Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй ээси менен маектешүү.

Үй ээси менен маектешүү.

Үй ээси менен маектешүү.

Иса Кудайбы?

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ адамдар менен ар кандай темада сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт. Балким, кайсы бир суроонун жообун билгиңер келип жүргөндүр. Же Жахабанын Күбөлөрүнүн эмнелерге ишенери жөнүндө билгиңер келеттир. Эгер ошондой болсо, Жахабанын Күбөлөрүн жолуктурганыңарда аларга кайрылсаңар болот. Алар суроолоруңарга жооп берүүгө даяр.

Төмөндө Жахабанын Күбөсүнүн үй ээси менен курган маеги жазылган. Келгиле, алардын маегине көңүл буралы.

Силер Иса Машаякка ишенбейсиңерби?

Үй ээси: Жахабанын Күбөлөрү Иса Машаякка ишенбейт деп айтышат. Ушу чынбы?

Жахабанын Күбөсү: Жок. Биз Иса Машаякка ишенебиз. Куткарылышыбыз үчүн ага ишенүү маанилүү деп эсептейбиз.

Үй ээси: Мен да ошентип эсептейм.

Жахабанын Күбөсү: Экөөбүздүн көз карашыбыз окшош турбайбы.

Үй ээси: Анда эмне үчүн элдер Жахабанын Күбөлөрү Исага ишенбейт деп айтышат?

Жахабанын Күбөсү: Негизи, биз Иса Машаякка ишенебиз, бирок ал жөнүндө айтылган бардык эле сөзгө ишене бербейбиз.

Үй ээси: Эмнелерге ишенбейсиңер?

Жахабанын Күбөсү: Мисалы, айрымдар аны жөн эле жакшы киши болгон дешет. Бирок биз буга кошулбайбыз.

Үй ээси: Мен да буга кошулбайм.

Жахабанын Күбөсү: Экөөбүздүн көз карашыбыз бул жагынан да окшош экен. Биз Исанын Кудай жөнүндө окуткандарына каршы келген окууларга да ишенбейбиз.

Үй ээси: Кайсы окууларга?

Жахабанын Күбөсү: Көптөгөн диндер Исаны Кудай деп окутушат. Сиз туткан динде да ошентип окутпайбы?

Үй ээси: Ооба, бизде Иса менен Кудай бир деп окутат.

Жахабанын Күбөсү: Бирок Иса жөнүндө чындыкты билиш үчүн анын өзү жөнүндө эмне деп айткандарын изилдеп көрүшүбүз керектигине кошулат чыгарсыз.

Үй ээси: Ооба.

Иса Машаяк өзү жөнүндө эмне деген?

Жахабанын Күбөсү: Бул жөнүндө Ыйык Китептеги бир аятта эмне айтылганына көңүл бурсаңыз. Жакан 6:38де Иса Машаяктын мындай сөздөрү жазылган: «Мен асмандан өз эркимди эмес, мени жибергендин эркин аткарыш үчүн келгем». Эгерде Иса Кудай болсо, бул сөздөрдү түшүнүү кыйын болуп калмак.

Үй ээси: Кандайча?

Жахабанын Күбөсү: Байкасаңыз, бул аятта Иса Машаяк жерге өзүнүн эркин аткарыш үчүн келгенин айтып жатабы?

Үй ээси: Жок, ал аны жибергендин эркин аткарыш үчүн келгенин айтып жатпайбы.

Жахабанын Күбөсү: Ооба. Эгер Иса өзү Кудай болсо, аны жерге ким жиберген болуп калат? Демек, ал Кудай эмес.

Үй ээси: Бирок Исанын Кудай эмес экенин бир эле аят менен далилдөө жетишсиз да.

Жахабанын Күбөсү: Анда келиңиз, Иса Машаяктын дагы башка сөздөрүн окуп көрөлү. Ушул эле Жакан китебинин 7-бөлүмүнүн 16-аятында ушуга окшош ой жазылган. Окуп көрсөңүз.

Үй ээси: «Иса аларга мындай деди: „Мен үйрөткөн окуулар меники эмес, мени жибергендики“».

Жахабанын Күбөсү: Бул аятта Иса ал окуткан окуулар кимдики экенин айтып жатат?

Үй ээси: Ал окуулар меники эмес, мени жибергендики деп айтып жатат.

Жахабанын Күбөсү: Туура айтасыз, анда кайра эле: «Исаны ким жиберген? Ал окуткан чындыктарды ага ким үйрөткөн? Ал Исадан жогору турабы?» — деген суроолор туулат. Чынында, жиберген киши жиберилген кишиден жогору турат да, чынбы?

Үй ээси: Ооба, кызыктуу аят экен. Бул аятты мурда окубаптырмын.

Жахабанын Күбөсү: Иса Машаяктын Жакан 14:28де айткан сөздөрүнө да көңүл бурсаңыз. Бул жерде мындай делет: «Силерге: „Мен кетип баратам, кайра келем“,— деп айтканымды уктуңар. Эгерде мени чындап сүйсөңөр, Атама баратканыма сүйүнмөксүңөр, анткени Атам менден чоң». Бул аятта Иса Атасы жөнүндө эмне деп айткандарын байкадыңызбы?

Үй ээси: Ал Атасынын андан чоң экенин айтып жатат. Анда атасы андан жогору турат турбайбы.

Жахабанын Күбөсү: Ооба, туура айттыңыз. Эми дагы бир аятка көңүл бурсаңыз. Матай 28:18де Исанын өзүнүн шакирттерине мындай деп айткандары жазылган: «Асмандагы жана жердеги бийликтин баары мага берилди». Бул аятта Исанын башынан эле бүт бийликке ээ болгону айтылып жатабы?

Үй ээси: Жок, ага бийлик берилгени айтылып жатат.

Жахабанын Күбөсү: Эгер Иса Кудай болсо, ага бийлик берилет беле? Ага бийликти ким берген?

Үй ээси: Бул жөнүндө ойлонуп көрүш керек экен.

Ага ким сүйлөгөн?

Жахабанын Күбөсү: Эгер Исаны Кудай дей турган болсок, анда дагы бир нерсени түшүнүш кыйын болуп калмак.

Үй ээси: Эмнени?

Жахабанын Күбөсү: Лука 3:21, 22-аяттарга көңүл бурсаңыз. Бул жерде Исанын чөмүлтүлгөнү жөнүндө айтылат. Окуп көрөсүзбү?

Үй ээси: «Элдин баары чөмүлтүлгөндө, Иса да чөмүлтүлдү. Ал тиленип жатканда, асман ачылып, ыйык рух көгүчкөндөй болуп көрүнүп, анын үстүнө түштү. Ошондо асмандан: „Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сени колдойм“,— деген үн угулду».

Жахабанын Күбөсү: Иса чөмүлтүлгөндө эмне кылганын байкадыңызбы?

Үй ээси: Тиленген турбайбы.

Жахабанын Күбөсү: Ооба. Эгер Иса Кудай болсо, ал кимге тиленген?

Үй ээси: Билбейт экем. Мен барып жүргөн жердегилерден сурап көрөйүнчү.

Жахабанын Күбөсү: Дагы бир нерсеге көңүл бурсаңыз. Иса суудан чыккандан кийин, асмандан ага бирөө сүйлөгөн. Ал Исага эмне деп айтканын байкадыңызбы?

Үй ээси: Ал Исанын анын сүйүктүү Уулу экенин, аны колдой турганын айтып жатат.

Жахабанын Күбөсү: Эми ойлонуп көрсөңүз, эгер Иса Кудай болсо, бул сөздөрдү асмандан ага ким айткан?

Үй ээси: Бул жөнүндө такыр ойлонбоптурмун.

Эмне үчүн «Ата» жана «Уул» деп айтылат?

Жахабанын Күбөсү: Көңүл бурчу дагы бир нерсе, аяттан Исанын Кудайды асмандагы Атам деп айтканын окудук. Ал эми Иса чөмүлтүлгөндө, асмандан: «Менин сүйүктүү Уулум»,— деген үн угулган. Иса да өзүнүн Кудайдын Уулу экенин айтчу. Эгер сиз опокшош эки киши жөнүндө айткыңыз келсе, кимди мисал кылмаксыз?

Үй ээси: Эки бир тууганды мисал кылмакмын.

Жахабанын Күбөсү: Ооба, балким, эгиздерди мисал кылмаксыз, э? Бирок Иса Кудайды Ата деп, өзүн болсо Уул деп айткан. Анда кандай деп ойлойсуз, Иса муну менен эмнени айткысы келген?

Үй ээси: Ал биринин экинчисинен жогору экенин айткан окшойт.

Жахабанын Күбөсү: Ооба. Сиз бири-бирине окшош эки киши жөнүндө айтканда эгиздерди же эки бир тууганды мисал келтирмекмин деп айттыңыз. Эгер Иса чынында эле Кудай болсо, ал деле сиздей болуп, бирдей абалды ээлеген эки кишини мисал келтирмек да. Анын үстүнө, ал Улуу Окутуучу болгондуктан абдан түшүнүктүү мисал келтирмек да, чынбы?

Үй ээси: Чын эле.

Жахабанын Күбөсү: Иса Кудайдын андан жогору турарын түшүндүрүш үчүн ата менен уулду» мисал кылган.

Үй ээси: Чын эле ойлондурарлык экен.

Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары эмне дешкен?

Жахабанын Күбөсү: Кетеримде дагы бир нерсе жөнүндө айта кетейинби?

Үй ээси: Мейли.

Жахабанын Күбөсү: Эгер Иса Кудай болсо, шакирттери анын Кудай экенин айтышмак да, чынбы?

Үй ээси: Ооба.

Жахабанын Күбөсү: Бирок алардын антип айтканы Ыйык Жазманын бир да жеринде айтылбайт. Исанын биринчи кылымда жашаган жолдоочусу элчи Пабылдын эмне деп жазганына көңүл бурсаңыз. Филипиликтер 2:9да мындай делет: «Кудай аны [Исаны] ого бетер жогорулатып, ага бардык ысымдардан жогору турган ысым берди». Бул аятта Кудайдын эмне кылганы айтылып жатат?

Үй ээси: Кудай аны ого бетер жогорулатыптыр.

Жахабанын Күбөсү: Ооба. Ойлонуп көрсөңүз, эгер Иса Кудай болсо жана Кудай аны ого бетер жогорулатса, анда Кудайдан да жогору турган бирөө бар болуп калмак. Бирок Кудайдан жогору турган эч ким жок да, туурабы?

Үй ээси: Туура.

Жахабанын Күбөсү: Ушу далилдерди карап чыккандан кийин Исаны Кудай деп айта алабызбы?

Үй ээси: Жок, Иса Кудайдын уулу турбайбы.

Жахабанын Күбөсү: Туура жыйынтык чыгардыңыз. Жахабанын Күбөлөрү Исага ишенишет жана аны бүт адамдар үчүн өлүп, куткарылууга жол ачкан Машаяк катары кабыл алышат.

Үй ээси: Мен да ушуга ишенем.

Жахабанын Күбөсү: Кандай деп ойлойсуз, Исанын биз үчүн өмүрүн бергенине кантип ыраазычылык билдире алабыз? *

Үй ээси: Билбейм.

Жахабанын Күбөсү: Эгер кааласаңыз, эмкиде ушул тууралуу сүйлөшсөк болот. Эмки жумада ушул маалда келсем, үйдө болосузбу?

Үй ээси: Үйдө эле болом.

Жахабанын Күбөсү: Мейлиңиз анда, жакшы калыңыз.

[Шилтеме]

^ 75-абз. Бул тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 5-бөлүмүн карагыла.