Купуялуулук жөндөөлөрү

Сайтты колдонуу ыңгайлуу болушу үчүн биз cookie файлдарын жана башка ушу сыяктуу программаларды колдонобуз. Айрым cookie файлдары веб-сайтыбыз тийиштүү түрдө иштеши үчүн зарыл жана алардан баш тартууга болбойт. Сиз сайтыбызды жакшыртууга шарт түзгөн кошумча cookie файлдарын колдонууга макулдугуңузду бере аласыз же алардан баш тарта аласыз. Биз чогулткан маалыматтар эч качан сатылбайт, маркетинг үчүн колдонулбайт. Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Cookie файлдарын жана ушу сыяктуу программаларды колдонуу боюнча бүткүл дүйнөлүк саясат» деген макаланы окуңуз. Каалаган учурда «Купуялуулук жөндөөлөрүнө» кирип, cookie файлдарын өзүңүзгө ылайыктап жөндөп койсоңуз болот.

Мээленген мылтык.

Rui Almeida Fotografia/Moment via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Саясий зомбулук. Ыйык Китепте эмне делет?

Саясий зомбулук. Ыйык Китепте эмне делет?

 Саясий төбөлдөргө каршы зомбулук барган сайын боло жүргөн нерсеге айланып баратат.

 Саясий зомбулук эмне үчүн ушунчалык күч алды? Качандыр бир убакта бул токтойбу? Ыйык Китепте эмне делет?

 Саясий бөлүнүүчүлүктүн болору алдын ала айтылган

 Ыйык Китепте биз жашаган учурда, «акыркы күндөрдө», зордук-зомбулукчул жана талашып-тартышкан адамдардын көп болору алдын ала айтылган.

  •   «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар... жакшылыкты билбеген, ишенимсиз,.. эпке-сөзгө келбеген,.. ырайымсыз,.. чыккынчы, өз дегенин бербеген, текебер... болушат» (2 Тиметей 3:1—5).

 Ошондой эле Ыйык Китепте саясий төңкөрүлүш сыяктуу баш аламандыктар акыркы күндөрдүн белгилеринин бири экени да алдын ала айтылган (Лука 21:9). Бирок саясий зомбулук жана бөлүнүүчүлүк түбөлүккө созулбайт.

 Саясий зомбулуктун жок болушу

 Ыйык Китепте Кудай азыркы адамдар башкарган өкмөттөрдүн ордуна өзүнүн өкмөтүн орнотору жазылган.

  •   «Асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот... Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44).

 Кудайдын Падышалыгы адамдар арасындагы бөлүнүүчүлүктү жок кылып, бүт жер бетине тынчтыкты орнотот.

  •   Ошол Падышалыктын Падышасы Иса Машаяк «Тынчтык төрөсү» деп аталат жана анын «падышалыгында тынчтык чексиз болот» (Ышая 9:6, 7).

  •   Ал Падышалыктын жарандары азыртан эле кантип тынчтыкта жашаса болорун үйрөнүп жатышат. Бул тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «Алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат. Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, алар согушууга үйрөнүшпөйт» (Ышая 2:3, 4).

 Көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?» деген макаланы окугула жана «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деп аталган видеону көргүлө.