Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Суроолорго жооп издеп...

Суроолорго жооп издеп...

Суроолорго жооп издеп...

«Иса пайгамбардын ким болгонуна байланыштуу ар кимдин ою ар кандай. Ага ишенебизби же ишенбейбизби, баарыбызда: „Иса пайгамбар ким болгон?“ — деген суроо туулат» (СТЭН ГАТРИ, ЖАЗУУЧУ).

ИСА пайгамбардын чынында ким болгону көптөрдү кызыктырат. Ал жөнүндө жазылган китептер, тартылган кинолор кеңири таралган. Ошондой болсо да ага байланыштуу суроолор дагы деле көп. Бирок Иса пайгамбар жөнүндө ар ким ар кандай ойдо.

Бир нече жыл мурун эки журналист Интернет аркылуу элге: «Иса пайгамбар ким болгон?» — деген суроо менен кайрылышкан. Айрымдар төмөндөгүдөй жоопторду жазышкан:

● «Иса пайгамбар боорукердиктин үлгүсүн көрсөткөн окутуучу болгон көрүнөт».

● «Ал биздей эле киши болгон, бирок анын жашоосу башкалардыкынан кыйла айырмаланган».

● «Иса пайгамбардын жашаганына эч кандай далил жок».

● «Ал — Кудайдын уулу, ал бизди күнөөдөн арылтыш үчүн жерге келген, биз үчүн өлүп, кайра тирилген. Азыр ал тирүү жана жакында жерге келет».

● «Мен Иса Машаяктын Кудайдын жалгыз уулу экенине, анын бир эле учурда адам да, кудай да экенине ишенем».

● «Ал жөнүндө айтылгандардын баары жомок».

Бул айтылгандардын баары эле туура болушу мүмкүн эмес. Иса пайгамбарга байланыштуу суроолорго туура жоопту каяктан тапса болот? Бул журналды басып чыгаргандар Ыйык Китептин Кудайдын Сөзү экенине жана ошол китепте гана Иса пайгамбар жөнүндө чындык жазылганына ишенишет * (2 Тиметей 3:16).

Кийинки макаладан Иса пайгамбар жөнүндөгү көптөрдү ойлондурган суроолорго Ыйык Китептен жооп алабыз. Ал «ага ишенген ар бир адамдын» өмүр аларын айткан (Жакан 3:16). Силер Иса пайгамбарга байланыштуу суроолордун жообун изилдеп көрүп, ал жөнүндө көбүрөөк билүү маанилүүбү же жокпу, биле аласыңар. Ошондой эле канткенде ага ишеним өрчүтө аларыңарды түшүнөсүңөр.

[Шилтеме]

^ 11-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин «Ыйык Китепти Кудай жаздырган» деген 2-бөлүмүн карагыла.