Корунттуктарга 2-кат 6:1—18

  • Кудайдын ырайымын кыянат пайдаланбаш керек (1, 2)

  • Пабыл кызматы жөнүндө айтып берет (3—13)

  • Машаяктын жолдоочусу болбогондор менен бир моюнтурукту кийбегиле (14—18)

6  Кудайдын кызматташтары+ катары силерден анын силерге эмне үчүн ырайым кылганын көз жаздымында калтырбашыңарды да суранабыз.+ 2  Анткени ал: «Мен сени ырайым кылганга ылайыктуу убакта уктум, куткара турган күнү жардам бердим»,— дейт.+ Мына, азыр өзгөчө ылайыктуу убак! Мына, азыр Кудай бизди куткара турган күн! 3  Кызматыбыз кынтыксыз болушу үчүн, башкалардын иренжип калышына* эч бир жагынан себепкер болбойбуз.+ 4  Кайра, Кудайдын кызматчылары экенибизди бардык жагынан көрсөтөбүз.+ Муну ар кандай сыноолорго туш болгондо, башыбызга мүшкүл түшкөндө, муктаж болгондо, кыйынчылыктарга кабылганда,+ 5  таяк жегенде, түрмөгө түшкөндө,+ жаалданган сүрмө топко кабылганда, оор эмгектенгенде, уйкусуз түндөрдү өткөргөндө, тамак-ашсыз калганда туруктуу болуп көрсөтөбүз.+ 6  Ошондой эле таза жашап, алган билимибизге жараша иш кылып, чыдамкай,+ боорукер болуп,+ Кудайдын ыйык рухуна жетектелип, башкаларды эки жүздүүлөнбөй, чын жүрөктөн сүйүп,+ 7  чындыкты айтып, Кудайдын күчүнө таянып көрсөтөбүз.+ Кудайдын кызматчылары экенибизди туура иштерди кылганга жардам берген каймана куралдарды*+ оң колубуз менен сол колубузга* алганда да, 8  даңкталганда да, кордолгондо да, жамандалганда да, макталганда да көрсөтөбүз. Башкалар бизди калпычы десе да, биз чынчылбыз, 9  таанымал эмес деп эсептешсе да, Кудайга таанымалбыз, бизди өлөт* деп ойлошсо да, тирүү жүрөбүз,+ жазаланып* жаткандай көрүшсө да, өлүмгө кыйылган жокпуз,+ 10  кайгылуу көрүнсөк да, дайыма кубанып жүрөбүз, жарды дешсе да, көптөрдү байытып жатабыз, эч нерсеси жок дешсе да, бизде баары бар.+ 11  Корунттуктар, биз силерге ачык айтып, ак сүйлөдүк, баарыңарга жүрөгүбүздөн орун бердик*. 12  Силерден сүйүүбүздү эч аяган жокпуз,+ силер болсо аяп жатасыңар. 13  Силерди балдарымдай көрүп айтып жатам: биз силерге кандай мамиле кылсак, силер да бизге ошондой мамиле кылып, жүрөгүңөрдөн орун бергиле.+ 14  Машаяктын жолдоочусу болбогондор менен бир моюнтурукту кийбегиле*.+ Себеби адилдик менен мыйзамсыздыктын ортосунда кандай жалпылык бар?+ Же жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?+ 15  Ошондой эле Машаяк менен Шайтандын* ортосунда кандай биримдик бар?+ Же Машаякка ишенген киши* менен ишенбеген кишинин ортосунда кандай жалпылык болмок эле?+ 16  Кудайдын ибадатканасы менен буркандардын ортосунда кандай жалпылык болмок эле?+ Себеби биз тирүү Кудайдын ибадатканасыбыз.+ Бул жөнүндө Кудай: «Алардын арасында жашап,+ арасында жүрөм. Мен алардын Кудайы болом, алар менин элим болот»,— деген.+ 17  Ошондой эле Жахаба: «„Ошондуктан алардын арасынан чыккыла, бөлүнгүлө. Мындан ары арам нерсеге жолобогула“,+ „ошондо мен силерди кабыл алам“»,— деген.+ 18  «Кудурети Чексиз Жахаба: „Мен силерге ата болом,+ силер менин уул-кыздарым болосуңар“,+— деп да айткан».

Шилтемелер

Же: «мүдүрүлүп калышына».
Сөзмө-сөз: «адилдиктин куралдарын».
Же: «чабуул коюу жана коргонуу үчүн».
Же: «тартипке салынып».
Же: «өлүшү керек».
Же: «жүрөгүбүздү кенен ачтык».
Б. а. күчү жагынан тең келбеген эки малга бир моюнтурук салбагандай эле, силер да Машаяктын жолдоочусу болбогондор менен бир моюнтурук кийбегиле.
Же: «ишенимдүү киши».
Сөзмө-сөз: «Белиардын». Еврей тилиндеги бул сөз «эч нерсеге жарабаган» дегенди билдирет.