Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Кандай мааниде «ишенимдүү кызматчыларынын өлүмү Жахабанын көз алдында кымбат»?

▪ Забурчу ыйык рухтун жетеги менен: «Ишенимдүү кызматчыларынын өлүмү Жахабанын көз алдында кымбат»,— деп айткан (Заб. 116:15). Жахаба үчүн ар бир кызматчысынын өмүрү абдан баалуу, бирок 116-забурда жазылган жогорудагы сөздөрдө бир эле адамдын өлүмү жөнүндө айтылган жок.

Кайсы бир ишенимдешибиздин сөөгүн коюуда сөз сүйлөп жатканда, ал Жахабанын берилген кызматчысы болгон болсо да, Забур 116:15ти ага карата колдонууга болбойт. Эмне үчүн? Себеби ал аят кеңири мааниге ээ. Андагы сөздөр Кудай үчүн бүт ишенимдүү кызматчыларынын өмүрү ушунчалык кымбатка тургандыктан, ал алардын топ катары жок болуп кетишине эч качан жол бербей турганын билдирет. (Кара: Забур 72:14; 116:8.)

Забур 116:15 бизди Жахабанын өзүнүн берилген кызматчыларынын жер бетинен топ катары жок кылынышына жол бербей турганына ынандырат. Чынында эле, биздин тарыхыбыз ишенимдештерибиздин эң эле оор сыноолорго, куугунтуктарга туруштук бергенин тастыктап турат. Бул болсо Кудайдын өз элинин тукум курут болушуна эч качан жол бербей турганынын айкын далили.

Жахаба чексиз күчтүү жана анын ой-ниети сөзсүз аткарылат, ошондуктан ал бардык кызматчыларынын жер менен жексен болушуна жол бербейт. Эгер жол бере турган болсо, душмандары андан күчтүү болгондой болуп калмак. Ошондой эле анын жер бетин ага берилген адамдарга толтурууга байланыштуу ой-ниети аткарылбай калмак. Бирок мындай болушу таптакыр мүмкүн эмес! (Ыш. 45:18; 55:10, 11). Мындан тышкары, Жахабанын улуу рухий ибадатканасынын жердеги короосунда ага сыйына турган эч ким калбай калса, жердеги ыйык кызмат токтоп калмак. Ошондой эле «жаңы жердин» — «жаңы асмандын» астында жашай турган адил адамдардын коомунун — пайдубалы салынбай калмак (Аян 21:1). Жер бетинде эл болбосо, Машаяктын миң жылдык башкаруусу да болбой калмак (Аян 20:4, 5).

Андан тышкары, эгер Жахаба душмандарына жердеги бүт элин жок кылууга жол берип койсо, анын Ааламдын Эгедери катары ээлеген абалына, аброюна сөз тиймек. Ырас, Жахаба өзүн жана ыйык ысмын сыйлагандыктан да бардык ишенимдүү кызматчыларынын өлүмгө кыйылышына жол бербейт. Ошондой эле Кудай «эч качан адилетсиздик кылбайт», ошондуктан берилген кызматчыларынын өмүрүн сөзсүз сактап калат (Мыйз. 32:4; Башт. 18:25). Эгер ал алардын топ катары ойрон болушуна жол берип койсо, бул Ыйык Китептеги: «Жахаба өзүнүн улуу ысмы үчүн өз элин таштабайт»,— деген сөздөргө карама-каршы келип калмак (1 Шем. 12:22). Ырас, «Жахаба өз элин таштабайт, өз мурасын калтырбайт» (Заб. 94:14).

Жахабанын элинин жер бетинде дайыма болорун билүү кандай жубатарлык! Ошондуктан, келгиле, Кудайдын: «Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт, сен сотто өзүңө каршы чыккан ар бир тилди айыпка жыгасың. Бул — Жахабанын кызматчыларына берилген мурас. Алардын адилдиги менден»,— деген убадасына бекем ишенип, ар дайым ага болгон берилгендигибизди сактайлы (Ыш. 54:17).

[22-беттеги сүрөт]

Кудай өз элинин жок кылынышына эч качан жол бербейт