Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабадай боорукер бол

Жахабадай боорукер бол

«Жахаба, Жахаба — кайрымдуу, ырайымдуу [боорукер]... Кудай» (ЧЫГ. 34:6).

ЫРЛАР: 57, 147

1. Жахаба кандайча өзүн Муса пайгамбарга өзгөчө жол менен ачып берген жана бул эмне үчүн көңүлгө аларлык?

БИР жолу Кудай Муса пайгамбарга ысмын, сапаттарын айтып, өзүнүн ким экенин ачып берген. Ал адегенде эле кайрымдуулугун, ырайымдуулугун, башкача айтканда, боорукердигин санап өткөн. (Оку: Чыгуу 34:5—7.) Жахаба күчүнө же акылмандыгына басым жасаса деле болмок. Бирок Муса пайгамбар Кудайдын колдооруна ынангысы келгендиктен, ал кызматчыларына жардам берүүгө даяр экенин көрсөткөн сапаттарына көңүлүн бурган (Чыг. 33:13). Кудайдын биринчи кезекте ушул сапаттарын айтканы жүрөгүбүздү козгобойбу? Бул макалада боорукердик жөнүндө — азап чегип жаткан же кырсыкка кабылган адамдын кайгысын сезе билип, аны жеңилдетүүгө түрткү берген сапат жөнүндө — сөз жүрөт.

2, 3. а) Адамдардын табиятынан эле боорукер болорун эмне көрсөтүп турат? б) Эмне үчүн боорукердик жөнүндө көбүрөөк билишибиз керек?

2 Кудай адамдарды өзүнө окшош кылып жараткан. Ал боорукер болгондуктан, адамдар табиятынан эле башкаларга боору ооруп, кам көрүүгө жакын келишет. Атүгүл чыныгы Кудайды таанып-билбегендер да боорукердик көрсөткөн учурлар көп эле болот (Башт. 1:27). Ыйык Китепте муну ырастаган окуялар арбын. Мисалга бала талашып, Сулайман падышанын алдына келген эки сойку аялды алалы. Падыша баланын энеси ким экенин аныкташ үчүн аны экиге бөлө чабууну буйрук кылганда, чыныгы энеси чыркырап жиберген. Ал баласын аман алып калыш үчүн аны тиги аялга бергенге да даяр болгон (1 Пад. 3:23—27). Же болбосо ымыркай Мусанын өмүрүн сактап калган фараондун кызын эстесең. Ал анын еврейлердин баласы экенин жана өлүшү керектигин билсе да, «ага боору ооругандыктан» асырап алып, өз уулундай кылып чоңойткон (Чыг. 2:5, 6).

3 Эмне себептен боорукердик жөнүндө көбүрөөк окуп-изилдешибиз керек? Анткени Ыйык Китеп бизди Жахабаны тууроого үндөйт (Эф. 5:1). Адамдар боорукердик сапаты менен жаратылса да, өкүнүчтүүсү, Адам атадан тукум кууп өткөн жеткилеңсиздик өзүмчүл болууга түртөт. Кээде башкаларга жардам бериш керекпи же өзүбүздү ойлошубуз керекпи деп чече албай кыйналабыз. Айрымдар үчүн бул өзүнчө эле күрөш. Анда боорукердик сапатын өрчүтүүгө жана аны дайыма чагылдырууга эмне жардам берет? Бул суроого жооп алуу үчүн адегенде Жахабанын жана башкалардын кантип боорукердик көрсөткөнү жөнүндө изилдеп көрөлү. Андан соң канткенде Жахабадай боорукер боло аларыбызды жана бул өзүбүзгө эмнеси менен пайдалуу экенин карап чыгабыз.

ЖАХАБА — БООРУКЕРДИКТИН ЖЕТКИЛЕҢ ҮЛГҮСҮ

4. а) Жахаба периштелерин Содомго эмне үчүн жиберген? б) Лот менен анын кыздары жөнүндөгү билдирүүдөн эмнени биле алабыз?

4 Ыйык Китептен Жахабанын боорукердик менен иш кылганы жөнүндөгү билдирүүлөрдү көп окуйбуз. Маселен, анын Лотко жасаган мамилесине токтололу. Ал адил киши Содом менен Амор шаарында жашагандардын уятсыз жүрүм-турумунан улам «катуу кыйналган». Кудай адеп-ахлаксыздыкка белчесинен баткан ал кишилерди жок кылууну чечкен (2 Пет. 2:7, 8). Ал эми Лотту аман алып калыш үчүн периштелерин жиберген. «Бирок Лот шашпай» жүрүп алган. Ошондо периштелер «аны, аялын, эки кызын колдорунан алып, шаардын сыртына алып чыгышкан», «себеби Жахаба аны аяган» (Башт. 19:16). Бул окуя Жахабанын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларынын кандай оор жагдайларга кабылып жатканын толук билерин ырастап турат (Ыш. 63:7—9; Жкп. 5:11; 2 Пет. 2:9).

5. 1 Жакан 3:17 сыяктуу аяттар боорукердик көрсөтүүгө кандайча жардам берет?

5 Жахаба өзү эле боорукер болбостон, кызматчыларын да ал сапатты чагылдырууга үйрөтүп келет. Мисалга ысрайыл элине жакынынын кийимин күрөөгө алууга байланыштуу берилген мыйзамды алалы. (Оку: Чыгуу 22:26, 27.) Таш боор киши өзүнөн карыз алган адамдын кийимин бербей коюп, аны түнкүсүн жамынчысы жок калтырышы мүмкүн эле. Бирок Жахаба элин мындай мерездиктен алыс болууга үйрөткөн. Алар боорукер болушу керек болчу. Бул мыйзамда камтылган принцип бизге да иш-аракет кылууга түрткү бериши керек эмеспи? Жардамга муктаж бир тууганыбызга көмөк көрсөтүү колубуздан келип турса да, аны каймана мааниде суукта калтырып койбошубуз керек (Кол. 3:12; Жкп. 2:15, 16; оку: 1 Жакан 3:17).

6. Жахабанын күнөөгө баткан ысрайыл элине кайра-кайра эскерткенинен эмнеге үйрөнсөк болот?

6 Ысрайыл эли күнөө кетиргенде да Жахаба аларга боорукердик менен мамиле кылган. Ыйык Китептен: «Алардын ата-бабаларынын Кудайы Жахаба өзүнүн элин, өзүнүн турагын аягандыктан аларга эскертиш үчүн кайра-кайра кабарчыларын жөнөттү»,— дегенди окуйбуз (2 Жылн. 36:15). Биз да күнөөсү үчүн өкүнүп, Кудайдын ырайымына ээ болушу мүмкүн болгон адамдарга боор оорушубуз керек. Жахаба келечектеги сот күнүндө эч кимдин өлүшүн каалабайт (2 Пет. 3:9). Андыктан Кудай жамандыкты жок кыла турган убак келгенге чейин, башкаларга анын боорукердигин чагылдырган кабарды жарыялап, эскерте берели.

7, 8. Бир үй-бүлө Жахабанын аларга боору ооруганына эмнеден улам ынанган?

7 Бүгүнкү күндө да Кудайдын боорукердигин айгинелеген окуялар көп болот. Буга 12 жаштагы бир баланын үй-бүлөсү туш болгон жагдай мисал боло алат. Ал баланын атын Милан деп коёлу. 1990-жылдардын башында Боснияда улуттар арасында кызыл кыргын болгон. Бир жолу Милан, иниси, ата-энеси жана бир нече Жахабанын Күбөсү Босниядан Сербияга автобус менен жыйынга баратышкан. Ошол жыйында Миландын ата-энеси чөмүлмөк. Бирок ал үй-бүлө башка улуттан болгондуктан, чек арадан жоокерлер аларды автобустан түшүрүп салышкан, ал эми калган бир туугандарды коё беришкен. Ал үй-бүлөнү эки күн кармагандан кийин офицер башчысы менен байланышып, аларды эмне кылышы керектигин сураган. Офицер үй-бүлөнүн жанында тургандыктан, башчысынын: «Аларды алып барып, атып салгыла!» — деген буйругун баары уккан.

8 Офицер кишилери менен сүйлөшүп жатканда, чоочун эки киши ал үй-бүлөнүн жанына келип, өздөрүнүн Жахабанын Күбөсү экенин акырын айтышкан. Алар бул окуяны автобустагылардан угушуптур. Балдардын документи текшерилбегендиктен, экөө Милан менен инисине чек арадан өтүш үчүн алардын машинесине отурушу керектигин айтышкан. Анан балдардын ата-энесине чек ара постун айланып өтүп, аркы тарапта күтүп тургула деген. Милан коркконунан же күлөрүн, же ыйлаарын билбей калган. Ата-энеси болсо бир туугандарга: «Алар бизди жөн эле коё берет дейсиңерби?» — деген. Бирок, кызыктуусу, алар чек араны көздөй басып баратканда, жоокерлер сокур болуп калгандай эч нерсени байкашкан эмес. Ошентип, ата-энеси менен балдары чек аранын аркы өйүзүнөн жолугушкан. Алар жалындуу тиленүүсүнө Жахабанын жооп бергенине ынанып, жыйын өтчү шаарды көздөй жолун улантышкан. Албетте, Ыйык Китептен Жахабанын өз кызматчыларын коргош үчүн жагдайга дайыма эле түзмө-түз кийлигишпей турганын билебиз (Элч. 7:58—60). Ошентсе да Милан кандай сезимде болгонун айтып: «Мага периштелер жоокерлердин көзүн сокур кылып, Жахаба бизди куткарып калгандай эле сезилди»,— деген (Заб. 97:10).

9. Иса Машаяк артынан ээрчип жүргөн элдин абалын көргөндө эмне кылган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

9 Биз боорукердик көрсөтүүдө Иса Машаяктан да көп нерсеге үйрөнө алабыз. Ал артынан ээрчип жүргөн элге боору ачыган, себеби «алар койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калышкан эле». Алардын кейиштүү абалын көргөндө Иса эмне кылган? «Аларды көп нерсеге окута баштаган» (Мт. 9:36; оку: Марк 6:34). Ал карапайым элге такыр жардам бергиси келбеген фарисейлерден кандай гана айырмаланган! (Мт. 12:9—14; 23:4; Жкн. 7:49). Рухий жактан ачка жүргөн адамдарды көргөндө сен да Исага окшоп аларга жардам бергиң келеби?

10, 11. Бардык учурда боорукер болушубуз керекпи? Түшүндүр.

10 Эске алчу нерсе, бардык учурда боорукер болушубуз керек деп ойлоо жаңылыштык болуп калмак. Жогоруда талкууланган ыйык китептик окуяларда Кудайдын боорукердик көрсөткөнү туура болгон. Ал эми Шабул падышанын өзүнө боорукердиктей сезилген бир иши, чынында, Кудайдын көз алдында баш ийбестикке жаткан. Шабул Кудайдын элинин душманы болгон Агак падышаны тирүү калтырып, малдын мыктыларын алып калган. Акыр-аягы, Жахаба Шабулду падышалык бийликтен ажыраткан (1 Шем. 15:3, 9, 15). Жахаба — адилеттүү Сот. Ал адамдардын жүрөгүн көрө билгендиктен боорукердик көрсөтүү качан орунсуз болорун жакшы билет (Ый 2:17; Жез. 5:11). Ал баш ийбеген адамдардын баарын жоопко тарта турган күн жакындап келатат (2 Тес. 1:6—10). Ошол убакта ал ыймансыз деп табылгандарды аябайт. Тескерисинче, аларды жок кылуу менен өзү аман алып кала турган адил адамдарга боорукердик көрсөтөт.

11 Албетте, биз башкаларды соттоп, кимди жазага тартып, кимди аман алып калууну чечпейбиз. Анын ордуна, башкаларга жардам берип калыш үчүн азыр колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек. Анда башкаларга кантип боорукердик көрсөтсөк болот? Мунун айрым жолдорун карап көрөлү.

БООРУКЕРДИК САПАТЫН ӨРЧҮТҮҮНҮН ЖАНА КӨРСӨТҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

12. Башкаларга кантип боорукердик көрсөтсөң болот?

12 Күнүмдүк турмушта жакшылык кылганга умтул. Иса Машаяктан үлгү алгысы келгендерден ишенимдештерине жана башкаларга боорукердик көрсөтүү талап кылынат (Жкн. 13:34, 35; 1 Пет. 3:8). «Боорукердик» деп которулган сөздүн «чогуу кыйналуу» деген да мааниси бар. Боорукер киши кыйналып жаткандарга жардам берип, кайгысын жеңилдетүүгө умтулат. Андыктан башкаларга колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк изде. Айталы, кимдир бирөөгө үй иштерине кол кабыш кылууну же бир нерсесин сатып келип берүүнү сунуштасаң болот (Мт. 7:12).

Башкаларга жардам берип, боорукердик көрсөтө бер (12-абзацты кара)

13. Табигый кырсык болгондо, Кудайдын эли адатта эмне кылат?

13 Табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү ишине катыш. Андай кырсыктан жабыр тарткандарды көргөндө көптөрдүн боору ачыбай койбойт. Жахабанын эли ушундай учурларда тезинен жардамга келгени менен белгилүү (1 Пет. 2:17). 2011-жылы жер титирөө жана цунами болгондо, Жапониядагы бир ишенимдешибиз жашаган аймак катуу бүлгүнгө учураган. Ал Жапониянын башка жерлеринен жана чет өлкөдөн келген көптөгөн ыктыярчылардын талкаланган үйлөрдү оңдоп-түзөгөнү аны «аябай бекемдеп, жубатканын» жазган. Анан: «Бул мага Жахабанын бизге кам көрөрүн жана ишенимдештерибиздин бири-бирине жан тартарын, дүйнө жүзүндөгү бир туугандардын биз үчүн тиленип жатканын түшүнүүгө жардам берди»,— деп кошумчалаган.

14. Оорулууларга, карыларга кантип жардам берсең болот?

14 Оорулууларга, карыларга жардам бер. Башкалардын Адам атадан өткөн күнөөнүн кесепетин тартып жатканын көргөндө боорубуз оорубай койбойт. Баарыбыз эле оорунун, карылыктын жок болушун эңсеп келебиз. Ошондуктан Кудайдын Падышалыгынын келишин сурап тиленебиз. Ал эми ошол убак келгенге чейин, жардамга муктаж болгондорго көмөк көрсөтө беребиз. Бир жазуучунун Альцгеймер оорусунан жапа чеккен апасы жөнүндө жазгандарын карап көрөлү. Бир күнү апасы кийимин булгап алган. Аны жууганы жатканда, эшиктин коңгуроосу шыңгыраган. Көрсө, алар ага дайыма келип жүргөн Жахабанын Күбөлөрү экен. Ал эки эже жардамын сунуш кылышканда, тиги аял: «Ыңгайсыз болуп жатам, бирок мейли жардам бергиле»,— деген. Бир туугандар анын кийимин жууп беришкен. Анан ага чай даярдап берип, сүйлөшүп отурушкан. Уулу аларга аябай ыраазы болгон. Ал: «Күбөлөргө таазим кылам. Алар айткан кабарына ылайык иш кылышат»,— деп жазган. Сен да оорулууларга, улгайгандарга бооруң ачып, алардын кыйынчылыгын жеңилдетүү үчүн колуңдан келгендин баарын кыласыңбы? (Флп. 2:3, 4).

15. Кабар айтуу ишине катышуу эмнелерге өбөлгө түзөт?

15 Рухий жактан жардам бер. Башкалардын кыйынчылыктар менен күрөшүп, санаа тартып жатканын көргөндө аларга рухий жактан көмөк көрсөтүүгө түрткү алабыз. Мунун эң жакшы жолу — аларга Кудай жөнүндө жана анын Падышалыгынын адамзат үчүн эмнелерди кылары тууралуу окутуп-үйрөтүү. Андан тышкары, Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык жашоо акылдуулукка жатарын түшүнүүгө жардам бергенибиз маанилүү (Ыш. 48:17, 18). Кызматка катышуу Жахабаны даңктоого, башкаларга боорукердик көрсөтүүгө шарт түзөт. Сен ага көбүрөөк катыша аласыңбы? (1 Тим. 2:3, 4).

ӨЗҮҢ ДА ПАЙДА АЛАСЫҢ

16. Боорукер болуунун кандай пайдасы бар?

16 Акыл-эс саламаттыгы боюнча адистер боорукер болуу адамдын ден соолугун, башкалар менен болгон мамилесин жакшыртарын айтышат. Кимдир бирөөнүн кыйынчылыгын азайтууга жардам берсең, өзүңдү көбүрөөк бактылуу сезесиң, маанайың жакшы болот, жалгызсырабайсың, жаман ойлорго алдырбайсың. Ырас, боорукер болгонуң өзүң үчүн да пайдалуу (Эф. 4:31, 32). Чын жүрөктөн жардам берүүгө умтулгандардын абийири да таза болот. Анткени алар Кудайдын принциптерине ылайык иш кылып жатканын билишет. Боорукердик камкор ата-эне, жакшы жар, мыкты дос болууга өбөлгө түзөт. Башкаларга колдоо көрсөтүүгө дайым даяр болгондор өздөрү муктаж болгондо анын үзүрүн көрөрү шексиз. (Оку: Матай 5:7; Лука 6:38.)

17. Эмне үчүн боорукердик сапатын өрчүтүп, чагылдыргың келет?

17 Бирок боорукердик сапатын өрчүтүүгө анын өзүңө кандай пайда алып келерин билгениң себеп болбошу керек. Аны сүйүүнүн, боорукердиктин Булагы болгон Жахаба Кудайды туурагың жана даңктагың келгендиктен өрчүтүшүң кажет (Накыл 14:31). Жахаба бизге бул жагынан жеткилең үлгү көрсөтүп келет. Келгиле, ага окшоп боорукер болуп, бир туугандарыбыз менен ынак болууга жана башкалар менен жакшы мамиледе болууга колубуздан келишинче аракет кыла берели (Гал. 6:10; 1 Жкн. 4:16).