Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аса, Жошапат, Хиския, Жошия

Жахабага бүт жүрөгүң менен кызмат кыл

Жахабага бүт жүрөгүң менен кызмат кыл

«Оо, Жахаба, сага жалынып-жалбарам, сага бүт жүрөгүм менен, ишенимдүүлүк менен кызмат кылганымды... эстей көр» (2 ПАД. 20:3).

ЫРЛАР: 36, 54

1—3. Жахабага «бүт жүрөгүбүз» менен кызмат кылуу деген эмнени билдирет? Мисал келтир.

ЖЕТКИЛЕҢ ЭМЕС болгондуктан баарыбыз ката кетирүүгө жакынбыз. Бирок, бактыбызга жараша, Жахаба «бизди күнөөлөрүбүзгө жараша жазалабайт». Эгер өкүнүп, Исанын куткаруу курмандыгына ишенип, Жахабага момундук менен кайрылсак, ал бизди кечирүүгө даяр (Заб. 103:10). Ошентсе да, Дөөтү падыша уулу Сулайманга айткандай, сыйынуубуз дайыма Жахабага жаккандай болушу үчүн, ага «бүт жүрөгүбүз» менен кызмат кылышыбыз зарыл (1 Жылн. 28:9). Жеткилеңсиздигибизге карабай канткенде ошенте алабыз?

2 Муну жакшыраак түшүнүш үчүн Аса падыша менен Амазия падышаны салыштырып көрөлү. Жүйүттөрдүн ал эки падышасы тең Жахабанын көз алдында туура иштерди кылган, бирок Аса бүт жүрөгү менен кызмат кылган (2 Жылн. 15:16, 17; 25:1, 2; Накыл 17:3). Экөө тең жеткилеңсиз болгон жана ката кетирген. Анткен менен Аса жалпы жонунан Кудайдын жолунан чыккан эмес, себеби ал ага бүт жүрөгү менен берилген киши болгон. Ал эми Амазия Жахабага бүт жүрөгү менен берилген эмес. Кудайдын душмандарын жеңгенден кийин ал алардын кудайларын ала келип, сыйына баштаган (2 Жылн. 25:11—16).

3 Кудайга «бүт жүрөгүбүз» менен кызмат кылуу ага түбөлүккө толук берилгендик сактоону билдирет. Ыйык Китепте «жүрөк» деген сөз көбүнчө адамдын ички дүйнөсүнө карата колдонулат. Ал өз ичине каалоону, ой жүгүртүүнү, маанайды, көз карашты, жөндөмдүүлүктөрдү, ниетти жана максаттарды камтыйт. Андыктан Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылган киши эки жүздүүлүк кылбайт. Ал рухий иштерге аргасыздан же көнүмүш болуп калгандыктан эле катышпайт. Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Эгер жеткилең эмес болгонубузга карабай, эки жүздүүлүктөн качып, Кудайга толук берилгендик сактай берсек, ага бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылган болобуз (2 Жылн. 19:9).

4. Азыр эмнени карап чыгабыз?

4 Кудайга бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылуу деген эмнени билдирерин тереңирээк түшүнүш үчүн Жүйүт падышасы Асанын жана Жахабага берилген башка падышалардын: Жошапаттын, Хискиянын, Жошиянын жашоосун карап чыгалы. Төртөөнүн тең жаңылып-жазган учурлары болгон, бирок алар Жахабанын ырайымынан айрылышкан эмес. Жахаба эмне үчүн аларды ага бүт жүрөгү менен кызмат кылган адамдар катары эсептеген жана биз аларды кантип туурай алабыз?

АСА «ЖАХАБАГА БҮТ ЖҮРӨГҮ МЕНЕН КЫЗМАТ КЫЛГАН»

5. Аса чечкиндүүлүк менен кандай иштерди кылган?

5 Аса он уруудан турган Ысрайыл падышалыгы өзүнчө бөлүнгөндөн кийинки Жүйүт падышаларынын үчүнчүсү болгон. Ал өзүнүн жеринен буркандарды жок кылып, ибадатканадагы бузулган эркектерди кууп чыккан. Атүгүл чоң энеси Мааханы «жийиркеничтүү буркан жасаганы үчүн канышалык наамынан ажыраткан» (1 Пад. 15:11—13). Ошондой эле Аса элин «Жахабага кызмат кылууга», «анын мыйзам-осуяттарын аткарууга» чакырган. Ооба, ал чыныгы сыйынууну колдогон (2 Жылн. 14:4).

6. Эфиопиялыктар жүйүт элин басып алганы келгенде, Аса эмне кылган?

6 Жахаба батасын бергендиктен, Асанын башкаруусунун алгачкы он жылында жүйүт элинде тынчтык өкүм сүргөн. Кийинчерээк эфиопиялык Зерак жүйүт элин басып алыш үчүн 1 000 000 кишиси, 300 майдан арабасы менен келген (2 Жылн. 14:1, 6, 9, 10). Ошондой кыйын-кысталыш учурда Аса эмне кылган? Толугу менен Жахабага таянган. (Оку: 2 Жылнаама 14:11.) Кудай Асанын жалындуу тиленүүсүн угуп, ага Эфиопиянын аскеринин таш-талканын чыгарууга жардам берген (2 Жылн. 14:12, 13). Атүгүл падышалар ишенимдүү болбогондо да, Жахаба өзүнүн ысымы үчүн аларды жеңишке жеткирчү (1 Пад. 20:13, 26—30). Бирок Аса Жахабага бекем ишенгендиктен, тиленүүсү жоопсуз калган эмес. Албетте, анын акылсыз иш кылып алган учурлары болгон. Алсак, бир жолу ал Жахабадан эмес, Сирия падышасынан жардам сураган (1 Пад. 15:16—22). Ошентсе да Кудай аны «өмүрү өткүчө... бүт жүрөгү менен кызмат кылган» киши катары көргөн. Анда Асаны кантип туурасак болот? (1 Пад. 15:14).

7, 8. Жахабага кызмат кылууда Асаны кантип туурасаң болот?

7 Ар бирибиз жүрөгүбүздүн Кудайга толук берилген-берилбегенин текшерип көргөнүбүз абзел. Өзүңө: «Жахабага жагууга, чыныгы сыйынууну жактоого жана Кудайдын элин терс таасирден коргоого чечкиндүүмүнбү?» — деген суроо берип көр. Чоң энеси Мааханы канышалык наамынан ажыратыш үчүн Асага канчалык кайраттуулук керек болгонун ойлоп көрсөң! Балким, Маахадай иш кылган эч кимди деле билбейттирсиң, бирок Асаныкындай ынталуулукту талап кылган жагдайларга кабылышың ыктымал. Мисалы, үй-бүлөңдөгүлөрдүн бири же жакын досуң күнөө кылып, өкүнбөгөндүктөн жыйналыштан чыгарылса, эмне кыласың? Аны менен мамилелешпеш үчүн чечкиндүү иш-аракет кыласыңбы? Жүрөгүң эмне кылууга түрткү берет?

8 Атүгүл туруштук берүү мүмкүн эместей сезилген каршылыкка дуушар болгонуңда да, Асадай болуп, Кудайга таянуу менен ага бүт жүрөгүң менен берилген экениңди көрсөтөсүң. Маселен, Жахабанын Күбөсү болгонуң үчүн мектептегилер кыжырыңа тийиши же кемсинтиши мүмкүн. Же болбосо чогуу иштешкендериң рухий иштерге катышуу үчүн жумуштан суранып кеткениңди же көбүрөөк акча табыш үчүн кошумча иштебегениңди көрүп, шылдыңдашы ыктымал. Андай учурларда, Асадан үлгү алып, Кудайдан тилен. Кайраттуу бол, Жахабага таян жана туура иш кылганыңдан жазба. Кудайдын Асага күч-кайрат берип, колдогонун эсиңден чыгарба, ал сага да жардам берет.

9. Бүт жүрөгүбүз менен кызмат кылып жатканыбызды кантип көрсөтөбүз?

9 Кудайдын кызматчылары катары биз өзүбүздү эле ойлобойбуз. Чыныгы сыйынууну колдогон Асадай болуп, биз да башкаларга «Жахабага кызмат кылууга» жардам беребиз. Жахаба биздин аны чындап жакшы көргөндүктөн жана башкалардын түбөлүк өмүр сүрүшүн каалагандыктан аларга ал жөнүндө айтып берип жатканыбызды көргөндө кандай гана сүйүнөт!

ЖОШАПАТ ЖАХАБАНЫ ИЗДЕГЕН

10, 11. Жошапат падышаны кантип туурай алабыз?

10 Жошапат падыша «атасы Асанын жолун жолдогон» (2 Жылн. 20:31, 32). Кантип? Ал да, атасына окшоп, элди Жахабаны издөөгө үндөгөн. Жошапат бүт элин окутуу боюнча өнөктүк уюштурган. Ал өнөктүктө «Жахабанын мыйзамы жазылган китеп» колдонулган (2 Жылн. 17:7—10). «Элди ата-бабаларынын Кудайы Жахабага буруш үчүн» ал атүгүл Ысрайыл түндүк падышалыгындагы Эпрайым тоолуу аймагына чейин барган (2 Жылн. 19:4). Ооба, Жошапат «Жахабаны бүт жүрөгү менен издеген» падыша болгон (2 Жылн. 22:9).

11 Бүгүнкү күндө баарыбыз Жахаба уюштурган эбегейсиз зор масштабдагы окутуу өнөктүгүнө катыша алабыз. Ай сайын башкаларга Кудайдын Сөзүн окутуп, ага кызмат кылууга түрткү берүүнү максат кылып жатасыңбы? Көбүрөөк аракет кылганыңдын жана Кудайдын батасынын аркасында ыйык китептик изилдөө башташың мүмкүн. Сен муну максат кылып, бул туурасында тиленип жатасыңбы? Бош убактыңдын кайсы бир бөлүгүн арноого туура келсе да, кимдир бирөөгө изилдөө өткөнгө даярсыңбы? Ошондой эле, Жошапат элди чыныгы сыйынууга буруш үчүн Эпрайым жерине чейин баргандай эле, биз да жигердүү болбой калгандарга барып, Жахабага кайрылып келүүгө көмөк кылсак болот. Андан тышкары, аксакалдар жыйналыштан чыгарылгандарга барып, жардам берүүгө ынтызар. Балким, алардын айрымдары туура эмес иштерин таштагандыр.

12, 13. а) Коркунучтуу жагдайга кабылганда Жошапат эмне кылган? б) Эмне үчүн Жошапатка окшоп, алсыз экенибизди моюнга алганыбыз жакшы?

12 Душмандын жер солкулдаткан аскери коркунуч туудурганда да, Жошапат, атасы Асадай болуп, Кудайга болгон берилгендигинен жазган эмес. (Оку: 2 Жылнаама 20:2—4.) Албетте, ал деле корккон, ошентсе да «Жахабаны издөөгө» чечкиндүү болгон. Ал Кудайга кайрылып, каптап келаткан кара колго каршылык көрсөткүдөй өзүнүн да, элинин да күчү жок экенин, эмне кыларын билбей турушканын момундук менен моюнга алган. Жошапат толугу менен Жахабага таянып: «Баарыбыз сени карап турабыз»,— деген (2 Жылн. 20:12).

13 Кээде биз да, Жошапаттай болуп, эмне кыларыбызды билбей калышыбыз, ал тургай, коркушубуз мүмкүн (2 Кор. 4:8, 9). Бирок Жошапаттын эл алдында тиленип жатканда өзүнүн да, элинин да алсыз экенин ачык айтканын эстесең (2 Жылн. 20:5). Үй-бүлөдө рухий жактан жетекчиликти колго алгандар кыйынчылыгы менен күрөшүү үчүн Жахабадан жол көрсөтүшүн жана күч беришин сурап жалбарып, Жошапаттан үлгү алганы жакшы. Үй-бүлөңдөгүлөрдүн көзүнчө ушинтип тиленгенден уялба. Ошондо алар сенин Жахабага таянып жатканыңды сезишет. Кудай Жошапатка жардам бергендей эле, сага да жардам берет.

ХИСКИЯ ТУУРА ИШТЕРДИ КЫЛГАН

14, 15. Хиския Кудайга толугу менен таянарын кантип көрсөткөн?

14 Жошапаттан айырмаланып, Хискияга «Жахабага берилгендигин сакташ» үчүн бурканга сыйынган атасынын таасири менен күрөшүүгө туура келген. «Ал бийик жерлерди бузуп, ыйык мамыларды кыйраткан», «ошондой эле ыйык устунду кыйып, Муса жасаган жез жыланды талкалаган», себеби ысрайылдыктар аны бурканга айлантып алышкан эле. Хиския Жахабага толук берилгендик сактаган, анткени ал анын «Муса аркылуу берген осуяттарын аткара» берген (2 Пад. 18:1—6).

15 Атүгүл ошол учурдагы дүйнөлүк держава болгон Ашурдун аскери Жүйүт жерин басып кирип, Иерусалимдин күлүн көккө сапырганы келатканда да, Хиския бүт жүрөгү менен Жахабага таянган. Ашурлуктардын падышасы Сенхейрип Жахабага тил тийгизип, Хискияны багынтып алыш үчүн коркутуп-үркүткөн. Бирок Хиския Жахабадан тиленип, анын кудуреттүү күчүнө толугу менен таянарын айткан. (Оку: Ышая 37:15—20.) Кудай анын үнүн угуп, периштесин жиберген да, ашурлуктардын 185 000 аскерин күм-жам кылган (Ыш. 37:36, 37).

16, 17. Кудайга кызмат кылууда Хискияны кантип туурай алабыз?

16 Кийинчерээк Хиския катуу ооруга чалдыгып, өлүм алдында жатып калган. Ал Жахабадан өзүнүн ага ишенимдүү кызмат кылып келгенин эстешин сурап жалбарган. (Оку: 2 Падышалар 20:1—3.) Ошондо Жахаба аны оорусунан сакайткан. Ыйык Жазмадан билгенибиздей, азыркы учурда Кудай бизди керемет жолу менен айыктырбайт же өмүрүбүздү узартпайт. Анткен менен ар бирибиз, Хискиядай болуп, Жахабага: «Сага бүт жүрөгүм менен, ишенимдүүлүк менен кызмат кылганымды эстей көр»,— деп жалынып-жалбара алабыз. Ооруп жатканыңда Жахабанын сага кам көрүүгө кудурети жетерине жана кам көргүсү келерине ишенесиңби? (Заб. 41:3).

17 Хискиянын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүп жатып Кудай менен болгон мамилебизге тоскоолдук кылган же чыныгы сыйынуудан алаксыткан кайсы бир нерседен арылышыбыз керектигин байкагандырбыз. Биз бул дүйнөдөгү айрым кишилерге окшоп, кайсы бир адамды кудай тутуп, социалдык тармактар сыяктуу Интернет каражаттары аркылуу анын артынан «ээрчигибиз» келбейт. Албетте, айрым ишенимдештерибиз ошондой каражаттар аркылуу туугандары же достору менен байланышканды жакшы көрүшү мүмкүн. Бирок бул дүйнөдө көптөр атүгүл өздөрү тааныбаган атактуу инсандарды аздектеп, алардын күйөрмандары болуп алгандыктан Интернет каражаттарына өтө көп убактысын коротушат. Же андай адамдар жөнүндө окууга, сүрөттөрүн көрүүгө баш-оту менен кирип кетишет. Бирок маани-маңызы жок нерселерге берилип кетүү өтө кооптуу. Мисалы, Исанын жолдоочусу социалдык тармактарга өзү салган сүрөт, видеолорду көп киши жактырганына мактанып, бой көтөрүп кетиши, ал эми ал салган нерселерди көргөндөрдүн тизмесинен чыгып кеткендерге кыжырданышы ыктымал. Элчи Пабылдын же Акила менен Прискиланын күн сайын сүрөт салуу же ишенимдештери болбогондордун сүрөттөрүн көрүү сыяктуу нерселер менен алек болуп жүргөнүн элестете аласыңбы? Ыйык Жазмадан Пабылдын «өзүн толугу менен Кудайдын сөзүн жарыялоого арнаганын» окуйбуз. Ошондой эле Акила менен Прискиланын убактысын башкаларга «Кудайдын жолун тагыраак түшүндүрүп берүүгө» жумшаганын билебиз (Элч. 18:4, 5, 26). Ар бирибиз: «Адамдарды кудай тутуудан же баалуу убактымды маңызсыз нерселерге коротуудан качамбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот. (Оку: Эфестиктер 5:15, 16.)

ЖОШИЯ ЖАХАБАНЫН ОСУЯТТАРЫН САКТАГАН

18, 19. Жошияны кайсы жагынан туурагың келет?

18 Хискиянын чөбөрөсү Жошия падыша Жахабанын осуяттарын «бүт жүрөгү» менен сактаган (2 Жылн. 34:31). Ал өспүрүм кезинде эле «Дөөтүнүн Кудайына кызмат кыла баштаган», ал эми 20 жашында Жүйүт жерин буркандардан тазалоого киришкен. (Оку: 2 Жылнаама 34:1—3.) Жошия Кудайга жаккан иштерди ынталуулук менен кылып, Жүйүттүн көптөгөн падышаларынан ашып түшкөн. Ошондой болсо да Мусанын Мыйзамынын түп нускасы табылып, ага окуп беришкенде, ал Кудайдын эркин мурдагыдан да тагыраак аткарышы керектигин түшүнгөн. Ал элин Жахабага кызмат кылууга үндөгөн. Ошондуктан «Жошиянын көзү өткүчө, алар ата-бабаларынын Кудайы Жахабанын жолунан четтешкен эмес» (2 Жылн. 34:27, 33).

19 Жошияга окшоп, жаштар кичинекей кезинен тартып эле Жахабаны таанып-билиши зарыл. Менаше падыша өкүнгөндөн кийин небереси Жошияга Кудайдын ырайымы жөнүндө айтып берсе керек. Жаштар, силер да үйүңөрдөгү же жыйналышыңардагы ишенимдүү кызмат кылып келаткан улуу бир туугандар менен жакын мамиледе болуп, Жахабанын аларга кандай жакшылыктарды кылганын сурап көрсөңөр болот. Ошондой эле Ыйык Жазманы окуганда Жошиянын жүрөгү козголуп, иш-аракет кылууга түрткү алганын эстесеңер. Ыйык Китепти окуу силерге да кубанычыңарды арттырып, Кудай менен болгон мамилеңерди бекемдей турган иштерди кылууга жана башкаларга Кудай жөнүндө билүүгө көмөк кылууга түрткү бериши ыктымал. (Оку: 2 Жылнаама 34:18, 19.) Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында кызматыңарды кантип жакшыртсаңар болорун да байкашыңар мүмкүн. Эгер байкасаңар, Жошиядай болуп, ошого жараша иш-аракет кылгыла.

ЖАХАБАГА БҮТ ЖҮРӨГҮҢ МЕНЕН КЫЗМАТ КЫЛ

20, 21. а) Биз карап чыккан төрт падышанын кандай жалпылыгы бар? б) Эмки макалада эмне жөнүндө сөз жүрөт?

20 Жүйүт элинин Жахабага бүт жүрөгү менен кызмат кылган төрт падышасынын үлгүсүн карап чыгуу сага пайдалуу болдубу? Алар Кудайдын эркин жан-дилден аткарууга ынтызар болушкан жана аны туруктуулук менен аткара беришкен. Атүгүл жүрөктүн үшүн алган душман менен беттешкенде да Кудайга таянышкан. Баарынан да маанилүүсү, алар Жахабага таза ниет менен кызмат кылышкан.

21 Кийинки макалада талкуулай турганыбыздай, ал төрт падышанын тең ката кетирген учурлары болгон. Ошентсе да жүрөктөрдү изилдеген Жахаба алардын жүрөгүнүн ага толугу менен берилгенин көргөн. Биз да жеткилеңсизбиз. Бирок Жахаба бизди изилдегенде ага бүт жүрөгү менен кызмат кылып жатат деп табабы? Бул жөнүндө эмки макалада сөз жүрөт.