Келечекте бактылуу болуш үчүн эмне кылсаңар болот?
Келечекте бактылуу болуш үчүн эмне кылсаңар болот?
КАНТКЕНДЕ келечекте бактылуу боло аласыңар? Ал үчүн чыгара турган чечимиңердин жыйынтыгы кандай болору жөнүндө ойлонушуңар керек.
Анткен менен өмүр бою пайда алып келе турган чечимдерди чыгаруу оңой эмес. Эмне үчүн? Себеби бүгүнкү күндө адамдардын көбү эңсеген нерселерине дароо эле жетүүнү каалашат. Мисалы, көптөр үй-бүлөсүнүн бактылуу болушун каалайт. Бирок үй-бүлө бактылуу болушу үчүн Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуш керек (Эфестиктер 5:22—6:4). Ошондой эле убактыңардын көбүн жумушка, эс алууга же көңүл ачууга эмес, үй-бүлөңөргө бөлүшүңөр керек. Жашоонун кайсы тармагында болбосун, чечим чыгарарда убактылуу эле ырахат тартуулаган нерсени тандайсыңарбы же көпкө чейин пайда алып келе турган нерсени тандайсыңарбы, ойлонушуңар зарыл. Анда туура чечим чыгарууга эмне жардам берет? Келгиле, төмөнкү төрт кеңешти карап чыгалы.
1 Чыгара турган чечимиңердин натыйжасын ойлогула
Чечим чыгарарда анын натыйжасы кандай болору жөнүндө жакшылап ойлонгула. Ыйык Китепте: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат»,— деген кеңеш берилет (Накыл сөздөр 22:3). Эгерде кайсы бир нерсеге байланыштуу чечим чыгарарда анын кесепеттүү жактарына көз жумуп койбой, чынчыл болсоңор, ал чечимди чыгарбай эле коюуну туура көрүшүңөр мүмкүн. Ал эми чыгара турган чечимиңердин өмүр бою пайда алып келерин билсеңер, шектенбей эле чечим чыгара аласыңар.
Чечим чыгарарда мындай суроолор тууралуу ойлонуп көргүлө: «Чыгарган чечимим бир жылдан кийин, атүгүл 10 же 20 жылдан кийин жашоомо кандай таасир этет? Ал менин жан дүйнөмдү жабыркатпайбы, ден соолугума терс таасир этпейби? Чыгарган чечимим үй-бүлөмө жана туугандарыма кандай таасир этет? Баарынан маанилүүсү, ал Кудайга жагабы? Аны менен болгон мамилемди бекемдейби же бузабы?». Ыйык Китеп Кудайдын рухунун жетеги менен жазылгандыктан, андан Кудайга эмне жагарын биле алабыз жана андагы кеңештер бизди байкалбаган тузактардан сактайт (Накыл сөздөр 14:12; 2 Тиметей 3:16).
2 Элди туурап иш кылбагыла
Көптөр чечим чыгарарда айланасындагы адамдарды карашат жана көпчүлүктү туурап иш кылышат. Бирок көпчүлүктү ээрчип чечим чыгаруу кесепеттүү болушу ыктымал. Андыктан элди туурап чечим чыгарбагыла. Наталинин * мисалына токтололу. Ал мындай дейт: «Мен жакшы жигитке турмушка чыгып, бактылуу болгум келчү. Бирок жашоомду өзгөртпөсөм, андай болбой турганына көзүм жетчү. Курсташтарым илим-билимдүү болгону менен дайыма туура эмес иштерди кылышчу. Кыздар улам бир жигит менен сүйлөшө беришчү. Балдар деле улам бир кызды таштап, экинчиси менен жүрө беришчү. Аларды туурап, мен да бир топ жигит менен сүйлөштүм. Бирок ошонун айынан жан дүйнөм жабыркады».
Натали ошол убакта Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал мындай дейт: «Жахабанын Күбөлөрүнүн арасынан бактылуу жаштарды, ынтымактуу үй-бүлөлөрдү көрдүм. Оңойго турбаса да, акырындык менен көз карашымды, жашоомду өзгөрттүм». Мунун жыйынтыгы кандай болгон? «Мен абдан урматтап-сыйлай ала турган, жакшы сапаттары бар жигитке турмушка чыккым келчү. Кийин Жахабанын Күбөсү болгон жигит менен
баш коштум. Кудай батасын бергендиктен, биз азыр бактылуу үй-бүлөлөрдөнбүз. Мынчалык бактылуу болом деп такыр ойлогон эмесмин»,— дейт ал.3 Чечимиңердин келечегиңерге кандай таасир этерин ойлогула
Келечегиңердин кандай болушун каалаарыңарды элестетип, ага жетүү үчүн эмне кылсаңар болору жөнүндө да ойлонушуңар керек (Накыл сөздөр 21:5). 70 же 80 жылдык өмүрүңөрдү кантип өткөргүңөр келери жөнүндө ойлонуп көргүлө. Бирок ошону менен эле чектелбей, Ыйык Китепте айтылган түбөлүк өмүргө жетип, ырахаттанып жашап жатканыңарды да элестеткиле.
Ыйык Китепте Кудайдын Иса Машаякты адамзат үчүн кун катары берип, түбөлүк өмүргө жол ачканы айтылат (Матай 20:28; Римдиктер 6:23). Кудай жакында адамзатка жана жерге байланыштуу баштапкы ой-ниетин аткарарын убадалайт. Кудайга баш ийген адамдар жер бетинде боло турган кооз бейиште түбөлүккө ырахаттанып жашашат (Забур 37:11; Аян 21:3—5). Эгерде чыгара турган чечимиңердин азыркы жашооңорго эле эмес, келечегиңерге да таасир этери жөнүндө ойлонсоңор, силер да бейиште жашай аласыңар.
4 Максатыңарга жеткенге умтулгула
Кудай убадалаган бейиште жашоо үчүн эмне кылышыңар керек? Алгач Кудай жөнүндө билим алуу абзел (Жакан 17:3). Ыйык Китептен алган так билимдин негизинде Кудайдын келечекке байланыштуу берген убадаларынын баары аткарыларына бекем ишене аласыңар. Бул силерге Кудайга жагыш үчүн зарыл өзгөрүүлөрдү жасаганга жардам берет.
Эми Майклдын мисалына токтололу. Ал мындай дейт: «12 жашыман баштап эле ичип, баңгизат колдоно баштагам. Көп өтпөй кылмышкерлердин тобуна кошулуп кеткем, 30га чыкпай эле өлөт болушум керек деп ойлочумун. Ызалана берчүмүн, көңүлүм да чөгө берчү, ошонун айынан өмүрүмдү кыюуга көп жолу аракет кылгам. Мен жашоонун маңызы бар болушу керек деп ойлочумун, бирок аны таба албай келгем». Майкл жогорку класста окуп жүргөндө, аны менен бир топто болгон кылмышкер Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Майкл да Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон.
Ал Ыйык Китептен аны алдыда эң сонун келечек күтүп турганын билген. Майкл мындай дейт: «Келечекте жер бети бейишке айланарын жана адамдардын бири-бири менен тынчтыкта, бейкапар жашай турганын билдим. Мен ушундай жашоону эңсечүмүн. Ошондон кийин Жахаба Кудай менен ынак мамиледе болууга умтула баштагам. Бирок баары бир заматта эле боло калган жок, жаңылган учурларым көп эле болгон. Атүгүл Ыйык Китепти изилдей баштагандан кийин да ичип алган учурларым болгон. Бир жолу бир кыз менен бузуктук кылгам».
Майклга жаман иштерин таштап, жашоосун өзгөрткөнгө эмне жардам берген? Ал мындай деген: «Мени менен Ыйык Китепти изилдеген байке Ыйык Китепти күнүгө окууга жана Кудайга жаккысы келгендер менен достошууга үндөдү. Мурдагы кылмышкер досторумдун мага дагы деле таасир этип жатышканын түшүндүм. Ошондуктан аларды бир туугандарымдай көрсөм да, алар менен байланышымды үздүм».
Майкл кичинекей максаттарды коюп, аларга жетүүнүн аркасында алдыга койгон чоң максатына да жете алган, тагыраак айтканда, Кудайдын мыйзамдарына ылайык жашоого үйрөнгөн. Силер да ошенте аласыңар. Алдыңарга кандай чоң максат койсоңор болорун жана ага жетүүгө силерге эмнелер жардам берерин жазгыла. Силерге колдоо көрсөтө турган кимдир бирөөгө кандай максаттарды койгонуңарды айтып, андан кандай ийгилик жасап жатканыңарды, кайсы жагынан жакшырышыңар керектигин айтып турушун сурансаңар болот.
Кудай жөнүндө билим алууну жана анын кеңештерин жашоодо колдонууну кийинкиге калтырбагыла. Азыртадан Кудай менен ынак мамиледе болгонго жана анын Сөзүнөн, Ыйык Китептен, билим алганга умтулгула. Кудайдын мыйзамдарына ылайык жашаган киши тууралуу Ыйык Китепте: «[Ал] эмне иш кылбасын, ийгиликке жетет»,— деп жазылат (Забур 1:1—3).
[Шилтеме]
^ 8-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.