Өзүңдү каардуу рухтардан корго

Өзүңдү каардуу рухтардан корго

Өзүңдү каардуу рухтардан корго

ЖЕЙМС Соломон аралдарындагы Малаита аралында чоңоюп өскөн. Ага кичинекейинен эле арбактарды аздектеп-сыйлоо керектигин үйрөтүшкөн. Жеймс: «Мен башкаларга зыян келтирүү үчүн эч качан арбактарга кайрылып дуба окуган эмесмин. Бирок рарафоносу (рухтарга жардам сурап кайрылуу ырым-жырымы) жок эле бактылуу болсо болору оюма да келбептир»,— дейт.

Жер шарынын ар кайсы бөлүгүндө жашаган элдер сыяктуу эле, Соломон аралдарынын эли рухтар адамдарга жардам да берет, зыян да келтирет дегенге ишенишет. Ооба, малаиталыктардын көбү рухтарга — алардын ою боюнча, жакшы деп эсептелген рухтарга — сыйынышып, аларды аздектешет.

Адамдардын рухтарга ишенерин көп нерседен байкоого болот. Алсак, Жеймстин айылындагы аялдар корокоро деген чымчыктын (күкүктүн бир түрү) үнүн укканда балдарын шаша-буша үйлөрүнө киргизишет. Эмне үчүн? Анткени алар ошол чымчыктын сайраганын жамандыктын жышааны деп ойлошот.

Жеймстин айылындагылардын айрымдары ак түстөгү ташты, каардуу рухтардан коргойт деген ойдо, үйдүн эшигинин үстүнө коюп коюшат. Жеймс да ошондой кылчу. Ал эми жумушунан тамактангандан кийин болсо, тамактын калган-каткандарын чогултуп баштыгына салып, кийинчерээк ыргытып жиберчү. Себеби ал тамактын калдыктарын көзү ачык бирөө таап алып, ага каршы дуба окуп коёт деп коркчу.

Балким, сен жашаган жерде адамдар мындай кылышпайттыр, бирок өзүңдү каардуу рухтардан коргоо үчүн, Жеймстей болуп, кандайдыр бир ырым-жырымдарга карманаттырсың. Ошол ырым-жырымдарга кармануу каардуу рухтардан коргойт деп ойлойт чыгарсың.

Эгер Ыйык Китепке ишенсең, төмөнкү суроолорго Ыйык Китепте кандай жооптор бар экенин билгиң келери шексиз: каардуу рухтар сага кандай зыян келтире алат? Кандайдыр бир ырым-жырымдарга кармансаң, каардуу рухтар сени башкарып албайбы? Өзүңдү алардан кантип коргосоң болот жана канткенде жан дүйнөң тынч болот?

Каардуу рухтар кантип зыян келтирет?

Ыйык Китепте каардуу рухтар өлгөндөрдүн арбактары эмес экени айтылат. Анда: «Тирүүлөр өлө турганын билишет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билишпейт»,— делет (Насаатчы 9:5). Чындыгында, каардуу рухтар — адамдарды адаштыруу үчүн Шайтанга кошулуп кеткен периштелер (Аян 12:9).

Ыйык Китепте каардуу рухтардан сактанышыбыз керектиги ачык эле айтылган. Элчи Пабыл Эфес шаарындагы ишенимдештерине: «Биз адамдар менен эмес, асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр... менен күрөшүп жатабыз»,— деген. Ал эми элчи Петир каардуу рухий күчтөрдүн төрөсү болгон Шайтан Ибилисти «кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстанга» салыштырган (Эфестиктер 6:12; 1 Петир 5:8).

Шайтан адамдарга зыян келтирүү үчүн аларды туура жолдон адаштырып, Кудайга жакпаган жаман иштерди кылууга азгырат. Ыйык Жазмада Шайтан «өзүн жарыктын периштеси кылып көрсөтөрү» айтылган (2 Корунттуктар 11:14). Ал өзүн колдоочу, жакшы периште кылып көрсөткөнү менен, анын максаты — адамдарды кыйратуу. Шайтан өзү жөнүндөгү жана Кудай жөнүндөгү чындыкты адамдардан жашырып койгон (2 Корунттуктар 4:4). Ал эмне үчүн адамдарды туура жолдон адаштырат?

Шайтан адамдардын ага сыйынышын каалайт. Ал үчүн адамдардын ага билип туруп сыйынабы же билбестиктен сыйынабы, айырмасы жок. Кудайдын Уулу Иса жерде жүргөндө, Шайтан Исанын да ага сыйынышын каалаган. Бирок Иса ага: «Кет жанымдан, Шайтан! Анткени Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабага сыйын...“ — деп жазылган»,— деп жооп берген (Матай 4:9, 10). Ооба, Иса пайгамбар Шайтанга эч качан сыйынган эмес.

Жахаба Кудай каардуу рухтардан алда канча күчтүү жана өз кызматчыларын рухтардан коргойт (Забур 82:19; Римдиктер 16:20). Эгер биз, Исадай болуп, Жахабага жаккыбыз келсе, Шайтанга же анын жин-перилерине баш ийүүдөн алыс болушубуз керек. Андыктан каардуу рухтарга сыйынуучулукка жаткан каада-салттарды аңдай билишибиз кажет. Канткенде аңдай алабыз?

Кудайга жакпаган каада-салттарды аңдай бил

Жахаба Кудай байыркы ысрайыл элине коңшу элдердин каада-салттарына карманбоону эскертип: «Сенин элиңде... көзү ачыктар, төлгөчүлөр, көз боочулар, бүбү-бакшылар, эмчи-домчулар... болбосун»,— деген. Андай иштерди кылгандар тууралуу Ыйык Китепте: «Муну кылгандар Теңирдин алдында жийиркеничтүү»,— делет (Мыйзам 18:10—12).

Андыктан кеңири таралган каада-салттарга байланыштуу төмөндөгү суроолор жөнүндө ойлонуп көр: кайсы бир каада-салт жышаандарга ишенүүгө үндөйбү? Ал салтта жансыз нерселер коргой турган күчкө ээ деген көз караш байкалабы? Кимдир бирөөгө зыян келтирүү үчүн же өзүн коргоо үчүн кандайдыр бир ырым-жырымдар жасалабы? Ошол каада-салт Жараткан Кудайга сыйынууга жана ал дайындаган Иса Машаякка баш ийүүгө эмес, рухтарга сыйынууга үндөбөйбү? (Римдиктер 14:11; Филипиликтер 2:9, 10).

Каардуу рухтарга байланышы бар каада-салттардын баарын четке кагуу маанилүү. Эмне үчүн? Буга байланыштуу элчи Пабыл: «Силер бир эле учурда Жахабанын да, жиндердин да чөйчөгүнөн иче албайсыңар»,— деген. Ошондой эле ал бир эле учурда Кудайга жана каардуу рухтарга жагууга аракет кылгандар «Жахабаны каардантарын» айткан (1 Корунттуктар 10:20—22). Биз жалгыз Жахаба Кудайга гана берилгендик менен кызмат кылышыбыз керек. Себеби ал ага татыктуу (Чыгуу 20:4, 5).

Төмөндөгү суроо тууралуу да ойлонуп көр: көпчүлүк карманып жүргөн каада-салттар адамдар кылган иши үчүн жооптуу эмес деген ойду жактабайбы? Мисалы, ойноштук жана никеге чейин жыныстык катнашта болуу көптөгөн жерлерде туура эмес деп эсептелет жана Ыйык Китепте да айыпталат (1 Корунттуктар 6:9, 10). Бирок Тынч океан аралдарынын жашоочуларынын салты боюнча, эгерде турмушка чыга элек кыз «жашыл жалбырактын» * таасири астында болгондуктан жыныстык катнашка бардым десе, анда анын иши күнөө деп каралбайт.

Бирок Ыйык Китепте ар бир адам өзүнүн жасаган иши үчүн жооптуу экени айтылат (Римдиктер 14:12; Галатиялыктар 6:7). Алсак, Обо эне Кудайдын мыйзамын Шайтанга алданып буздум деп ойлогондуктан: «Мени жылан азгырды, ошондуктан жедим»,— деген. Бирок Жахаба Обо энени кылган иши үчүн жоопко тарткан (Башталыш 3:13, 16, 19). Биз да жаман жүрүм-турумубуз үчүн өзүбүз жооп беребиз (Эврейлер 4:13).

Эмне кылышың керек?

Эгер сен Кудайдын принциптери боюнча жашап ага жаккың келсе, чечкиндүү иш-аракет кылышың керек. Бул жагынан биринчи кылымда жашаган Эфес шаарындагы жүрөгү таза адамдар жакшы үлгү калтырышкан. Каардуу рухтардын таасиринен бошонуу үчүн алар сыйкырчылыкка байланыштуу бардык китептерин «баарынын көзүнчө өрттөп жиберишкен» (Элчилер 19:19).

Алар китептерин өрттөгөнгө чейин «кылган иштери жөнүндө ачык айтып, күнөөлөрүн мойнуна алышкан» (Элчилер 19:18). Элчи Пабылдын Иса Машаяк жөнүндө айткандары алардын жүрөгүн козгогондуктан, сыйкырчылыкка байланыштуу китептерин өрттөөгө түрткү алышкан. Ошондой эле алар каада-салттарына карата болгон ой жүгүртүүлөрүн өзгөртүшкөн.

Ырас, каада-салттарды калтыруу оңой иштерден эмес. Жогоруда кеп кылынган Жеймске да ошентүү кыйынга турган. Ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, андагы айтылгандарга ишене баштайт. Бирок рарафоносун калтырбай жүрө берет. Ал ой жүгүртүп көрүп, Жахабанын келечекке болгон убадасына ишенерин, бирок жамандыктан коргонуу үчүн каада-салттарга кармануу керек деп ойлоп жүргөнүн түшүнөт.

Жеймс кантип оюн өзгөрткөн? Ал: «Мен Жахабадан мени коргошун жана ага таянганга жардам беришин сурап тилендим. Ошол эле учурда каада-салттарга карманбай калдым»,— дейт. Ал кандайдыр бир зыян тартты беле? Жеймс: «Жок. Зыян тарткан жокмун. Тескерисинче, Жахабага таянганды үйрөндүм. Жахаба мага канчалык жакын дос болуп бере аларын түшүндүм»,— дейт. Ал жети жылдан бери башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты билүүгө жардам берип, толук убакытта кызмат кылып келет.

Жеймстен үлгү алууга эмне үчүн болбосун? Сен да «акыл жөндөмүңдү» колдонуп, каада-салттар «Кудайдын... эркине» ылайык келер-келбесин текшерип көр (Римдиктер 12:1, 2). Андан соң ырым-жырымга байланышы бар иштерден арылууга чечкиндүү бол. Эгер ошондой кылсаң, Жахаба сени «кабыл алып», сага калканч болоруна бекем ишенсең болот (2 Корунттуктар 6:16—18). Ошондо, Жеймстей болуп, Ыйык Китептеги: «Теңирдин ысымы — бекем мунара: адил адам ага качып кирип, коопсуз болот»,— деген сөздөрдүн калетсиздигине кошула аласың (Накыл сөздөр 18:10).

[Шилтемелер]

^ 18-абз. Тамакка же кандайдыр өсүмдүктүн жалбырагына дуба окуган ырым-жырымды «жашыл жалбырак» деп коюшат. Андай тамакты же өсүмдүктүн жалбырагын кыздарга беришет. Сыягы, аны жеген кыз эркектерге тартыла баштайт. Эгер кызга дубаланган тамакты же жалбыракты билгизбей берип, аны зордуктап коюшса, кыз күнөлүү деп эсептелбейт.

[26-беттеги сүрөт]

Courtesy of Dr. Bakshi Jehangir

[26-беттеги сүрөт]

«Корокоро»

[26-беттеги сүрөт]

Кыз нандын күкүмүн башкалар таап алып дуба окуп койбосун деп терип жүрөт