Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Иса пайгамбардын жолдоочулары саясатка аралашышы керекпи?

Иса пайгамбардын жолдоочулары саясатка аралашышы керекпи?

Иса пайгамбардын жолдоочулары саясатка аралашышы керекпи?

ИСА ПАЙГАМБАРДЫН чыныгы жолдоочулары саясатка аралашпайт. Эмне үчүн? Анткени алар Иса пайгамбардан үлгү алышат. Ал өзү жана жолдоочулары жөнүндө мындай деген: «Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес» (Жакан 15:19; 17:14). Келгиле, Иса пайгамбардын жолдоочуларынын эмне үчүн саясатка кийлигишпей турганын карап көрөлү.

1. Адам баласынын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ыйык Китепте адам баласы өзүн башкара албай турганы, ал тургай, башкарууга укугу да жок экени айтылат. Жеремия деген пайгамбар: «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,— деп жазган (Жеремия 10:23).

Кудай адамды уча ала тургандай кылып жаратпагандай эле, өзүн-өзү башкара ала тургандай кылып да жараткан эмес. Адам баласынын мүмкүнчүлүгү чектелүү экени жөнүндө Дэвид Фромкин деген тарыхчы мындай деген: «Өкмөт башында тургандар пенде болгондуктан ийгиликке жетпей келет. Алар эртең эмне болорун билбейт. Албетте, аларда кандайдыр бир деңгээлде бийлик бар, бирок алардын бийлиги чектелүү» («The Question of Government»). Мына ошондуктан Ыйык Китепте адам баласына таянбашыбыз керектиги айтылган (Забур 146:3).

2. Каардуу күчтөрдүн таасири. Иса пайгамбар Шайтандын дүйнөдөгү бардык падышалыктардын үстүнөн бийлиги бар экенин жакшы билген. Ал аны «дүйнөнүн башкаруучусу» деп атаган. Кудайдын бир кызматчысы да Шайтан жөнүндө: «Бул дүйнөнүн кудайы»,— деп жазган (Жакан 14:30; 2 Корунттуктар 4:4). Ал ишенимдештерине мындай деген: «Биз адамдар менен эмес, асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр,.. бул караңгылыктын дүйнө башкаруучулары менен күрөшүп жатабыз» (Эфестиктер 6:12). Ооба, бул дүйнөнү көзгө көрүнбөгөн каардуу күчтөр, тактап айтканда, Шайтан жана анын жин-перилери башкарып жатат. Бул биздин саясатка болгон көз карашыбызга кандай таасир этиши керек?

Бир мисал тууралуу ойлонуп көрөлү: кайык ээ-жаа бербеген шар аккан суунун агымы менен агып кете бергендей эле, өкмөт башындагылар да каардуу күчтөрдүн таасири алдында бийлик жүргүзүп жатышат. Кайыкта бараткан киши агымга каршы сүзө албайт, анын сыңарындай, бийлик башындагылар да каардуу күчтөрдүн таасирине каршы тура алышпайт. Көзгө көрүнбөгөн каардуу күчтөр адамдарды бузуп, аларды кайгыга салууну көздөшөт (Аян 12:12). Андыктан адам баласынын жашоосун Шайтандан жана анын жин-перилеринен күчтүү бирөө гана оңдой алат. Ал — Жахаба Кудай (Забур 83:18; Жеремия 10:7, 10).

3. Иса пайгамбардын чыныгы жолдоочулары Кудайдын Падышалыгын гана жакташат. Иса пайгамбар жана анын шакирттери белгиленген убакта Кудай асмандан жер үстүнө бийлик кыла турган өкмөт түзөрүн билишкен. Ыйык Китепте ал өкмөт Кудайдын Падышалыгы деп аталат, ошондой эле ал Падышалыктын падышасы болуп Иса Машаяк дайындалганы айтылат (Аян 11:15). Кудайдын Падышалыгы бүт адамзаттын жашоосун оңдой тургандыктан, Иса пайгамбар жерде жүргөндө биринчи кезекте «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды» таратканга умтулган (Лука 4:43). Андан сырткары, ал шакирттерин: Кудайдын Падышалыгы келсин деп тиленгенге үйрөткөн. Эмне үчүн? Себеп дегенде ошол Падышалык аркылуу Кудайдын эрки асманда да, жерде да толугу менен аткарылмак (Матай 6:9, 10).

Анда адамдардын бийлиги эмне болот? Ыйык Китепте дүйнө жүзүндөгү өкмөттөрдүн баары жок кылынары айтылат (Аян 16:14; 19:19—21). Эгер Кудайдын Падышалыгы жакында адамдар түзгөн өкмөттөрдүн баарын жок кыларына чындап ишенсек, саясатка аралашып, ал бийликтерди жактабайбыз. Ал эми алардын жакында жок кылына турганын билип туруп аларды колдосок, Кудайга каршы чыккан болобуз.

Иса пайгамбардын чыныгы жолдоочуларынын саясатка аралашпаганы алардын адамдардын жыргалчылыгын көздөбөй тургандыгын билдиреби? Бул суроого кийинки макаладан жооп алабыз.

[7-беттеги кыстырма]

Жахабанын Күбөлөрү саясатка аралашпайт, алар Кудайдын Падышалыгына байланыштуу иштер менен алек