Мазмунун көрсөтүү

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ АЯТТАРДЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

Ышая 41:10. «Коркпо, анткени мен сени мененмин»

Ышая 41:10. «Коркпо, анткени мен сени мененмин»

 «Коркпо, анткени мен сени мененмин. Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын. Мен сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм» (Ышая 41:10, «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышы).

 «Коркпо, анткени Мен сени мененмин, үрөйүңдү учурба, анткени Мен сенин Кудайыңмын. Мен сени бекемдейм, сага жардам берем. Мен сени Өзүмдүн адилеттигимдин оң колу менен колдойм» (Ышая 41:10, «Үмүт нуру» котормосу).

Ышая 41:10дун мааниси

 Жахаба a Кудай өзүнө берилген кызматчыларын, кандай гана кыйынчылыкка кабылбасын, колдой турганына ынандырат.

 «Мен сени мененмин». Жахаба кызматчыларына эмне үчүн коркпошу керектигинин себебин — алардын жалгыз эмес экенин — айткан. Анткени алардын башына кандай кыйынчылык түшкөнүн көрүп турат жана тиленүүлөрүн алардын жанында тургандай угат (Забур 34:15; 1 Петир 3:12).

 «Мен сенин Кудайыңмын». Жахаба кызматчыларын кандай гана кыйынчылык болбосун, алардын Кудайы бойдон кала берерин жана аларды кызматчылары катары эсептей берерин айтып, сооротот. Алар Кудайдын аларга жардамга келишине эч нерсе тоскоол боло албаарына шектенбесе болот (Забур 118:6; Римдиктер 8:32; Еврейлер 13:6).

 «Мен сага күч берем, жардам берем, сени адилдик боюнча оң колум менен колдойм». Жахаба бир ойду үч жолу айтуу менен кызматчыларын сөзсүз колдой турганын баса белгилеген. Эли жардамга муктаж болгондо, ал кандай иш-аракет кыларын мисал менен көрсөткөн. Кимдир бирөө жыгылып калса, Кудай оң колун сунуп, аны тургузат (Ышая 41:13).

 Кудай кызматчыларына дем-күч, жардам берүү үчүн, эң алды, өз Сөзүн — Ыйык Китепти — колдонот (Жашыя 1:8; Еврейлер 4:12). Алсак, кимдир бирөө жакырчылык, оору же жакынынан айрылуу сыяктуу оор кыйынчылыктарга кабылып жатса, Кудайдын Сөзүнөн акылман кеңештерди таба алат (Накыл сөздөр 2:6, 7). Ошондой эле кызматчылары кыйынчылыкты көтөрүп кете алышы үчүн, эмоциялык жана психикалык жактан туруктуу бойдон калууга жардам берген ыйык рухун да же иш-аракет кылуучу күчүн колдонот (Ышая 40:29; Лука 11:13).

Ышая 41:10дун контексти

 Бул сөздөр кийинчерээк Бабылга туткунга айдалган ишенимдүү жүйүттөрдү соороткон. Жахаба жүйүттөр туткундан бошотулар алдында тегерегиндеги элдерди кыйратып, Бабылдын үрөйүн учурган басып алуучу чыгарын алдын ала айткан (Ышая 41:2—4; 44:1—4). Бабылдыктар менен кошуна элдер мындай кабарды укканда, коркконунан калтырашмак, жүйүттөр болсо тынчсызданбашы керек болчу, анткени аларды Жахаба коргомок. «Коркпо» деп үч жолу айтуу менен Жахаба элин колдооруна ынандырган (Ышая 41:5, 6, 10, 13, 14).

 Алгач Ышая 41:10догу сөздөр Бабылда туткунда жүргөн ишенимдүү жүйүттөргө карата айтылса да, Жахаба Кудай бардык кызматчыларын сооротуу үчүн бул сөздөрдүн сакталып калышына кам көргөн (Ышая 40:8; Римдиктер 15:4). Ал кызматчыларына байыркы убакта жардам бергендей эле, бүгүнкү күндө да сөзсүз жардам берет.

Ышая 41-бөлүмдү шилтемелери жана байланышы бар аяттары менен бирге окуп көргүлө.

a Жахаба — Кудайдын ысмы (Забур 83:18).