Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңдеби?

Эсиңдеби?

«Күзөт мунарасынын» акыркы сандарын көңүл коюп окудуңбу? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңбы?

Исадан тиленүү туурабы?

Жок. Ал тиленгенибизде Жахабага кайрылышыбыз керектигин айткан жана өзү да андан тиленип, үлгү көрсөткөн (Мт. 6:6—9; Жкн. 11:41; 16:23). 1-кылымдагы шакирттер да тиленгенде Исага эмес, Кудайга кайрылышкан (Элч. 4:24, 30; Кол. 1:3) (1.1. 14-б.).

Исанын өлгөн күнүн эскерүүгө жыл сайын кантип даярдансак болот?

Эскерүү кечесинин алдында Ыйык Китепти атайын түзүлгөн график боюнча окусак, ал азем өткөрүлө турган айларда көбүрөөк кызмат кылсак, ошондой эле Кудай берген үмүтүбүз тууралуу тиленүү менен ой жүгүртсөк, жакшы даярданган болобуз (15.1. 14—16-б.).

Мисирдеги түрмөдө түштөрүн Жусупка айткан эки киши кийин эмне болгон?

Жусуп фараондун шарап сунуучусуна кайрадан мурунку кызматына дайындаларын, ал эми наабайчылардын башчысына фараондун буйругу боюнча өлтүрүлүп, устунга асыларын айткан. Экөөнүн тең түшү Жусуп жоругандай аткарылган (Башт. 40:1—22) (1.2. 12—14-б.).

Жапондор кандай күтүлбөгөн белек алышкан?

«Жаңы дүйнө котормосундагы» Матайдын Инжили жапон тилинде өзүнчө китеп болуп чыгарылган. Бир туугандар ал адабиятты кызматта колдонгондун натыйжасында аны Ыйык Китепти окуп көрө элек көптөгөн адамдар алып жатышат (15.2. 3-б.).

1-кылымда жакшы кабардын таралышына эмнелер шарт түзгөн?

Рим тынчтыгы деп аталган доор салыштырмалуу бейпил болгон. Жолдор жакшы болгондуктан, шакирттер Рим империясынын ар кайсы жагына бара алышкан. Грек тилинин кеңири колдонулганы жакшы кабарды империянын чар тарабындагы жүйүттөргө да жеткирүүгө шарт түзгөн. Андан сырткары, Римдин мыйзамдары кабар айтуу укугун коргоого мүмкүнчүлүк берген (15.2. 20—23-б.).

Исанын жолдоочулары эмне үчүн Пасханы майрамдашпайт?

Иса жолдоочуларына анын тирилген күнүн эмес, өлгөн күнүн белгилеши керектигин айткан (Лк. 22:19, 20) (1.3. 8-б.).

Акыркы кездерде эмне үчүн Ыйык Китептеги билдирүүлөрдүн каймана маанисине көп басым жасалбай калды?

Ыйык Китептин өзүндө айрым адамдардын келечектеги кимдир бирөөнү же бир нерсени билдирери айтылат. Буга Галатиялыктар 4:21—31-аяттар мисал боло алат. Бирок Ыйык Китептеги бардык билдирүүлөр каймана мааниге ээ деп ойлоо туура эмес. Биз анда жазылган окуялардан жана инсандардан эмнелерге үйрөнө аларыбызга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек (Рим. 15:4) (15.3. 17, 18-б.).

Байыркы Мисирдеги таштандылардын арасынан табылган папирус калдыгы эмнеси менен кызыктуу?

20-кылымда элчи Жакандын Инжилиндеги кээ бир аяттар камтылган папирус калдыгы табылган. Ал, сыягы, Жакан өзүнүн Инжилин жазгандан ондогон жылдар өткөндөн кийин эле жазылган. Анын тексти Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенин ырастап турат (1.4. 10, 11-б.).

Өкүнбөгөн күнөөкөрдү жыйналыштан чыгаруу чарасы кандайча сүйүүнү айгинелейт?

Жыйналыштан чыгаруу чарасы Ыйык Китепке негизделет. Анын бир нече пайдасы бар (1 Кор. 5:11—13). Алсак, Кудайдын ысмы даңкталат, жыйналыш таза сакталат жана күнөөкөр акылына келиши мүмкүн (15.4. 29, 30-б.).