Забур 118:1—29
118 Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы+,Анткени анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.
2 Ысрайыл:«Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»,— десин+.
3 Арундун үйү+:«Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»,— десин+.
4 Жахабадан корккондор+:«Анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү»,— дешсин+.
5 Кыйналганымда Жахты чакырдым+,Жах жооп берип, мени кенен жерге алып чыкты+.
6 Жахаба мен тарапта, ошондуктан коркпойм+.Пенде мага эмне кыла алат?+
7 Жахаба мен тарапта, мага жардам бергендердин арасында+;Мен өзүмдү жек көргөндөрдүн кулаганын көрөм+.
8 Пендеге таянгандан көрө+,Жахабадан баш маана издеген жакшы+.
9 Аттуу-баштууларга таянгандан көрө+,Жахабадан баш маана издеген жакшы+.
10 Мен бардык элдердин курчоосунда калдым+,Бирок Жахабанын ысмы менен алардын мизин майтардым+.
11 Алар мени курчоого алышты, курчап алышты+,Бирок Жахабанын ысмы менен алардын мизин майтардым.
12 Алар мени аарылардай курчап алышты+,Бирок тикенектүү бадалдай күйүп, кайра өчүштү+.Мен Жахабанын ысмы менен алардын мизин майтардым+.
13 Алар мени жыгыш үчүн катуу түртүштү+,Бирок Жахаба мага жардам берди+.
14 Жах — менин баш калкам, кубатым+;Ал мени куткарат+.
15 Адилдердин+ чатырларынан+Кубанычтын, куткарылуунун үнү угулат+.Жахаба оң колу менен зор күчүн көрсөтөт+.
16 Жахабанын оң колу бийик көтөрүлөт+,Жахаба оң колу менен зор күчүн көрсөтөт+.
17 Мен өлбөйм+,Жахтын иштерин жарыялаш үчүн жашайм+.
18 Жах мени катуу жазалады+,Бирок өлүмгө кыйган жок+.
19 Мага адилдиктин дарбазаларын ачкыла+.Мен кирип, Жахты даңктайм+.
20 Бул — Жахабанын дарбазасы+.Ал аркылуу адил адамдар кирет+.
21 Мага жооп бергениң үчүн+,Мени куткарганың үчүн, сени даңктайм+.
22 Куруучулар жаратпай койгон таш+Бурчка коюлган таш болуп калды+.
23 Бул Жахабадан+,Бул биздин көзүбүзгө керемет көрүнөт+.
24 Ушул күндү Жахаба жаратты+,Биз ушул күнү кубанабыз, шаттанабыз+.
25 Оо, Жахаба, бизди куткара көр!+Оо, Жахаба, ийгиликке жеткире көр!+
26 Жахабанын ысмы менен келатканга бата тийсин+,Жахабанын үйүнөн силерге бата беребиз+.
27 Жахаба — биздин Кудайыбыз+,Бизге жарык чачат+.Майрамдык жүрүштү+ бутактар менен кооздогула+,Курмандык жайынын мүйүздөрүнө чейин кооздогула+.
28 Сен менин Кудайымсың, мен сени даңазалайм+,Кудайым, сени даңктайм+.
29 Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анткени ал жакшы+,Анткени анын мээримдүүлүгү түбөлүктүү+.