Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Адамзаттын душманы кантип багындырылат?

Адамзаттын душманы кантип багындырылат?

ТҮПКҮ ата-энебиздин — Адам ата менен Обо эненин — баш ийбестигинин айынан күнөө менен өлүм бүт адамзатка тукум кууп өткөн. Ошентсе да Кудай адамдарга карата болгон ой-ниетин өзгөрткөн эмес. Ал өзүнүн Сөзү болгон Ыйык Китеп аркылуу ошол ой-ниетинин эч качан өзгөрбөй турганын көп жолу айткан.

  • «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29).

  • «Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт» (Ышая 25:8).

  • «Акыркы душман — өлүм — жок кылынат» (1 Корунттуктар 15:26).

  • «Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт» (Аян 21:4).

Кудай өлүмдү — душманды — кантип жок кылат? Жогоруда айтылгандай, «адил адамдар... түбөлүк жашашат». Бирок Ыйык Китептин башка аятында «жер үстүндө ар дайым жакшылык кылган» «бир да адил киши жок» деп да айтылат (Насаатчы 7:20). Бул Кудайдын, күнөөкөр жана жеткилеңсиз адамдар түбөлүк жашай алышы үчүн, алардан өзүнүн адил нормаларына карманууну талап кылбай турганын билдиреби? Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Кудай эч качан антпейт, анткени ал «жалган сүйлөй албайт» (Тит 1:2). Анда ал адамдарга байланыштуу эркин аткарыш үчүн эмне кылат?

КУДАЙ «ӨЛҮМДҮ ТҮБӨЛҮККӨ ЖОК КЫЛАТ» (ЫШАЯ 25:8)

КУН АРКЫЛУУ ӨЛҮМДҮ ЖЕҢГЕН

Жахаба Кудай сүйүүсүнөн улам адамзатты өлүмдөн куткарыш үчүн чара көргөн, тактап айтканда, кун төлөгөн. Жөнөкөй сөз менен айтканда, кун — келтирилген зыяндын ордун толугу менен жабыш үчүн же адилеттүүлүктүн талабын аткарыш үчүн төлөнчү нарк. Күнөө бардык адамдарга тукум кууп өткөндүктөн жана баарына өлүм өкүмү чыгарылгандыктан, Ыйык Китепте ачык эле: «[Эч ким] бир тууганын кун төлөп куткара албайт, ал үчүн Кудайга кун бере албайт. (Алардын жаны үчүн төлөнө турган кун өтө чоң болгондуктан, кылымдан кылымга төлөнбөй келет.)»,— деп жазылган (Забур 49:7, 8).

Жеткилең эмес адам өлгөндө, ал тек гана өзүнүн күнөөлөрү үчүн жаза алган болот. Ал өзүн да, башканы да өлүмдөн кун төлөп куткара албайт (Римдиктер 6:7). Андыктан биз өз күнөөлөрү үчүн эмес, биздин күнөөлөрүбүз үчүн өмүрүн бере турган жеткилең, күнөөсүз бирөөгө муктаж болчубуз (Еврейлер 10:1—4).

Кудай дал ошондой бирөөнүн болушуна кам көргөн. Ал өзүнүн Уулун, Исаны, асмандан жерге жиберген. Иса жеткилең, күнөөсүз адам болуп төрөлгөн (1 Петир 2:22). Иса өзүнүн «көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келгенин» айткан (Марк 10:45). Ал бизди душманыбыз болгон өлүмдүн кулчулугунан бошотуп, өмүргө ээ кылыш үчүн өлгөн (Жакан 3:16).

ӨЛҮМ КАЧАН ЖОК КЫЛЫНАТ?

Бүгүнкү күндө биз Ыйык Китепте алдын ала айтылган «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз. Бул азыркы убак бузулган дүйнөнүн «акыркы күндөрү» экенин айкын көрсөтүүдө (2 Тиметей 3:1). Ал «акыркы күндөр» «ыймансыз адамдар жок боло турган сот күнү» келгенде соңуна чыгат (2 Петир 3:3, 7). Ошондо Кудайды сүйгөн адамдар аман калып, «түбөлүк өмүргө ээ болушат» (Матай 25:46).

Иса «көптөр үчүн жанын кун катары бериш үчүн келген» (Марк 10:45)

Ал эми миллиондогон көзү өтүп кеткен адамдар тирилгенде, аларга түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгү берилет. Иса Наин шаарына барганда бир жигитти тирилткен. Тактап айтканда, жесир аялдын жалгыз уулу каза болуп калганда, Исанын ага «боору ооруп», уулун тирилтип берген (Лука 7:11—15). Элчи Пабыл: «Мен... адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерине ишенип, Кудайга үмүт артам»,— деп айткан (Элчилер 24:15).

Келечекте миллиарддаган адамдар түбөлүк өмүр сүрүшөт. Ыйык Китепте: «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат»,— делет (Забур 37:29). Ошол маалда алар элчи Пабылдын 2000 жылдай мурун: «Өлүм, сенин жеңишиң кайда? Өлүм, чага турган ийнең кайда?» — деп жазган ары жүрөк козгоорлук, ары соороторлук сөздөрүнүн аткарылганын өз көзү менен көрө алышат (1 Корунттуктар 15:55). Ошондо адамзаттын эң коркунучтуу душманы — өлүм — толугу менен багындырылат!