Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дин тек гана акча табуунун кирешелүү жолубу?

Дин тек гана акча табуунун кирешелүү жолубу?

 Көптөгөн диндердин адамдарга Кудайды таанып-билүүгө жардам бергенге караганда акча тапканга көбүрөөк басым жасашарын байкадыңар беле? Алар бир нерселерди жарнамалашат, сатышат жана диний кызматтары үчүн акы алышат. Көп дин төбөлдөрүнүн маянасы жогору жана алар байлыкка тунуп жашашат. Буга байланыштуу бир нече мисалга токтололу:

  •   Журналисттердин бир изилдөөсүнө ылайык, католиктердин бир эпискобу чиркөөгө түшкөн каражаттан 13 жыл бою пайдаланып келген. Ал акчанын эсебинен дээрлик 150 жолу жеке учак менен, 200дөй жолу лимузин менен саякаттаган. Ошондой эле чиркөөсүн оңдоп-түзөгөнгө 4 миллиондон ашуун доллар сарптаган.

  •   Африка өлкөлөрүнүн биринде жашаган бир диний насаатчы ар кандай диний кызматтарды такай уюштуруп турат. Ага он миңдеген кишилер катышат. Анын аябай чоң чиркөөсүндө ар кандай нерселер: «касиеттүү майдан» тартып, өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн сүлгүлөргө жана футболкаларга чейин сатылат. Анын кардарларынын көбү жакыр турушат. Өзү болсо чириген бай.

  •   Кытайдагы буддисттердин төрт ыйык тоосунун экөө коммерциялык уюм катары катталган. Ал эми атагы алыска кеткен Шаолин ибадатканасы ар кандай коммерциялык иштерди жүргүзөт. Анын башында турган киши элге «кечил бизнесмен» катары таанымал.

  •   Америкадагы көптөгөн компаниялар менен фирмалар диний кызматтарды аткарган кеңешчилерди жалдашат. Бир отчётко ылайык, андай кеңешчилер компанияларга жеке өздөрүнүн диний жөрөлгөлөрүн ойлоп тапканга жардам беришет. Андан тышкары, ал жакта иштегендерге ар кандай диний кызматтарды кылып беришет.

 Акчанын артынан сая түшкөн ушундай диндерге кандай карайсыңар? «Диний иштери үчүн акча алган адамдарга Кудай кандай карайт болду экен?» — деп ойлонуп көрдүңөр беле?

Дин менен бизнести аралаштыргандарга Кудай кандай карайт?

 Бул Кудайга жакпайт. Муну Ыйык Китепте жазылгандар ырастап турат. Ага ылайык, Кудай элди окутканы үчүн «акы алган» байыркы убактагы дин кызматчыларды айыптаган (Микей 3:11). Ошондой эле ага сыйынган жерди «каракчылардын уюгуна айлантып» салган, акчага жутунган адамдарды ашкерелеген (Жеремия 7:11).

 Иса пайгамбар да диндин аркасы менен акча табууну көздөгөндөргө карата Кудайдыкындай көз карашта болгон. Анын күндөрүндө диний жетекчилер ач көз соодагерлердин эсебинен пайда көрүшкөн. Ошон үчүн аларга Иерусалимдеги ибадаткананын ичинде соода-сатык жүргүзгөнгө уруксат берип коюшкан. Соодагерлер болсо Кудайга сыйынганы келген жүрөгү таза адамдарды талап-тоношкон. Иса пайгамбар амалкөй соодагерлерди ибадатканадан кууп чыгып: «Атамдын үйүн соодагерлердин үйүнө айландырганыңарды токтоткула!» — деп айткан (Жакан 2:14—16).

 Иса адамдарды Кудай жөнүндө окутканда да ага жаккандай иш кылган (Жакан 8:28, 29). Ал элди окутуп-үйрөткөнү үчүн такыр акы алган эмес. Керемет жасаганы, мисалы, ачкаларды тойгузганы, оорулууларды сакайтканы жана өлгөндөрдү тирилткени үчүн да акча сураган эмес. Ал Кудайга кылган кызматынын аркасы менен дүнүйө-мүлк топтогонго умтулган эмес. Атүгүл анын өз үйү да жок болчу (Лука 9:58).

1-кылымдагы Исанын жолдоочулары Кудайга сыйынууну бизнеске айланткан эмес

 Иса пайгамбар жолдоочуларына диний кызматтары үчүн эч качан акы албашы керектигин айткан. Ал: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— деген (Матай 10:8). Анын алгачкы жолдоочулары ошол буйрукка баш ийишкен. Буга байланыштуу айрым мисалдарды карап чыгалы:

  •   Исаны жандап жүргөн элчилеринин бири Петирге бир жолу Симон деген киши акча сунуш кылган. Ал керемет жасоо жөндөмүн сатып алгысы келген. Петир анын сунушун дароо четке кагып: «Күмүшүң өзүң менен кошо жок болсун, анткени сен Кудайдын белегин акчага сатып алууну ойлодуң»,— деп катуу айткан (Элчилер 8:18—20).

  •  Элчи Пабыл көп жерлерди кыдырып кабар айткан. Исанын жолдоочуларынын көптөгөн жыйналыштары үчүн көп жылдар бою оор эмгектенсе да, кызматы үчүн эч качан акы сураган эмес. Ал жана анын шериктери «Кудайдын сөзүн сатып пайда көргөндөрдөн» эмес болчу (2 Корунттуктар 2:17). Элчи Пабыл: «Эч кимиңерди чыгым кылбаш үчүн биз күнү-түнү иштеп, силерге Кудайдын жакшы кабарын таратканбыз»,— деп жазган (1 Тесалоникалыктар 2:9).

 Албетте, Иса Машаяктын алгачкы жолдоочуларына жакшы кабарды көп жерлерге таратыш үчүн, кайрымдуулук иштерин жүргүзүш үчүн каражат талап кылынган. Ошентсе да алар башкаларга Кудайга сыйынууга акысыз жардам беришчү. Элдер аларга төмөнкү принциптердин негизинде жүрөгүнөн чыкканды беришкен:

  •   2 Корунттуктар 8:12: «Ким даярдуулук менен берсе, анын тартуусу колунда жок болгонуна эмес, колунда бар болгонуна жараша кабыл алынат».

     Мааниси: Адамдын канча бергени эмес, кандай ниет менен бергени маанилүү.

  •   2 Корунттуктар 9:7: «Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт».

     Мааниси: Кудай эч кимдин ага аргасыздан бир нерсе беришин каалабайт. Адамдын өз каалоосу менен бергени ага жагымдуу.

Акчага көзү тойбогон диндер жакында эмне болот?

 Ыйык Китепте диндердин баары эле Кудайга жага бербей турганы айтылат (Матай 7:21—23). Анда жазылган бир пайгамбарлыкка ылайык, жалган диний уюмдардын баары сойкуга салыштырылган. Себеби алар акча табыш үчүн же дагы башка пайда көрүш үчүн өкмөттөр менен биригип алып иш алпарышат. Ошондой эле карапайым адамдардын аркасы менен байып жатышат (Аян 17:1—3; 18:3). Ал пайгамбарлыкта Кудайдын жалган диндердин үстүнөн сот жүргүзөрү да айтылган (Аян 17:15—17; 18:7).

 Азыркы учурда жалган дин адамдарды адаштырып, Кудайдан алыстатып жатат. Бирок Кудай биздин аларга алданып, андан алысташыбызды каалабайт (Матай 24:11, 12). Ал ак ниет адамдардын ага жаккандай сыйыныш үчүн жана жалган динден чыгыш үчүн эмне кылса болорун билишин каалайт (2 Корунттуктар 6:16, 17).