Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

40-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

«Көптөрдү адилдиктин жолуна салган» окутуу иши

«Көптөрдү адилдиктин жолуна салган» окутуу иши

«Көптөрдү адилдиктин жолуна салгандар кылымдар бою, түбөлүккө жылдыздардай жаркырашат» (ДАН. 12:3).

151-ЫР: Ал чакырат

БУЛ МАКАЛАДА *

1. Миң жылдык башкаруунун тушунда жүрөк толкуткан кандай нерселер болот?

 МАШАЯКТЫН миң жылдык башкаруусунун тушунда кубанычыбызга чек жок болору айтпаса да түшүнүктүү. Жакындарынан айрылгандардын баары аларды көрсөм деп эңсеп келет. Муну Жахаба да самайт (Аюп 14:15). Зарыгып күтүп келаткан жакындарыбыз менен көрүшкөндө канчалык сүйүнөрүбүздү сөз менен айтып жеткире албайбыз. Мурунку макаладан билгенибиздей, ысымдары өмүр китебине жазылган «адил адамдар» «өмүр сүрүш үчүн» тирилишет (Элч. 24:15; Жкн. 5:29). Сыягы, жакындарыбыздын көбү Армагедондон көп өтпөй тириле баштайт *. Тириле тургандардын арасында «адил эмес» адамдар да болот. Көзүнүн тирүүсүндө Жахаба жөнүндө билим алууга мүмкүнчүлүгү болбогондор же ага сыйынбагандар «соттолуш үчүн» тирилишет.

2, 3. а) Ышая 11:9, 10-аяттарга ылайык, келечекте жүргүзүлө турган адамзат тарыхындагы эң чоң иш кайсы? б) Бул макалада эмнелерге токтолобуз?

2 Тирилгендердин баары билим алышы керек болот (Ыш. 26:9; 61:11). Ошондуктан адамзат тарыхында болуп көрбөгөн билим берүү программасы ишке киргизилет. (Окугула: Ышая 11:9, 10.) Эмне үчүн? Мунун бир себеби тирилген адил эмес адамдар Иса Машаяк, Падышалык, кун жөнүндө билиши керек. Ошондой эле Жахаба Кудайдын ысмына жана эгедерлигине байланыштуу бүт ааламга тиешелүү талаш маселе жөнүндө билим алышы зарыл. Атүгүл адил адамдар да Жахаба жерге байланыштуу ой-ниетин акырындык менен кантип ачып берип келгени жөнүндө жаңы маалыматтарды билиши керек болот. Себеби алардын айрымдары Ыйык Китеп жазылып бүткөнгө чейин эле көз жумушкан. Ооба, адилдердин да, адил эместердин да билгенден биле элеги көп.

3 Бул макалада төмөнкү суроолорго токтолобуз: Жер жүзү боюнча жүргүзүлө турган билим берүү иши кантип ишке ашырылат? Алган билимине ылайык иш кылгандар эмне болот? Ал эми ага ылайык иш кылбагандарчы? Ушул суроолорго жооп алганыбыз абдан маанилүү. Бул макаладан Даниел жана Аян китебиндеги жүрөк толкутарлык пайгамбарлыктарды карайбыз. Алардан өлгөндөр тирилгенден кийин эмне болоруна байланыштуу түшүнүгүбүздүн кандайча өзгөргөнүн билебиз. Анда келгиле, алгач Даниел 12:1, 2-аяттарда жазылган бүйүр кызыткан окуяларды талкуулайлы.

«ТОПУРАКТА УКТАП ЖАТКАНДАРДЫН КӨБҮ ОЙГОНОТ»

4, 5. Даниел 12:1де акыркы убак жөнүндө эмне делет?

4 Окугула: Даниел 12:1. Даниел китебинде акыркы күндөрдө куйрук улаш өрчүй турган окуялар жөнүндө айтылат. Мисалы, Даниел 12:1де Микеилдин, тактап айтканда, Иса Машаяктын Кудайдын эли үчүн «чыгары» айтылат. Бул пайгамбарлык 1914-жылы Иса асманда Кудайдын Падышалыгынын Падышасы болуп такка отурганда аткарыла баштаган.

5 Бирок Даниел Исанын «эл пайда болгондон тартып ошол убакка чейин болуп көрбөгөн оор мезгилде» «турарын» да алдын ала айткан. Ошол «оор мезгил» Матай 24:21де айтылган «улуу алааматты» билдирет. «Оор мезгилдин» соңунда, Армагедондо, ал Кудайдын эли үчүн турат, тактап айтканда, коргош үчүн иш-аракет кылат. Иса коргой тургандар Аян китебинде улуу алааматтан аман өткөн «эбегейсиз көп адамдар» экени айтылат (Аян 7:9, 14).

6. Эбегейсиз көп адамдар улуу алааматтан аман өткөндөн кийин эмне болот? Түшүндүргүлө. (Жер бетиндеги тирилүү жөнүндө билиш үчүн ушул сандагы «Окурмандардын суроолорун» да карагыла.)

6 Окугула: Даниел 12:2. Эбегейсиз көп адамдар оор мезгилден аман өткөндөн кийин эмне болот? Мурун бул пайгамбарлыкты Кудайдын элинин акыркы күндөрдө каймана мааниде тирилгенин билдирет деп түшүнүп келгенбиз *. Бирок бул сөздөр жаңы заманда өлгөндөрдүн тирилишине карата айтылган. Эмне үчүн ушинтип айта алабыз? Бул аяттагы «топурак» деген сөз менен Аюп 17:16дагы «көр» деген сөз бир маанини туюнтат. Демек, Даниел 12:2де айтылгандар акыркы күндөр соңуна чыгып, Армагедон согушу аяктагандан кийин адамдардын түзмө-түз тирилишине карата айтылган.

7. а) Кандай мааниде «кээ бирлер түбөлүк жашаш үчүн» тирилет? б) Эмне үчүн алардын тирилүүсүн «жакшыраак тирилүү» десек болот?

7 Анда Даниел 12:2деги «кээ бирлер түбөлүк жашаш үчүн» тирилет деген сөздөр эмнени билдирет? Бул тирилгенден кийин 1000 жылдыктын ичинде Жахабаны жана Исаны таанып-биле бергендер жана аларга баш ийгендер акырында түбөлүк өмүр аларын билдирет (Жкн. 17:3). Алардын тирилүүсү мурда тирилген адамдардыкына караганда «жакшыраак тирилүү» болот (Евр. 11:35). Эмне үчүн? Анткени мурун көзү өтүп кеткендер жеткилеңсиз болгондуктан кайра эле өлүшкөн.

8. Кандайча айрымдар маскара болуп, «түбөлүккө жийиркенич менен эскерилиш» үчүн тирилет?

8 Бирок тирилгендердин баары эле Жахабадан билим ала бергиси келбейт. Даниел китебинде айрымдардын «маскара болуп, түбөлүккө жийиркенич менен эскерилиш үчүн» тирилери айтылган. Алар Кудайга баш ийгиси келбегендиктен ысымдары өмүр китебине жазылбайт жана түбөлүк өмүр алышпайт. Тескерисинче, «түбөлүккө жийиркенич менен эскерилишет», башкача айтканда, жок болушат. Демек, Даниел 12:2де тирилгендердин баарынын акыр-аягы эмне болору айтылган. Алардын өмүр алар-албасы тирилгенден кийин кылган иштерине жараша болот * (Аян 20:12). Айрымдары түбөлүк өмүр сүрөт, башкалары жок кылынат.

«КӨПТӨРДҮ АДИЛДИКТИН ЖОЛУНА САЛУУ»

9, 10. Улуу алааматтан кийин дагы эмне болот жана кимдер «асман мейкиндигиндей жаркырашат?»

9 Окугула: Даниел 12:3. «Оор мезгилден» кийин дагы эмне болот? Улуу алааматтан кийин Даниел 12:2де жазылган нерседен тышкары дагы кандай иштер болот? Муну 3-аяттан биле алабыз.

10 Кимдер «асман мейкиндигиндей жаркырашат»? Мунун жообун Исанын Матай 13:43төгү сөздөрүнөн таба алабыз. Ал: «Ошол убакта адил адамдар асмандагы Атасынын Падышалыгында күн сыяктуу жаркырашат»,— деген. Бул аяттын контекстинде Иса «Падышалыктын уулдары» же аны менен чогуу асманда бийлик кыла турган майланган бир туугандары жөнүндө сөз кылган (Мт. 13:38). Андыктан Даниел 12:3тө майлангандар жана алардын Миң жылдыктын тушунда кыла турган иштери жөнүндө кеп кылынган десек болот.

144 000 Иса Машаяк менен эриш-аркак кызматташып, 1000 жыл ичинде жүргүзүлө турган окутуу ишин жетектешет (11-абзацты карагыла)

11, 12. Миң жылдыктын учурунда 144 000 кайсы ишти кылат?

11 Майлангандар кантип «көптөрдү адилдиктин жолуна салышат»? Алар Иса менен бирге эриш-аркак кызмат кылып, 1000 жыл бою жер жүзү боюнча боло турган окутуу ишин жетектешет. 144 000 падыша эле эмес, дин кызматчы да болушат (Аян 1:6; 5:10; 20:6). Ушундайча алар «элдерди айыктырганга» — адамзатты акырындык менен жеткилеңдикке жеткиргенге — жардам беришет (Аян 22:1, 2; Жез. 47:12). Бул майлангандарды зор кубанычка бөлөйт.

12 Адилдиктин жолуна түшкөндөрдүн катарында кимдер болот? Аларга тирилгендер, Армагедондон аман өткөндөр, ошондой эле жаңы заманда төрөлө турган балдар кирет. Миң жылдыктын соңунда жер бетиндегилердин баары жеткилең болушат. Анда алардын ысмы өмүр китебине калем менен эмес, сыя менен өчпөс болуп качан жазылат?

АКЫРКЫ СЫНАК

13, 14. Түбөлүк өмүр алганга чейин жеткилең адамдардын баары эмнени далилдеши керек?

13 Жеткилең болсок эле түбөлүк жашап калбайбыз. Адам ата менен Обо эне жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Алар жеткилең болушкан, бирок түбөлүк өмүр сүрүш үчүн Жахабага баш ийиши керек болчу. Өкүнүчтүүсү, алар Кудайга каршы чыгышкан (Рим. 5:12).

14 Миң жылдыктын аягында жерде жашагандардын абалы кандай болот? Бардыгы жеткилең болушат. Алардын баары Жахабанын бийлигин толук колдошобу? Же Адам ата менен Обо энеге окшоп айрымдары жеткилең болгонуна карабай Кудайга баш ийбей коюшабы? Бул суроолордун жообу качан айкын болот?

15, 16. а) Бүт адамзаттын Жахабага берилгендигин далилдегенге качан мүмкүнчүлүгү болот? б) Ошол сынактын жыйынтыгы кандай болот?

15 Шайтан 1000 жылга камакка алынат. Ошол убакыт аралыгында ал эч кимди азгыра албайт. Миң жылдыктын соңунда болсо камактан бошотулат. Ошондо жеткилеңдикке жеткен адамзатты азгырганга аракет кылат. Ошол сынак учурунда аларда Кудайдын ысмын ыйык тутар-тутпасын, бийлигин колдоор-колдобосун көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк болот (Аян 20:7—10). Алардын ысмы өмүр китебине биротоло жазылабы, жазылбайбы, ар бир адамдын Шайтандын азгырыгына алдырар-алдырбасынан көз каранды болот.

16 Адам ата менен Обо энеге окшоп Жахабанын бийлигин четке каккандар да болот. Алардын саны белгисиз. Андайлардын эмне болору Аян 20:15те жазылган. Ал жерде: «Өмүр китебине жазылбагандардын баары оттуу көлгө ыргытылды»,— делет. Ооба, Кудайга баш ийбегендердин баары биротоло жок кылынат. Бирок жеткилеңдикке жеткен адамзаттын көпчүлүгү бул сынактан ийгиликтүү өтөт. Ошондон кийин ысымдары өмүр китебине өчпөс болуп жазылат.

АКЫРКЫ УБАК

17. Периште Даниелге биздин убак жөнүндө эмне деген? (Даниел 12:4, 8—10)

17 Келечекте боло турган ушул окуялар тууралуу ой жүгүрткөндө жүрөгүбүз козголбой койбойт. Бирок периште Даниел пайгамбарга биздин күндөр — «акыркы убак» — жөнүндө да маанилүү нерселерди айткан. (Окугула: Даниел 12:4, 8—10; 2 Тим. 3:1—5.) Периште ага: «Чыныгы билим көбөйөт»,— деген. Ооба, анын китебиндеги пайгамбарлыктарды Кудайдын эли барган сайын айкыныраак түшүнө бермек. Периште айткандай, «ыймансыздар болсо ыймансыз иштерди кылышмак», ал «сөздөрдү алардын эч кимиси түшүнмөк» эмес.

18. Ыймансыздар жакында эмне болот?

18 Бүгүнкү күндө ыймансыздар кылган иштеринин жазасын тартпай жаткандай сезилиши мүмкүн (Мал. 3:14, 15). Бирок жакында Иса эчки мүнөздүүлөрдү соттоп, кой мүнөздүүлөрдөн бөлөт (Мт. 25:31—33). Ошол ыймансыз адамдар улуу алааматта жок кылынат. Алар жаңы заманда тирилбейт. Ысмы да Малаки 3:16да айтылган «эстелик китебине» жазылбайт.

19. Азыр эмне кыла турган учур жана эмне үчүн? (Малаки 3:16—18)

19 Азыр ыймансыздардын арасында болгубуз келбей турганын көрсөтө турган учур. (Окугула: Малаки 3:16—18.) Анткени Жахаба учурда өзүнө «таандык» элдерди чогултуп жатат. Ал аларды баалуу мурасындай көрөт. Биз так ушундай адамдардын арасында болгубуз келет.

Жаңы заманда Даниелдин, жаныбыздай жакшы көргөн жакындарыбыздын жана башка көптөгөн кишилердин «кайра турганын» көргөндө кубанычыбызга чек жок болот (20-абзацты карагыла)

20. Жахаба Даниел пайгамбарга кандай убада берген жана ал убаданын аткарылышын эмне үчүн эңсеп күтүп жатасыңар?

20 Чынында эле, биз кайталангыс убакта жашап жатабыз. Бирок эң кызыктуусу али алдыда. Жакын арада жамандыктын баары жок болгонуна күбө болобуз. Андан кийин Жахабанын Даниелге берген убадасынын аткарылганын өз көзүбүз менен көрөбүз. Ал ага: «Күндөрдүн акырында үлүшүңдү алыш үчүн кайра турасың»,— деп убада берген (Дан. 12:13). Даниел пайгамбар жана жаныңардай жакшы көргөн жакындарыңар кайра тура турган күндү эңсеп күтүп жатасыңарбы? Эгер ошондой болсо, Жахаба Кудайга ишенимдүү кызмат кылганга азыртадан бүт күчүңөрдү жумшагыла. Ошондой кылсаңар, ысмыңар өмүр китебине өчпөс болуп түбөлүккө жазылып калат.

80-ЫР: Жахабанын жакшы экенин татып көрөлү

^ Бул макаладан Даниел 12:2, 3кө байланыштуу түшүнүгүбүздүн өзгөргөнүн билебиз. Ал жерде ири масштабда жүргүзүлө турган окутуу иши жөнүндө айтылган. Анын качан болорун жана ага кимдер катышарын талкуулайбыз. Ошондой эле ал окутуу программасы жер бетинде жашай тургандарды Машаяктын миң жылдык башкаруусунун акырында боло турган соңку сыноого кантип даярдай турганын билебиз.

^ Алгач акыркы күндөрдө Жахабага ишенимдүү кызмат кылып жүрүп көзү өтүп кеткендер тирилиши мүмкүн. Анан алардан мурунку улам бир муун тириле бериши ыктымал. Ошондо ар бир муун өздөрү жакшы тааныган замандаштарын тосуп алышат. Кандай болбосун, жер бетине тириле тургандар белгилүү бир тартип менен тирилет деп айтсак болот. Анткени Ыйык Китепте асманга тириле тургандардын өз кезеги менен тирилери жазылган (1 Кор. 14:33; 15:23).

^ Бул төмөнкү адабияттарда жазылган түшүнүгүбүздүн өзгөргөнүн билдирет: «Даниелдин пайгамбарлыгына көңүл бургула!» (ор.), 17-бөл.; «Күзөт мунарасы» (англ.), 1987-ж., 1-июль, 21—25-б.

^ Бул аяттан айырмаланып, Элчилер 24:15те «адил адамдар» менен «адил эмес адамдардын» жана Жакан 5:29да «жакшылык кылгандар» менен «жамандык кылгандардын» өлгөнгө чейинки иштерине басым жасалган.