Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

123-ЫР: Теократияга берилгендикте баш иебиз

Чындыкты жалгандан айырмалай аласыңарбы?

Чындыкты жалгандан айырмалай аласыңарбы?

«Чындыкты курчанып,.. бекем тургула» (ЭФ. 6:14, 15).

МАКАЛАНЫН ӨЗӨГҮ

Жахаба ачып берип жаткан чындыкты Шайтан жана каршылаштарыбыз жайылтып жаткан калптан айырмалоого үйрөнүү.

1. Чындыкка кандай карайсыңар?

 ЖАХАБАНЫН эли анын Сөзүндөгү чындыкты жакшы көрөт. Биздин ишенимибиз ага негизделген (Рим. 10:17). Биз Жахабанын жыйналышты «чындыктын түркүгү жана тиреги» кылып негиздегенине бекем ишенебиз (1 Тим. 3:15). Ошондой эле арабызда «жетекчиликти колго алгандарга» чын дилден баш иебиз. Анткени алар Ыйык Китептеги чындыктарды түшүндүрүп беришет жана Кудайдын эркин аткарыш үчүн көрсөтмөлөрдү беришет (Евр. 13:17).

2. Жакып 5:19га ылайык, чындыкты таанып-билгенден кийин да кандай коркунуч бар?

2 Чындыкты таанып-билип, Кудайдын уюму берип жаткан көрсөтмөлөргө карманышыбыз керектигин түшүнсөк да, чындык жолунан адашып кетишибиз ыктымал. (Окугула: Жакып 5:19.) Шайтан да Ыйык Китепке жана уюмубуз берип жаткан көрсөтмөлөргө ишенбей калышыбызды көксөйт (Эф. 4:14).

3. Эмне үчүн чындыкта бекем турушубуз керек? (Эфестиктер 6:13, 14).

3 Окугула: Эфестиктер 6:13, 14. Жакында Ибилис бардык улуттарды Жахабага каршы чыгарыш үчүн болуп көрбөгөндөй деңгээлде адаштырат (Аян 16:13, 14). Андан тышкары, Шайтан Жахабанын элин адаштырыш үчүн болгон күчүн жумшай берери турган иш (Аян 12:9). Андыктан чындык менен жалганды айырмалай билгенди жана чындыкка баш ийгенди үйрөнгөнүбүз аябай маанилүү (Рим. 6:17; 1 Пет. 1:22). Улуу алааматта аман калар-калбасыбыз ушундан көз каранды болот.

4. Бул макалада эмнелерди карайбыз?

4 Бул макалада Ыйык Китептеги чындыкты аныктаганга жана уюмубуз берген көрсөтмөлөргө карманганга жардам берген эки сапатка токтолобуз. Андан соң чындык жолунда бек турганга көмөк кылган үч кеңешти карап чыгабыз.

ЧЫНДЫКТЫ АЙЫРМАЛАГАНГА ЖАРДАМ БЕРГЕН САПАТТАР

5. Жахабадан коркконубуз канткенде чындыкты айырмалай билгенге жардам берет?

5 Жахабадан коркуу. Жахабаны урматтап-сыйлап, андан корксок, ага болгон сүйүүбүз күчтүү болот жана ага жакпаган иштерди кылгандан сактайт. Жахабага жаккыбыз келгендиктен туураны туура эместен, чындыкты жалгандан айырмалаганга үйрөнүүгө дилгирбиз (Накыл 2:3—6; Евр. 5:14). Андан тышкары, адамдардан коркуу сезими Жахабага болгон сүйүүбүздөн күчтүү болуп кетишине эч качан жол бербейбиз. Анткени адамдарга жаккан нерсе көбүнчө Жахабага жакпайт.

6. Адамдардан коркконунун айынан Ысрайылдын 10 уруу башчысы чындыкты эмне деп бурмалашкан?

6 Эгер Кудайга караганда адамдардан көбүрөөк корксок, чындыктан четтеп кетишибиз мүмкүн. 12 чалгынчы жөнүндөгү окуяга токтололу. Алар Жахаба ысрайылдыктарга берем деп убада кылган жерди көрүп келгенге жиберилген уруу башчылары эле. Алардын 10нун канаандыктардан корккону Жахабага болгон сүйүүсүн басып салган. Ошондуктан ысрайылдыктарга: «Биз ал жактагы элдерге каршы чыга албайбыз, алар бизден күчтүү»,— деп айтышкан (Сан. 13:27—31). Адамдык көз караш менен алганда, канаандыктар ысрайылдыктардан чынында эле күчтүү болгон. Бирок аларды жеңе албайбыз дегени калп болгон жана бул Жахабаны унутуп койгонго жаткан. Ал 10 чалгынчы Жахаба ысрайылдыктардан күткөн нерсеге көңүл топтошу керек эле. Ошондой эле Жахаба аларга бир аз убакыт мурун эле эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүртүшү керек болчу. Ошондо канаандыктардын күчү Жахабанын чексиз кудуретине салыштырганда эчтеке болбой калмак. Ишеними аз 10 чалгынчыдан айырмаланып, Жашыя менен Калеп Жахабага жаккысы келген. Ал экөө элге: «Эгер Жахаба бизди жакшы көрсө, бизди ошол жакка алып барып, сүт менен бал аккан ошол жерди бизге берет»,— деп айтышкан (Сан. 14:6—9).

7. Жахабадан көбүрөөк коркуш үчүн эмне кылышыбыз керек? (Сүрөттү да карагыла.)

7 Адамдарга караганда Жахабадан көбүрөөк коркуш үчүн чечим чыгарарда биринчи кезекте Жахабага жакканга умтулушубуз керек (Заб. 16:8). Ыйык Китептеги окуяларды окуп жатканда минтип ойлонуп көргүлө: «Ушундай жагдайга туш болсом, мен эмне кылат элем?» Маселен, Ысрайылдын 10 уруу башчысынын канаандыктар жөнүндө айтып жатканын угуп турганыңарды элестетсеңер. Алардын айткандарына ишенип, адамдардан коркуп калат белеңер? Же Жахабага болгон сүйүүңөр жана аны кубанткыңар келгени жеңип кетет беле? Өкүнүчтүүсү, бүт ысрайылдыктар Жашыя менен Калеп айтып жаткан чындыкты айырмалай албай калышкан. Анын кесепетинде Убадаланган жерге кирбей калышкан (Сан. 14:10, 22, 23).

Кимге ишенет элеңер? (7-абзацты карагыла)


8. Кайсы сапатты өрчүткөнгө бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек жана эмне үчүн?

8 Момундук. Жахаба чындыгын момун кишилерге ачып берет (Мт. 11:25). Биз момун болгондуктан чындык жөнүндө көбүрөөк билгибиз келген (Элч. 8:30, 31). Бирок текеберденип кеткенден сак болушубуз керек. Текеберденип кетсек, өзүбүздүн көз карашыбызды Ыйык Китептеги принциптердей жана уюмубуз берген көрсөтмөлөрдөй эле туура деп эсептей башташыбыз мүмкүн.

9. Канткенде момун бойдон кала алабыз?

9 Момун бойдон калышыбыз үчүн Жахабанын улуулугуна салыштырмалуу өзүбүздүн чаң экенибизди унутпаганыбыз зарыл (Заб. 8:3, 4). Ошондой эле Жахабадан: «Момун, үйрөнүүгө дилгир кыла көр»,— деп тиленишибиз кажет. Ошондо Жахаба Сөзү жана уюму аркылуу ачып берип жаткан көз карашын өзүбүздүн оюбузга караганда жогору койгонго жардам берет. Ыйык Китепти окуп жатканда Жахабанын момун кишилерди жакшы көрөрүн, ал эми текебер, кекирейген, менменсинген кишилерди жек көрөрүн көрсөткөн ойлорду тапканга аракет кылгыла. Сыймыктуу жоопкерчилик артылса, момун бойдон калганга эки эсе аракет кылышыбыз керек.

КАНТКЕНДЕ ЧЫНДЫКТА БЕКЕМ ТУРА АЛАБЫЗ?

10. Жахаба элин кимдер аркылуу жетектеген?

10 Жахабанын уюму берип жаткан көрсөтмөлөргө болгон ишенимиңди арттыра бер. Байыркы учурда Жахаба элине алгач Муса, кийин Жашыя аркылуу көрсөтмөлөрдү берип турган (Жаш. 1:16, 17). Ысрайылдыктар аларды Кудайдын өкүлдөрү деп эсептегенде бакубат жашашкан. Андан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин Машаяктын жолдоочуларынын жыйналышы негизделген (Элч. 8:14, 15). Аларды 12 элчи жетектеген. Кийинчерээк Иерусалимдеги башка аксакалдар да кошулган. Аларга баш ийгендин аркасында «бир туугандардын ишеними бекемделип, жыйналыштар сан жагынан күндөн күнгө өсө» берген (Элч. 16:4, 5). Бүгүнкү күндө да Жахаба уюму аркылуу берип жаткан көрсөтмөлөргө баш ийсек, батасын берет. Эгер баш ийбей койсок, ал кандай сезимде болот? Бул суроого жооп алыш үчүн ысрайылдыктар Убадаланган жерге баратканда эмне болгонун эстейли.

11. Байыркы учурда Мусаны Жахаба дайындаганына шек туудургандар эмне болгон? (Сүрөттү да карагыла.)

11 Ысрайылдыктар Убадаланган жерди көздөй баратканда, атуу-баштуу кишилер Мусаны Жахаба дайындаганына шек туудурушкан. Алар: «[Муса эле эмес], жамааттагылардын баары ыйык, Жахаба алардын арасында»,— деген (Сан. 16:1—3). Кудайдын алдында «жамааттагылардын баары ыйык» болгону чын. Ошентсе да Жахаба элди жетектеши үчүн Мусаны тандаган эле (Сан. 16:28). Андыктан Мусаны сындап, каршы чыккандар чынында Жахабаны сындашкан. Алар Кудай каалаган нерсеге эмес, өздөрү каалаган нерсеге — көбүрөөк бийликке жана атак-даңкка — көңүл топтошкон. Ошондо Жахаба козголоң чыгаргандарды жана аларды колдогон миңдеген кишилерди жок кылган (Сан. 16:30—35, 41, 49). Азыр деле Жахабага анын уюму берип жаткан көрсөтмөлөрдү сыйлабагандар жакпай турганы айдан ачык.

Кимди колдойт элеңер? (11-абзацты карагыла)


12. Эмне үчүн Жахабанын уюмуна толук ишенсек болот?

12 Биз Жахабанын уюмуна толук ишенсек болот. Эгер Ыйык Китептеги кайсы бир окууну туура эмес түшүнүп келатканыбыз же кызматыбыз башкача жол менен аткарылышы керектиги айкын болсо, Жетектөөчү Кеңеш зарыл өзгөрүүлөрдү киргизгенден коркпойт (Накыл 4:18). Анткени алар биринчи кезекте Жахабага жаккысы келет. Ошондой эле баарыбыз тыгыз карманышыбыз керек болгон «туура сөздөрдүн үлгүсүнө», Кудайдын Сөзүнө, негиздеп чечим чыгарганга бүт күчүн жумшашат.

13. «Туура сөздөрдүн үлгүсү» деген эмне жана эмне кылышыбыз керек?

13 «Туура сөздөрдүн үлгүсүнө мындан ары да кармангыла» (2 Тим. 1:13). «Туура сөздөрдүн үлгүсү» деген Иса үйрөткөн жана Ыйык Китепте жазылган окууларды билдирет (Жкн. 17:17). Биз ишенген нерселердин баары аларга негизделет. Жахабанын уюму ошол «туура сөздөрдүн үлгүсүнө» карманганга үндөйт. Ошентсек, сөзсүз бата алабыз.

14. Машаяктын кээ бир жолдоочуларынын «туура сөздөрдүн үлгүсүнө» карманбай калышына эмне себеп болгон?

14 «Туура сөздөрдүн үлгүсүнө» карманбай калсак, эмне болушу мүмкүн? Бир мисалга токтололу. 1-кылымда Исанын жолдоочуларынын арасында Жахабанын күнү келип калганы жөнүндө сөз тарап кеткен көрүнөт. Буга көпчүлүк элчи Пабыл жазды деп ойлоп алган бир кат себеп болгон окшойт. Тесалоникадагы айрым шакирттер каттын кайдан келгенин териштирбей эле, андагы ушакка ишенип, атүгүл аны жайылта башташкан. Эгер алар Пабыл окуткан нерселерди эстешсе, алданышмак эмес (2 Тес. 2:1—5). Пабыл аларга уккан нерселеринин баарына эле ишене бербеш керектигин кеңеш кылган. Анан кийин пайдасы тийиш үчүн Тесалоникалыктарга жазган экинчи катын: «Мен, Пабыл, бул саламымды өз колум менен жазып жатам. Мен ушундай жазам, бул ар бир катымды айырмалап турат»,— деп жыйынтыктаган (2 Тес. 3:17).

15. Чындыкка окшогон калптан өзүбүздү кантип коргой алабыз? Мисал келтиргиле. (Сүрөттү да карагыла.)

15 Пабылдын тесалоникалыктарга жазгандарын биз кантип колдоно алабыз? Ыйык Китепке дал келбеген же көптөрдү уу-дуу кылган нерселерди уксак, кыраакы болушубуз керек. Советтер Союзу учурунда болгон бир окуяга токтололу. Душмандар башкы башкармалыктын атынан кат жазып, ишенимдештерибизге таратып жиберген. Ал катта айрым ишенимдештерибиз өз алдынча бөлүнүп, көз карандысыз уюм түзгөнгө чакырылган. Кат уюмдан келгендей эле көрүнгөн. Бирок ишеними күчтүү боордошторубуз алданышкан эмес. Анткени алар катта жазылгандар ага чейин алган билимине дал келбей турганын байкашкан. Бүгүнкү күндө душмандар бизди адаштырыш үчүн жана бөлүп-жарыш үчүн кээде соцтармактарды же Интернетти колдонушат. Ошондой маалыматтарга шак эле ишенип, алданып калбай, уккан же окуган нерселерибиз Ыйык Китептен билгендерибизге шайкеш келеби, жокпу, ойлонуп көрүшүбүз керек. Ошондо өзүбүздү коргой алабыз (2 Тес. 2:2; 1 Жкн. 4:1).

Туурадай көрүнгөн жалган маалыматтарга алданбагыла (15-абзацты карагыла) a


16. Римдиктер 16:17, 18ге ылайык, кимдир бирөө чындыктан четтеп баратса, эмне кылышыбыз керек?

16 Жахабанын берилген кызматчылары менен биримдикте болгула. Кудай биздин ага биримдикте сыйынышыбызды каалайт. Эгер чындыкка бек кармансак, биримдүү болобуз. Чындыктан четтеп бараткандар жыйналышты бөлүп-жарат. Ошондуктан Кудай алардан: «Алыс болгула»,— деп эскертет. Болбосо, өзүбүз да чындыктан алыстап кетишибиз мүмкүн. (Окугула: Римдиктер 16:17, 18.)

17. Чындыкты айырмалай билгенибиздин жана ага бек карманганыбыздын кандай пайдасы бар?

17 Чындыкты айырмалай билсек жана ага бек кармансак, Жахаба менен болгон мамилебиз ынак, ишенимибиз бекем болот (Эф. 4:15, 16). Бул бизди Шайтандын жалган окууларынан жана үгүтүнөн коргойт. Ошондой эле улуу алаамат учурунда Жахабанын канаты астында болобуз. Келгиле эмесе, «эмне чындык болсо», ошого бек карманалы. Ошондо «тынчтыктын Кудайы» биз менен болот (Флп. 4:8, 9).

122-ЫР: Бекем, туруктуу бололу!

a СҮРӨТТҮН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ. Сүрөттө Советтер Союзу учурундагы ишенимдештерибиз башкы башкармалыктан келгендей кат алганы сахналаштырылган. Бирок чынында ал кат душмандардан болчу. Бүгүнкү күндө каршылаштарыбыз Жахабанын уюму жөнүндө жалган маалымат таратыш үчүн Интернетти колдонушат.