Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Динге ишенесиңерби? Акча маселеси

Динге ишенесиңерби? Акча маселеси

Эстел * жети баласы менен дайыма чиркөөгө барып турчу. «Диний жетекчиге Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгим келерин айткам»,— дейт ал. Бирок диний жетекчиси ага Ыйык Китепти көбүрөөк билгенге жардам берген эмес. Эстел кийин чиркөөгө барбай калган. Ал мындай дейт: «Чиркөө башчылары чиркөөгө бара албасам акчамды салып туруу эле жетиштүү болорун айтып кат жазып жиберишиптир. Ошондо: „Менин чиркөөгө барган-барбаганым баары бир турбайбы, аларга акчам эле керек экен“,— деген жыйынтыкка келдим».

Динге ишенип келген Анжелина мындай дейт: «Мен барган чиркөөдө акча чогултуш үчүн сыйынуу учурунда үч жолу себет узатылчу. Үч жолкусунда тең акча салышыбыз керек эле. Чиркөөдөгүлөр акча эле сурай беришчү. Ушунун баарын көрүп, алардын Кудай колдогон адамдар эмес экенин түшүндүм».

Силер жашаган жердеги диндерде да акча чогултуу талап кылынабы? Бул Ыйык Китепте айтылгандарга ылайык келеби?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Иса пайгамбар: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— деп айткан (Матай 10:8). Ыйык Китепте камтылган билим акча менен бааланбайт, ал бекер берилиши керек.

Кудайдын байыркы убактагы кызматчылары Кудайга сыйынууга байланыштуу иштерге кеткен чыгымдарын кантип жабышкан?

Алар «кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша» тартуу кылышкан, «анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт» (2 Корунттуктар 9:7). Кудайдын Пабыл деген кызматчысы: «Эч кимиңерди чыгым кылбаш үчүн биз күнү-түнү иштеп, силерге Кудайдын жакшы кабарын таратканбыз»,— деп жазган (1 Тесалоникалыктар 2:9). Ооба, ал Кудайга кызмат кылып жүрүп жанын багыш үчүн чатыр жасап иштеген (Элчилер 18:2, 3).

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ ТУУРАЛУУ ЭМНЕ ДЕСЕ БОЛОТ?

Жахабанын Күбөлөрү Падышалык залы деп аталган имараттарда чогулушат. Алардын чыгымдары кантип жабылат? Жыйналыштарда акча чогултулбайт. Ал жерде берилген билимге ыраазы болгондор Падышалык залындагы тартуу салына турган кутучаларга тартууларын сала алышат.

Дин кантип каржыланышы керек?

Бул журналды басып чыгарууга жана башка жактарга жеткирүүгө акча каражат талап кылынары анык. Бирок бул журналда акча өндүрүү максатындагы жарнамалар жок, ошондой эле акча берүү жөнүндө да жазылбайт. Журналда Ыйык Китептеги билимди жеткирүүгө басым жасалат.

Кандай деп ойлойсуңар, Жахабанын Күбөлөрүнүн ушундай иш-аракеттери Иса пайгамбардын айткандарына жана Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларынын иш-аракеттерине дал келеби?

^ абз. 2 Бул катар макалалардагы айрым ысымдар өзгөртүлдү.