Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

Никени бекемдөөнүн эки ачкычы

Никени бекемдөөнүн эки ачкычы

1, 2. а) Кудай аялы менен күйөөсүнүн канча убакыт чогуу жашашын каалаган? б) Ал канткенде мүмкүн?

 КУДАЙ биринчи эркек менен аялды баш коштурганда, алардын убактылуу эле бирге болушун каалаган эмес. Адам менен Обо өмүр бою бирге жашашмак (Башталыш 2:24). Ошол себептүү бир эркек менен бир аялдын баш кошушу, Кудайдын бекиткен тартибине ылайык, ак нике болуп эсептелет. Ыйык Китеп боюнча, ажырашууга жана кайра үйлөнүүгө жол бере турган бир гана себеп — жубайлардын биринин же экөөнүн тең адеп-ахлаксыздыкка барышы, башкача айтканда, ойноштук кылышы (Матай 5:32).

2 Эки адам өмүр бою чогуу, бактылуу жашай алабы? Ооба, Ыйык Китепте ага негиз түзгөн маанилүү эки шарт же ачкыч бар экени айтылат. Эгерде ал ачкычтарды аялы да, күйөөсү да колдоно турган болсо, алар бак-таалайга жана көптөгөн ийгиликтерге жетишет. Ал эмне болгон ачкычтар?

БИРИНЧИ АЧКЫЧ

3. Жубайлар сүйүүнүн кандай үч түрүн өрчүтүүгө тийиш?

3 Биринчи ачкыч — бул сүйүү. Ыйык Китепте сүйүүнүн ар кандай түрлөрү айтылган. Алардын бири — жакын достордун ортосундагы ынактык, жакшы көрүү сезими (Жакан 11:3). Экинчиси — үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда болуучу сүйүү (Римдиктерге 12:10). Үчүнчүсү — аял менен эркектин ортосундагы махабат сезими (Накыл сөздөр 5:15—20). Албетте, аялы менен күйөөсү сүйүүнүн ушул түрлөрүнүн баарын өрчүтүшү керек. Бирок сүйүүнүн төртүнчү түрү да бар, ал калгандарынан маанилүүрөөк.

4. Сүйүүнүн төртүнчү түрү кайсы?

4 Грек Жазмалары жазылган тилде сүйүүнүн төртүнчү түрү ага́пе деп аталат. Ал: «Кудай — сүйүү»,— делген 1 Жакан 4:8де колдонулган. «Ал [Кудай] бизди биринчи сүйгөндүктөн, биз да Аны сүйөлү» (1 Жакан 4:19). Кудайга ишенген адам мындай сүйүүнү алгач Жахаба Кудайга, анан жакындарына карата өрчүтөт (Марк 12:29—31). Ага́пе деген сөз: «Машайак бизди сүйгөндүктөн, биз үчүн Өзүн Кудайга... курмандык катары бергендей, силер да сүйүү жолу менен жүргүлө»,— деп жазылган Эфестиктерге 5:2де да колдонулат. Ыйса сүйүүнүн бул түрү өзүнүн чыныгы жолдоочуларын айырмалаган белги болорун мындайча түшүндүргөн: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр [ага́пе көрсөтсөңөр], башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет» (Жакан 13:35). Ага́пе 1 Корунттуктарга 13:13тө да колдонулган, анда: «Азыр үчөө бар: ишеним, үмүт, сүйүү. Бирок сүйүү [ага́пе] баарынан жогору»,— делген.

5, 6. а) Эмне үчүн сүйүү ишеним менен үмүттөн жогору? б) Кандай себептерден улам сүйүү никенин бекем болушуна өбөлгө түзөт?

5 Эмне себептен ага́пе сүйүүсү ишеним менен үмүттөн жогору? Бул сүйүү Кудайдын Сөзүндө камтылган адилеттүү принциптерге жетектелет (Забур 118:105). Ал башкаларга, алар татыктуу болушса да, болушпаса да, Кудайдын көзкарашы боюнча, жакшы жана туура мамиле кылууга чын дилден умтулууну билдирет. Ал жубайларга Ыйык Китептин: «Көтөрүмдүү болгула, бири-бириңерди кечиргиле, эгерде бири-бириңерге нааразычылыгыңар бар болсо, Машайак силерди кечиргендей, силер да кечиргиле»,— деген кеңешин колдонууга жардам берет (Колостуктарга 3:13). Бири-бирин сүйгөн жубайлар бири-бирине ынталуу сүйүү [ага́пе] көрсөтүшөт жана аны өрчүтүшөт, «анткени сүйүү көп күнөөлөрдү жаап коёт» (1 Петир 4:8). Ооба, сүйүү кемчилик-каталарды жоюп жибербейт, жаап коёт. Себеби жеткилең эмес адамдар жаңылыштык кетирбей коё албайт (Забур 129:3, 4; Жакып 3:2).

6 Эгерде жубайлар Кудайга жана бири-бирине карата сүйүүнүн ушул түрүн өрчүтүшсө, алардын никеси бекем жана бактылуу болот, себеби «сүйүү түбөлүк жашайт» (1 Корунттуктарга 13:8). Сүйүү — «жеткилеңдиктин куру» (Колостуктарга 3:14). Жарың экөөң мындай сүйүүнү кантип өрчүтө аласыңар? Кудайдын Сөзүн чогуу окуп, окуганыңар тууралуу сүйлөшкүлө. Ыйсанын кантип сүйүү көрсөткөнүн изилдегиле жана оюңар, жүрүм-турумуңар менен аны тууроого аракеттенгиле. Булардан тышкары, Кудайдын Сөзү изилденүүчү жыйналыш жолугушууларына катышкыла. Ыйык рухтун жемиши болгон ушул сүйүүнү өрчүтүш үчүн Кудайдан жардам сурап тиленгиле (Накыл сөздөр 3:5, 6; Жакан 17:3; Галаттыктарга 5:22; Эврейлерге 10:24, 25).

ЭКИНЧИ АЧКЫЧ

7. Урматтоо деген эмне жана никеде ким сый-урмат көрсөтүүгө тийиш?

7 Эгерде жубайлардын ортосунда чыныгы сүйүү бар болсо, алар бири-бирин сыйлап, урматташат. Сый-урмат көрсөтүү — никенин бактылуу болушу үчүн зарыл экинчи ачкыч. Урматтоо деген «башкалар менен эсептешүүнү, аларды кадырлоону» билдирет. Ыйык Китепте Кудайга ишенгендердин баарына, алардын ичинде күйөөлөргө да, аялдарга да: «Бири-бириңерди озунуп урматтагыла»,— деген кеңеш берилген (Римдиктерге 12:10). Элчи Петир: «Күйөөлөр, өтө назик идишти аярлагандай, силер да аялыңарга туура мамиле кылгыла... аларга урмат көрсөткүлө»,— деп жазган (1 Петир 3:7). Аялдарга болсо: «Күйөөсүн урматтасын»,— деген кеңеш берилет (Эфестиктерге 5:33). Адатта, биз урматтаган адамыбызга жумшак мамиле жасайбыз, анын өзүн өзү сыйлоо сезимин жана көзкарашын кадырлайбыз, акылга сыярлык бардык суранычтарын аткарууга аракеттенебиз.

8—10. Урмат көрсөтүү никенин бекем жана бактылуу болушуна кандайча жардам берет?

8 Нике бекем жана бактылуу болушу үчүн, «ар ким өзүн гана эмес, өзгөнү [жарын] да ойлоо» менен ага урмат көрсөтүшү керек (Филипиликтерге 2:4). Керт башынын гана жыргалчылыгын ойлоо натуура, себеби ал — өзүмчүлдүктүн белгиси. Ошондуктан аял же күйөө өзүнүн гана эмес, түгөйүнүн да жыргалчылыгына кам көрөт. Ооба, алар биринчи кезекте өмүрлүк жарынын кызыкчылыгын ойлошот.

9 Бири-бирин урматтаган жубайлар көзкараштарында айырмачылыктар болорун түшүнүшөт. Эки адам баарына бирдей карайт деп күтүү жүйөсүз. Күйөөсү үчүн абдан маанилүү болгон нерсеге аялы көп маани бербеши же аялы жакшы көргөн нерсени күйөөсү жактырбашы мүмкүн. Бирок жубайлар бири-биринин көзкараштарын жана тандоолорун, Жахабанын мыйзам-принциптерине кайчылаш келбесе, сыйлашы керек (1 Петир 2:16; салыштыргыла: Филемонго 14). Андан тышкары, бири-бирин, башкалардын көзүнчө же өзүнчө болобу, шылдыңдабоого же тамашалап болсо да кемсинтпөөгө, өзүн өзү сыйлоо сезимин барктоого тийиш.

10 Ооба, Кудайды жана бири-бирин сүйүп, урматтоо — никенин бактылуу болушуна өбөлгө түзгөн эки ачкыч. Аларды үй-бүлөлүк жашоонун айрым маанилүү жактарында кантип колдонууга болот?

ЫЙСАДАЙ БАШЧЫЛЫК КЫЛУУ

11. Ыйык Китеп боюнча, үй-бүлөнүн башчысы ким?

11 Ыйык Китептен эркектин үй-бүлөгө башчы болуу үчүн керектүү сапаттар менен жаратылганын билебиз. Ошондуктан эркек Жахабанын алдында аялынын жана балдарынын рухий жана денелик жактан сак-саламатта болушу үчүн жооптуу. Ал баарын эсепке алып, Жахабанын эрки чагылдырылган чечимдерди чыгарышы, ошондой эле такыбаа жүрүм-туруму менен үлгү көрсөтүшү керек. «Аялдар, күйөөңөргө Теңирге баш ийгендей баш ийгиле, анткени дененин Куткаруучусу Машайак Жыйындын башчысы болгон сыяктуу эле, күйөө да аялдын башчысы» (Эфестиктерге 5:22, 23). Ыйык Китепте эркектин да башчысы бар экени айтылат. «Муну билип алышыңарды каалайм: ар бир эркектин башчысы Машайак, аялдын башчысы эркек, Машайактын башчысы Кудай»,— деп жазган элчи Пабыл (1 Корунттуктарга 11:3). Даанышман күйөө өзүнүн үстүнө коюлган башчыны, Ыйса Машайакты, туурап башчылык кылууга үйрөнөт.

12. Ыйса баш ийүү жана башкаруу жагынан кандай үлгү калтырган?

12 Ыйсанын да башчысы бар: ал — Жахаба. Ыйса ага толук баш иет. «Мен Өз каалоомду эмес, Мени жиберген Атамдын каалоосун аткарам»,— деген Ыйса (Жакан 5:30). Бул — кандай сонун үлгү! Ыйса «эч нерсе жаратыла электе эле... бар болгон» (Колостуктарга 1:15). Ал жерге Мессия катары келген. Ошондой эле ал майланган жолдоочуларынын Башчысы, Кудайдын Падышалыгынын бардык периштелерден жогору абалды ээлеген Падышасы болмок (Филипиликтерге 2:9—11; Эврейлерге 1:4). Ошончолук жогору абалды ээлесе да, алдында кереметтүү келечек турса да, Ыйса орой, айтканынан кайтпаган, башкаларга ашыкча талап коё берген, зөөкүр адам болгон эмес жана шакирттерине ага баш ийүүгө тийиш экенин кайта-кайта эскерте берген эмес. Ыйса башкаларга, өзгөчө, көңүлү чөккөн адамдарга сүйүү жана боорукердик менен мамиле кылган. «Чарчап-чаалыккандар жана түйшүк тарткандар, баарыңар Мага келгиле, Мен силерге тынчтык берем. Мен берген моюнтурукту алып, Менден үйрөнгүлө, анткени Мен жоошмун жана момунмун. Ошондо жаныңарга тынчтык табасыңар. Анткени Мен берген моюнтурук жакшы, жүгүм жеңил»,— деген ал (Матай 11:28—30). Аны менен маектешүү абдан жагымдуу болгон.

13, 14. Аялын сүйгөн күйөө, Ыйсадан үлгү алып, кантип башчылык кылат?

13 Үй-бүлөсүнүн бактылуу болушуна умтулган күйөө, Ыйсанын сонун сапаттарын талдап көрүшү абзел. Жакшы күйөө орой, өкүмчүл болбойт жана башчылыгын аялын коркутуучу «камчы» катары колдонбойт. Тескерисинче, ал аялын сүйүп, сыйлайт. Эгер Ыйса момун болсо, анда күйөөнүн момун болушуна ого бетер себеп көп, анткени, Ыйсадан айырмаланып, ал жаңылыштык-ката кетирет. Андай учурда ал аялынын түшүнүү менен мамиле кылышын каалайт. Ошондуктан момун күйөө «сенин айтканың туура болуп чыкты, кечирип койчу» деген сөздөрдү айтуу оңой эмес болсо да, катасын мойнуна алат. Аялга бойкөтөрчөөк, өзүнүкүн бербеген күйөөнүн башчылыгына караганда, момун жана жумшак күйөөнүн башчылыгын сыйлоо жеңилирээк. Ошол эле учурда күйөөсүн урматтаган аял да кетирген жаңылыштыктары үчүн кечирим сурайт.

14 Кудай аялды үй-бүлөнүн бактылуу болушуна өбөлгө түзгөн жакшы сапаттар менен жараткан. Даанышман күйөө муну билет, ошондуктан аялын басынтпайт. Аялдардын көбүндө үй-бүлөсүнө кам көрүү жана адамдар менен мамиле түзүү үчүн керектүү сапаттар: боорукердик менен сезимталдык көбүрөөк өрчүгөн. Адатта, аялзаты үй ичин жасалгалап, көрктөөгө чебер келет. Накыл сөздөр китебинин 31-бабында айтылган «жакшы аялдын» үй-бүлөсүнө киреше алып келген бир топ жакшы сапаттары жана чеберчиликтери болгон. Бул эмнеге өбөлгө түзгөн? «Ага күйөөсүнүн жүрөгү ишенген» (Накыл сөздөр 31:10, 11).

15. Ыйсадан үлгү алган күйөө аялына кандайча сүйүү жана урмат көрсөтөт?

15 Кээ бир элдерде күйөөнүн башчылыгына өтө маани берилет, ошондон улам ага суроо берүү да сый көрсөтпөгөндүк катары эсептелет. Андай маданиятта күйөөсү аялына күңгө мамиле кылгандай мамиле жасашы мүмкүн. Бирок минтип башчылык кылган күйөө аялы менен болгон мамилесин гана эмес, Кудай менен болгон мамилесин да бузат. (Салыштыргыла: 1 Жакан 4:20, 21.) Ошол эле учурда кээ бир күйөөлөр башчылыкты колуна албай, үйүндө аялынын бийлик кылышына жол берип коюшат. Ыйсага тийиштүү баш ийген күйөө аялын кыйнабайт жана анын өзүн өзү сыйлоо сезимин тебелебейт. Тескерисинче, ал жанаябастык менен сүйүү көрсөткөн Ыйсадан үлгү алып, Пабылдын: «Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн Өзүн берген»,— деген кеңешин колдонот (Эфестиктерге 5:25). Ыйса жолдоочуларын жакшы көргөндүктөн, алар үчүн өлүүгө даяр болгон. Жакшы күйөө да өзүмчүл болбоого умтулат жана аялын «кыңк эттирбей» башкарууну эмес, ага кам көрүүнү көздөйт. Эгерде күйөөсү Ыйсага баш ийип, анын үлгүсү боюнча, сүйүү менен урмат-сый көрсөтө турган болсо, аялы ага баш ийгиси келет (Эфестиктерге 5:28, 29, 33).

АЯЛДЫН БАШ ИЙҮҮСҮ

16. Аял күйөөсүнө кылган мамилесинде кандай сапаттарды чагылдырууга тийиш?

16 Адам атанын жаралганынан бир канча убакыт өткөндөн кийин, Кудай: «Адамга жалгыз болуу жакшы эмес, ага ылайык жардамчыны жараталы»,— деген (Башталыш 2:18). Кудай Обону Адамдын атаандашы эмес, «жардамчысы» катары жараткан. Демек, үй-бүлө атаандаш эки капитан башкарган кемедей болмок эмес. Күйөөсү сүйүү менен башчылык кылууга, ал эми аялы ага сүйүү, урмат көрсөтүп, даярдуулук менен баш ийүүгө тийиш болчу.

17, 18. Аялы күйөөсүнө кайсы жактардан чыныгы жардамчы боло алат?

17 Жакшы аял тил алчаактыгы, баш ийүүсү менен гана айырмаланбайт. Ал күйөөсүнүн чечимдерин колдогон анык жардамчы болууга аракеттенет. Албетте, күйөөсүнүн чечимдери туура көрүнгөндө жардам көрсөтүү кыйын эмес. А бирок натуура көрүнгөн кездерде да андан жардамын аябаса, күйөөсүнүн чечимдери ишке ийгиликтүүрөөк ашат.

18 Аял күйөөсүнө жакшы башчы болууга дагы башка жолдор менен жардам бере алат. Ал күйөөсүн сынга алуунун же ага ар дайым нааразы экенин билдирүүнүн ордуна, анын жетекчилик берүүгө жумшаган күч-аракеттери үчүн ыраазы экенин көрсөтсө болот. Күйөөсү менен пикир алмашып жатканда ал оң маанайын сактап, күйөөсүнүн эле эмес, «Кудайдын алдында кымбат баалуу эсептелген... момун жана жоош рух» чагылдыруунун маанилүүлүгүн унутпоого тийиш (1 Петир 3:3, 4; Колостуктарга 3:12). Күйөөсү Кудайга ишенбеген адам болсочу? Кудайга ишенсе да, ишенбесе да, Ыйык Китеп аялдарды «Кудай сөзүнө тил тийбеши үчүн... күйөөлөрүн, балдарын сүйүүгө, адеп-ахлактуу, таза, үйгө камкор, кең пейил болууга, күйөөлөрүнө баш ийүүгө» чакырат (Титке 2:4, 5). Абийирге жараша чечүүнү талап кылган көйгөй пайда болгондо, аялы чындыкты жактабаган күйөөсүнө бардыгын «момундук жана кичи пейилдик менен» түшүндүрүп берсе, күйөөсү анын көзкарашын сыйлашы мүмкүн. Айрым күйөөлөр аялдарынын сөзү аркылуу эмес, жүрүм-туруму аркылуу, «таза, Кудайдан корккон жашоосун көрүп», «Кудайга баш ие» башташкан (1 Петир 3:1, 2, 15; 1 Корунттуктарга 7:13—16).

19. Күйөөсү Кудайдын мыйзамын бузууну талап кылганда, аял эмне кылат?

19 А эгер күйөөсү аны Кудайга жакпаган ишти жасоого мажбурласачы? Мындай учурда аял өзүнүн эң жогорку Башчысы Кудай экенин эстен чыгарбашы керек. Ал бийлик башчылары Кудайдын мыйзамын бузууга мажбурлашканда баш ийишпеген элчилерден үлгү алат. Элчилер 5:29да мындай деп айтылат: «Ошондо Петир менен элчилер мындай деп жооп беришти: „Адамдарга караганда, Кудайга көбүрөөк баш ийүү керек“».

ЖАКШЫ ПИКИРЛЕШҮҮ

20. Сүйүү менен урмат көрсөтүү дагы кайсы учурда маанилүү?

20 Үй-бүлөдө пикир алмашууда да сүйүү менен урмат-сый көрсөтүү маанилүү. Аялын сүйгөн күйөө анын иштери, кыйынчылыктары, ар кандай суроолорго болгон ою, көзкарашы жөнүндө сүйлөшөт, анткени аялы ошого муктаж. Аялы менен сүйлөшүүгө убакыт бөлүп, айткандарына чындап кулак салган күйөө аны сүйөрүн жана сыйлаарын көрсөтөт (Жакып 1:19). Кээ бир зайыптар күйөөлөрү алар менен өтө аз сүйлөшөрүн айтып нааразы болушат. Бул — өкүнүчтүү көрүнүш. Ооба, түйшүгү түгөнбөгөн азыркы заманда күйөөлөр каш карайганча иштөөгө аргасыз болуп жатышкандыр; экономикалык абалдын айынан кээде аялдар да иштөөгө аргасыз болушат. Анткен менен жубайлар бири-бирине убакыт бөлүп турушу керек. Антпесе, өз ара мамилеси сууп кетиши ыктымал. Эгер жубайлар үй-бүлөсүнөн сырткары пикирлешүү, «түшүнгөн дос» издей башташса, олуттуу кыйынчылыктар пайда болушу ыктымал.

21. Жагымдуу сөз никенин бактылуу болушуна кандай салым кошот?

21 Аялы менен күйөөсүнүн кантип пикир алмашары да маанилүү. «Жагымдуу кеп... жанга ширин, сөөккө дары» (Накыл сөздөр 16:24). Өмүрлүк жары дин тутса да, тутпаса да Ыйык Китептеги: «Сөзүңөр туз менен татытылгандай, дайыма жагымдуу болсун»,— деген кеңешти колдонуу талап (Колостуктарга 4:6). Жубайлардын бири үйгө чарчап-чаалыгып келгенде, экинчисинин бир-эки ооз болсо да жылуу сөзү жан сергитип, кайрат берет. «Туура айтылган сөз — жаркыраган күмүш идиштеги алтын алма» (Накыл сөздөр 25:11). Кандай сөздөр, кандай үн менен айтылып жатканынын мааниси абдан чоң. Мисалы: «Жапчы эшикти!» — деп силкине талап кылгандан көрө, жайдары, жумшак үн менен: «Эшикти жаап коёсуңбу?» — деп сурануу алда канча жагымдуу, «туз менен татытылгандай» болору талашсыз.

22. Жакшы пикир алышууга үйрөнүү үчүн жубайлар бири-бирине кандай мамиле жасашы керек?

22 Эркелеткен сөздөр айтылган, мээримдүү көзкараштар, кыймыл-аракеттер байкалган, жароокердик, түшүнүктүүлүк жана назик сезимдер көрсөтүлгөн жерде пикир алмашуу жагымдуу болот. Жакшы пикир алмашууга үйрөнгөн жубайлар бири-бирине өз муктаждыктарын айтуудан тартынышпайт. Капа болуп же башка себептерден улам кыйналып турган учурларда алар бири-бирин жубатып, жөлөп-таяшат. Кудайдын Сөзү: «Алсыздарды колдогула»,— деп чакырат (1 Тесалоникалыктарга 5:14). Жашоодо күйөөсү кейиген учурлар да, аялы кайгырган убактар да болот. Ошондо алар бири-бирин сөз менен «колдоп», «жакшы болуусуна» кам көрө алат (Римдиктерге 15:2).

23, 24. Каршылаш көзкараштарды жоюуга сүйүү менен урматтоо кандайча жардам берет? Мисал келтиргиле.

23 Бири-бирин сүйүп, урматтаган жубайлардын бири кайсы бир суроо боюнча башкача көзкарашта экенин билдирсе, экинчиси аны чабуул катары кабыл албайт. Алар бири-бирине «катаал» мамиле кылбоого бүт күчүн жумшашат (Колостуктарга 3:19). Экөө тең «момундук менен айтылган жооп каарды токтоторун» унутпашы абзел (Накыл сөздөр 15:1). Ичиндегисин айтып жаткан өмүрлүк жарыңды кемсинтүүдөн же айыптоодон оолак бол. Кайра, андай учур анын ички сезимдерин билип, түшүнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берерин ойло. Каршылаш көзкарашыңарды жоюп, бир чечимге келүүгө аракеттенгиле.

24 Бир жолу Ыбрайым аялы Сааранын татаал жагдайды чечиш үчүн берген кеңешин жактырбаганы эсиңдеби? Ошондо Кудай Ыбрайымга: «Анын тилин ал»,— деген (Башталыш 21:9—12). Ыбрайым Кудайдын айтканын аткарганда, бата алган. Ушул сыяктуу эле күйөө аялынын сунушу өзүнүн оюндагыга дал келбесе, жок дегенде, айтканын угуп көрүшү керек. Ошол эле учурда аялы сүйлөшүп жатканда демилгени өз колуна алып албай, күйөөсүнүн айткандарына кулак салышы абзел (Накыл сөздөр 25:24). Эгерде экөөнүн бирөө дайыма бардыгы өзү каалагандай гана болушун талап кыла берсе, жарына болгон сүйүүсүнүн жетишсиздигин жана аны тийиштүү түрдө урматтабагандыгын көрсөтөт.

25. Жакшы пикир алмашуу жубайлардын жыныстык мамилелеринде кандайча жардам берет?

25 Жакшы пикир алмашуу жубайлардын жыныстык мамилелеринде да керек. Никедеги мындай абдан жакын мамилеге өзүмчүлдүк жана өзүн башкара билбестик олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Ачык сүйлөшө билүү жана чыдамкай болуу маанилүү. Эгер жубайлар чын ниеттен бири-биринин кызыкчылыгын ойлосо, алардын жыныстык жашоосунда олуттуу кыйынчылыктар болбойт деле. Бул жактан да «ар бир адам өзүн эле эмес, өзгөнү да ойлошу» зарыл (1 Корунттуктарга 7:3—5; 10:24).

26. Жашоодо ар кандай жагдайларга кабылышса да, Кудайдын Сөзүнө тил алуу жубайларга бактылуу болууга кандайча жардам берет?

26 Кудайдын Сөзүндө кандай гана сонун кеңештер берилген! Албетте, ар бир үй-бүлө жашоонун таттуусун да, ачуусун да көрөт. А бирок жубайлар Ыйык Китепте чагылдырылган Жахабанын көзкарашына карманышса жана бири-бирин сүйүп, урматташса, никеси бекем, бактылуу болору шексиз. Ошондо алар бири-бирин гана эмес, никенин Негиздөөчүсү Жахаба Кудайды да сыйлаган болушат.