Башталыш 4:1—26
4 Адам аялы Обого жакындады. Обонун боюна бүтүп+, Кабылды*+ төрөп: «Жахабанын жардамы менен уул төрөдүм*»,— деди+.
2 Кийинчерээк анын бир тууганын, Абылды+, төрөдү.
Абыл койчу+, Кабыл болсо жер иштеткен дыйкан болду+.
3 Арадан убакыт өтүп, Кабыл Жахабага жер жемиштеринен+ тартуу алып келди+.
4 Абыл да малынын төл башыларынан+ жана алардын майларын тартуу катары алып келди+. Жахаба Абылды жактырып, тартуусун кабыл алды+.
5 Ал эми Кабылды жана анын тартуусун жактырган жок+. Ошондо Кабылдын аябай ачуусу келип+, өңү кумсарып кетти.
6 Жахаба ага: «Эмнеге ачууландың? Эмне үчүн өңүң кумсарып кетти?
7 Эгер жакшы иш кылсаң, сени жактырбай коёмбу?+ Жакшы иш кылбасаң, анда босогоңдо күнөө аңдып жатат. Ал сени кармап алгысы келип жатат+, сен ага үстөмдүк кыласыңбы?» — деди+.
8 Кабыл бир тууганы Абылга: «Жүр, талаага барабыз»,— деди. Анан экөө талаада жүрүшкөндө, ал иниси Абылды өлтүрүп койду+.
9 Жахаба Кабылдан: «Бир тууганың Абыл кайда?» — деп сурады. Ал: «Билбейм. Мен, эмне, бир тууганыма кароолчу+ белем?»+ — деп жооп берди.
10 Кудай ага: «Эмне кылдың? Жерден бир тууганыңдын каны мага боздоп жатат+.
11 Ошондуктан эми каргышка калып+, өзүң өлтүргөн бир тууганыңдын канын ичиш үчүн оозун ачкан жерден куулуп жатасың+.
12 Жерди иштеткениңде, ал сага түшүмүн бербейт+. Жер бетинде тентип жүрөсүң, качкын болосуң»+,— деди.
13 Кабыл Жахабага: «Күнөөм үчүн алган жазам абдан оор, көтөрө алгыс.
14 Мына, сен мени бүгүн бул жерден кууп жатасың, эми мен сенден жашынып+, жер бетинде тентип жүрөм, качкын болом+. Мага ким жолукса да мени өлтүрөт»+,— деди.
15 Жахаба ага: «Ошондуктан ким Кабылды өлтүрсө, андан жети жолу өч алынат»+,— деди.
Кабылга жолуккан адам аны өлтүрүп койбошу үчүн, Жахаба ага белги коюп койду+.
16 Ошентип, Кабыл Жахабанын алдынан кетип+, Эйдендин чыгыш жагындагы Нот* деген жерге жайланышты.
17 Андан кийин ал аялына жакындады+. Аялынын боюна бүтүп, Энохту төрөдү. Анан Кабыл шаар куруп, аны өз уулу Энохтун аты менен атады+.
18 Кийинчерээк Энохтон Ират төрөлдү. Ираттан Мехаел, Мехаелден Метушаел, Метушаелден Лемек төрөлдү.
19 Лемек эки аял алды. Биринин аты Ада, экинчисиники Зила эле.
20 Бир нече убактан кийин Ада Жабалды төрөдү. Жабал чатырларда жашап+, мал баккандардын+ биринчиси болду.
21 Анын бир тууганынын аты Жубал эле. Ал арфа* черткендер+ менен чоор тарткандардын+ биринчиси болду.
22 Зила болсо Тубалкабылды төрөдү. Тубалкабыл жез менен темирден ар кандай куралдарды жасаган+ уста болду. Анын карындашынын аты Наама болчу.
23 Лемек аялдарына, Ада менен Зилага, ыр түрүндө мындай деди:
«Сөзүмө кулак салгыла, Лемектин аялдары.
Айткандарыма көңүл бургула:
Мени жарадар кылган эркекти,
Мага кол көтөргөн уланды, өлтүрүп койдум.
24 Эгер Кабыл үчүн жети жолу өч алынса+,
Лемек үчүн жетимиш жети жолу өч алынат».
25 Адам аялына дагы жакындады. Аялы уул төрөп: «Кабыл Абылды өлтүрүп койгондуктан+, Кудай анын ордуна мага башка тукум берди*» — деп, атын Шет койду+.
26 Шет да уулдуу болуп, атын Энош койду+. Ошол убактан тартып адамдар Жахабанын ысмын туура эмес колдоно башташты*+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «өндүрүп чыгардым».
^ Мааниси: «өндүрүп чыгарылган».
^ Мааниси: «качкындар».
^ Байыркы убактагы музыкалык кыл аспап.
^ Же: «дайындады». Еврей тилинде «Шет» деген ысым алмаштыруу деген мааниде «дайындалган; коюлган; бекитилген» дегенди билдирет.
^ Сөзмө-сөз: «Жахабанын ысмын чакыра башташты».