Башталыш 3:1—24
3 Жахаба Кудай жараткан жапайы жаныбарлардын ичинен жылан+ аябай сак* болчу. Ал аялдан: «Чын эле Кудай силерге бактагы бардык эле дарактардын жемишинен жей бербегиле деди беле?»+ — деп сурады.
2 Аял: «Бактагы дарактардын жемишинен жесек болот.+
3 Бирок бактын ортосундагы дарактын жемиши жөнүндө Кудай:+ „Андан жебегиле, ага тийбегиле, болбосо өлүп каласыңар “,— деп айткан»,— деди.
4 Ошондо жылан: «Жок, өлбөйсүңөр.+
5 Кудай силердин андан жеген күнү көзүңөр ачыларын*, жаман-жакшыны билип,+ Кудайдай болуп каларыңарды билгендиктен ошентип айткан»,— деди.
6 Ошондо дарактын жемиши аялдын көзүнө жакшы көрүндү, аны кызыктырып, өзүнө тартып турду. Анан аял анын жемишинен жеди.+ Күйөөсү экөө чогуу болгондо, ага да берди, ал да жеди.+
7 Ошондо экөөнүн тең көзү ачылып, өздөрүнүн жылаңач экенин түшүнүштү. Анан анжирдин жалбырактарын бириктирип, белинен ылдый жаап алышты.+
8 Кийинчерээк алар салкын түшкөн маалда бактан* Жахаба Кудайдын үнүн угушту да, дарактардын арасына кирип, Жахаба Кудайдан* жашынып калышты.
9 Жахаба Кудай: «Каяктасың?» — деп адамды кайра-кайра чакырды.
10 Акыры, адам: «Жылаңач болгондуктан үнүңдү укканда коркуп кетип, жашынып калдым»,— деди.
11 Кудай андан: «Жылаңач+ экениңди сага ким айтты? Мен жебе деген дарактын жемишинен жеген жоксуңбу?»+ — деп сурады.
12 Адам: «Сен берген аял мага ошол дарактын жемишинен берди, ошон үчүн жедим»,— деп жооп берди.
13 Ошондо Жахаба Кудай аялга: «Бул эмне кылганың?» — деди. Аял болсо: «Мени жылан алдады, ошон үчүн жедим»,+— деди.
14 Жахаба Кудай жыланга:+ «Ушундай кылганың үчүн сен бардык үй айбанаттары менен жапайы жаныбарлардын ичинен каргышка калдың. Эми өлөр-өлгүчө топурак жейсиң, бооруң менен жылып жүрөсүң.
15 Аял+ экөөңөрдү, сенин+ тукумуң*+ менен анын тукумун+ касташтырам.+ Сен аялдын тукумунун согончогун чагасың*,+ ал болсо башыңды жанчыйт»,+— деди.
16 Аялга болсо: «Кош бойлуу кезиңде тарткан азабың күчөгөндөн күчөйт, балдарыңды кыйналып төрөйсүң. Күйөөңө болгон кумарың* күчтүү болот, ал сага үстөмдүк кылат»,— деди.
17 Ал эми Адамга*:+ «Аялыңдын тилине кирип, мен „жебе“ деген дарактын жемишинен жегениң үчүн, сенин айыңан жер каргышка калды.+ Эми нан таап жеш үчүн өмүрүң өткөнчө жерди азап менен иштетесиң.+
18 Жерден тикенек менен отоо чөп өсүп чыгат, талаа өсүмдүктөрүн жейсиң.
19 Өзүң алынган топуракка+ айланмайынча маңдай териңди агызып нан таап жейсиң. Сен топурактан жаратылгансың, кайра топуракка айланасың»,+— деди.
20 Андан кийин Адам аялына Обо* деп ат койду, анткени ал бүт адамзаттын* энеси болмок.+
21 Жахаба Кудай Адам менен анын аялына териден узун кийим кийгизди.+
22 Анан Жахаба Кудай: «Эми адам биздей болуп жаман-жакшыны билип калды.+ Ал өмүр дарагынын+ жемишинен да жеп, түбөлүк жашап калбасын...» — деди.
23 Ошентип, Жахаба Кудай адамды өзү жаратылган жерди иштетсин+ деп Эйден+ багынан кууп жиберди.
24 Аны кууп жибергенден кийин Кудай өмүр дарагына барчу жолду кайтарыш үчүн Эйден багынын чыгыш тарабына керуптарды*+ жана мизи күйүп, айланып турган кылыч коюп койду.
Шилтемелер
^ Же: «куу; айлакер».
^ Сыягы, бул алардын кайсы бир нерсени түшүнүп же билип каларын билдирген.
^ Сөзмө-сөз: «Жахаба Кудайдын жүзүнөн».
^ Же: «бакта жүргөн».
^ Же: «жарадар кыласың».
^ Жекелик сандагы зера деген еврей тилиндеги бул сөз көптүк санды да билдириши мүмкүн.
^ Бул дене кумарын да, эмоциялык муктаждыкты да камтышы мүмкүн.
^ Мааниси: «жерден жаратылган адам; адамзат; адам баласы».
^ Мааниси: «тирүү».
^ Сөзмө-сөз: «бардык тирүү жандардын».
^ Жогорку даражалуу периштелер.

