Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исанын чыныгы жолдоочулары Кудай Сөзүн туу тутушат

Исанын чыныгы жолдоочулары Кудай Сөзүн туу тутушат

«Сенин сөзүң — чындык» (ЖКН. 17:17).

1. Жахабанын Күбөлөрү менен биринчи жолу сүйлөшкөнүңөрдө алардын башка диндегилерден эмнеси менен айырмаланарын байкадыңар эле?

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ менен биринчи жолу сүйлөшкөнүңөрдү эстесеңер. Ошол маек эмнеси менен эсиңерде калган? Көптөр: «Күбөлөрдүн бардык суроолорума Ыйык Китепти колдонуп жооп бергенине таң калгам»,— дешет. Ыйык Китептен Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниетин, адам өлгөндө эмне болорун жана каза болгон сүйүктүү жакындарыбызды кайрадан көрөрүбүздү билгенде кандай сүйүнгөнбүз!

2. Ыйык Китепти эмне себептен жогору баалайсыңар?

2 Ал эми Ыйык Китепти тереңирээк изилдегенибизде анын жашоого, өлүмгө жана келечекке байланыштуу суроолорубузга жооп бергенден тышкары, бизге көп пайда алып келе турган дүйнөдөгү эң эле баалуу китеп экенин түшүнгөнбүз. Андагы кеңештер эч качан эскирбейт, эч качан баалуулугун жоготпойт жана аларга жетектелген киши жашоодо ийгиликке жетип, бактылуу өмүр сүрөт. (Оку: Забур 1:1—3.) Машаяктын чыныгы жолдоочулары Ыйык Китепти ар убак «адамдын сөзүндөй эмес, Кудайдын сөзүндөй кабыл алып» келишкен (1 Тес. 2:13). Анда келгиле, тарыхка кыскача сереп салып, Кудайдын Сөзүн жогору баалагандар менен аны баалабагандардын айырмасын карап көрөлү.

ЧИЕЛҮҮ МАСЕЛЕНИН ЧЕЧИЛИШИ

3. 1-кылымда Исанын жолдоочуларынын жыйналышынын биримдигине эмне коркунуч туудурган жана ошондон улам кандай кыйынчылык туулмак?

3 Сүннөткө отургузулбаган жүйүт эмес Корнелий майлангандан кийинки 13 жыл аралыгында Исанын жолдоочуларынын ынтымагын ыдырата турган бир көйгөй пайда болгон. Башка улуттагы көптөгөн кишилер Исанын жолдоочусу болгондо, эркек киши чөмүлтүлгөнгө чейин, жүйүттөрдүн салтына ылайык, сүннөткө отургузулушу керекпи деген суроо көтөрүлгөн. Жүйүттөргө бул суроого жооп берүү оңой болгон эмес. Анткени Мыйзамга карманган жүйүттөр алардын динин тутпаган киши менен жакын мамиледе болмок түгүл, анын үйүнүн босогосун аттачу эмес. Ошо кезде Исанын жүйүт жолдоочулары динин өзгөрткөнү үчүн катуу куугунтукталып жатышкан. Эгер алар сүннөткө отургузулбаган башка улуттагы кишилерди өздөрүнө кошуп ала турган болсо, жүйүт динин туткандар менен Исанын жолдоочуларынын ортосундагы жарака ого бетер кеңейип, куугунтук күчөмөк (Гал. 2:11—14).

4. Кабыргасынан коюлган маселени чечүүгө кимдер чогулушкан жана ага байланыштуу кандай суроолор туулушу мүмкүн эле?

4 Б.з. 49-жылы Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдар — сүннөткө отургузулган жүйүттөр — ошол «маселени караганы чогулушкан» (Элч. 15:6). Ошондо алар болор-болбос эле нерселер жөнүндө сүйлөшүп, жолугушууну супсак эле өткөрүп койбостон, Ыйык Китептеги окуулар туурасында кызуу талкуу жүргүзүшкөн. Ар бири көтөрүлгөн маселеге карата өз оюн ортого салган. Чыгарылган чечимге алардын жеке көз карашы, бейкалыс пикири таасир эткенби? Жетекчиликти колго алган ал аксакалдар, Ысрайылдагы диний абал жакшырганга чейин, чечим чыгарбай коё турушту беле? Же эптеп эле бир бүтүмгө келели деп, өздөрү туура көрбөгөн пикирге кошулуп коюшту беле?

5. Б.з. 49-жылы Иерусалимде өткөн жолугушуу андан кийинки кылымдарда өткөрүлгөн чиркөө чогулуштарынан эмнеси менен айырмаланган?

5 Чиркөө чогулуштарында диний жетекчилердин өздөрү туура көрбөгөн чечимдерге макул болуп койгону же башкаларды өздөрүнүн көз карашына кошулууга көндүргөнү жат көрүнүш эмес. Бирок жогоруда айтылып өткөн Иерусалимдеги жолугушуу алардан таптакыр айырмаланган. Эмне үчүн? Ага катышкандар өзүнүн көз карашына канчалык бекем карманбасын, баары Кудай Сөзүн туу тутушкан жана маселени чечүүдө анда айтылгандарга жетектелишкен. (Оку: Забур 119:97—101.)

6, 7. Сүннөткө отургузулууга байланышкан талаш маселени чечүүдө Ыйык Жазма кандайча колдонулган?

6 Ал чиелүү маселенин түйүнүн чечүүгө Амос 9:11, 12-аяттар жардам берген. Ал аяттар Элчилер 15:16, 17де цитата кылынган. Ал жерде мындай делет: «„Кайрылып келип, Дөөтүнүн кулап калган үйүн кайра курам, урандыларын чогултуп, аны кайра калыбына келтирем. Ошондо бул элдин калдыгы бардык элдерден чыккан жана менин ысмым менен аталган адамдар менен бирге Жахабаны тырышчаактык менен издейт”,— дейт Жахаба».

7 Бирок кимдир бирөө: «Коё турсаң, бул аяттарда Исанын жолдоочусу болгон жүйүт эмес киши сүннөткө отургузулбашы керек деп айтылган жок го»,— деши мүмкүн. Ооба, антип айтылган жок, бирок бул аяттардан башка улуттагылардан Исанын жолдоочусу болушу үчүн сүннөткө отургузулуу талап кылынбай турганын билүүгө болот. Исанын жүйүт жолдоочулары мына ушуну түшүнүшү керек болчу. Алар башка улуттагы сүннөткө отургузулган кишилерди бөлөк «элдерден чыккан» кишилер катары эмес, бир туугандары катары көрүшчү (Чыг. 12:48, 49). Мисалы, Бэгстер которгон «Септуагинтада» Эстер 8:17: «Башка элдерден чыккан көптөгөн кишилер сүннөткө отургузулуп, жүйүт болушкан»,— деп берилген. Ыйык Жазмада Ысрайыл үйүнүн калдыгынын (жүйүттөр жана сүннөткө отургузулуп, жүйүт динин кабыл алгандар) «бардык элдерден чыккан» адамдар (башка улуттагы сүннөткө отургузулбаган кишилер) менен бирге Кудайдын ысмы менен аталган бир эл болушмактыгы пайгамбарлык кылынган. Демек, Ыйык Жазмада ал маселеге карата эмне делгени айкын болгон: Исанын жолдоочусу болгусу келген башка улуттагы кишилерден сүннөткө отургузулуу талап кылынган эмес.

8. Чечим чыгаруу үчүн эмне себептен кайраттуулук талап кылынган?

8 Кудайдын Сөзү жана анын руху Исанын ак ниет жолдоочуларына «бир добуштан» чечим чыгарууга жардам берген (Элч. 15:25). Чыгарылган чечимден улам Исанын жолун жолдогон жүйүттөр мурдагыдан да катуу куугунтукталышы мүмкүн болсо да, ишенимдүү шакирттер Ыйык Китептин негизинде чыгарылган чечимди толугу менен колдошкон (Элч. 16:4, 5).

ЧОҢ АЙЫРМА

9. Чыныгы сыйынуунун арамдалышына эмне себеп болгон жана кайсы негизги окуу бурмаланган?

9 Элчи Пабыл элчилердин көзү өткөндөн кийин, чыныгы сыйынуунун жалган окуулар менен арамдала турганын алдын ала айткан. (Оку: 2 Тесалоникалыктар 2:3, 7.) «Туура окууну» жактырбагандардын арасында жыйналышта жооптуу кызматты аткаргандар да болмок (2 Тим. 4:3). Пабыл өзүнүн күндөрүндөгү аксакалдарга: «Шакирттерди ээрчитип кетиш үчүн өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат»,— деп эскерткен (Элч. 20:30). «Жаңы Британ энциклопедиясында» чындыктын кайсы негизги себептен улам бурмаланганы мындайча түшүндүрүлгөн: «Исанын грек философиясын окуган кээ бир жолдоочулары өздөрүнүн диний окууларын философиялык терминдер менен түшүндүрө башташкан, муну менен алар өздөрүнүн билимдүү экенин көрсөтүүнү жана башка улуттагы билимдүү адамдарды чындыкка тартууну көздөшкөн». Бутпарастардын ой-түшүнүгү менен арамдалган маанилүү окуулардын бири Иса Машаяктын ким экени жөнүндөгү окуу эле. Ыйык Китепте ал Кудайдын Уулу делсе, грек философиясын жакшы көргөндөр аны Кудай деп ырасташкан.

10. Чиркөө башчылары Исанын ким экендигине байланыштуу маселени кантип чечишкен?

10 Чиркөө чогулуштарында ал окууга байланыштуу көптөгөн талаш-тартыштар болгон. Эгер чиркөө башчылары маселени кароодо Ыйык Жазманы бедел тутушса, ал бат эле чечилмек. Тилекке каршы, алар анткен эмес. Чынында, алардын көбү атүгүл чогулушка чейин эле чечим чыгарып алышкан жана алардын оюн өзгөртүү мүмкүн эмес эле. Ошол чогулуштарда кабыл алынган чечимдер менен көрсөтмөлөр Ыйык Жазмага негизделмек турсун, ал китеп жөнүндө сөз да болгон эмес.

11. Диний жетекчилер чиркөө аталары деп аталгандардын сөздөрүн канчалык бедел тутушкан жана эмне үчүн?

11 Эмне себептен алар Ыйык Жазманы кылдат изилдешкен эмес? Чарлз Фримен деген окумуштуунун айтымында, Исаны Кудай туткандарга Исанын өзүнүн Кудайдан төмөн турарын көрсөткөн сөздөрүн кабыл алуу кыйынга турган. Натыйжада чиркөөнүн каада-салттары жана чиркөө башчыларынын ой-пикири Инжилден да жогору туруп калган. Азыркы учурда да диний жетекчилердин басымдуу бөлүгү чиркөө аталары деп аталгандардын сөздөрүн Кудайдын Сөзүнөн да жогору көрүшөт! Эгер чиркөө мектебинен билим алган киши менен Троица жөнүндө талкуулаган болсоңор, муну байкаганыңар шексиз.

12. Император чиркөөгө кандай таасир эткен?

12 Чиркөө чогулуштарына Рим императорунун кийлигишкени дароо эле көзгө урунган көрүнүш болгон. Профессор Ричард Рубенштейн Никея чогулушу туурасында мындай деп жазган: «Константин [епископторго] аябай жакшы мамиле кылып, аларды үч уктаса да түшүнө кирбеген дүнүйөгө көмгөн. Бир жылга жетпеген убакыт аралыгында ал жаңы император алардын дээрлик бардык чиркөөлөрүн кайрып же кайра куруп берген, ошондой эле аларга айрылып калган кызмат ордуларын, наамдарын кайтарып берген... Ал христиан диний жетекчилерине мурда бутпарас диний жетекчилерге таандык артыкчылыктарды ыйгарган». Натыйжада «Константин Никея чогулушуна күчтүү таасир эткен, ал эле эмес, аны өзү билгендей башкарган». Чарлз Фримен: «Ошондон тартып Константин тек гана чиркөөнүн абалын бекемдебестен, анын окууларына да чоң таасир эте баштаган»,— деп кошумчалаган. (Оку: Жакып 4:4.)

13. Чиркөө жетекчилери Ыйык Китептеги ачык-айкын окууларды эмне себептен четке каккан деп ойлойсуңар?

13 Чиркөөнүн аттуу-баштуулары Иса Машаяктын ким экенин так аныктай албай кыйналышса, карапайым кишилердин көбү үчүн бул кыйын деле болгон эмес. Алар императордун алтынына ашыкпагандыктан жана чиркөөдөгү мансап-даражаны көздөбөгөндүктөн пайда болгон суроолорду калыс, Ыйык Жазманын негизинде талдай алышкан. Чынында эле ошондой болгонун көптөгөн далилдер тастыктап турат. Ошол доордун теологу Григорий Нисский карапайым элди какшыктап мындай деген: «Кийим сатуучулар, акча алмаштыруучулар, азык-түлүк саткандар — тим эле баары теолог болуп кетти. Акчаңдын канчага бааланарын сурасаң, кээ бир философтор Атанын Уулдан айырмаланарын түшүндүрүп киришет. Нандын баасын сурасаң, Ата Уулдан чоң деген жооп аласың. Жуунчу жайдын даяр болгон-болбогонун билейин десең, Уулдун... жаратылганын угасың». Ооба, чиркөө башындагылардан айырмаланып, карапайым кишилердин көпчүлүгү ишенген нерселерин Кудайдын Сөзүнүн негизинде түшүндүрүп бере алышкан. Григорий менен анын шериктери аларды укса жакшы болбойт беле!

«БУУДАЙ» МЕНЕН «ОТОО ЧӨПТӨРДҮН» ЧОГУУ ӨСҮШҮ

14. 1-кылымдан тартып Исанын майланган чыныгы жолдоочулары дайыма болуп келген деп эмне үчүн айта алабыз?

14 Исанын бир мисалынан көрүнүп тургандай, 1-кылымдан тартып анын майланган чыныгы жолдоочулары дайыма болуп келмек. Ал аларды «отоо чөптөр» менен бирге өскөн «буудайга» салыштырган (Мт. 13:30). Албетте, биз кайсы бир кишилерди же топторду майлангандардан турган буудай тобуна кирет деп так айта албайбыз, бирок тарых бою Кудай Сөзүн кайраттуулук менен коргоп, чиркөөнүн окуулары Ыйык Жазмага каршы келерин ашкерелеген адамдардын болуп келгенине шек жок. Айрым мисалдарга токтололу.

15, 16. Кудай Сөзүн туу туткан айрым кишилер кимдер болгон?

15 Францияда жашаган архиепископ Лиондук Агобард (б.з. 779—840-ж.) сөлөкөткө сыйынууну, чиркөөлөрдүн ыйыктарга арналышын жана чиркөөдөгү Ыйык Жазмага дал келбеген каада-салттар менен иш-аракеттерди айыптап чыккан. Анын замандаштарынын бири епископ Клавдий да чиркөөнүн каадаларын, ыйыктарга тиленүүнү жана буюмдарды ыйык тутууну туура көргөн эмес. 11-кылымда франциялык архидиакон Турдук Беренгарий шарап менен нан кереметтүү түрдө Исанын денеси менен канына айланат деген католик окуусунун тууралыгын талашка салган. Ошондой эле ал Ыйык Китепти чиркөөнүн жол-жоболорунан жогору көргөн.

16 12-кылымда Ыйык Китепти сүйгөн Пьер де Брюи, Лозанналык Генрих деген кишилер да жашап өткөн. Пьер католиктердин ымыркайларды чөмүлткөнүн, нан менен шарап кереметтүү түрдө Исанын денеси менен канына айланат деген окуусун, өлгөндөргө тиленүүсүн, айкаш жыгачка сыйынганын туура көрбөгөндүктөн дин кызматчылык милдетинен баш тарткан. Ишеними үчүн ал 1140-жылы өмүрү менен кош айтышкан. Ал эми кечил Генрих чиркөөдөгү ыпылас иштерге, Ыйык Жазмага дал келбеген сыйынууга каршы пикирин айтканы үчүн 1148-жылы камакка алынып, өмүрү өткөнчө түрмөдө жаткан.

17. Вальдо жана анын жолдоочулары кандай маанилүү нерселерди кылышкан?

17 Пьер де Брюи чиркөөгө каршы чыгууга дааганы үчүн тирүүлөй өрттөлгөн убактарда Ыйык Китептеги чындыктын таралышына зор салым кошо турган бир киши жарык дүйнөгө келген. Анын фамилиясы Вальдес (же Вальдо) болгон *. Пьер де Брюи менен Лозанналык Генрихтен айырмаланып, ал дин кызматчы болгон эмес. Бирок Кудайдын Сөзүн ушунчалык баалагандыктан өзүнүн бүт мүлкүн сатып, анын айрым бөлүктөрүнүн Франциянын түштүк-чыгышындагы жалпы эл сүйлөгөн тилге которулушуна кам көргөн. Мунун аркасында көптөр Ыйык Китептеги кабарды өз эне тилинде угушкан. Алардын айрымдары ушунчалык таасирленгендиктен, алар да колундагы нерселерин сатып, бүт өмүрүн башкаларга Ыйык Китептеги чындыкты айтууга арнашкан. Бул чиркөөнүн кыжырын келтирген. Кийинчерээк вальдесчилер деп аталып калган ал ынталуу эркек-аялдарды 1184-жылы Рим папасы чиркөөдөн чыгарган, ал эми епископ сүргүнгө айдап жиберген. Бирок бул Ыйык Китептеги кабардын башка аймактарга жайылышына шарт түзгөн. Натыйжада Вальдонун, Пьер де Брюинин, Лозанналык Генрихтин жана чиркөөдөн бөлүнүп чыккан башка кишилердин жолдоочулары Европанын көп жерлерине тараган. Андан кийинки кылымдарда Ыйык Китептеги чындыкты эр жүрөктүк менен жактаган башка кишилер да чыккан. Алар: Жон Уиклиф (б. м. 1330—1384-ж.), Уильям Тиндаль (б. м. 1494—1536-ж.), Генри Гру (1781—1862-ж.) жана Жорж Сторрз (1796—1879-ж.).

«КУДАЙДЫН СӨЗҮ КИШЕНДЕЛГЕН ЖОК»

18. 1800-жылдардын аягында чын ыкластан чындыкты издеген кишилер Ыйык Китепти кантип изилдешкен жана бул эмне үчүн натыйжалуу болгон?

18 Ыйык Китептин душмандары канчалык аракет кылышпасын, андагы кабардын таралышына бөгөт коё алышкан эмес. «Кудайдын сөзү кишенделген жок»,— делет 2 Тиметей 2:9да. 1870-жылы чын ыкластан Ыйык Китепти изилдегендердин тобу чындыкты издей башташкан. Алар Ыйык Китепти кантип изилдешкен? Кимдир бирөө суроо көтөргөн. Анан аны чогуу-чаран талкуулашкан. Көтөрүлгөн суроого байланыштуу аяттардын баарын карап чыгып, ошол аяттардын бири-бирине дал келерине ынанышканда бүтүм чыгарып, аны кагаз бетине түшүрүшкөн. 1800-жылдардын аягында жашаган ал ишенимдүү кишилердин, рухий ата-бабаларыбыздын, 1-кылымдагы элчилер менен аксакалдардай болуп, өздөрүнүн ишенимин Кудайдын Сөзүнө бекем негиздегени силерди бекемдебейби?

19. 2012-жылдын жылдык аяты кайсы жана ушул аяттын тандалганы эмне үчүн орундуу?

19 Бүгүн биздин да ишенимибиз Ыйык Китепке негизделет. Ошондуктан Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши 2012-жылдын жылдык аяты катары Исанын: «Сенин сөзүң — чындык»,— деген сөздөрүн тандады (Жкн. 17:17). Кудайдын ырайымына ээ болгусу келгендердин бардыгы чындык боюнча жүрүшү керек. Андыктан, келгиле, баарыбыз Кудайдын Сөзүнө жетектелүү үчүн бүт күчүбүздү жумшай берели.

[Шилтеме]

^ 17-абз. Вальдести кээде Пьер Вальдес же Питер Вальдо деп да коюшат, бирок анын ысмы кандай болгону белгисиз.

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги кыстырма]

2012-жылдын жылдык аяты: «Сенин сөзүң — чындык» (Жкн. 17:17)

[7-беттеги сүрөт]

Вальдо

[7-беттеги сүрөт]

Уиклиф

[7-беттеги сүрөт]

Тиндаль

[7-беттеги сүрөт]

Гру

[7-беттеги сүрөт]

Сторрз