Мазмунун көрсөтүү

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү өз дини бар адамдарга бара беришет?

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү өз дини бар адамдарга бара беришет?

 Биздин байкашыбызча, өз дини болсо да, көптөр Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. Албетте, биз ар бир адамдын өзү каалаган динди тутууга болгон укугун сыйлайбыз, ошондуктан башкаларды айтып жүргөн кабарыбызды угууга мажбурлабайбыз.

 Дин жөнүндө сөз жүргөндө биз Ыйык Китептеги кеңешти колдонуп, башкалар менен «жумшактык, терең урмат-сый менен» сүйлөшөбүз (1 Петир 3:15). Ырас, биз айтып жүргөн жакшы кабарды баары эле уга бербесин билебиз (Матай 10:14). Бирок алар менен сүйлөшмөйүн, алардын кандай ойдо экенин кантип биле алабыз? Башкаларга келгенибиздин дагы бир себеби — адамдардын жагдай-шарты өзгөрүп турат.

 Мисалы, биринчи жолу барганыбызда колу бошобой калган киши кийинки жолу барганыбызда сүйлөшүүнү каалашы мүмкүн. Анын үстүнө, бүгүнкү күндө адамдар мурда кездешпеген көйгөйлөргө же жагдайларга туш болуп жаткандыктан, Ыйык Китепте айтылгандарга кызыгышы мүмкүн. Ошол себептүү биз адамдар менен бир нече ирет сүйлөшүүгө аракет кылабыз.