Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Ишибиз менен, чын жүрөктөн сүйөлү»

«Ишибиз менен, чын жүрөктөн сүйөлү»

«Бири-бирибизди сөзүбүз же тилибиз менен эле эмес, ишибиз менен, чын жүрөктөн сүйөлү» (1 ЖКН. 3:18).

ЫРЛАР: 106, 100

1. Сүйүүнүн эң жогорку түрү кайсы жана эмне үчүн ушинтип айтууга болот? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

ТУУРА принциптерге негизделген сүйүү (агапи) — Жахабанын бизге берген белеги. Анын Булагы — Жахаба (1 Жкн. 4:7). Мындай сүйүү сүйүүнүн эң жогорку түрү болуп саналат. Ал өз ичине назик, ынак сезимдерди камтыса да, негизинен, башкалардын жыргалчылыгы үчүн чын ниеттен жасалган иш-аракеттерден көрүнөт. Бир эмгекте агапи сүйүүсүн «ал түрткү берген иштерден гана» билүүгө болору айтылган. Биз башкаларга же башкалар бизге чын жүрөктөн сүйүү көрсөткөндө, жашообуз байып, маңызга, кубанычка толот.

2, 3. Жахаба адамзатка кандайча зор сүйүү көрсөткөн?

2 Жахаба Адам ата менен Обо энени жаратканга чейин эле адамзатка сүйүүсүн көрсөткөн. Мисалы, аларга жерди түбөлүк үй кылып жаратып берген. Жерде адамдар эптеп эле күн көрүшмөк эмес, жашоодон толук ыракат ала алышмак. Жахаба муну өзүнүн эмес, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн кылган. Ошондой эле Адам ата менен Обо энеге өзү даярдаган Бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө мүмкүнчүлүк берип, чын жүрөктөн сүйүү көрсөткөн.

3 Ал эми алар ага каршы чыгышканда, Жахаба сүйүүсүн өзгөчө жол менен айгинелеген. Ал Адам ата менен Обо эненин болочок урпактарынын айрымдары анын сүйүүсүн баалай турганына ишенгендиктен алар үчүн кун төлөнүшүнө кам көргөн (Башт. 3:15; 1 Жкн. 4:10). Келечекте Куткаруучу келерин убада кылгандан тартып эле ал кунду төлөндү деп эсептеген. Ошондон 4 000 жылдай убакыт өткөндөн кийин, өзү үчүн аябай кымбатка турса да, жалгыз Уулун адамзат үчүн курмандыкка чалган (Жкн. 3:16). Зор сүйүүсү үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз!

4. Жеткилеңсиз адамдардын жан аябас сүйүү көрсөтө аларын эмнеден билебиз?

4 Жахаба бизди өзүнө окшоштуруп жараткандыктан, биз да жан аябас сүйүү көрсөтө алабыз. Тукум кууп өткөн күнөөнүн айынан бул кыйынга турат, бирок биз ал жөндөмдүүлүктөн айрылып калган эмеспиз. Алсак, Абыл колунда болгон нерселеринин эң жакшысын чын жүрөктөн алып келип, Кудайды сүйөрүн далилдеген (Башт. 4:3, 4). Ал эми Нух пайгамбар, эч ким укпаса да, Кудайдын кабарын ондогон жылдар бою айтып, замандаштарына жан-дилден сүйүү көрсөткөн (2 Пет. 2:5). Ыбрайым пайгамбар болсо уулу Ыскакты курмандыкка чалууга даяр болуп, Кудайга болгон сүйүүсү баарынан күчтүү экенин ырастаган (Жкп. 2:21). Ушул ишенимдүү инсандарга окшоп, биз да ар кандай кыйынчылыктарга карабай сүйүү көрсөткүбүз келет.

ЧЫНЫГЫ СҮЙҮҮ МЕНЕН ЖАЛГАН СҮЙҮҮНҮН АЙЫРМАЧЫЛЫГЫ

5. Чыныгы сүйүүнү кандай жолдор менен чагылдыра алабыз?

5 Ыйык Китепте чыныгы сүйүү «сөзүбүз же тилибиз менен эле эмес, ишибиз менен, чын жүрөктөн» көрсөтүлөрү айтылган (1 Жкн. 3:18). Анда бул сөзүбүз менен сүйүү көрсөтө албайбыз дегенди билдиреби? Жок (1 Тес. 4:18). Бул, айрыкча, иш-аракетти талап кылган учурларда сөз жүзүндө эле сүйүү көрсөтүп койбошубуз керектигин билдирет. Мисалы, жашоого зарыл нерселерге муктаж болуп жаткан ишенимдешибизге жылуу сөздөрдү эле айтып койбостон, иш жүзүндө жардам беришибиз зарыл (Жкп. 2:15, 16). Ошо сыяктуу эле, Жахабаны жана жакындарыбызды сүйсөк, андан «оруп-жыюу ишине жумушчуларды жиберишин» сурап эле тим болбостон, кабар айтуу ишине жигердүү катышабыз (Мт. 9:38).

6, 7. а) «Эки жүздүүлүгү жок» сүйүү деген эмне? б) Жалган сүйүү кандай болоруна мисал келтир.

6 Элчи Жакан башкаларды «ишибиз менен, чын жүрөктөн» сүйүшүбүз керектигин айткан. Демек, биз «эки жүздүүлөнбөй» сүйүшүбүз керек, башкача айтканда, сүйүүбүз «эки жүздүү» болбошу талап (Рим. 12:9; 2 Кор. 6:6). Сыртыбыздан эле сүйүү көрсөтүп жаткандай көрүнүп койсок, чын жүрөктөн сүйүү көрсөткөн болбойбуз. Тескерисинче, бул бет кап кийип алганга барабар болуп калмак. Балким: «Эки жүздүү да сүйүү болобу?» — деп ойлонушуң мүмкүн. Чынында, ал сүйүү эмес. Ал — эч кандай пайдасы жок жалган сүйүү.

7 Жалган сүйүүнүн кандай болоруна байланыштуу айрым билдирүүлөргө токтололу. Эйден багында Шайтан Обо эненин кызыкчылыгын ойлоп жаткандай түр көрсөткөн, бирок, чынында, эки жүздүүлүк кылып, өз кызыкчылыгын көздөгөн (Башт. 3:4, 5). Дөөтү падышанын убагында болсо Акитопел анын чыныгы досундай болуп көрүнгөн. Бирок пайда көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, аны сатып кеткен (2 Шем. 15:31). Бүгүнкү күндө да чындыктан четтегендер жана жыйналышты бөлүп-жаргандар башкалардын камын ойлоп жаткандай көрүнүш үчүн «бал тилге салып, кошомат сөздөрдү айтышат», бирок алар өз пайдасын ойлошот (Рим. 16:17, 18).

8. Эмне деп ойлонуп көргөнүбүз жакшы?

8 Эки жүздүүлөнүп сүйгөндөр өздөрүн уятка калтырат, себеби андай сүйүү Кудайга жаккан жан аябас сүйүүгө карама-каршы келет. Алар адамдарды алдай алышы мүмкүн, бирок Жахабаны алдай алышпайт. Иса Машаяк эки жүздүүлөрдүн «катуу жазаланарын» айткан (Мт. 24:51). Кудайдын кызматчылары сүйүү көрсөтүүдө эч качан эки жүздүү болгусу келбейт. Ошентсе да ар бирибиз: «Мен өз кызыкчылыгымды көздөбөй же башкаларды алдаганга умтулбай, дайыма чын жүрөктөн сүйүү көрсөтөмбү?» — деп ойлонуп көргөнүбүз жакшы. Анда канткенде «эки жүздүүлөнбөй» сүйүү көрсөтө аларыбыздын тогуз жолун карап көрөлү.

КАНТКЕНДЕ «ИШИБИЗ МЕНЕН, ЧЫН ЖҮРӨКТӨН СҮЙӨБҮЗ»?

9. Чыныгы сүйүү эмне кылууга түрткү берет?

9 «Көшөгөнүн артында» кубанып кызмат кыл. Бир туугандарыбызга сүйүү көрсөтүүдө, мүмкүн болсо, эч кимдин көңүлүн бурдурбаганга, башкаларга жарыялабаганга аракет кылышыбыз керек. (Оку: Матай 6:1—4.) Анания менен Сафира андай кылышкан эмес. Алар өздөрүн көрсөткүсү келип, алып келген тартуусу жөнүндө ашыра айтышкан, бирок эки жүздүүлүгү үчүн өмүрүнөн айрылышкан (Элч. 5:1—10). Бир туугандарыбызды чындап сүйсөк, аларга кылган жакшылыктарыбызды жар салбайбыз. Алсак, Жетектөөчү Кеңешке рухий тамакты даярдоого жардам берген бир туугандар өздөрүнүн эмнелерди кылганын айтышпайт, башкалардын көңүлүн бурдурганга аракет кылышпайт.

10. Башкаларга канткенде урмат көрсөтө алабыз?

10 Урмат көрсөт. (Оку: Римдиктер 12:10.) Иса пайгамбар төмөн деп эсептелген иштерди кылып, башкаларды урматтоо жагынан үлгү калтырган (Жкн. 13:3—5, 12—15). Урмат көрсөтүүдө ага окшоп момун болуу үчүн көп күч-аракет жумшоого туура келиши мүмкүн. Атүгүл элчилер да ыйык рух алганга чейин Исанын момундук менен кылган иштеринин маанисин толук түшүнүшкөн эмес (Жкн. 13:7). Билимибизден, байлыгыбыздан же Жахабага кызмат кылууда ээ болгон сыймыктуу жоопкерчиликтерибизден улам өзүбүз жөнүндө жогору ойлобосок, башкаларга урмат көрсөтө алабыз (Рим. 12:3). Кимдир бирөө кайсы бир иш үчүн мактоо укканда, ал ишке кошкон салымым үчүн мен да макталышым керек деп ойлосоң да, көрө албастык кылгандын ордуна, аны менен чогуу кубан.

11. Эмне үчүн чын жүрөктөн макташыбыз керек?

11 Бир туугандарды чын жүрөктөн макта. Мактоо сөздөрү бекемдегендиктен, бири-бирибизди мактаганга мүмкүнчүлүк издешибиз керек (Эф. 4:29). Муну чын жүрөктөн кылганыбыз маанилүү. Болбосо кошомат кылган же зарыл учурда кеңеш берүүдөн качкан болуп калабыз (Накыл 29:5). Кимдир бирөөнү мактап, бирок артынан жамандоо эки жүздүүлүккө жатат. Элчи Пабыл мындай тузактан качкан. Ал башкаларды мактап, чын дилден сүйүү көрсөтүү жагынан эң сонун үлгү калтырган. Мисалы, Корунт шаарындагы ишенимдештерин кайсы бир иштери үчүн чын ниеттен мактаган (1 Кор. 11:2). Бирок туура эмес иш кылышканда, жылуу-жумшак, ачык-айкын кеңеш берген (1 Кор. 11:20—22).

Муктаж болгондорго жардам берүү — сүйүү жана меймандостук көрсөтүүнүн бир жолу (12-абзацты кара)

12. Меймандос болууда канткенде чын ниеттен сүйүү көрсөтө алабыз?

12 Меймандос бол. Жахаба бизди берешен болууга чакырат. (Оку: 1 Жакан 3:17.) Биз муну өз кызыкчылыгыбызды көздөбөй, ак ниеттен кылышыбыз керек. Мындай деп ойлонуп көрсөң болот: «Мен конокко көбүнчө досторумду, көрүнүктүү бир туугандарды же жакшылыгымды кайтарып бере ала тургандарды чакырбаймбы? Анын ордуна, өзүм жакшы тааныбаган, колунда жок бир туугандарга жакшылык кылганга умтуламбы?» (Лк. 14:12—14). Бир нерсени туура эмес кылып алып, жардамга муктаж болуп калган же кылган жакшылыгың үчүн рахмат айтпай койгон бир тууган жөнүндө да ойлонуп көрсөң. Андай учурда: «Бири-бириңерге наалыбай меймандостук көрсөткүлө»,— деген кеңешке ылайык иш кыл (1 Пет. 4:9). Ошондо таза ниет менен жакшылык кылганың үчүн өзүңдү бактылуу сезесиң (Элч. 20:35).

13. а) Алсыздарга жардам берүү өзгөчө кайсы учурда кыйын? б) Аларга жардам бериш үчүн эмне кылсак болот?

13 Алсыздарды колдо. Ыйык Китептеги: «Алсыздарды колдогула, баарына чыдамкайлык менен мамиле кылгыла»,— деген буйрукка ылайык иш кылууда сүйүүбүздүн канчалык таза экени сыналат (1 Тес. 5:14). Алсырап жүргөндөрдүн көбү убакыттын өтүшү менен ишеними бекемделип, күчтөнсө да, башкалары чыдамкайлык менен мамиле кылып, колдоп турушубузга муктаж. Аларга жардам бериш үчүн Ыйык Китептеги бекемдээрлик ойлор менен бөлүшсөк, кызматка чогуу чыксак же жөн эле убакыт бөлүп, аларды уксак болот. Андан тышкары, кайсы бир ишенимдешибизди күчтүү же алсыз деп ойлогондун ордуна, ар бир адамдын күчтүү да, алсыз да жактары бар экенин унутпашыбыз керек. Атүгүл элчи Пабыл да өзүнүн алсыз жактары бар экенин айткан (2 Кор. 12:9, 10). Демек, бир туугандарыбыздын колдоосуна баарыбыз муктажбыз.

14. Бир туугандарыбыз менен тынчтыкта болууга канчалык аракет кылышыбыз керек?

14 Тынчтыкка умтул. Кайсы бир ишенимдешибиз бизди туура эмес түшүнүп алганда да же адилетсиздикке кабылганыбызда да тынчтыкты сактоо үчүн болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. (Оку: Римдиктер 12:17, 18.) Кечирим сураганыбызда, таарынып калган бир туугандын көңүлү жайына келиши мүмкүн, бирок сөздөрүбүз чын жүрөктөн чыгышы керек. Мисалы: «Таарынып калдың окшойт, кечирип койчу»,— дегендин ордуна: «Кечирип койчу, туура эмес сүйлөп көңүлүңдү оорутуп койдум окшойт»,— деп өзүбүздүн катабызды мойнубузга алганыбыз жакшы. Тынчтыкты сактоо никеде өзгөчө маанилүү. Алсак, жубайлардын элдин көзүнчө бири-бирин сүйгөндөй көрүнүп, бирок өзүнчө болгондо сүйлөбөй коркутканы, жүрөк ооруткан сөздөрдү айтканы же кол көтөргөнү туура эмес.

15. Чын жүрөктөн кечиргенибизди кантип көрсөтөбүз?

15 Айкөлдүк менен кечир. Ишенимдешибиз көңүлүбүздү оорутуп алганда, аны кечирип, кек сактабашыбыз кажет. «Бири-бириңерге сүйүү көрсөтүү менен көтөрүмдүү болгула, рух берген биримдикти сактоого жана тынчтыкта жашоого умтулгула»,— деген кеңешке ылайык иш кылсак, бизди таарынтып алганын билбей жүргөн ишенимдешибизди айкөлдүк менен кечире алабыз (Эф. 4:2, 3). Чын жүрөктөн кечириш үчүн болгон ишти унутуп, таарынычыбызды эсептей бербешибиз керек (1 Кор. 13:4, 5). Таарынып же кек сактап жүрө берсек, бир тууганыбыз менен эле эмес, Жахаба менен болгон мамилебизден да биротоло кол жууп калышыбыз мүмкүн (Мт. 6:14, 15). Бизди таарынткан кишини чын жүрөктөн кечиргенибизди ал үчүн тиленүү менен да көрсөтө алабыз (Лк. 6:27, 28).

16. Сыймыктуу жоопкерчиликтерибизге кандай карашыбыз керек?

16 Өз кызыкчылыгыңды көздөбө. Жахабага кызмат кылууда сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болгондо өзүбүздүн эмес, башкалардын пайдасын көздөө менен сүйүүбүздүн таза экенин айгинелейбиз (1 Кор. 10:24). Мисалы, тескөөчүлөр жыйын өтчү имаратка башкалардан эртерээк киришет. Алардын көбү өзү жана үй-бүлөсү үчүн жакшы орундарды ээлегенге умтулбай, өздөрү дайындалган бөлүктөн анча жакшы эмес орундарды алышат. Ушундайча өз кызыкчылыгынан баш тартуу менен алар жан аябас сүйүү көрсөткөн болушат. Аларды кантип туурасаң болору жөнүндө ойлонуп көр.

17. Чыныгы сүйүү олуттуу күнөө кылып алган кишиге эмне кылууга түрткү берет?

17 Жашыруун кылган күнөөлөрүңдү ачык айтып, аларды ташта. Кудайдын кээ бир кызматчылары олуттуу күнөө кылып алганда уят болуп калам же жакындарымдын жүрөгүн оорутуп алам деп корккондуктан жашырып жүрө беришет (Накыл 28:13). Бирок мындай кылуу сүйүүгө жатпайт, анткени бул алардын өзүнө эле эмес, башкаларга да зыян алып келет. Кандайча? Олуттуу күнөөнү жашыруу Кудайдын ыйык рухунун таасир этишине тоскоолдук кылып, жыйналыштын тынчтыгына коркунуч туудурат (Эф. 4:30). Чыныгы сүйүү олуттуу күнөө кылган кишиге аксакалдарга кайрылып, жардам алууга түрткү берет (Жкп. 5:14, 15).

18. Чыныгы сүйүү канчалык маанилүү?

18 Сүйүү — эң маанилүү сапат (1 Кор. 13:13). Ал бизди Исанын жолдоочулары жана сүйүүнүн Булагы болгон Жахаба Кудайдын кызматчылары катары айырмалап турат (Эф. 5:1, 2). Элчи Пабыл: «Эгер... менде сүйүү болбосо, анда мен эч ким эмесмин»,— деген (1 Кор. 13:2). Келгиле, мындан ары да башкаларды «сөзүбүз» менен эле эмес, «ишибиз менен, чын жүрөктөн сүйө» берели.