Жеремия 32:1—44
32 Жүйүт падышасы Ситкиянын башкаруусунун онунчу жылында, башкача айтканда, Небухаданасардын башкаруусунун он сегизинчи жылында Жахабанын Жеремияга айткан сөзү.+
2 Ошол учурда Бабыл падышасынын аскерлери Иерусалимди курчап турушкан эле. Жеремия пайгамбар болсо Жүйүт падышасынын ак сарайындагы күзөтчүлөр короосунда+ камакта отурган болчу.
3 Анткени Жүйүттүн падышасы Ситкия аны каматып койгон эле.+ Ал ага: «Эмнеге сен пайгамбарлык кылып: „Жахаба: “Мен бул шаарды Бабыл падышасынын колуна салып берем, ал аны басып алат.+
4 Жүйүт падышасы Ситкия каздимдиктердин колунан качып кутула албайт, ал Бабыл падышасынын колуна салынып берилет, аны менен бетме-бет сүйлөшөт, көзмө-көз көрүшөт”,— дейт.+
5 “Ал Ситкияны Бабылга алып кетет, анан мен назарымды салганга чейин, ал ошол жерде болот. Каздимдиктер менен канча согушсаңар да, жеңишке жетпейсиңер”,— дейт Жахаба“,— деп жатасың?» — деген болчу.+
6 Ошондо Жеремия мындай деди: «Жахаба мага:
7 „Сага атаңдын бир тууганы Шалумдун уулу Анамел келатат. Ал сага: “Менин Анатоттогу+ жеримди сатып ал, анткени аны сатып алганга* биринчи кезекте сен укуктуусуң”,+— деп айтат“,— деди».
8 Жахаба айткандай эле, атамдын бир тууганы Шалумдун уулу Анамел күзөтчүлөр короосуна келип, мага: «Суранам, Бенжемин уруусунун жериндеги Анатоттогу жеримди сатып ал, анткени аны мураска алганга да, кайра сатып алганга да сенин укугуң бар. Аны өзүң сатып ал»,— деди. Ошондо Жахабанын эрки ушундай экенин түшүндүм.
9 Ошентип, атамдын бир тууганы Шалумдун уулу Анамелдин Анатоттогу жерин сатып алдым. Ага 17 шекел* күмүш* тартып бердим.+
10 Соода-сатык келишимин жазып,+ аны мөөр менен бекиттим да, күбөлөрдү чакырып,+ акчасын таразага тартып бердим.
11 Анан соода-сатык келишимин: мыйзамдын талабына жана эрежеге ылайык мөөр менен бекитилгенин да, мөөр менен бекитилбегенин да алып,
12 аталаш тууганым Анамелдин, келишимге кол койгон күбөлөрдүн, күзөтчүлөр короосунда+ отурган бардык жүйүттөрдүн көзүнчө ал келишимди Махсеянын уулу Нериянын+ уулу Барухка+ бердим.
13 Анан алардын көзүнчө Барухка мындай дедим:
14 «Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Бул соода-сатык келишимдерин: мөөр менен бекитилгенин да, бекитилбегенин да алып, көпкө сакталышы үчүн, чопо идишке салып кой“,— дейт.
15 Анткени Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Бул жердеги үйлөр, жерлер менен жүзүмзарлар кайрадан сатылып алынат“,— дейт».+
16 Ал келишимди Нерия уулу Барухка бергенден кийин Жахабадан мындай деп тилендим:
17 «Оо, Эгедер Теңир Жахаба! Сен асман менен жерди зор күчүң, кубаттуу колуң менен жараткансың.+ Сенин колуңан келбеген эч нерсе жок.
18 Сен миңдегендерди туруктуу сүйүүңө бөлөп келесиң, бирок ата-бабалары кылган күнөөнүн кесепетин уулдарына да тарттырасың.+ Сен улуу, кудуреттүү, чыныгы Кудайсың, ысмың — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.
19 Сенин ой-ниетиң* кереметтүү, жасаган иштериң улуу.+ Сен ар бир адамга жүргөн жолуна, кылган иштерине жараша тиешесин бериш үчүн+ адам баласынын бардык иштерине байкоо салып турасың.+
20 Мисир жеринде ушу күнгө чейин белгилүү болгон жышаандарды, кереметтерди көрсөтүп, бүгүнкү күндөгүдөй эле, Ысрайыл менен бүткүл адамзатка атыңды чыгаргансың.+
21 Сен ысрайыл элиңди Мисир жеринен керемет-жышаандарды көрсөтүп, жүрөк титиреткен иштерди кылып, зор күчүң, кубаттуу колуң менен алып чыккансың.+
22 Кийинчерээк аларга өзүң ата-бабаларына берем деп ант берген+ сүт менен бал аккан ушул жерди бергенсиң.+
23 Алар келип, бул жерди ээлеп калышкан, бирок тилиңди алышкан эмес, мыйзамың боюнча жүрүшкөн эмес. Берген буйруктарыңдын бирин да аткарышкан эмес, ошондуктан алардын башына ушул алааматтын баарын түшүрдүң.+
24 Мына, аскерлер шаарга сокку уруп,+ аны басып алыш үчүн курулмаларды куруп жатышат. Кылычтан,+ ачарчылыктан, жугуштуу оорудан*+ жапа чеккен бул шаар аны менен салгылашып жаткан каздимдиктердин колуна салынып берилет. Өзүң көрүп тургандай, айткандарыңдын баары аткарылып жатат.
25 Бирок сен, оо, Эгедер Теңир Жахаба, шаар каздимдиктердин колуна салынып бериле турган болсо да, мага: „Жер сатып ал да, күбөлөрдү чакыр“,— дедиң».
26 Ошондо Жахаба Жеремияга мындай деди:
27 «Мен Жахабамын, бүт адамзаттын Кудайымын. Менин колуман келбеген нерсе барбы?
28 Ошондуктан мен, Жахаба, мындай дейм: „Мен бул шаарды каздимдиктердин колуна, Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна салып бергени жатам, ал аны басып алат.+
29 Бул шаарга чабуул коюп жаткан каздимдиктер ичине кирип, от коюп, аны үйлөрү менен кошо өрттөп жиберишет.+ Анткени мага акарат кылыш үчүн ал үйлөрдүн үстүндө Баалга арнап курмандык чалып, башка кудайларга арнап суюк тартууларын алып келишчү“.+
30 „Ысрайыл менен Жүйүттүн эли жаш кезинен бери көз алдымда жаман иштерди гана кылып келатышат.+ Ысрайылдын эли кылган нерселери менен мага акарат кылып жатат,— дейт Жахаба.—
31 Бул шаар курулган күнүнөн тартып ушул күнгө чейин ачуумду, каарымды козгоп келатат,+ ошон үчүн аны көз алдыман жок кылам.+
32 Ысрайыл менен Жүйүттүн элинин, алардын падышаларынын,+ төрөлөрүнүн,+ дин кызматчыларынын, пайгамбарларынын,+ Жүйүт жери менен Иерусалимдин тургундарынын мага акарат кылыш үчүн жасаган бүт жаман иштери үчүн ошентем.
33 Алар мага жүзүн бурбай, далысын салышчу.+ Мен аларды үйрөткөнгө кайра-кайра* аракет кылсам да, айткандарыма эч кимиси кулак каккан эмес.+
34 Алар менин ысмым менен аталган үйдү арамдаш үчүн анын ичине жийиркеничтүү буркандарын коюп алышкан.+
35 Ошондой эле Ином өрөөнүндө*+ Баалга сыйына турган бийик жерлерди жасап, ошол жерде уул-кыздарын Молекке багыштап өрттөшкөн.+ Бирок мен аларга андай буйрук берген эмесмин,+ Жүйүттүн элин күнөөгө батырган андай жийиркеничтүү иш оюма да келген эмес“.
36 Ошондуктан силер: „Кылычтан, ачарчылыктан, жугуштуу оорудан кырылып, Бабыл падышасынын колуна салынып берилет“,— деген бул шаар жөнүндө Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт:
37 „Мен аларды ачууланып, каарданып, жаалданып турганымда ар кайсы жерлерге чачыратып жибергем.+ Эми ошол жерлерден чогултуп, бул жерге кайра алып келем, алар коопсуз жашайт.+
38 Алар менин элим болот, мен алардын Кудайы болом.+
39 Өздөрүнө да, өздөрүнөн кийинки балдарына да жакшы болушу үчүн,+ аларга дайыма менден коркуп жашагыдай бир жүрөк берип,+ баары бир жолдо жүргүдөй кылам.
40 Алар менен түбөлүк келишим түзүп,+ аларга жакшылык кылганымды токтотпойм.+ Менден тескери бурулуп кетпеши үчүн, жүрөктөрүнө менден коркуу сезимин салам.+
41 Аларга жакшылык кылганыма сүйүнөм,+ аларды бул жерге биротоло отурукташтырам.+ Муну чын жүрөгүмдөн, жан-дилимден кылам“».
42 «Жахаба мындай дейт: „Бул элдин башына ушундай чоң алаамат түшүргөнүмдөй эле, аларга өзүм убада кылган бүт жакшылыктарды да кылам.+
43 Силер: “Бул жер адам да, жаныбар да жашабай ээн калды, каздимдиктерге берилди”,— деп айтып жаткан ушул жерде кайрадан жерлер сатылып алынат“.+
44 „Бенжемин уруусунун жеринде, Иерусалимдин айланасында, Жүйүттүн шаарларында,+ тоолуу аймактагы шаарларда, түздүктөгү шаарларда,+ түштүктөгү шаарларда акча төлөп, жерлерди сатып алышат, соода-сатык келишимин түзүп, аны мөөр менен бекитишет, күбөлөрдү чакырышат.+ Себеби мен алардын туткунга кеткендерин кайра алып келем“,+— дейт Жахаба».

