым диндердин окууларына ылайык, жаман адам өлгөндөн кийин тозок отуна түшүп, түбөлүккө азап чегет. Мындай окуу Кудайга тил тийгизет. Жахаба сүйүүнүн Кудайы болгондуктан адамдарды эч качан тозокто кыйнабайт. (Оку: 1 Жакан 4:8.) Тил албай койгон баласынын колун отко куйкалаган адам жөнүндө кандай ойдо болот элең? Аны сыйлайт белең? Аны менен жакын мамиледе болгуң келет беле? Албетте, жок. Аны жеткен мыкаачы экен деп ойломоксуң, туурабы? Шайтан адамдардын Жахаба жөнүндө так ошондой ойдо болушун каалайт. Ал бизди Кудай өлгөндөрдү түбөлүккө, сансыз жылдар бою, тозок отунда кыйнайт дегенге ишендиргиси келет.

18. Эмне үчүн көптөр өлгөндөргө сыйынышат, бирок Ыйык Китепте эмне делет?

18 Шайтан айрым диндерди колдонуп, адам өлгөндө арбакка айланат жана тирүүлөр аны ыраазы кылып турушу керек деген окууну да кеңири жайылтып келет. Ал окууга ылайык, өлгөн адамдын арбагы же колдойт, же өч алат. Тилекке каршы, бул калпка ишенгендиктен көптөр маркумдардан коркуп, аларга сыйынышат. Ал эми Ыйык Китепте өлгөндөрдүн уктап жатканы айтылат. Анда чыныгы Кудай жана камкор Жаратканыбыз Жахабага гана сыйынышыбыз керектиги баса белгиленет (Аян 4:11).

19. Өлүм жөнүндө чындыкты билүү эмнени түшүнүүгө көмөк кылат?

19 Өлгөндөр тууралуу чындыкты билсек, жалган окууларга ишенбейбиз. Ошондой эле Ыйык Китептеги башка окууларды да түшүнө алабыз. Мисалы, «тиги дүйнөдө» жашоо жок экенин билгенде жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүн өзгөчө баалай баштайсың.

20. Кийинки бөлүмдөн кайсы суроого жооп алабыз?

20 Кудайдын байыркы убакта жашаган Аюп деген кызматчысы: «Өлгөн киши кайра жашайбы?» — деп сураган (Аюп 14:14). Чынында эле өлүм уйкусунда жаткандар кайра жашайбы? Ыйык Китепте бул тууралуу жазылгандар бизди жубатып, жүрөгүбүздү тынчтандырат. Ал жөнүндө кийинки бөлүмдөн окуйбуз.

^ 5-абз. «Жан» жана «рух» деген сөздөрдүн маанисин билүү үчүн «Тиркеменин» 208—211-беттерин кара.