Забур 49:1—20

Башчыга. Корактын+ уулдарынын забуру. Ыр. 49  Бардык элдер, уккула,Дүйнө+ жүзүндө жашап жаткандар, кулак салгыла.  Адамзат тукуму, адам баласы,Бай да, кедей да — баарыңар уккула+.  Менин оозум акылмандыкты сүйлөйт+,Жүрөгүм мааниси терең* нерселер тууралуу ой жүгүртөт+.  Накыл сөзгө кулак төшөйм+,Арфа чертип, табышмагымды жандырам+.  Мага кысым көрсөткөндөрдүн күнөөлөрү курчап алганда+,Башыма жамандык түшкөндө, эмнеден коркмок элем?+  Жыйнаган мүлкүнө таянгандар да+,Байлыгына чиренгендер да+  Бир тууганын кун төлөп куткара албайт+,Ал үчүн Кудайга кун бере албайт.  (Алардын жаны үчүн төлөнө турган кун өтө чоң болгондуктан+,Кылымдан кылымга төлөнбөй келет.)  Түбөлүк жашашы үчүн, аны көрдөн куткарып кала албайт+. 10  Анткени ал акылмандардын да өлгөнүн+,Акылсыз менен түркөйдүн да жок болгонун+,Өздөрүнүн топтогон мүлкүн башкаларга калтырышканын көрөт+. 11  Алар үйлөрүнүн түбөлүк турушун+,Чатырларынын муундан муунга калышын каалашат+,Жерлерин да өз ысымдары менен аташат+. 12  Ошентсе да пенде, канчалык барктуу болбосун, узак жашабайт+,Анын ажалдуу айбандан айырмасы жок+. 13  Акылсыздардын жолу ушундай+,Аларды ээрчип, сүйлөгөн сөздөрүнө маашырлангандардын да жолу ушундай. (Села) 14  Аларды, койдой кылып, көргө* айдап баратышат+,Аларды өлүм кайтарат+,Ал эми эртең менен адилдерге баш ийишет+;Алардын карааны үзүлөт+,Ар бирин заңгыраган үй эмес, көр күтүп турат+. 15  Менин жанымды болсо Кудай көрдөн кун төлөп куткарат+,Анткени мени кабыл алат. (Села) 16  Кайсы бир адам байып+,Үйүнүн даңкы артып жатса, коркпо+, 17  Себеби өлгөндө эч нерсесин алып кете албайт+,Атак-даңкын да өзү менен ала жатпайт+. 18  Тирүү жүргөндө ал өз жанын алкаган+,(Ишиң жакшы жүрсө, эл мактайт)+. 19  Акыры анын жаны ата-бабаларына барып кошулат+,Алар эч качан жарыкты көрүшпөйт+. 20  Пенде барктуу болгону менен, түшүнүгү жок болсо+,Анын ажалдуу айбандан айырмасы жок+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «түшүнүүнү талап кылган».
Евр. шеол. Кара: 8-тирк.