Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

Ыйык Китеп адамды өзгөртө алат

КУДАЙДЫН жолунда тарбияланып, бирок кийин андан алыстап кеткен бир кишиге кайра кайрылып келгенге эмне түрткү берген? Өмүр бою атага зар болуп келген кишинин тилеги кантип аткарылган? Эмесе, алардын айтып бергендерине көңүл буралы.

«Жахабага кайрылып келүүнү чечтим» ИЛИ КАЛИЛ

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1976

ӨЛКӨСҮ: КИПР

МУРУН: АДАШКАН УУЛ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Кипрде төрөлүп, Австралияда чоңойгом. Ата-энем Жахабанын Күбөсү болгондуктан, мени Кудайдан коркконго, анын осуяттары боюнча жашаганга үйрөтүп келишкен. Бирок өспүрүм кезимде ээн баш боло баштадым. Түн ичинде балдар менен жолугуш үчүн үйдөн көрүнбөй качып чыкчумун. Биз чогулуп алып машине уурдачубуз, дагы башка көп жаман ишке барчубуз.

Ата-энемдин жүрөгүн ооруткум келбегендиктен андай иштерди башында билгизбей кылып жүрдүм. Бирок бара-бара жаман иштерди ата-энемден коркпой эле жасап калдым. Жахаба Кудайды билбеген, мени жаман ишке түрткөн өзүмөн бир топ улуу балдар менен дос боло баштадым. Бир күнү ата-энеме алар туткан динди туткум келбей турганын айттым. Алар мага акыл-насаатын айтып, жардам бергенге бир топ эле аракет кылышты. Бирок мен айтканымдан кайтпай, өз билгенимди кыла бердим. Ошондо ата-энемдин жүрөгүн аябай эле сыздаткам.

Үйдөн кеткенден кийин баңгизат колдонуп, атүгүл наша жасалган кара куурай өстүрүп, наша сата баштадым. Адеп-ахлаксыз ишке барып, түнкү клубдардан башым чыкпай калды. Ачуусу чукул, кыялы чорт киши болуп кеттим. Бирөө мага жакпаган бир нерсе айтса же бир нерсе кылса эле, ачуум менен бир тийчүмүн, атүгүл муштап да жиберчүмүн. Ошентип отуруп, ата-энем кылба деп үйрөтүп келген иштердин баарын кыла баштадым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Баңгизат колдонгон бир бала менен жакын дос болуп кеттим. Анын атасы ал кичинекей кезинде эле каза болуп калыптыр. Экөөбүз түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отура берчүбүз. Ошондой түндөрдүн биринде ал ичиндегиси менен бөлүшүп, атасын сагынып куса болуп жүргөнүн айтты. Мурда Ыйык Китептен тирилүү болору жөнүндө окугандыктан ага Иса пайгамбар жөнүндө, анын жерде жүргөндө өлгөн кишилерди тирилткенин, келечекте да өлгөндөрдү тирилтүүгө убада бергенин айтып бердим (Жакан 5:28, 29). Мен ага: «Элестетсең, сенин атаң да тирилет. Баарыбыз жер бетинде боло турган бейиште түбөлүк жашай алабыз!» — деп айттым. Менин айтып бергендерим ага аябай жагып, жүрөгүн козгоду.

Бир жолу экөөбүз акыркы күндөр жана Троица жөнүндө сүйлөштүк. Мен ага өзүнүн Ыйык Китебинен Жахаба Кудай, Иса пайгамбар жана акыркы күндөр жөнүндө чындык жазылган аяттарды окуп бердим (Жакан 14:28; 2 Тиметей 3:1—5). Досума Жахаба Кудай жөнүндө канчалык көп айтып берген сайын, Жахаба Кудай жөнүндө ошончолук көп ойлоно баштадым.

Ошентип, ата-энем көп эмгектенип жүрөгүмө сепкен үрөндөр өсө баштады, тагыраак айтканда, Ыйык Китептеги чындыктарды эстей баштадым. Кээде наша чегип, досторум менен отурушта отурганда Жахаба жөнүндө ойлоно баштачумун. Досторумдун көбү Кудайдан коркобуз дегени менен, айткандарына жараша иш кылышчу эмес. Аларга окшош болгум келбегендиктен бир нерсе кылууну — Жахабага кайрылып келүүнү — түшүндүм.

Албетте, сөз менен айтып коюш жеңил, бирок кыла келгенде мунун баары оңойго турбайт экен. Айрым жаман иштерди ташташ кыйын деле болгон жок, мисалы, баңгизатты оңой эле таштадым. Ошондой эле мурунку досторум менен мамилемди үзүп, Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында жетекчиликти колго алган бир байке менен Ыйык Китепти изилдей баштадым.

Бирок айрым адаттарымды таштоо оңойго турган жок. Мага, өзгөчө, ачууга алдырбай, өзүмдү кармай билүү кыйынга турду. Жакшы эле оңолуп келатып, ачууга алдырып жиберген учурларым көп болчу. Андайда оңоло албайт окшойм деп көңүлүм чөкчү. Ындыным сууп, кайгырганда мага Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген байкеге барчумун. Ал аябай чыдамдуу, боорукер эле, мени жубатып, көңүлүмдү көтөрүп койчу. Бир жолу ал мага «Күзөт мунарасы» журналына чыккан эмне үчүн багынбашыбыз керектиги айтылган бир макаланы берди *. Аны окуп чыккандан кийин ачууланганда эмне кылышым керектигин чогуу талкууладык. Ошол макалада айтылган кеңештерди дайыма эстеп жүрүүнүн жана Жахабага көп жолу тиленүүнүн аркасында ачуумду тыя билгенге үйрөндүм. Ошентип, 2000-жылы апрелде Жахабанын Күбөсү болдум. Ошондо ата-энемдин маңдайы жарыла кубанганы дагы эле эсимде.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Баңгизатты жана адеп-ахлаксыз иштерди таштап, Кудайга жаккандай жашап жатканымды билгендиктен азыр жан дүйнөм тынч, абийирим да таза. Кайсы жерде жүрбөйүн, жумуштабы, жыйналыштабы же эс алуудабы, өзүмдү дайыма бактылуу сезем. Жашоого оң маанай менен караганга да үйрөндүм.

Менден эч качан үмүтүн үзбөгөн ата-энем үчүн Жахаба Кудайга миң мертебе ыраазымын. Мен Иса пайгамбардын: «Мени жиберген Атам жакындатпаса, мага эч ким келе албайт»,— деген сөздөрү жөнүндө көп ойлоном (Жакан 6:44). Эгер мени Жахаба Кудай өзү кайрып келбесе, мен ага кайрылып келе алмак эмесмин. Ушул жөнүндө ойлонгондо ага аябай ыраазы болом.

«Атага аябай зар болчумун» МАРКО АНТОНИО АЛЬВАРЕС СОТО

ТУУЛГАН ЖЫЛЫ: 1977

ӨЛКӨСҮ: ЧИЛИ

МУРУН: ДЭТ-МЕТАЛ МУЗЫКАСЫН ОЙНОЧУ

МУРУНКУ ЖАШООМ. Мен Түштүк Американын түштүгүндө жайгашкан Магеллан кысыгындагы Пунта-Аренас деген шаарда туулуп-өскөм. Апам мени жалгыз тарбиялаган. Анткени беш жашымда атам экөө ажырашып кетишкен. Атам бизди таштап кеткенде, өзүмдү жалгыз калгандай сезгем. Атага аябай зар болчумун.

Апам Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдечү. Мени да алардын жыйналыштарына алып барып турчу. Бирок мен жыйналышка баргым келбегендиктен жолду карай чыр салып барчумун. Кийин 13 жашка чыгып калганда жыйналыштарга такыр эле барбай калдым.

Убакыттын өтүшү менен музыкага кызыга баштадым. Музыкага шыгым бар экенин байкагандыктан 15 жашымда хэви-метал, дэт-метал деп аталган рок-музыканын түрлөрүнө кызыгып кеттим. Ошол убакта фестивалдарга катышып жүрдүм, кафе-барларда жана кечелерде да ойночумун. Таланттуу музыканттар менен таанышып, чогуу көп жүргөндүктөн, классикалык музыкага да кызыга баштадым. Көп өтпөй Пунта-Аренастагы консерваторияга тапшырдым. 20 жашымда борбор калаабыз Сантьягого көчүп барып, окуумду ошол жерден уланттым. Ошону менен бирге эле хэви-метал, дэт-метал ойногон музыканттардын тобунун мүчөсү болуп жүрдүм.

Бирок ички дүйнөм толбой, бир нерсе жетишпегендей эле боло берчү. Ушундан улам топтогу досторум менен ичип, баңгизат колдоно баштадым. Аларды бир тууганымдай көрчүмүн. Мен козголоңчул болчумун, бул кебетемден эле көрүнүп турчу. Капкара кийим кийип, сакал коюп, чачымды белиме чейин өстүрүп алгам.

Мүнөзүм жаман болгондуктан кичине бир нерсе болсо эле мушташа кетчүмүн, ошонун айынан полиция кармап кеткен учурлар көп болгон. Бир жолу мен аракка тоюп алып, мага жана досторума тийишкен баңгизат саткан балдар менен мушташа кеттим. Баңгизат саткандар мени аябай сабап, алардын бири жаагымды чыгара муштаган.

Бирок баарынан да жакшы көргөн жакын адамдарың жүрөгүңдү жаралаганда, муну көтөрүш кыйын экен. Сүйлөшкөн кызым бир нече жыл бою көзүмө чөп салып, менин эң жакын досум менен сүйлөшүп жүрүптүр. Бул жөнүндө досторумдун баары эчак эле билишчү экен, бирок менден жашырып жүрүшүптүр. Муну билгенде күйбөгөн жерим күл болуп, аябай жаман болгом.

Мен Пунта-Аренаска көчүп кеттим, ал жерден музыкадан сабак берип, виолончель ойногонду үйрөтчүмүн. Хэви-метал, дэт-метал ойногон топ менен иштеп, ыр жаздырып да жүрдүм. Ошол убакта Сюзэн деген жакшынакай кыз менен таанышып калдым, кийинчерээк экөөбүз чогуу жашай баштадык. Анын апасы Троицага ишенчү, мен болсо ишенчү эмесмин. Бир күнү Сюзэн менден: «Троицага ишенүү туурабы?» — деп сурап калды. Мен ага: «Ыйык Китепте Троицанын жалган окуу экени айтылат, бирок аны кайсы аяттар менен далилдесе болорун билбейм»,— дедим. Анан ага Кудай жөнүндө чындык жазылган аяттарды Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептен көрсөтүп бере аларын айттым. Көптөн бери Кудайга кайрылып тилене элек болчумун. Ошондо Кудайдан жардам сурап тилендим.

Бир нече күндөн кийин бир кишини жолуктуруп калдым. Ал көзүмө жылуу учурагандыктан: «Сиз Жахабанын Күбөсү эмессизби?» — деп сурадым. Кебетемди көрүп чочулап турса да ал, жыйналыштардын каякта өтөрүн сураганымда, сылык жооп берди. Аны жолуктурганда Кудайдын тиленүүмдү укканын түшүндүм. Ошентип, бир күнү жыйналыштар өткөрүлгөн Падышалык залына барып, элдин көзүнө урунбаш үчүн, акыркы катарга барып отурдум. Кичинекей кезимде жыйналыштарга барып жүргөндүктөн, көптөр мени дароо эле таанып коюшту. Алар мени менен күлүп-жайнап учурашып, кучактап, аябай жакшы тосуп алышты. Ошондо жан дүйнөм тынчып, өзүмдү үйүмө кайрылып келгендей сездим. Ал жерден бала кезимде мени менен Ыйык Китепти изилдеген байкени көрүп, мага кайра Ыйык Китепти изилдегенге жардам беришин сурандым.

ЫЙЫК КИТЕП ЖАШООМДУ ӨЗГӨРТТҮ. Бир күнү Накыл сөздөр 27:11деги: «Уулум, акылдуу бол, жүрөгүмдү кубант»,— деген сөздөрдү окудум. Топурактан жаралган пенденин ааламдын Жаратканын кубанта аларын билгенде, аябай таасирлендим. Ошондо өмүр бою зар болуп издеп келген атам Жахаба Кудай экенин түшүндүм!

Мен асмандагы атамды кубантып, анын эркин аткаргым келчү. Бирок көп жылдардан бери баңгизаттын, ичкиликтин кулу болуп келгем. Ошондуктан Иса пайгамбардын: «Эч ким эки мырзага кул боло албайт»,— деген сөздөрүнө ылайык, аларга кул болбошум керектигин түшүндүм (Матай 6:24). Ал нерселерди таштай албай кыйналып жүргөндө 1 Корунттуктар 15:33төгү: «Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деген сөздөрдү окуп, ой жүгүрттүм. Барып жүргөн жерлериме барууну токтотпосом жана мурунку досторум менен байланышымды үзбөсөм, баңгизатты, ичкиликти таштай албай турганымды түшүндүм. Мени жаман ишке алып барган нерселерден толугу менен арылыш үчүн, Ыйык Китептеги кеңешке ылайык, чечкиндүү иш-аракет кылышым керек болчу (Матай 5:30).

Баарынан да хэви-металды таштоо кыйын болду. Бирок жыйналыштагы досторумдун жардамынын аркасында аны таштадым. Ичкилик ичпей калдым, баңгизат колдонгонду да токтоттум. Чачымды кырктырып, сакалымды алдым, капкара кийимдерди кийбей калдым. Сюзэнге чачымды кырктырарымды айтканымда, ал аябай таң калып: «Сен барып жүргөн жыйналышка мен да бир барып көрөйүнчү»,— деди. Жыйналыш ага аябай жагып, Ыйык Китепти изилдей баштады. Көп өтпөй Сюзэн экөөбүз никеге турдук. Ошентип, 2008-жылы экөөбүз тең Жахабанын Күбөсү болдук. Азыр апам, жубайым болуп Жахабага кызмат кылып жатканыбыз үчүн өзүбүздү бактылуу деп эсептейбиз.

КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП ЖАТАМ? Дүйнөдөгүлөр бир караганда ырахатка батып, бактылуу жашап жаткандай көрүнгөнү менен, чынында андай эмес экенине ынандым. Саткын адамдардын чөйрөсүнөн чыктым. Мен дагы деле музыканы жакшы көрөм, бирок азыр ылгай билем. Башыман өткөндөрдү үй-бүлөмө, өзгөчө, жаштарга көп айтып берип, бул дүйнө сунуштаган нерселер укмуш көрүнөрүн, бирок, чынында, «таштанды» экенин түшүнүүгө жардам берем (Филипиликтер 3:8).

Сүйүү, тынчтык өкүм сүргөн жыйналыштан берилген досторду таптым. Баарынан маанилүүсү, Жахаба Кудай менен ынак мамиледемин. Мен, акыры, зар болуп жүргөн Атамды таптым!

[Шилтеме]

^ 14-абз. «Туруктуулук ийгиликке жеткирет» деген ал макала «Күзөт мунарасынын» 2000-жылдын 1-февралындагы санынын 4—6-беттерине чыккан, ор.

[13-беттеги кыстырма]

«Мени Жахаба Кудай өзү кайрып келбесе, мен ага кайрылып келе алмак эмесмин»