Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын бийлигине баш ий

Жахабанын бийлигине баш ий

Жахабанын бийлигине баш ий

«Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу кыйын эмес» (1 ЖКН. 5:3).

1, 2. а) Көптөр баш ийүү деген сөз айкашын эмне үчүн жактырышпайт? б) Көзкаранды болгусу келбегендер чынында эле эч кимге көзкарандысызбы? Түшүндүр.

БАШ ИЙҮҮ... Бул сөз айкашы көптөрдө терс ой-сезимдерди туудурат. Себеби алар кимдир бирөөгө көзкаранды болгусу келбейт. Андай адамдар: «Мага „минт“ же „тигинт“ деп айтканга эч кимдин акысы жок»,— деген маанайды чагылдырышат. Бирок алар чынында эле эч кимге көзкарандысызбы? Кайдан. Өзүлөрү аңдашпаса да, алар бул дүйнөгө ылайыкташкан көпчүлүктүн эреже-тартиптерине баш ийишет (Рим. 12:2). Элчи Петир айткандай, алар көзкарандысыз эмес, тескерисинче, «жок болуунун кулдары» (2 Пет. 2:19). Себеби «бул дүйнөнүн адаты боюнча, абада бийлик кылып жаткан төрөнүн [Шайтан Ибилистин]... каалоосу боюнча жашашат» (Эф. 2:2).

2 Бир жазуучу: «Мен атама да, энеме да, диний кызматчыга да... Ыйык Китепке да жашоомо кийлигишүүгө жол бербейм»,— деген. Балким, айрымдар бийлигин кыянат колдонгондуктан, бирөөнүн баш ийүүсүнө татыктуу эместир. Бирок ошону шылтоо кылып, жетекчилик аттуунун баарын четке кагуу туурабы? Баш ийбестик руху коомго кандай залакасын тийгизип жатканын гезит беттерине кыскача көз чаптыруу менен эле көрүүгө болот. Адамзат жетекчиликке абдан муктаж болуп турган азыркы учурда көптөрдүн аны четке кагып жатканы кандай гана өкүнүчтүү.

Баш ийүүгө болгон көзкарашыбыз

3. Ыйсанын алгачкы жолдоочуларынын бийликтегилерге ойлонбой туруп баш ие беришпегени эмнеден көрүнүп турат?

3 Ыйсанын жолдоочулары болгондуктан, биздин көзкарашыбыз дүйнөнүкүнөн айырмаланат. Албетте, биз эмне айтылса, ошонун баарын эле ойлонбой аткара бербейбиз. Кээде башкалардын ээлеген абалына карабай аларга баш ийүүдөн баш тартууга туура келет. Биринчи кылымдагы Ыйсанын жолдоочулары да ушундай жагдайга туш болушкан. Маселен, башкы ыйык кызмат кылуучу менен Синедриондун көрүнүктүү мүчөлөрү элчилерге кабар айтуу ишин токтотууну буйрук кылышканда, алар коркуп, моюн сунуп калышкан эмес. Аларга тил алабыз деп, туура жолдон четтеп да кетишкен эмес (Оку: Элчилер 5:27—29).

4. Кимдердин үлгүсү Кудайдын кызматчыларынын чечими башкалардыкынан айырмаланарын көрсөтөт?

4 Кудайдын байыркы кызматчылары да бул жагынан чечкиндүү болушкан. Мисалы, Муса Мисир падышасынын каарынан коркпостон, «фараондун кызынын баласы деп аталуудан баш тартып», «Кудайдын эли менен кошо азап чегүүнү артык көргөн» (Эвр. 11:24, 25, 27). Жусуп болсо Потипардын аялынын өч алуудан кайра тартпаарын түшүнсө да, анын адепсиз сунушун четке каккан (Башт. 39:7—9). Даниел эбнухтар башчысынын анын өтүнүчүн оңой менен орундатпаарын билсе да, «өз жүрөгүндө падыша дасторконундагы тамак менен, падыша ичкен шарап менен булганбоону чечип койгон» (Дан. 1:8—14). Бул тарыхый окуялар тастыктап тургандай, Кудайдын кызматчылары, чыгарган чечиминин аркасында кандай кыйынчылыктарга кабылышпасын, туура иш кылууга чечкиндүү болушкан. Алар кимдир бирөөгө жагалдануу үчүн тетири иш жасашкан эмес. Муну менен бизге жакшы үлгү калтырышкан.

5. Биздин бийликке болгон көзкарашыбыз дүйнөнүкүнөн кандайча айырмаланат?

5 Анткен менен биздин көзкарашыбызга бекем турганыбызды баш ийбестик менен да, саясий козголоңчулдук менен да чаташтырууга болбойт. Бул, болгону, адамдын бийлигине караганда, Жахабаныкына баш ийүүгө чечкиндүү экенибизди көрсөтөт. Ошол себептүү адамдын мыйзамы Кудайдыкына каршы келгенде, биз кай тарапты жактоону чечүүдө олку-солку болбойбуз. Элчилерге окшоп, биринчи кезекте, адамдарга эмес, башкаруучубуз Кудайга баш иебиз.

6. Жахабанын осуяттарына баш ийүү эмне үчүн ар дайым туура?

6 Кудайдын бийлигине баш ийүүгө бизге эмне түрткү берет? Накыл сөздөр 3:5, 6-аяттарда мындай кеңеш берилген: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт». Биз Кудайдын койгон талаптары, баарынан мурда, өзүбүздүн эле жыргалчылыгыбызга өбөлгө түзөрүнө ишенебиз (Оку: Мыйзам 10:12, 13). Жахаба ысрайыл элине мындай деген: «Сени пайдалуу нерсеге үйрөткөн, сени жүрүшүң керек болгон жол менен алып жүргөн Кудай-Теңириң Менмин. Оо, сен Менин осуяттарымды уксаң кана! Анда сенин тынчтыгың дарыядай болмок, сенин чындыгың деңиз толкунундай болмок!» (Ыш. 48:17, 18). Бул сөздөрдүн калетсиз экени шексиз. Ооба, Кудайдын осуяттарына баш ийүү өзүбүзгө эле пайда.

7. Кайсы бир осуяттын эмне себептен берилгенин толук түшүнбөгөн учурда да эмне кылышыбыз керек?

7 Биз Жахабанын Сөзүндөгү айрым осуяттардын эмне себептен берилгенин толук түшүнбөсөк да, Анын бийлигине баш ийгендиктен аларды аткарабыз. Бул — сокур ишенчээктик эмес, ишеним артуу. Башкача айтканда, Жахабанын бизге эмне пайда алып келерин эң жакшы билерине чын жүрөктөн ишенүү. Андан тышкары, тил алуу менен сүйүүбүздү далилдейбиз, анткени, элчи Жакан айткандай, «Кудайды сүйүү деген — Анын осуяттарын аткаруу» (1 Жкн. 5:3). Бирок Жахабага тил алууда дагы эмнени эске алуу маанилүү экенин карап көргөнүбүз дурус.

Жакшы менен жаманды айырмалай билүү

8. «Жаман-жакшыны айырмалай билүүгө көнүгүү» менен Жахабанын бийлигине баш ийүүнүн кандай байланышы бар?

8 Биз, Ыйык Китепте айтылгандай, акыл-сезимибизди «жаман-жакшыны айырмалай билүүгө» көнүктүрүшүбүз керек (Эвр. 5:14). Биздин максат — Жахабанын мыйзамдарын ой жүгүртпөй туруп эле аткара берүү эмес, анын талаптарынын негизинде «жаман-жакшыны айырмалай билүү». Биз Жахабанын жолунда жүрүү акылмандуулукка жатарына өз тажрыйбабыздан улам ынанганда, забурчудай болуп: «Сенин мыйзамың менин жүрөгүмдө»,— деп айта алабыз (Заб. 39:9).

9. Абийирибизди канткенде Жахабанын талаптарына ылайык үйрөтө алабыз жана бул эмне үчүн маанилүү?

9 Забурчудай болуп, Кудайдын мыйзамдарын баалаш үчүн Ыйык Китептен окугандарыбыз тууралуу ой жүгүртүү маанилүү. Мисалы, Жахабанын кайсы бир талабын окуп жатканда: «Эмне үчүн бул талап же принцип туура? Буга баш ийүү эмне үчүн өзүмө эле пайда? Кудайдын бул кеңешин баркка албагандар кандай кыйынчылыктарга туш болуп келишет?» — деп ойлонуп көрүүгө болот. Абийирибиз Кудайдын талаптарына ылайык үйрөтүлсө, чыгарган чечимдерибиз анын эркине төп келери бышык. Натыйжада «Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билип», ошого жараша жашайбыз (Эф. 5:17). Бирок, албетте, бул дайыма эле оңойго тура бербейт.

Шайтан Жахабага баш ийбөөгө үндөйт

10. Шайтан дагы кайсы жактан Кудайга баш ийбөөгө үндөйт?

10 Шайтан Кудайдын бийлигине байыртадан эле каршы чыгып келет. Анын көзкарандысыздыкка үндөп жатканын көп жактардан байкоого болот. Мисалга Кудай негиздеген түзүлүштү — никени — алалы. Айрымдар мыйзамдуу түрдө катталбай чогуу жашай берүүнү чечишсе, мыйзамдуу түрдө катталгандары ажырашуунун жолун издешет. Алар белгилүү бир актрисанын айткандарына кошулушу мүмкүн. Ал: «Эркек үчүн да, аял үчүн да өмүр бою бир адам менен жашоо мүмкүн эмес... Мен билгенден, эч ким өз жарына берилгендигин сактабайт, сактагысы да келбейт»,— деген. Ийгиликтүү турмуш куралбаганынан улам дагы бир белгилүү актёр: «Бир адам менен өмүр бою жашоо мүмкүн экенине көзүм жете бербейт. Табиятыбыздан эле ошондой окшойбуз»,— деп айткан. Ооба, дүйнөдө ушундай көзкараш кеңири таралган. Андыктан: «Мен Жахабанын никеге байланыштуу талаптарына баш ийип жатамбы? Бул дүйнөнүн никеге карата болгон жеңил ойлуу мамилеси ой жүгүртүүмө таасир этип жаткан жокпу?» — деп ойлонуп көргөнүбүз маанилүү.

11, 12. а) Жахабага баш ийүү жаштар үчүн эмне себептен оңой болбошу мүмкүн? б) Жахабанын мыйзамдарын бузуу кесепеттүү экенин көрсөткөн окуялардан айтып бер.

11 Сен Жахабанын уюмундагы жаштардын бирисиңби? Анда Шайтан сени ар кандай ыкмалар менен азгырары турган иш. Ал «жаштыктын кумарларын», теңтуштарыңдын кысымын колдонуп, Жахабага баш ийүү пайдасыз, анын мыйзамдарын аткаруу кыйын деген ойду таңуулашы мүмкүн (2 Тим. 2:22). Анын азгырыктарына алдырба! Кудайдын талаптарындагы акылмандуулукту көрө бил. Мисалы, Ыйык Китепте: «Ойноштук кылуудан качкыла»,— делет (1 Кор. 6:18). Бул жерден да минтип ойлонуп көр: «Бул талап эмне үчүн туура? Буга баш ийүү мага кандай пайда алып келет?» Балким, Кудайдын мыйзамын барк албаганынын айынан кыйынчылыктарга малынган кимдир бирөөнү билеттирсиң. Сенин оюңча, алар азыр чынында эле бактылуубу? Алардын жашоосу Жахабанын уюмунда жүргөндөгү учуруна караганда жакшырдыбы? Алар жыйналыштагы биртуугандар жетпей калган бакытка жетиштиби? (Оку: Ышайа 65:14).

12 Шарон аттуу бир ишенимдешибиздин айткандарына көңүл буралы. Ал: «Жахабанын мыйзамына баш ийбегендиктен, айыккыс ЖИКС (СПИД) оорусун жугузуп алдым. Азыр артка кылчая карап, Жахабага кызмат кылып жүргөндөгү бактылуу жылдарымды көп эстейм»,— дейт. Шарон Жахабанын мыйзамдарын бузуу акылсыздык экенин жана аларды баалоо канчалык маанилүү экенин кийин түшүнгөн. Ооба, Жахаба мыйзамдарын бизди коргош үчүн берген. Шарон жогорудагы сөздөрүн айткандан жети жума өтпөй жарык дүйнө менен кош айтышкан. Аны менен болгон кайгылуу окуядан көрүнүп тургандай, Шайтандын өзүнүн бузулган дүйнөсүнө кошулуп кеткендерге бере турган эч бир жакшы нерсеси жок. Учурунда Обону алдагандай, ал азыр деле көптөгөн убадаларды берет, бирок аткарбайт. Себеби ал — «жалгандын атасы» (Жкн. 8:44). Чындап эле, бактылуу болуунун бирден бир жолу бул — Жахабага ар дайым баш ийүү.

Көзкарандысыздыкка умтулуудан сак бол

13. Кайсы жактан көзкарандысыздыкка умтулуудан качышыбыз керек?

13 Жахабага баш ийүү көзкарандысыздыкка умтулуудан алыс болууну билдирет. Текебер адам, адатта, эч бир жетекчиликке муктаж эмесмин деген маанайды чагылдырат. Андай маанай Кудайдын элинин арасында жетекчиликти колго алган биртуугандардын берген кеп-кеңештерин кабыл алууга тоскоолдук кылышы ыктымал. Рухий тамак өз убагында берилип турушу үчүн, Жахаба ишенимдүү жана акылдуу кул тобун дайындаган (Мт. 24:45—47). Биз Жахабанын ал топту бүгүнкү күндө өз элине кам көрүш үчүн колдонуп жатканын момундук менен кабыл алганыбыз абзел. Ошондо ишенимдүү элчилерден үлгү алган болобуз. Ыйсанын айрым окуучулары анын сөзүнө теригип, кетип калышканда, ал элчилеринен: «Силердин да кеткиңер келген жокпу?» — деп сураган. Ошондо Петир: «Теңир, биз кимге бармак элек? Түбөлүк өмүр берүүчү сөздөр Сенде»,— деген (Жкн. 6:66—68).

14, 15. Ыйык Китептин кеңештерине эмне үчүн момундук менен баш ийишибиз керек?

14 Кудайдын бийлигине баш ийүүгө анын Сөзүндөгү кеңештерге ылайык иш-аракет кылуу да кирет. Маселен, ишенимдүү жана акылдуу кул тобу бизди «сергек жана эстүү болууга» чакырып келет (1 Тес. 5:6). «Адамдар өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү» болуп калган азыркы акыркы күндөрдө бул кеңеш абдан орундуу (2 Тим. 3:1, 2). Дүйнөдө кеңири кулач жайган ушундай маанай бизге да таасир этиши мүмкүнбү? Ооба. Рухий максаттарды көздөбөсөк, рухий жактан үргүлөп же дүнүйөкордукка азгырылып кетишибиз мүмкүн (Лк. 12:16—21). Андыктан, келгиле, Ыйык Китептеги кеңештерди кабыл алып, Шайтандын дүйнөсүнүн үндөөсүнө карабай, өз кызыкчылыгыбызды көздөөдөн качалы (1 Жкн. 2:16).

15 Жыйналыштарга ишенимдүү жана акылдуу кул тобу белендеген рухий тамак дайындалган аксакалдар аркылуу берилет. Ошондуктан Ыйык Китепте мындай делет: «Жетекчилериңерге баш ийгиле, моюн сунгула. Себеби алар силер үчүн жооп бере турган адамдар катары силердин жаныңар үчүн күндүр-түндүр кам көрүшөт. Алар үшкүрүнө эмес, кубаныч менен кам көрүшү үчүн баш ийгиле. Алардын үшкүрүнө кам көргөнү силер үчүн пайдасыз» (Эвр. 13:17). Бул жыйналыштагы аксакалдар эч качан жаңылбайт дегенди билдиреби? Албетте, жок. Кудай алардын кемчиликтерин бизден да жакшы билет. Ошентсе да ал биздин аларга баш ийишибизди каалайт. Аксакалдардын жеткилеңсиздигине карабай, алар менен кызматташсак, Жахабанын бийлигине баш ийип жатканыбызды көрсөтөбүз.

Момун болуу эмне үчүн маанилүү?

16. Жыйналыштын Башчысы Ыйсага канткенде урмат-сый көрсөтөбүз?

16 Биз жыйналыштын Башчысы чынында Ыйса экенин эч качан эсибизден чыгарбоого тийишпиз (Кол. 1:18). Андыктан жыйналыштагы дайындалган аксакалдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жетекчилигине момундук менен баш иебиз (1 Тес. 5:12, 13). Аксакалдар да жыйналыштагыларга өз ой-пикирин эмес, Кудайдын кабарын жеткирүүгө умтулуу менен Машайакка баш ийишерин көрсөтүшөт. Алар «Ыйык Жазуудан четтешпейт», өз ойлорун да таңуулашпайт (1 Кор. 4:6).

17. Даңк сүйүүчүлүк эмне себептен кооптуу?

17 Кудайдын кызматчылары өзүнө даңк издөөдөн алыс болууга тийиш (Накыл 25:27). Өзүнө даңк издөөнүн тузагына түшкөн бир шакирт жөнүндө Жакан мындай деп жазган: «Биринчиликти сүйгөн Диотреф бизди кабыл албайт. Ошондуктан, эгерде мен барсам, анын кылып жаткан иштери жөнүндө эскертем: ал биз жөнүндө жаман сөз таратып жүрөт» (3 Жкн. 9, 10). Бул аятта биз үчүн да сабак камтылган. Эгер өзүбүздүн даңк сүйүүчүлүккө жакын экенибизди байкасак, ал сапатты жоюуга орчундуу негиз бар. Анткени Ыйык Китепте: «Кыйроонун алдында текебердик келет, кулардын алдында менменсингендик келет»,— деп айтылат. Текеберденип кетүүдөн сак болбогондор уятка калышат (Накыл 11:2; 16:18).

18. Жахабанын бийлигине баш ийүүгө эмне жардам берет?

18 Келгиле анда, көзкарандысыздыкка умтулуудан сак болуп, ар дайым Жахабанын бийлигине баш ийүүнү максат кылалы. Жахабага кызмат кылуу артыкчылыгы жөнүндө мезгил-мезгили менен ой жүгүртүп, ыраазычылыгыбызды арттыра берели. Кудайдын элинин арасында жүргөнүбүздүн өзү эле анын бизди өзүнө ыйык руху аркылуу чакырганынын белгиси (Жкн. 6:44). Андыктан Кудай менен болгон мамилебизди жогору баалайлы. Жахабага баш иерибиз жана көзкарандысыздыкка умтулбаганыбыз жашообуздун бардык тармагынан көрүнүп турсун.

Эсиңердеби?

• Жахабанын бийлигине баш ийүүгө эмнелер кирет?

• Жаман-жакшыны айырмалай билүү менен Жахабанын бийлигине баш ийүүнүн кандай байланышы бар?

• Шайтан кайсы жактардан Жахабага баш ийбөөгө үндөйт?

• Жахабанын бийлигине баш ийүү үчүн момун болуу эмне себептен маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

«Биринчи иретте адамдарга эмес, Кудайга баш ийүү керек»

[20-беттеги сүрөт]

Кудайдын мыйзамдарына баш ийүү ар дайым туура