Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

49-ИЗИЛДӨӨ МАКАЛАСЫ

Өлгөндөрдүн тирилери куру кыял эмес!

Өлгөндөрдүн тирилери куру кыял эмес!

«Мен... адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерине ишенем» (ЭЛЧ. 24:15).

151-ЫР: Ал чакырат

БУЛ МАКАЛАДА *

1, 2. Жахаба Кудайга кызмат кылгандар эмнеге үмүттөнүшөт?

АР БИР адам бир нерсени үмүт кылып жашайт. Бул абдан маанилүү. Бирок ар кимдин үмүтү ар кандай. Бири жакшы жар тапсам дейт. Башкасы балдарынын ден соолугун тилеп жашайт. Дагы бири ооруман айыксам деп үмүт кылат. Исанын жолдоочулары деле ушул нерселерди тилейт. Бирок биздин баарынан да бапестеп баккан бир үмүтүбүз бар. Ал — өзүбүздүн жана көзү өтүп кеткен жакындарыбыздын түбөлүктүү келечеги.

2 Элчи Пабыл: «Адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерине ишенип, Кудайга үмүт артам»,— деген (Элч. 24:15). Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө ал эле айткан эмес. Буга ага чейин эле жашап өткөн Аюп пайгамбар да ишенген. Ал көзү өтүп кетсе да, Кудай аны эстеп, кайрадан өмүр берерине шектенген эмес (Аюп 14:7—10, 12—15).

3. 1 Корунттуктар 15-бөлүмдө жазылгандар бизге кандайча пайдалуу болушу мүмкүн?

3 «Өлгөндөр тирилет» деген окуу — «пайдубалдын», башкача айтканда, Исанын жолдоочулары ишенген бардык «баштапкы» же негизги окуулардын бир бөлүгү (Евр. 6:1, 2). Элчи Пабыл бул тууралуу корунттуктарга жазган 1-катынын 15-бөлүмүндө сөз кылган. Анын жазгандары Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларына күч-кайрат берсе керек. Өлгөндөрдүн тирилерине качантан бери ишенип келатпагыла, ал бөлүмдө жазылгандар силердин да үмүтүңөрдү бекемдеп, чыңдай алат.

4. Көзү өтүп кеткен жакындарыбыздын тирилерине эмненин негизинде ишенебиз?

4 Иса Машаяктын тирилгени көзү өтүп кеткен жакындарыбыздын үмүтүнө түздөн-түз тиешеси бар. Анын тирилгени Пабылдын корунттуктарга жарыялаган «жакшы кабарынын» бир бөлүгү болгон (1 Кор. 15:1, 2). Ал, буга ишенишпесе, анда алардын бүт ишеними куру бекер болуп каларын айткан (1 Кор. 15:17). Себеби Исанын тирилгенине ишенгенибиз — өлгөндөрдүн тирилерине болгон үмүтүбүздүн пайдубалы.

5, 6. 1 Корунттуктар 15:3, 4төгү сөздөр биз үчүн кандай мааниге ээ?

5 Өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө сөз кылганга чейин Пабыл үч нерсе жөнүндө айткан. Ал Машаяктын «биздин күнөөлөрүбүз үчүн өлгөнүн», «көргө коюлганын» жана «Ыйык Жазмага ылайык, үчүнчү күнү тирилгенин» айткан. (Окугула: 1 Корунттуктар 15:3, 4.)

6 Исанын өлгөнү, көргө коюлганы жана тирилгени биз үчүн кандай мааниге ээ? Ышая пайгамбар Машаяк «тирүүлөрдүн арасынан алынарын» жана «ага ыймансыздардын арасынан мүрзө берилерин» алдын ала айткан. Андан сырткары, Машаяктын «көптөгөн адамдардын күнөөсүн алып кетерин» да айткан. Иса Машаяк муну кантип кылган? Ал өз өмүрүн кун катары берген (Ыш. 53:8, 9, 12; Мт. 20:28; Рим. 5:8). Мына ошондуктан анын өлгөнү, көргө коюлганы жана тирилгени күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонобуз жана көзү өтүп кеткен жакындарыбызды кайрадан көрөбүз деген үмүтүбүзгө бекем негиз болуп эсептелет.

КӨРГӨНДӨРДҮН ЫРАСТООСУ

7, 8. Исанын тирилгенине шектенбегенге эмне жардам берет?

7 Буга чейин караганыбыздай, өлгөндөрдүн тирилерине болгон үмүтүбүз Исанын тирилгени менен байланышта. Ошондуктан анын тирилгенине бекем ишенишибиз керек. Буга кандай далилдер бар?

8 Исанын тирилгенине көптөр күбө болгон (1 Кор. 15:5—7). Пабыл ошол күбөлөрдүн арасынан эң эле биринчи элчи Петирди (Кейфа) санап өткөн. Башка шакирттер да Петирдин Исанын тирилгенин көргөнүн бышыкташкан (Лк. 24:33, 34). Мындан тышкары, Исаны кийинчерээк элчилери да көргөн. Бул Матай 28:16—20-аяттарда баяндалган кубанычтуу окуя учурунда болсо керек. Ошондо Иса Машаяк «бир эле учурда 500дөн ашык» жолдоочусуна көрүнгөн. Иса башында анын Машаяк экендигине ишенбей жүргөн уялаш бир тууганы Жакыпка да көрүнгөн (Жкн. 7:5). Ошондон кийин ал Исага ишенип калган. Кызыктуусу, б.з. 55-жылдары, Пабыл өзүнүн катын жазып жаткан маалда, Исанын тирилгенин өз көзү менен көргөндөрдүн көбү дагы деле тирүү болчу. Ошондуктан буга ишенбегендер алар менен жүзмө-жүз көрүшүп, өз оозунан угуп ынана алышмак.

9. Элчилер 9:3—5-аяттарга ылайык, Пабылдын окуясы Исанын тирилгенине кандайча дагы бир далил боло алат?

9 Кийинчерээк, Иса Пабылдын өзүнө да көрүнгөн (1 Кор. 15:8). Пабыл (Шабыл) Дамаскты көздөй баратканда аян алып, асмандан тирилген Исанын үнүн угуп, аны көргөн. (Окугула: Элчилер 9:3—5.) Бул да Исанын чындыгында эле тирилгенинин дагы бир далили болгон (Элч. 26:12—15).

10. Исанын тирилгенине ишенгени Пабылга эмнеге кылганга түрткү берген?

10 Пабылдын Иса жөнүндө күбөлөндүргөнү айрымдарга аябай кызыктуу болушу мүмкүн. Себеби ал мурун Исанын жолдоочуларын куугунтуктаган киши болгон. Бирок Исанын тирилгенине ишенгенде буга башкаларды ынандырганга бүт күчүн жумшаган. Ошол кабарды таратыш үчүн башынан эмнелерди гана өткөргөн эмес. Аны уруп-сабашкан, түрмөгө камашкан, деңизде баратып кеме кырсыгына да кабылган (1 Кор. 15:9—11; 2 Кор. 11:23—27). Исанын тирилгенине ушунчалык бекем ишенгендиктен ошону жакташ үчүн атүгүл өлгөнгө да даяр болгон. Исанын алгачкы жолдоочуларынын анын тирилгени жөнүндө ушинтип күбөлөндүргөнү силерди да буга ынандырары шексиз. Андан сырткары, бул келечекте өлгөндөр тирилет деген ишенимиңерди да бекемдейт.

ЖАЛГАН ТҮШҮНҮКТӨРДҮ ЖОККО ЧЫГАРУУ

11. Корунттагы жыйналыштагылардын тирилүү жөнүндөгү түшүнүгүнө эмне таасир этиши мүмкүн эле?

11 Грециянын Корунт шаарындагы Исанын айрым жолдоочуларынын өлгөндөрдүн тирилиши жөнүндөгү түшүнүгү туура эмес болгон. Алар атүгүл «өлгөндөр тирилбейт» дегенге чейин барышкан. Буга эмне себеп болгон? (1 Кор. 15:12) Грециянын Афины деген башка шаарындагы ойчулдар Исанын тирилгенине ишенгендерди шылдыңга алышкан. Бул Корунттагы Исанын айрым жолдоочуларына да таасир эткен көрүнөт (Элч. 17:18, 31, 32). Дагы башкалар адам каймана мааниде тирилет деп ойлошчу. Тактап айтканда, күнөөкөр пенде болгондуктан бир кезде «өлүк» деп эсептелген адам Исанын жолун жолдой баштаганда «тирилет» деп түшүнүшкөн көрүнөт. Кандай болбосун, алардын өлгөндөрдүн тирилерин четке какканы Исанын тирилгенине ишенбегенин көрсөткөн. Бул алардын бүт ишенимин жокко чыгарган. Себеби эгер Кудай Исаны тирилткен эмес болсо, анда кун да төлөнгөн эмес болуп калмак, демек, бүт адамзат күнөөнүн кулчулугунда кала бермек. Ошондуктан өлгөндөрдүн тирилерине ишенбегендердин эч кандай үмүтү болмок эмес (1 Кор. 15:13—19; Евр. 9:12, 14).

12. 1 Петир 3:18, 22деги сөздөр Исанын тирилиши өзгөчө болгонун түшүнгөнгө кантип жардам берет?

12 Элчи Пабыл «Машаяк тирилгенине» жеке өзү ынанган. Анын тирилгени бөтөнчө болгон. Себеби башкалар тирилгенден кийин кайра эле өлүшкөн. Пабыл Исанын «өлүм уйкусуна кеткендердин арасынан биринчи түшүм» болгонун айткан. Ал кандай мааниде биринчи түшүм болгон? Ал адамдардын арасынан биринчи болуп рух катары тирилген жана биринчи болуп асманга кеткен (1 Кор. 15:20; Элч. 26:23; окугула: 1 Петир 3:18, 22.)

ӨМҮР АЛА ТУРГАНДАР

13. Пабыл Адам ата менен Исанын ортосундагы айырманы кантип түшүндүргөн?

13 Бир кишинин өлүмү кандайча миллиондогондорго өмүр тартуулай алат? Бул суроого Пабылдын сөзүнөн жүйөлүү жооп таба алабыз. Ал Адам атанын айынан адамзат эмне болгонун, ошондой эле Иса Машаяктын курмандыгынын аркасында адамзатка эмнеге жол ачылганын түшүндүрүп берген. Пабыл «өлүм адам аркылуу келген» деп жазганда Адам ата жөнүндө жазган. Адам ата күнөө кетиргенде өзүн да, укум-тукумдарын да өлүмгө кыйган. Ошондон бери адамзат өлүм азабын тартып келатат. Ал эми Кудайдын өз Уулун тирилткенинин аркасында эмнеге жол ачылган? Өлгөндөрдүн тирилишине жол ачылган. Ал да «адам аркылуу», тактап айтканда, Иса аркылуу болот. Элчи Пабыл: «Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жаткандай эле, Машаяк аркылуу баары өмүр алышат»,— деген (1 Кор. 15:21, 22).

14. Адам ата тирилеби? Түшүндүргүлө.

14 Пабыл «Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жатат» дегенде эмнени айткысы келген? Күнөө менен өлүм тукум куугандыктан, Адам атанын урпактарынын баары өлүмдөн качып кутула албасын айткан (Рим. 5:12). Адам ата тирилип, «өмүр албайт». Себеби жеткилең болуп туруп Кудайга баш ийбей койгондуктан, Машаяктын куну анын күнөөсүн жуубайт. «Адам Уулу» «эчки» деп тапкан адамдар сыяктуу эле, Адам ата түбөлүккө жок болот (Мт. 25:31—33, 46; Евр. 5:9).

Тирилип, асманда жашай тургандардын эң биринчиси Иса болгон (15, 16-абзацтарды карагыла) *

15. 1 Корунттуктар 15:22де тирилүү жөнүндө эмне делген?

15 Пабылдын «Машаяк аркылуу баары өмүр алышат» дегенине көңүл бурсаңар (1 Кор. 15:22). Ал катын Исанын Корунтта жашаган жана тирилип, асманда жашай турган майланган жолдоочуларына жазгандыктан, алар «өмүр ала» тургандардын «баарынын» катарына кирген. Алар «Машаяк Исанын шакирттери катары ыйыкталган жана... ыйык болууга чакырылган» болчу. Пабыл «Машаяктын шакирттери катары өлүм уйкусуна кеткендер» жөнүндө сөз кылганда да майлангандарды айткан (1 Кор. 1:2; 15:18; 2 Кор. 5:17). Кудайдын жетеги менен жазган башка катында болсо «Машаяк менен аныкындай өлүм аркылуу бириккендердин» «аны менен аныкындай тирилүү аркылуу биригерин» да айткан (Рим. 6:3—5). Иса рух катары тирилип, асманга кеткен. Демек, Машаяк менен бириккендерди, тактап айтканда, Исанын майланган жолдоочуларын да ушул нерсе күтүп турат.

16. Иса эмне үчүн «биринчи түшүм» деп айтылган?

16 Пабыл Машаяктын «өлүм уйкусуна кеткендердин арасынан биринчи түшүм катары тирилгенин» жазган. Албетте, ага чейин деле өлгөн адамдар, мисалы, Лазар сыяктуу адамдар тирилген болчу. Бирок Иса рух катары тирилип, түбөлүк өмүргө ээ болгондордун биринчиси болгон. Аны ысрайылдыктар Кудайга тартуу кылган биринчи түшүмгө салыштырсак болот. Ошондой эле Пабыл аны «биринчи түшүм» деп атап андан кийин да асмандагы жашоого тириле тургандардын болорун көрсөткөн. Кийинкилери Машаяк менен биримдикте болгон элчилер жана башкалар болмок. Өз учурунда алар да Исага окшоп тирилишмек.

17. Машаяк менен биримдикте болгондор асмандагы сыйлыгын качан алышмак?

17 Пабыл Корунттагыларга кат жазган мезгилде Машаяк менен биримдикте болгондор асмандагы жашоого тирилтиле турган убак келе элек болчу. Ошондуктан ал: «Баары өз кезеги менен тирилет: биринчи Машаяк, андан кийин, анын катышуусунун убагында, Машаякка таандык болгондор тирилет» — деп айтып, мунун келечекте болорун билдирген (1 Кор. 15:23; 1 Тес. 4:15, 16). Биз азыр так ошол мезгилде, Машаяктын «катышуусунун» убагында, жашап жатабыз. Демек, көзү өтүп кеткен элчилер жана Исанын рух менен майланган башка жолдоочулары асмандагы сыйлыгын алыш үчүн жана Иса менен «аныкындай тирилүү аркылуу биригиш» үчүн анын катышуусун күтүшү керек болчу.

ҮМҮТҮБҮЗ КУРУ КЫЯЛ ЭМЕС!

18. а) Асманга тириле тургандардан башка да тириле тургандар бар экенин эмнеден улам билебиз? б) 1 Корунттуктар 15:24—26-аяттарга ылайык, келечекте асманда эмнелер болот?

18 Ал эми Машаяк менен бирге асманда жашабай турган анын башка берилген жолдоочулары тууралуу эмне дешке болот? Алар да үмүтсүз эмес. Ыйык Китепте Пабылдын жана башкалардын тирилип, асманга кетиши «биринчи тирилүү» экени айтылат (Флп. 3:11). Демек, андан башка да тирилүү болорун биле алабыз. Бул Аюп пайгамбардын өзүнүн келечеги жөнүндө айткандарына төп келет (Аюп 14:15). «Машаяк бардык өкмөттөрдү, бийликтерди жана күчтөрдү жок кылганда» ага таандык болгондор аны менен чогуу асманда болушат. Ошондо атүгүл «акыркы душман — өлүм — жок кылынат». Ооба, асманда жашаш үчүн тирилгендердин баары эч качан өлүшпөйт. Ал эми башкаларчы? (Окугула: 1 Корунттуктар 15:24—26.)

19. Асманга кетпей тургандар эмнеге үмүттөнө алышат?

19 Асманга кетпей тургандар эмнеге үмүттөнө алышат? Муну Пабылдын сөздөрүнөн билсек болот. Ал: «Мен... адил адамдардын да, адил эмес адамдардын да тирилерине ишенем»,— деп айткан (Элч. 24:15). Албетте, адил эмес адамдар асманга бара албайт, демек, бул жерде жер бетинде жашай тургандар жөнүндө сөз жүрүп жатат.

Өлгөндөр тирилет деген үмүт келечекке ишенимдүү караганга жардам берет (20-абзацты карагыла) *

20. Өлгөндөр тирилет деген үмүт силерге кандайча күч берет?

20 Ооба, жер бетиндеги жашоого тириле турган адамдардын болору шексиз. Аларда жер жүзүндө түбөлүк жашаганга мүмкүнчүлүк болот. Мунун сөзсүз ишке ашарына бекем ишенсеңер болот. Андай үмүт көзү өтүп кеткен жакындарыңарды эстегенде жүрөгүңөрдү жылытат. Алар Машаяк жана анын кошо башкаруучулары падышалык кылган 1000 жылдын ичинде тирилет (Аян 20:6). Миң жылдык Падышалык бийлик жүргүзө баштаганга чейин кокус көзүбүз өтүп кете турган болсо, биз да тирилебиз. Мындай «үмүт... көңүлүбүздү кайт кылбайт» (Рим. 5:5). Бул бизди чыйралтып, Кудайыбызга ого бетер кубанып кызмат кылганга жардам берет. Анткен менен 1 Корунттуктар 15-бөлүмдөн мындан да көп нерселерди биле алабыз. Алар тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.

147-ЫР: Кудай түбөлүк өмүр убада кылган

^ 5-абз. Корунттуктарга жазылган 1-каттын 15-бөлүмүндө өлгөндөрдүн тирилерине басым жасалган. Муну билгенибиз эмне үчүн маанилүү жана Исанын тирилгенине эмне үчүн шектенбесек болот? Бул макалада өлгөндөрдүн тирилерине байланышкан ушул жана башка маанилүү суроолор каралат.

^ 56-абз. СҮРӨТ. Иса асманга кеткендердин биринчиси болгон (Элч. 1:9). Томас, Жакып, Лидия, Жакан, Мариям, Пабыл аны менен бирге боло турган айрым шакирттери болгон.

^ 58-абз. СҮРӨТ. Көптөн бери Жахабага чогуу кызмат кылып келаткан жубайынан айрылып калган ишенимдешибиз. Ал жубайынын тирилерине бекем ишенет жана андан ары да Жахабага жан-дили менен кызмат кылып жатат.