ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Лука 1:37. «Анткени Кудайдын бир да сөзү күчүн жоготпойт»
«Анткени Кудайдын бир да сөзү аткарылбай калбайт» (Лука 1:37, «Жаңы дүйнө котормосу»).
«Анткени Кудайдын бир да сөзү күчүн жоготпойт» (Лука 1:37, «Үмүт нуру» котормосу).
Лука 1:37нин мааниси
Кудурети Чексиз Кудай адамдардын колунан келбеген нерселерди ишке ашыра алат. Ага ой-ниетин орундатканга эч нерсе тоскоол боло албайт.
Жахаба a Кудайдын сөзү дайыма аткарылгандыктан Лука 1:37деги сөздөрдү «Кудайдын убадасы эч качан аткарылбай калбайт» же «Кудай үчүн мүмкүн эмес эч нерсе жок» деп да которсо болот. Бирок бул котормолор негизги бир эле ойду ачып берет: Кудайдын бир да убадасы, ой-ниети аткарылбай калбайт жана ал үчүн мүмкүн эмес эч нерсе жок (Ышая 55:10, 11).
Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын көптөгөн убадалары жазылган. Мисалы, ал периштеси аркылуу Ыбрайым пайгамбарга төрөбөс аялы Сааранын жашы өтүп калса да боюна бүтөрүн айткан. Анан: «Жахабанын колунан келбеген нерсе барбы?» — деп кошумчалаган (Башталыш 18:13, 14). Кудайдын колунан бүткөн табиятка көз чаптырып, ой жүгүрткөндөн кийин Аюп пайгамбар: «Сенин колуңан келбеген эч нерсе жок экенин... түшүндүм»,— деп айткан (Аюп 42:2). Иса пайгамбардын шакирттери куткарылыш үчүн Кудайдын талаптарына жооп бере аларына шектенип кеткенде, Иса аларга: «Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок»,— деген (Матай 19:25, 26). b
Лука 1:37нин контексти
Лука 1:37деги сөздөрдү Жебирейил периште жүйүт элинен болгон Мариям деген кызга айткан. Жебирейил периште Мариямдын уул төрөөрүн, ал «Эң Жогорку Кудайдын Уулу» деп аталарын жана анын ысмы Иса болорун айткан. Ал Кудайдын асмандагы өкмөтүнүн Падышасы катары түбөлүккө башкармак (Лука 1:26—33; Аян 11:15).
Мариям периштеден: «Эркек көрө элек болсом, бул кандайча болот?» — деп, таң кала сураган (Лука 1:34, 35). Жебирейил периште мунун Кудайдын ыйык руху, эң кубаттуу күч, аркылуу ишке ашарын айткан. Ошол учурда Иса асманда периште болчу. Жахаба өзүнүн кудуреттүү күчү менен Исаны түйүлдүк кылып, Мариямдын жатынына салган (Жакан 1:14; Филипиликтерге 2:5—7). Ошентип, керемет жолу менен Мариямдын боюна бүткөн. Бул Жахабанын колунан келерин көрсөтүш үчүн Жебирейил периште Мариямдын тууганы Элизабет жөнүндө айтып берген. Элизабет жашы өтүп калганына карабай боюна бүтүп, уул күтүп жаткан. Элизабет төрөбөс болгондуктан, жолдошу Закарыя экөө балалуу боло албай жүрүшкөн (Лука 1:36). Алардын уулу элди сууга чөмүлткөн Жакан болгон. Анын кандай кызмат аткарары жөнүндө Жахаба пайгамбарлары аркылуу алдын ала айттырган болчу (Лука 1:10—16; 3:1—6).
Кыязы, Жебирейил периште Лука 1:37деги сөздөрдү Мариям менен Элизабетке карата айткан. Ошол сөздөр Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына анын убадалары аткарыларына бекем ишенгенге жардам берет. Анын убадалары өз ичине адилдик менен башкарган Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Иса Машаяктын адамдар түзгөн өкмөттөрдүн ордун басарын камтыйт (Даниел 2:44; 7:13, 14).
Лука китеби тууралуу жалпы маалымат алыш үчүн бул видеону көргүлө.
a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.
b Ушул сыяктуу сөздөр бул аяттарда да кездешет: Сандар 23:19; Жашыя 21:45; Падышалар 1-китеп 8:56; Аюп 37:5; Забур 135:6; Жеремия 32:17; Даниел 4:35.

