Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бүткүл адамзат биригүүдө. Кандайча?

Бүткүл адамзат биригүүдө. Кандайча?

Бүткүл адамзат биригүүдө. Кандайча?

БИРИМДИК дегенди кандай түшүнөсүңөр? Кээ бирөөлөр келишпестиктер болбосо эле, ошону биримдик деп эсептешет. Маселен, алар эки же андан көп өлкөнүн ортосунда бир канча убакытка тынчтык келишими түзүлсө, аны биримдик деп түшүнүшөт. Бул чынында эле ушундайбы? Сөзсүз эле андай эмес.

Тарых тастыктап тургандай, миңдеген тынчтык келишимдери түзүлүп, кайра бузулган. Эмне үчүн? Анткени башкаруучулар көп учурда тынчтыкты же биримдикти эмес, өз өлкөсүнүн жеке кызыкчылыгын көздөшөт. Андан сырткары, айрым өлкөлөр өздөрүнүн аскер күчтөрү башкалардыкынан алсызыраак болуп калса, эмне болот деп коркушат.

Чынында, эки өлкө өз ара согушпаса эле, бул алардын тынчтыкта экенин билдирбейт. Бири-бири менен атышып кетпей, бирок бири-бирин тапанча менен мээлеп турган эки кишини өз ара тынчтыкта деп айтууга болобу? Ооба деп айтуу акылсыздык болмок. Дүйнөдөгү азыркы абал ушуга окшош. Өлкөлөрдүн бири-бирине болгон ишенбестиги мурдагыдан да өсүп бараткандыктан, согуш башталып кетеби деген коркунуч туулууда. Андай кооптонууну жоюу үчүн эмнелер кылынган?

Ядролук курал — биримдикке коркунуч

Көптөр 1968-жылы кабыл алынган ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге үмүттөнүшөт. Ал келишим ядролук эмес өлкөлөрдү аны чыгарбоого, ал эми ядролук өлкөлөрдү аны жайылтууга чек коюуга милдеттендирет. Ошол келишимдин максаты — акыр-аягы толугу менен куралсыздануу. Ал келишимди 180ден ашуун өлкө колдогон.

Ал келишим жакшы ниет менен түзүлгөндөй көрүнсө да, айрым сынчылар аны кээ бир өлкөлөрдүн ядролук өлкөлөргө айланышына, башкача айтканда, аларга ядролук курал чыгарууга тоскоол кылуу максатында гана караштырылган деп айтышат. Ошондуктан келишим түзгөндөр чечимин өзгөртүшү мүмкүн деген тынчсыздануу пайда болгон. Ядролук эмес айрым өлкөлөр аларга коргонуу үчүн ядролук курал чыгарууга тыюу салуу адилетсиздик деп эсептешет.

Жагдайды ого бетер татаалдатып жаткан нерсе — бир да өлкөгө ядролук энергияны алууга тыюу салуунун мүмкүн эместиги. Бул болсо ядролук энергияны тынчтык максатта колдонгон өлкөлөр жашыруун түрдө ядролук курал чыгарышы ыктымал деген коркунучту туудурууда.

Атүгүл ядролук өлкөлөр да ал келишимди көңүлгө албашы мүмкүн. Сынчылардын айтымында, күчтүү куралдары бар өлкөлөр өз куралдарын жок кылат же алардын санын азайтат деп күтүү акылга сыярлык эмес. Бир булакка ылайык, «мындай... болушу үчүн өлкөлөр достук мамиледе болуп, бири-бирине ишениши керек. Ал эми бири-бирине кас өлкөлөрдүн ортосунда ошондой мамиле болот деп ишенүү кыйын».

Адамдардын тынчтыкка жетүү үчүн кылып жаткан аракеттери, чын ниеттен болгон күндө да, бекер. Ыйык Китепти изилдегендер үчүн бул таң калыштуу эмес. Анткени Кудай Сөзүндө: «Өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес»,— деп айтылат (Жеремия 10:23). Ошондой эле: «Адамга түз көрүнгөн жолдор бар, бирок алардын аягы өлүмгө алып баруучу жол»,— деп да жазылган (Накыл сөздөр 16:25). Өкмөттөрдүн тынчтык орнотууга мүмкүнчүлүгү чектелүү. Бирок бул адамзат үмүтсүз абалда дегенди билдирбейт.

Чыныгы биримдиктин булагы

Ыйык Китепте Кудайдын бүткүл дүйнөдө биримдик болору тууралуу берген убадасы бар. Бирок адамзат андай биримдикке өзүнүн күч-аракети менен жетпейт. Адамзаттын биримдикте жашаарын ниет кылган Жараткан жакында адамдардын колунан келбеген нерсени ишке ашырат. Айрымдарга буга ишенүү кыйын. Бирок Кудай башынан эле адамдардын тынчтыкта жана биримдикте жашашын каалаган *. Кудайдын баштапкы ой-ниети дагы эле өзгөрбөгөнүн Ыйык Китептеги көптөгөн аяттар көрсөтүп турат. Алардын айрымдарын карап көрөлү.

• «Келгиле, Теңирдин иштерин — жер үстүн кандай кыйратканын көргүлө. Ал жер жүзүндөгү согуштарды токтотту, жааларды талкалады, найзаларды сындырды, арабаларды өрттөп жиберди» (ЗАБУР 45:9, 10).

• «Менин ыйык тоомдун бүт жеринде жамандык кылышпайт, зыян келтиришпейт, анткени деңиз сууга толгонсуп, жер Кудайдын билимине толот» (ЫШАЙА 11:9).

• «Теңир өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Кудай-Теңир бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт, бүт жер жүзүндөгү Өз элинин маскарачылыгын алып салат, анткени Теңир ушинтип айтып жатат» (ЫШАЙА 25:8).

• «Бирок биз Анын убадасы боюнча адилеттик гана өкүм сүргөн жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз» (2 ПЕТИР 3:13).

• «Кудай алардын бардык көз жашын аарчыйт. Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен» (АЯН 21:4).

Бул убадалардын аткарыларына толук ишенсек болот. Эмне үчүн? Жахаба Кудай Жараткан болгондуктан, адамзат үчүн биримдик орнотууга күчү жетет (Лука 18:27). Ошондой эле ал муну абдан каалайт. Ыйык Китепте: «Кудай... Өзүнүн жакшы тилеги... боюнча асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктирет»,— деп айтылган (Эфестиктерге 1:8—10).

Кудайдын «адилеттик гана өкүм сүргөн... жаңы жер» жөнүндөгү убадасы жөн гана кыял эмес (2 Петир 3:13). Жахаба Кудай өзүнүн убадасына байланыштуу мындай дейт: «[Менин сөзүм] Өзүмө бекер кайрылып келбейт. Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат» (Ышайа 55:11).

Кудай Сөзү аркылуу биримдикке ээ болгондор

Жогоруда айтылгандай, дин адамзатты бириктирүүнүн ордуна көп учурда бөлүп-жарып келет. Буга көңүл бурганыбыз абдан маанилүү. Себеби Жаратканга ишенсек, анда ага сыйынгандар бири-бири менен тынчтыкта жана биримдикте жашашы керек деп күтүү акылга сыярлык эмеспи? Албетте!

Диндердин адамзатты бөлүп-жаруусуна Жахаба Кудай жооптуу эмес жана анын Сөзү да буга үндөбөйт. Атүгүл анда диндердин Кудайдын ой-ниетин эмес, адамдардын биримдик орнотуу үчүн кылган иш-аракеттерин колдогону айыпталат. Ыйса өзүнүн убагындагы диний жетекчилерди «эки жүздүүлөр» деп атаган жана аларга: «Ышайа силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылган: „Бул эл Мага оозу менен жакындайт, Мени тили менен урматтайт, бирок жүрөгү Менден алыс. Алардын Мени урматтаганы — бекер, анткени алардын үйрөткөнү — адамдык эрежелер“»,— деген (Матай 15:7—9).

Чыныгы сыйынуу адамдарды бириктирет. Ышайа пайгамбар: «Акыркы күндөрү Теңир үйү турган тоо бардык тоолордун башына коюлат, бардык дөбөлөрдөн жогору көтөрүлөт, ага бүт элдер агылып келишет. Ошондо Ал элдерди соттойт, көп уруулардын айыбын ашкере кылат. Кылычтарын соко кылып, найзаларын орок кылып кайра согуп иштеп чыгышат. Бир эл бир элге кылыч көтөрбөйт, ошондон кийин согушууга үйрөнүшпөйт»,— деп айткан (Ышайа 2:2, 4).

Азыркы күндө 230дан ашуун өлкөдө Жахабанын Күбөлөрү Жахаба Кудайдын биримдикке байланыштуу көрсөтмөлөрүнө ылайык жашоодо. Алардын биримдиги эмнеге негизделген? Элчи Пабыл: «Сүйүүнү курчангыла, ал жеткилеңдиктин куру [«биримдиктин жеткилең түйүнү», «ЖД»]»,— деп жазган (Колосалыктарга 3:14). Пабыл колдонгон «түйүн» деген сөз түпнускада адамдын денесин бириктирип турган булчуң байламталарын билдириши мүмкүн. Мындай байламталар аркандай бышык болот жана маанилүү эки кызмат аткарат. Алар органдарды өз ордунда кармап турат. Андан сырткары, сөөктөрдү бириктирип турат.

Сүйүү тууралуу да ушуну айтууга болот. Бул сапат адамдарды киши өлтүрүүчүлүктөн эле сактабайт. Машайактыкындай сүйүү тек-тамыры ар башка адамдарга биримдикте болууга шарт түзөт. Маселен, ал Ыйса Машайак Матай 7:12де айткан алтын эрежеге ылайык жашоого түрткү берет. Ал жерде: «Ошентип, адамдардын силерге кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,— деп жазылган. Бул башкаларга карата болгон бейкалыс пикирди жеңүүгө жардам берет.

«Бири-бириңерди сүйгүлө»

Жахабанын Күбөлөрү Ыйсанын: «Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деген сөздөрүн аткаруу менен анын жолдоочулары экенин далилдөөгө чечкиндүү (Жакан 13:35). Алар улуттук жана саясий башаламандык учурунда ушундай сүйүүнү эң сонун көрсөтүшкөн. Мисалы, 1994-жылы Руандада геноцид болгондо, Жахабанын Күбөлөрүнүн бири-бирине болгон сүйүүсү айкын көрүнгөн. Хуту уруусундагы Жахабанын Күбөлөрү тутси уруусундагы ишенимдештерин сактап калуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салышкан.

Албетте, бардык адамдар дүйнөлүк биримдикке өбөлгө түзгөн сүйүү өрчүтөт деп күтүү акылга сыярлык эмес. Ыйык Китепке ылайык, бүткүл дүйнөдө Кудай белгилеген убакта гана биримдик болот. Бирок адамдар азыртадан эле сүйүү өрчүтүп, биримдикте жашай алышат.

Былтыр Жахабанын Күбөлөрү башкалар менен ыйык китептик изилдөө өткөрүү, аларга Ыйык Китеп жана анын баалуулугу тууралуу айтуу үчүн миллиарддаган саат жумшашкан. Кудай Сөзүндөгү так билим мурун бири-бирин жек көргөн миллиондогон кишилерди ынтымакка келтирүүдө. Алардын арасында арабдар менен жүйүттөр, армяндар менен түрктөр, немистер менен орустар жана башкалар да бар.

Ыйык Китепте — Кудай Сөзүндө — биримдик жөнүндө айтылгандар тууралуу көбүрөөк маалымат алгыңар келеби? Анда жашаган жериңердеги Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар же 2-беттеги даректердин туура келгени боюнча жазсаңар болот.

[Шилтеме]

^ 12-абз. Адамзатка карата Кудайдын ой-ниети тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китептин үчүнчү бөлүмүн карагыла.

[4-беттеги кыстырма]

Миңдеген тынчтык келишимдери түзүлүп, кайра бузулган

[5-беттеги сүрөт]

Кудай Сөзүндө чыныгы биримдикке эмне өбөлгө түзөрү айтылган

[7-беттеги сүрөт]

Ыйык китептик принциптер өкмөттөр жете албаган нерсеге жетүүгө жардам берет

Хуту жана тутси уруусундагы Жахабанын Күбөлөрү бирге сыйынуучу жай курууда