Чыгуу 8:1—32

8  Жахаба Мусага мындай деди: «Фараонго барып, мындай деп айт: „Жахаба мындай дейт: “Менин элимди коё бер, алар мага сыйынышсын+.  Эгер коё бербесең, жериңдин баарына бака каптатам+.  Ошондо Нил дарыясында бакалар быкылдайт. Алар үйүңө да, уктаган бөлмөңө да, төшөгүңө да, кулдарың менен элиңдин үйлөрүнө да, мешиңдин ичине да, камыр ачыткан идишиңдин ичине да кирет+.  Бакалар өзүңдү да, элиңди да, кулдарыңды да бүт каптап кетет”“»+.  Бир нече убактан кийин Жахаба Мусага: «Арунга мындай де: „Мисирдеги дарыялардын, Нил дарыясынын чоң арыктарынын, камыш баскан көлмөлөрдүн үстүнө колуңдагы таягыңды+ сунуп, Мисир жерине бака каптат“»,— деди.  Арун Мисир жериндеги суулардын үстүнө колун сунганда, бакалар чыгып, Мисир жерин каптай баштады.  Ошондо сыйкырчылык кылган дин кызматчылар да өздөрүнүн сыйкырдуу күчү менен ошондой кылышты. Алар да Мисир жерине бакаларды чыгарышты+.  Бир нече убактан кийин фараон Муса менен Арунду чакырып: «Жахабадан сурангылачы+, ал мени, элимди бакалардан арылтсын. Мен элиңерди Жахабага курмандык чалууга коё берем»,— деди+.  Муса фараонго: «Үйлөрүңдөгү бакалар жоголуп, Нил дарыясында гана калышы үчүн, сен үчүн, кулдарың менен элиң үчүн качан суранайын, өзүң айт»,— деди. 10  Ал: «Эртең»,— деп айтты. Ошондо Муса: «Биздин Жахаба Кудайыбыздай эч ким жок экенин билишиң үчүн+, сен айткандай болот. 11  Үйлөрүңдөгү бакалардын баары жок болуп, сен да, кулдарың да, элиң да алардан арыласыңар. Алар Нил дарыясында гана калат»,— деди+. 12  Муса менен Арун фараондон чыккандан кийин, Муса Жахабага кайрылып+, фараонду бакалардан арылтышын өтүндү. 13  Жахаба Мусанын өтүнүчүн аткарды+. Ошондо үйлөрдөгү, короолордогу, талаалардагы бакалардын баары кырылды. 14  Эл аларды чогултуп, додо-додо кылып үйгөндө, Мисир жери сасый баштады+. 15  Фараон жагдайдын жакшыра түшкөнүн көргөндө, жүрөгүн катуулантып+, Жахаба айткандай эле, аларды укпай койду+. 16  Жахаба Мусага: «Арунга мындай де: „Таягыңды сунуп+, жердеги топуракты чап, ошондо бүт Мисир жериндеги топурак кара чиркейлерге айланат“»,— деп айтты. 17  Алар ошентишти. Арун колундагы таягын сунуп, жердеги топуракты чапканда, бүт Мисир жериндеги топурактын баары кара чиркейге айланып, элди да, жаныбарларды да талай баштады+. 18  Сыйкырчылык кылган дин кызматчылар да өздөрүнүн сыйкырдуу күчү+ менен ошондой кылууга, кара чиркейлерди пайда кылууга, аракет кылышты, бирок анте алышкан жок+. Кара чиркейлер элди да, жаныбарларды да талап жатты. 19  Ошондо сыйкырчылык кылган дин кызматчылар фараонго: «Бул — Кудайдын күчү*+ менен жасалган иш!» — дешти+. Бирок фараондун жүрөгү жумшарган жок+. Ал, Жахаба айткандай, аларды укпай койду. 20  Жахаба Мусага мындай деди: «Эртең менен эрте тур да, фараондун алдына барып тур+. Ал дарыяга келгенде, мындай де: „Жахаба мындай дейт: “Менин элимди коё бер, алар мага сыйынышсын+. 21  Эгер элимди коё бербесең, мен сага, кулдарыңа, элиңе, үйлөрүңө көгөөн каптатам+, ошондо мисирликтердин үйлөрү, жашаган жери көгөөнгө толот. 22  Мен Жахабамын, азыр менин ушул жерде экенимди билишиң үчүн+, ошол күнү менин элим жашаган Гошен жерин өзүнчө бөлүп коём+, ал жерде көгөөн болбойт. 23  Менин элим менен сенин элиңдин ортосун бөлүп коём+. Бул жышаан эртең болот”“». 24  Жахаба ошондой кылды: фараондун үйүн, анын кулдарынын үйлөрүн, бүт Мисир жерин көгөөн каптады+. Жер көгөөндөн жабыркады+. 25  Акыры, фараон Муса менен Арунду чакырып: «Баргыла, Кудайыңарга курмандык чалгыла, аны ушул жерде чалгыла»,— деди+. 26  Бирок Муса: «Жок, андай болбойт, анткени биз Жахаба Кудайыбызга мисирликтер жийиркеничтүү деп эсептеген нерсени курмандыкка чалабыз+. Мисирликтер жийиркенген нерсени алардын көзүнчө курмандыкка чалсак, бизди таш бараңга алышпайбы? 27  Ошон үчүн үч күнгө* чөлгө барып, Жахаба Кудайыбыз айткандай, ага курмандык чалабыз»,— деди+. 28  Ошондо фараон: «Мен силерди коё берем+. Чөлгө барып, Жахаба Кудайыңарга курмандык чала бергиле+. Болгону, алыс кетпегиле. Анан Кудайыңардан мен үчүн да өтүнгүлө»,— деди+. 29  Муса ага: «Азыр сенден чыгып, Жахабадан ушул тууралуу суранам. Анан эртең фараон, анын кулдары менен эли көгөөндөрдөн арылат. Бирок фараон элимди Жахабага курмандык чалууга коё бербей, дагы алдап койбосун»,— деп айтты+. 30  Муса фараондон чыгып, Жахабадан тиленди+. 31  Жахаба Мусанын өтүнүчүн аткарып+, фараонду, анын кулдарын, элин көгөөндөрдөн арылтты+. Бир да көгөөн калган жок. 32  Бирок фараон бул жолу да жүрөгүн катуулантып, элди коё бербей койду+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «манжасы».
Же: «үч күндүк жолго».