Даниел 4:1—37

  • Небухаданасар Кудайдын түбөлүк падыша экенин жарыя кылат (1—3)

  • Падыша дарак жөнүндө түш көрөт (4—18)

    • Дарак кыйылгандан кийин 7 мезгил өтөт (16)

    • Кудай адамзат падышалыгынын Башкаруучусу (17)

  • Даниел түштү жоруп берет (19—27)

  • Даниел айткандар аткарылат (28—36)

    • Падыша 7 мезгил өткүчө акыл-эсинен ажырайт (32, 33)

  • Небухаданасар асман Падышасын даңктап-мактайт (37)

4  Падыша мындай деп жазды: «Небухаданасар падышадан жер жүзүндөгү бардык элдерге, улуттарга, ар кандай тилдерде сүйлөгөндөргө: тынчтыгыңар арта берсин! 2  Мен Эң Жогорку Кудайдын өзүмө көрсөткөн керемет-жышаандарын жарыя кылууну туура көрдүм. 3  Анын жышаандары кандай улуу, кереметтери кандай зор! Падышалыгы — түбөлүк падышалык; ал муундан муунга бийлик жүргүзөт.+ 4  Мен, Небухаданасар, ак сарайымда тынч жашап, телегейи тегиз жашоого рахаттанып жүргөм. 5  Бир күнү коркунучтуу түш көрдүм. Төшөгүмдө жатып көргөн элестер менен аяндардан үрөйүм учту.+ 6  Ошон үчүн түшүмдү жоруп берсин деп, Бабылдын бардык акылмандарын алып келгенге буйрук бердим.+ 7  Ошондо сыйкырчылык кылган дин кызматчылар, сыйкырчылар, көзү ачыктар, жылдыз төлгөчүлөр+ келишти. Аларга түшүмдү айтып бердим, бирок жоруй алышкан жок.+ 8  Акырында кудайымдын урматына Белтешатсар+ деп ат коюлган,+ ыйык кудайлардын руху бар+ Даниел келди. Ага түшүмдү мындай деп айтып бердим: 9  „Оо, Белтешатсар, сыйкырчылык кылган дин кызматчылардын башчысы!+ Сенде ыйык кудайлардын руху бар экенин,+ сен ача албай турган бир да сыр жок экенин жакшы билем.+ Эми түшүмдө көргөн аяндардын маанисин чечмелеп бер. 10  Төшөгүмдө жатканда аян алып, жердин ортосунда турган абдан бийик+ даракты+ көрдүм. 11  Ал өсүп отуруп, бекем, килейген дарак болуп, асманга жетти, ошондуктан жердин учу-кыйырынан көрүнүп турду. 12  Анын жалбырактары кооз, жемиши мол экен, ал баарына азык берет экен. Түбүнө талаа жаныбарлары көлөкөлөп, бутактарына асман канаттуулары корголоп, андан бардык тирүү жандар азыктанат экен. 13  Төшөгүмдө жатканда аян аркылуу дагы буларды көрдүм: асмандан сакчы* — ыйык бирөө — түшүп келатыптыр.+ 14  Ал үнүн катуу чыгарып: “Даракты кыйып,+ бутактарын бутап салгыла! Жалбырактарын күбүп, жемишин чачып жибергиле! Түбүндөгү жаныбарлар качып, бутактарындагы канаттуулар учуп кетсин. 15  Бирок дүмүрүн жерде, талаа чөптөрүнүн арасында калтыргыла, ага темир жана жез алкак кийгизгиле. Ал асман шүүдүрүмү менен сугарылсын, талаа өсүмдүктөрүнүн арасында жаныбарлар менен калсын.+ 16  Андан адамдын жүрөгү алынып, жаныбардын жүрөгү берилсин. Анан жети мезгил+ өтсүн.+ 17  Тирүүлөр Эң Жогорку Кудайдын адамзат падышалыгынын Башкаруучусу экенин,+ аны кимге бергиси келсе, ошого берерин жана тактыга адамдардын арасынан эң төмөн турганын отургузарын түшүнүшү үчүн, сакчылар+ ушундай буйрук, ыйыктар ушундай чечим чыгарышты”,— деди. 18  Мен, Небухаданасар падыша, ушундай түш көрдүм. Эми сен, Белтешатсар, түшүмдү жоруп бер, себеби падышалыгымдагы башка акылмандардын бири да жоруп бере алган жок.+ Сен болсо жоруй аласың, анткени сенде ыйык кудайлардын руху бар“. 19  Ошондо Белтешатсар+ деген да аты бар Даниел бир азга нес боло түшүп, ойлорунан улам үрөйү учту. Падыша ага: „Белтешатсар, көргөн түшүм менен анын маанисинен улам үрөйүң учпасын“,— деди. Белтешатсар мындай деп жооп берди: „Оо, мырзам, бул түштү сизди жек көргөндөр көрүп, аткарылышы душмандарыңыздын башына түшсө кана. 20  Сиз түшүңүздө көргөн, өсүп отуруп кубаттуу болгон, асманга жетип, бүт жер жүзүнө көрүнүп турган,+ 21  жалбырактары кооз, жемиши мол, баарына азык берген, түбүндө талаа жаныбарлары жашап, бутактарына асман канаттуулары коргологон ошол дарак,+ 22  оо, падыша, сизсиз. Анткени сиз өркүндөп-өсүп, кубаттуу болдуңуз, даражаңыз көтөрүлүп отуруп асманга жетти,+ бийлигиңиз жердин учу-кыйырына кулач жайды.+ 23  Анан падыша асмандан түшүп келаткан сакчыны — ыйык бирөөнү+ — көрдү. Ал: “Даракты кыйып, жок кылгыла. Бирок дүмүрүн жерде, талаа чөптөрүнүн арасында калтыргыла, ага темир жана жез алкак кийгизгиле. Ал асман шүүдүрүмү менен сугарылсын, жети мезгил өткөнчө,+ талаа өсүмдүктөрүнүн арасында жаныбарлар менен калсын”,— деди. 24  Оо, падыша, түштүн мааниси, Эң Жогорку Кудайдын мырзама, падышама, каршы чыгарган буйругу мындай: 25  сизди адамдардын арасынан кууп жиберишет, сиз талаа жаныбарлары менен жашайсыз, букаларга окшоп чөп жейсиз, асман шүүдүрүмүнөн денеңиз суу болот.+ Сиз Эң Жогорку Кудайдын адамзат падышалыгынын Башкаруучусу экенин, аны кимге бергиси келсе, ошого берерин+ түшүнгөнчө, жети мезгил+ өтөт.+ 26  Бирок дарактын дүмүрүн калтырыш керектиги айтылгандыктан,+ асманда Кудай бийлик жүргүзөрүн түшүнгөнүңүздө, падышалыгыңыз өзүңүзгө кайтарылып берилет. 27  Ошондуктан, оо, падыша, кеңешимди эп көрүңүз. Күнөөлөрүңүздөн арылып, туура иш кылыңыз, адилетсиздиктен баш тартып, жакырларга кайрымдуулук кылыңыз. Балким, ошондо мындан ары да гүлдөп-өсө бересиз“».+ 28  Ушунун баары Небухаданасар падышанын башына түштү. 29  Он эки айдан кийин падыша Бабылдагы ак сарайынын үстүндө ары-бери басып жүрдү. 30  Ошондо ал: «Падышалыктын ордосу болсун, улуулугум даңазалансын деп, өз кудуретим, өз күчүм менен курган Улуу Бабыл ушул эмеспи!» — деди. 31  Падыша сөзүн айтып бүтө электе, асмандан: «Оо, Небухаданасар падыша, сага мындай буйрук чыгарылды: „Сенден падышалык тартылып алынды,+ 32  сени адамдардын арасынан кууп жиберишет. Сен талаа жаныбарлары менен жашайсың, букаларга окшоп чөп жейсиң. Эң Жогорку Кудайдын адамзат падышалыгынын Башкаруучусу экенин, аны кимге бергиси келсе, ошого берерин+ түшүнгөнүңчө, жети мезгил өтөт“»,— деген үн угулду. 33  Небухаданасарга айтылган сөздөр ошол замат аткарылды. Аны адамдардын арасынан кууп жиберишти, ал букаларга окшоп чөп жей баштады, асман шүүдүрүмүнөн денеси суу болду, чачы бүркүттүн канат жүнүндөй узун болуп өсүп, тырмактары куштун тырмактарындай болуп калды.+ 34  «Жети мезгил өткөндөн кийин,+ мен, Небухаданасар, асманды караганымда, акыл-эсим өзүмө кайтып келди. Ошондо түбөлүк жашаган Эң Жогорку Кудайды даңктап-мактадым, анткени анын бийлиги — түбөлүк бийлик, падышалыгы муундан муунга башкарат.+ 35  Жерде жашагандардын баары Кудайдын жанында эч нерсеге арзыбай калат. Ал асман аскерлерине да, жерде жашагандарга да өз эркине ылайык мамиле кылат. Ага тоскоолдук кыла ала турган+ же ага: „Эмне кылып жатасың?“ — дей ала турган эч ким жок.+ 36  Ошол учурда акыл-эсиме келдим, падышалык даңкым, улуулугум менен көркүм да кайтарылып берилди.+ Жогорку даражалуу ак сарай кызматчыларым менен төрөлөрүм кайрадан мени менен акылдаша башташты, мен кайрадан падышалык тактыма отурдум, улуулугума улуулук кошулду. 37  Эми мен, Небухаданасар, асман Падышасын даңктап-мактайм, даңазалайм,+ себеби анын бардык иштери туура, жолдору адилеттүү,+ ал бой көтөргөндөрдү басынтат».+

Шилтемелер

Же: «периште».