Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Теңир менен кубан»

«Теңир менен кубан»

«Теңир менен кубан»

«Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолоруңдуишке ашырат» (Забур 36:4).

1, 2. Чыныгы бакыттын Булагы ким жана Дөөт падыша буга көңүлүбүздү кантип бурган?

«РУХИЙ муктаждыктарын сезгендер бактылуу... ырайымдуулар бактылуу... тынчтыкты сүйгөндөр бактылуу». Бактылуу адамдарга карата берилген ушул жана башка дагы алты сыпаттама Матайдын Инжилинде жазылган Ыйсанын Тоодогу насаатына сонун кириш сөз болуп эсептелет (Матай 5:3—11, «ЖД»). Ыйсанын сөздөрү бизди бактылуу болуу мүмкүн экенине ынандырат.

2 Байыркы Ысрайылдын падышасы Дөөт жазган забурда чыныгы бакыттын Булагына, Жахабага, көңүл бурулат. Дөөт: «Теңир менен кубан, ошондо Ал жүрөгүңдөгү каалоолоруңду ишке ашырат»,— деп айткан (Забур 36:4). Жахабаны жана анын көптөгөн касиет-сапаттарын билүүдөн кубаныч алууга эмне жардам берет? Өз ой-ниетин орундатууда анын мурунтан кылып келген жана келечекте кыла турган иштерин карап чыгуу кандайча сага «жүрөгүңдөгү каалоолоруңдун ишке ашышына» үмүттөнүүгө негиз берет? Бул суроолордун түйүнүн чечүүдө 36-забурдун 1ден 11ге чейинки аяттарын кылдат талдап чыгуу менен жооп алабыз.

«Суктанба»

3, 4. Забур 36:1де Дөөт кандай кеңеш берет жана эмне үчүн бүгүн ага кулак салуу жөндүү?

3 Биз мыйзамсыздык өкүм сүргөн «оор күндөрдө» жашап жатабыз жана элчи Пабылдын: «Кара ниет жана алдамчы адамдар... башкаларды азгырып, өздөрү да азгырылып, мурункудан да көбүрөөк жамандыкка батышат»,— деген сөздөрүнүн аткарылышына күбө болуудабыз (2 Тиметейге 3:1, 13). Кара ниет адамдардын ийгиликке жетип, гүлдөп жаткандай көрүнгөнү бизге оңой эле терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мунун баары бизге кедерги болуп, рухий көрүүбүздү бузушу ыктымал. Буга байланыштуу 36-забурдун биринчи сөздөрүндө бизге кандай эскертүү берилгенине көңүл бурсаң. Ал жерде: «Зулумдарга ачууланба, мыйзамсыз иш кылгандарга суктанба»,— деп айтылат.

4 Дүйнөнүн массалык маалымат каражаттары адилетсиздик тууралуу билдирүүлөрдү күн сайын жаадырып турат. Алдамчылык менен жашаган чынчыл эмес ишкерлер суудан кургак чыгышууда. Кылмышкерлер алсыздарды өздөрүнүн пайдасына колдонуп жатышат. Киши өлтүргүчтөр айыбы ачылбай же жазаланбай келишет. Адилеттиктин тебеленип жатканын айкындаган мындай окуялар ачуубузду келтирип, тынчыбызды алышы мүмкүн. Кылмышкер адамдардын ийгиликке ээ болуп жаткандай көрүнүшү атүгүл суктануу сезимин туудурушу да ыктымал. Бирок көңүлүбүздү чөктүргөнүбүз жагдайды оңдойбу? Мыйзамсыз адамдардын «ийгиликтерине» суктануу алардын тартчу кесепетин өзгөртүп жибереби? Түк да! Чындыгында, аларга «ачуулануунун» эч кажети жок. Эмне үчүн?

5. Мыйзамсыз иш кылгандар эмне себептен чөпкө салыштырылган?

5 Забурчу: «Анткени алар жакында чөп сыяктуу чабылышат, көк чөптөй соолушат»,— деп жооп берет (Забур 36:2). Көк чөп кооз көрүнүшү мүмкүн, бирок ал көпкө турбай куурап жок болот. Мыйзамсыз иш кылгандардын да келечеги ошондой. Алардын өркүндөп-гүлдөп жаткандай көрүнгөн доору түбөлүккө созулбайт. Өлгөндө алардын арам жол менен чогулткан дүнүйөсү эч кандай жардам бербейт. Адилеттүүлүк акыры ар бир адамга тиешелүүсүн берет. «Күнөө үчүн жаза — өлүм»,— деп жазган Пабыл (Римдиктерге 6:23). Мыйзамсыз иш кылгандар жана адилетсиздердин баары акыр-аягы өздөрүнүн «жазасын» алышат. Арийне, алардын жашоо жолу пайдасыз! (Забур 36:35, 36; 48:17, 18).

6. Забур 36:1, 2-аяттардан кандай сабак алсак болот?

6 Анда мыйзамсыздардын убактылуу гүлдөөсүнөн улам тынчыбызды кетирүүнүн эмне зарылдыгы бар. Ошентип, 36-забурдун алгачкы эки аятынан төмөнкүдөй сабак алууга болот: мыйзамсыз адамдардын ийгилигин көрүп, Жахабага кызмат кылууга чыгарган чечимиңерден жазбагыла. Тескерисинче, рухий баталарга жана максаттарга умтула бергиле (Накыл сөздөр 23:17).

«Теңирге ишен жана жакшылык кыл»

7. Эмне үчүн Жахабага таянышыбыз керек?

7 Забурчу бизди: «Теңирге ишен жана жакшылык кыл»,— деп үндөйт (Забур 36:3а). Жүрөгүбүздү кандайдыр бир тынчсыздануулар же атүгүл күмөн саноолор өйүгөндө, Жахабага бекем ишеним артышыбыз зарыл. Толук рухий коопсуздукту Ал гана бере алат. «Эң Жогорку Кудайдын үйүндө жашаган [адам],— деп жазган Муса,— Кудуреттүү Кудайды далда кылган адам» (Забур 90:1). Дүйнөдө мыйзамсыздыктын көбөйүп жатканын көрүп тынчсызданганыбызда Жахабага ого бетер көбүрөөк таянышыбыз керек. Кызыл ашыгыбызды чоюп алсак, досубуздун колдоп, жардам көрсөткөнүнө ыраазы болбой койбойбуз. Ошо сыяктуу эле, ишенимдүү жүрүүгө умтулууда биз Жахабанын колдоосуна муктажбыз (Ышайа 50:10).

8. Кандайча кабар айтуу кызматына катышуу мыйзамсыздардын гүлдөөсүнө көңүл бурбоого жардам берет?

8 Мыйзамсыздардын гүлдөөсүнө көңүл бурбоонун бир жолу — кой мүнөздүү адамдарды издеп, аларга Жахабанын ой-ниети жөнүндө так билим алууга жардам берүү. Мыйзамсыздык улам көбөйүп жаткан учурда биз башкаларга жардам берүү менен толук алек болушубуз керек. Элчи Пабыл: «Кайрымдуулук иштерин кылууну жана бири-бириңерге жардам берүүнү унутпагыла, анткени мындай курмандыктар Кудайга жагат»,— деп айткан. Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кереметтүү жакшы кабарды башкалар менен бөлүшкөнүбүз эң чоң «кайрымдуулук иши» болуп эсептелет. Элге кабар жарыялаганыбыз — эң сонун «мактоо курмандыгы» (Эврейлерге 13:15, 16; Галаттыктарга 6:10).

9. Дөөттүн «жерде жаша» деген чакырыгы эмнени билдирерин түшүндүр.

9 Дөөт андан ары: «Жерде жаша жана чындыкты сакта [«ишенимдүүлүк менен иш кыл», «ЖД»]»,— дейт (Забур 36:3б). «Жер» Дөөттүн убагында Жахаба Ысрайылга берген аймакты, Убадаланган жерди, билдирген. Сулаймандын тушунда ал аймак түндүктөгү Дандан түштүктөгү Бейер-Шебага чейин созулган. Бул Ысрайылдын турак-жайы болчу (1 Падышалар 4:25). Бүгүн Жердин кайсы бурчунда жашабайлы, биз адилеттик өкүм сүргөн жаңы дүйнөдө бүт планетанын бейишке айланар учурун күтүп жатабыз. Азырынча рухий коопсуздукта жашоодобуз (Ышайа 65:13, 14).

10. «Ишенимдүүлүк менен иш кылуу» кандай натыйжа берет?

10 «Ишенимдүүлүк менен иш кылганыбыз» кандай натыйжа берет? Кудайдын жетеги менен жазылган бир накыл сөздө: «Ишенимдүү адам батага бай»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 28:20). Каерде жашабайлы жана кимге кабар айтпайлы, жакшы кабар таратууну ишенимдүүлүк менен уланта берсек, сөзсүз түрдө, Жахабанын баталарын алабыз. Мисалы, Фрэнк менен аялы Роуз пионердик кызматын 40 жыл мурун түндүк Шотландиянын бир шаарчасында башташкан. Аларга чейин ал жердеги саналуу кызыгуучулар чындыктан четтеп кетишкен болчу. Буга карабастан, пионер жубайлар кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине тайманбай киришишкен. Азыр ал шаарчада бир жыйналыш өсүп-өркүндөп жатат. Бул жубайлар ишенимдүүлүк көрсөткөнү үчүн Жахабанын батасын алышкан. Фрэнк момундук менен: «Ушу кезге дейре чындыкта жүргөнүбүздүн жана Жахабанын керегине жарап жатканыбыздын өзү эле биз үчүн эң чоң бата болуп саналат»,— дейт. Ооба, «ишенимдүүлүк менен иш кылуу» көптөгөн баталарга жеткирет.

«Теңир менен кубан»

11, 12. а) Кантип «Теңир менен кубана» алабыз? б) Жекече изилдөөгө байланыштуу алдыңа кандай максат койсоң болот жана бул кандай натыйжага алып келиши мүмкүн?

11 Жахаба менен болгон мамилебизди чыңдап, ага мындан ары да ишеним артыш үчүн, биз «Теңир менен кубанышыбыз» керек (Забур 36:4а). Андай кубанычка канткенде ээ болобуз? Шарт-жагдайыбыз канчалык оор болбосун, анын айынан бушайман боло бербестен, биз көңүлүбүздү Жахабага бурабыз. Антүүнүн бир жолу — анын Сөзүн окууга убакыт бөлүү (Забур 1:1, 2). Сен Ыйык Китепти окуудан кубаныч аласыңбы? Эгер Кудай Сөзүн Жахаба жөнүндө көбүрөөк билүү максаты менен окусаң, сөзсүз түрдө кубаныч аласың. Кайсы бир үзүндүнү окугандан кийин бир саамга токтоп, өзүңдөн: «Мындан мен Жахаба жөнүндө эмне билдим?» — деп сурап көрүүгө эмне үчүн болбосун. Ыйык Китеп окуганда жаныңда дептерче же барак болгону пайдалуу болушу мүмкүн. Окуганыңдын үстүнөн ой жүгүртүү үчүн токтогон сайын, Кудайдын суктандырарлык сапаттарынын бирин эске салган сөз айкаштарын жазып ал. Бир забурда Дөөт: «Менин оозумдан чыккан сөздөрүм менен жүрөгүмдөгү ойлорум Сага жага тургандай болсун, Теңирим, Тирегим менин, Куткаруучум менин»,— деп ырдаган (Забур 18:15). Оюбузду Кудайдын Сөзүнө бурганыбыз Жахабага жакса, өзүбүзгө кубаныч алып келет.

12 Изилдөөдөн жана ой жүгүртүүдөн кантип кубаныч алсак болот? Биз алдыбызга Жахаба жана анын жолдору жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк билүүнү максат кылып койсок болот. Мисалы, «Тарыхтагы эң улуу адам» жана «Жахабага жакында» (ор.) деген сыяктуу адабияттар ыраазычылык менен ой жүгүртсө болорлук маалыматка бай. Ал эми Жахаба, Дөөттүн адил адамдарды ынандырганына ылайык, «жүрөгүңдөгү каалоолоруңду ишке ашырат» (Забур 36:4б). Элчи Жаканга төмөнкү сөздөрдү жазууга, болжолу, ошондой ишенич түрткү берген: «Анын алдында кандай кайраттуулукка ээбиз: Анын эрки боюнча эмнени сурасак да, Ал бизди угат. Эмнени сурасак да, Ал бизди угарын билсек, Андан сураганыбызды аларыбызды да билебиз» (1 Жакан 5:14, 15).

13. Акыркы жылдары Падышалык тууралуу кабар айтуу иши көп өлкөлөрдө канчалык кеңири аткарылып жатат?

13 Ишенимдүүлүгүн сактаган кызматчылар катары биз Жахабанын эгедерлигинин акталышын көрүүдөн эң чоң кубаныч алабыз (Накыл сөздөр 27:11). Тоталитардык же диктатордук башкаруу өкүм сүргөн өлкөлөрдөгү биртуугандарыбыздын кабар айтуу менен кандай зор иш аткарып жатканын укканда жүрөгүбүз кубанычка толбойбу? Биз бул түзүлүштүн акырына чейин дагы канчалык деңгээлде эркиндикке ээ болорубузду көрүүгө куштарбыз. Батыш өлкөлөрүндөгү Жахабанын көп кызматчылары дин тутуу эркиндигине ээ болгондуктан, ал жерлерде убактылуу жашап жаткан студенттерге, качкындарга жана башкаларга кабар айтууга жигердүү катышып жатышат. Андай адамдар өздөрүнүн мекенине кайтып барган соң, көзгө сайса көрүнгүс болуп көрүнгөн караңгылыкта да чындыктын жарыгын жаркырата беришин биз көптөн көп каалайбыз (Матай 5:14—16).

«Теңирге өз жолуңду тапшыр»

14. Жахабага таяна аларыбызга кандай далилдер бар?

14 Тынчсызданууларыбыздан жана оор жүктөй болуп сезилген түйшүктөрүбүздөн арыла аларыбызды билүү бизге кандай гана жеңилдик берет! Ал нерселерден канткенде кутула алабыз? «Теңирге өз жолуңду тапшыр, Андан үмүттөн,— дейт Дөөт,— ошондо Ал баарын жүзөгө ашырат» (Забур 36:5). Жахабанын колдоосуна таяна аларыбызга жыйналыштарыбызда көптөгөн далилдер бар (Забур 54:23). Толук убакыттуу кызматчылардын баары: пионерлер, кыдыруучу көзөмөлчүлөр же Бейтелдеги ыктыярдуу кызматчылар Жахабанын канчалык камкор экенин тастыктай алышат. Өзүң тааныган ошондой биртуугандар менен маектешип, Жахабанын аларга кандай жардам берип келатканын сурап көрүүгө эмне үчүн болбосун? Алардын көп окуялар менен сага оор учурларда да Жахабанын колу кыска эмес экенин айтып берери шексиз. Кудай жашоого зарыл нерселер менен дайыма камсыз кылат (Забур 36:25; Матай 6:25—34).

15. Кудай элинин адилеттиги кантип жаркырап жатат?

15 Жахабага ишеним артып, ага толугу менен таянсак, забурчунун андан аркы: «Чындыгыңды жарыктай, адилеттигиңди чак түштө тийген күндөй чыгарат»,— деген сөздөрүнүн аткарылышын көрөбүз (Забур 36:6). Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө көп учурда туура эмес маалымат таратылат. Бирок Жахаба жүрөгү таза адамдардын көзүн ачып, аларга биздин кызматыбыз Жахабага жана жакындарыбызга болгон сүйүүгө негизделерин түшүнүүгө жардам берүүдө. Ошол эле учурда, көптөрдүн жамандаганына карабай, биздин адил жүрүм-турумубуз баарына айкын болууда. Кандай гана каршылыкка, куугунтукка дуушар болбойлу, Жахаба бизди колдоп келатат. Натыйжада Кудай элинин адилеттиги чак түштө тийген күндөй жаркырап жатат (1 Петир 2:12).

«Убаралана бербе...чыдамдуулук менен күт»

16, 17. Забур 36:7ге ылайык, азыр эмненин убагы жана эмне үчүн?

16 Забурчу андан ары мындай дейт: «Теңирге баш ий, Андан үмүттөн [«Кудайдын алдында убаралана бербе, Аны чыдамдуулук менен күт», «БМК»]. Өз жолунда ийгиликке жетишкен, куулук кылган адамга көз артпа» (Забур 36:7). Бул жерде Дөөт Жахабанын иш-аракет кылуусун чыдамдуулук менен күтүүнүн зарылдыгын баса белгилейт. Бул түзүлүштүн акыры алигече келбегени нааразылык көрсөтүүгө себеп болбошу керек. Жахабанын ырайымы менен чыдамкайлыгы биз ойлогондон да зор экенин көрүп жаткан жокпузбу? Дүйнөнүн акыры келгенге чейин мындан ары да жакшы кабар таратуу менен алек болуп, биз да чыдамкай экенибизди көрсөтө алабызбы? (Марк 13:10). Азыр кубанычыбыздан жана рухий коопсуздугубуздан айрылта тургандай иш кылуудан качуунун убагы. Азыр Шайтандын дүйнөсүнүн бузуку таасирине дагы да көбүрөөк чечкиндүүлүк менен каршы туруунун убагы. Ошондой эле азыр адеп-ахлактык тазалыгыбызды сактоонун, Жахабанын алдындагы адилдигибизди тобокелге салбоонун убагы. Келгиле, дайыма адеп-ахлаксыз ойлорду четке кагып, башка жыныстагы же жадагалса бир жыныстагы адамдарга жосунсуз мамиле жасоодон качалы (Колостуктарга 3:5).

17 «Ачууңду токтот, каарды ташта,— деп насааттайт бизди Дөөт.— Жамандык кылганга чейин барбаш үчүн, көз артпа. Анткени жамандык кылгандар кырылышат, ал эми Теңирден үмүттөнгөндөр жерди мураска алышат» (Забур 36:8, 9). Ооба, Жахаба жерден бузуктуктун баарын жана андай иштерге жооптууларды түп-тамыры менен жок кыла турган убакты (азыр абдан аз калган убакты) биз ишеним менен күтө берсек болот.

«Бир аз убакыт өткөндөн кийин»

18, 19. Забур 36:10 сага кандай кубаттандыруу берет?

18 «Бир аз убакыт өткөндөн кийин ыймансыз жок болот, анын ордун карап, таппай каласың» (Забур 36:10). Бул түзүлүштүн акыры жана Жахабадан көзкарандысыз болуунун каргашалуу аякташы жакындап калган убакта бул сөздөр бизди кандай кубаттандырат! Адам баласы өкмөттүн же бийликтин кандай гана түрүн ойлоп таппасын, эч бири ийгиликтүү боло алган жок. Азыр Кудайдын башкаруусу, чыныгы теократия, Ыйса Машайактын колуна тапшырылган Жахабанын Падышалыгы, кайрадан бийлик кылчу убак жакындап келатат. Бул Падышалык дүйнөнүн иштерин бүт бойдон өзүнүн көзөмөлүнө алып, Кудайдын Падышалыгынын бардык каршылаштарын жок кылат (Даниел 2:44).

19 Кудайдын Падышалыгынын тушундагы жаңы дүйнөдө «ыймансызды» издесең да таппайсың. Чынында эле, ал убакта Жахабага каршы чыккандардын баары ошо замат жок кылынат. Ал жерде Кудайдын эгедерлигине каршылык көрсөткөндөрдүн же бийлигине баш ийүүдөн баш тарткандардын бири да болбойт. Тегерегиңдегилердин баары Жахабага жагууну каалап, сага пикирдеш болот. Ошондо кандай гана коопсуздук өкүм сүрөт: башкаларга толук ишенүүгө жана өзүбүздү бактылуу сезүүгө кедерги болгон эч нерсе — эч кандай кулпулар, темир торлор — болбойт! (Ышайа 65:20; Михей 4:4; 2 Петир 3:13).

20, 21. а) Забур 36:11де сөз кылынган «момундар» кимдер жана мол тынчтыкты алар кайдан табышат? б) Улуу Дөөттү тууроо менен кандай баталарга ээ болобуз?

20 Ал убакта «момундар... жерди мураска алышат» (Забур 36:11а). Бирок бул «момундар» кимдер? «Момун» деп которулган сөз «жабыр тарттыруу, жоошутуу, кемсинтүү» дегенди билдирген сөздүн уңгусунан келип чыккан. Ооба, «момундар» — булар Жахабанын алар дуушар болуп жаткан адилетсиздиктердин баарын оңдой турганын момундук менен күтүп жаткандар. Алар «тынч турмушка ыракаттанышат» (Забур 36:11б). Атүгүл азыр деле Ыйсанын чыныгы жолдоочуларынын жыйналыштарындагы рухий бейиште жүрүп, биз мол тынчтыкта жашап жатабыз.

21 Кыйынчылыктардан али бошоно элегибизге карабай, биз бири-бирибизди колдоп, кайгыга чөккөндөрдү сооротобуз. Натыйжада Жахабанын кызматчылары чыныгы канааттануу сезе алышат. Кайтаруучу болуп дайындалган биртуугандар биздин рухий, кээде денелик муктаждыктарыбызга кам көрүп, адилеттик үчүн тарткан кыйынчылыктарыбызга чыдоого жардам беришет (1 Тесалоникалыктарга 2:7, 11; 1 Петир 5:2, 3). Мындай тынчтык биз үчүн кандай баалуу нерсе! Ошондой эле биздин жакын калган бейкут Бейиште түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүтүбүз бар. Келгиле анда, Улуу Дөөттү — Жахабага болгон ынтасы акырына чейин ишенимдүү кызмат кылууга түрткү берген Ыйса Машайакты — туурайлы (1 Петир 2:21). Ошондо биз Кудайыбыз Жахаба менен кубанып, аны даңктап, мындан ары да бактылуу болобуз.

Жооп бере аласыңбы?

Забур 36:1, 2-аяттардан эмнелерге үйрөндүң?

• Кантип «Теңир менен кубана» алабыз?

• Жахабага таяна аларыбызга кандай далилдер бар?

[Изилдөө суроолору]

[22-беттеги сүрөт]

Ыйсанын жолдоочулары «мыйзамсыз иш кылгандарга суктанбайт».

[24-беттеги сүрөт]

«Теңирге ишен жана жакшылык кыл».

[25-беттеги сүрөт]

Жахаба жөнүндө көбүрөөк билим алып, аны менен кубан.

[26-беттеги сүрөт]

«Момундар жерди мураска алышат».