1 Корунттуктар 5:1—13
5 Араңарда бузуктукка+, болгондо да, башка элдердин арасында кездешпей турган бузуктукка жол берилип жатканын уктум: кимдир бирөө атасынын аялы менен жашап жүрүптүр+.
2 Буга кайгырып+, андай ишке барганды араңардан чыгарып салгандын ордуна+, менменсингениңер кандай?+
3 Өзүм силер менен болбосом да, рухум силер менен. Ошондуктан, араңарда жүргөнүмдөй, андай иш кылган кишиге өкүм чыгарып койдум+.
4 Ошентип, баарыңар чогулганда, Мырзабыз Исанын күчү аркылуу менин рухум менен бирге Мырзабыз Исанын атынан+
5 ал кишини, бузуку таасири жок кылынышы үчүн, Шайтанга тапшыргыла+. Ошондо Мырзабыздын күнүндө+ жыйналыштын руху сакталат+.
6 Мактанганыңар жарабайт+. Же бир аз эле ачыткы+ бүт камырды ачытарын билбейсиңерби?+
7 Жаңы камыр болушуңар үчүн+, эски ачыткыдан арылгыла, ичиңерде ачыта турган эч нерсе болбосун. Себеби Пасах козусу+ Машаяк+ биз үчүн курмандыкка чалынган+.
8 Ошондуктан эски ачыткы менен эмес+, жамандыктын жана ыймансыздыктын+ ачыткысы менен да эмес+, таза жүрөктүн жана чындыктын+ каламасы менен майрамдайлы+.
9 Силерге жазган катымда бузуктук кылып жүргөндөр менен мамилелешкениңерди токтотушуңар керектигин айткан болчумун.
10 Бирок мен бул дүйнөдөгү+ бузуктук кылып жүргөндөр+ же ач көздөр, талап-тоноочулар же буркандарга табынгандар жөнүндө айткан эмесмин. Болбосо дүйнө менен болгон мамилеңерди биротоло үзүүгө туура келмек+.
11 Азыр силерге жазарым, ким бир тууган деп аталганы менен, бузуктук кылып жүрсө же ач көз+ болсо, же бурканга табынса, же аракеч+, же талап-тоноочу болсо же башкаларга тил тийгизсе, аны менен мындан ары мамилелешпегиле+, атүгүл бирге отуруп тамактанбагыла.
12 Жыйналыштан сырттагыларды мен соттомок белем?+ Силер да жыйналыштагыларды соттошуңар керек эмеспи?+
13 Жыйналыштан сырттагыларды болсо Кудай соттойт+. «Жаман кишини араңардан чыгарып салгыла»+.