Матай 4:1—25

  • Ибилис Исаны азгырганга аракет кылат (1—11)

  • Иса Галилеяда Кудайдын жакшы кабарын айта баштайт (12—17)

  • Исанын алгачкы шакирттери (18—22)

  • Иса жакшы кабарды жарыялап, элди окутуп, оору-дарттарды айыктырат (23—25)

4  Андан кийин Иса Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен ээн талаага барды. Ал жерден Ибилис*+ аны азгырганга аракет кылды.+ 2  Иса 40 күн, 40 түн орозо кармап, аябай ачка болду. 3  Ошондо Ибилис аны азгырганы+ келип: «Эгерде Кудайдын уулу* болсоң, анда бул таштарга буйрук кылчы, нанга айлансын»,— деди. 4  Бирок Иса ага: «Ыйык Жазмада: „Адамдын өмүрү нандан гана эмес, Жахабанын оозунан чыккан ар бир сөздөн көз каранды“,— деп жазылган»,— деди.+ 5  Анан Ибилис аны ыйык шаарга*+ алып барып, ибадаткананы курчап турган дубалдын эң бийик жерине чыгарды да:+ 6  «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, боюңду төмөн таштачы, анткени Ыйык Жазмада: „Кудай периштелерине буйрук берет, бутуң ташка урунбашы үчүн, алар сени колуна көтөрүп кетишет“,— деп жазылган эмес беле»,+— деп айтты. 7  Иса болсо: «Ыйык Жазмада: „Жахаба Кудайыңарды сынабагыла“,— деп да жазылган»,— деди.+ 8  Андан кийин Ибилис аны аябагандай бийик тоого алып чыгып, дүйнөдөгү бардык падышалыктар менен алардын даңкын көрсөттү.+ 9  Анан: «Эгер чөгөлөп, мага бир эле жолу сыйынып койсоң, ушунун баарын сага берем»,— деп айтты. 10  Иса ага: «Кет ары, Шайтан! Анткени Ыйык Жазмада: „Жахаба Кудайыңарга сыйынгыла,+ ага гана кызмат кылгыла“,— деп жазылган»,— деп жооп берди.+ 11  Ошондо Ибилис анын жанынан кетти.+ Анан периштелер келип, Исага кызмат кыла башташты.+ 12  Жакандын камакка алынганын+ укканда Иса Галилеяга кетти.+ 13  Андан соң Назареттен чыгып, Забулун менен Напталы аймактарындагы деңиз жээгиндеги Капернаумга барып,+ ошол жерде жашап жүрдү. 14  Ошондо Ышая пайгамбар айткан сөздөр аткарылды. 15  Ал: «Оо, башка элдер отурукташкан Галилея! Деңизди көздөй кеткен жолдогу, Иордандын аркы өйүзүндөгү Забулун жери менен Напталы жери! 16  Караңгылыкта отурган эл улуу жарыкты көрдү, өлүм көлөкөсүндө отургандарга жарык+ тийди»,— деген.+ 17  Ошол убактан тартып Иса: «Өкүнгүлө, анткени асман Падышалыгы жакындап калды»,— деп кабарлай баштады.+ 18  Галилея деңизин* бойлоп баратып ал Петир деп да коюшкан Симон+ менен анын иниси Андрести көрдү. Экөө деңизге тор салып жатышкан эле. Алар балыкчылар болчу.+ 19  Иса аларга: «Менин артыман жүргүлө, мен силерди адам уулоочу кылам»,— деди.+ 20  Алар ошол замат торлорун таштап, Исанын артынан жөнөштү*.+ 21  Андан ары баратып Иса дагы эки бир тууганды — Жакып менен Жаканды+ — көрдү. Экөө кайыкта атасы Зебедей менен торлорун оңдоп жатышкан эле. Иса аларды да чакырды.+ 22  Алар ошол замат кайыкты да, атасын да калтырып, анын артынан жөнөштү. 23  Ошондон кийин Иса бүт Галилеяны аралап,+ сыйынуу жайларында* элди окутуп,+ Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялап, ар кандай оору-дарттарды айыктырып жүрдү.+ 24  Бүт Сириянын эли Иса жөнүндө угуп, ага ар кандай оору-дарттан кыйналгандардын баарын,+ жин оорусу барларды,+ талмасы барларды,+ шал болгондорду алып келип жатты. Иса алардын баарын айыктырды. 25  Аны көп эл: Галилеядагылар жана Декаполистен, Иерусалимден, Жүйүт жери менен Иордандын аркы өйүзүнөн келгендер ээрчип жүрдү.

Шилтемелер

^ Б. а. Иерусалимге.
^ Чындыгында, көл болгон. Ыйык Китепте ал Генисарет көлү, Галилея деңизи жана Тиберия деңизи деп да аталат.
^ Бул жерде «Исанын артынан жөнөө» деген сөз айкашы анын жолдоочусу болуу дегенди билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «синагогаларда». Сөздүктү кара.