Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудай — сүйүү»

«Кудай — сүйүү»

«Кудай — сүйүү»

«Ким сүйбөсө, ал Кудайды билбейт, анткени Кудай — сүйүү» (1 Жакан 4:8).

1—3. а) Ыйык Китепте Жахабанын сүйүү сапаты жөнүндө эмне айтылат жана ал сөздөр эмнеси менен өзгөчөлөнөт? б) Ыйык Китепте «Кудай — сүйүү» деп эмне үчүн айтылат?

ЖАХАБАНЫН касиет-сапаттарынын баары мыкты, жеткилең жана жагымдуу. Бирок алардын ичинен эң жагымдуусу — сүйүү. Ал бизди Жахабага ушунчалык зор күч менен тартып турат. Андан тышкары, сүйүү анын эң негизги сапаты болуп саналат. Муну кайдан билебиз?

2 Ыйык Китепте сүйүү жөнүндө Жахабанын башка негизги сапаттарынын бири жөнүндө да айтылбаган нерсе айтылат. Кудай — күч же адилеттүүлүк, же акылмандык дегенди Жазманын эч жеринен кезиктирбейбиз. Жахаба — ал сапаттардын ээси жана булагы. Ал эми сүйүү сапатына байланыштуу өзгөчө бир нерсе айтылат. 1 Жакан 4:8де: «Кудай — сүйүү»,— делет. Ооба, Жахаба — сүйүүгө толгон Кудай. Сүйүү Анын табиятынын өзү болуп саналат. Жалпылап айтканда, Жахабанын күчү анын иш-аракет кылышын шарттайт; адилеттиги менен акылмандыгы иш-аракеттерин жетектейт; ал эми сүйүүсү ага иш-аракет кылууга түрткү берет. Башка сапаттарын да ал дайыма сүйүү менен чагылдырат.

3 Жахаба сүйүүнүн жандандырылышы деп көп айтылат. Ошондуктан сүйүүнүн эмне экенин билиш үчүн, Жахабаны таанып-билишибиз зарыл. Келгиле, Жахабанын теңдешсиз сүйүүсүнүн айрым өзгөчөлүктөрүнө токтолуп көрөлү.

Сүйүүнүн эң зор көрсөтүлүшү

4, 5. а) Адамзат тарыхында сүйүүнүн эң зор көрсөтүлүшү кайсы болгон? б) Эмне үчүн Жахаба менен анын Уулун сүйүүнүн эң бекем түйүнү бириктирип турат деп айтууга болот?

4 Жахаба сүйүүсүн ар кандайча көрсөтүп келет, бирок бир жолу аны өзгөчө жол менен көрсөткөн. Кантип? Ал өзүнүн Уулун биз үчүн азап тартып өмүрүн берүүгө жиберген. Бул адамзат тарыхында көрсөтүлгөн сүйүүнүн эң зор үлгүсү деп толук ишеним менен айта алабыз. Эмне үчүн?

5 Ыйык Китепте Ыйса «эч нерсе жаратыла электе эле бар болгон» деп айтылат (Колостуктарга 1:15). Элестетсеңер, Жахабанын Уулу аалам пайда болгонго чейин эле жашаган. Анда Уул Атасы менен канча убакыт бирге болгон? Кээ бир илимпоздордун эсеби боюнча, аалам 13 миллиард жыл мурун пайда болгон. Бирок бул сан (туура болгон күндө да) Жахабанын тун Уулунун өмүр узактыгын жетиштүү чагылдыра алмак эмес! Ошончо мезгил аралыгында ал эмне менен алек болгон? Уул Атасынын алдында «чебер жардамчы» катары кубаныч менен кызмат кылган (Накыл сөздөр 8:30, БМК; Жакан 1:3). Жахаба Уулу менен биргеликте ааламдагынын баарын жараткан. Алар кандай гана кызыктуу, кубанычтуу убактарды өткөрүшкөн! Анда алардын эчендеген кылымдарды карыткан карым-катнашынын канчалык тыгыз экенин кимибиз акылыбызга сыйдыра алабыз? Жахаба Кудай менен анын Уулун сүйүүнүн эң бекем түйүнү бириктирип турары шексиз.

6. Ыйса чөмүлтүлгөндө Жахаба Уулуна карата болгон сезимдерин кантип билдирген?

6 Ошого карабастан Жахаба өзүнүн Уулун жерге ымыркай болуп төрөлүүгө жиберген. Ан үчүн Жахаба өзүнүн сүйүктүү Уулу менен асманда жакын пикирлешүүдөн бир канча жылга баш тартууга аргасыз болгон. Ал асмандан Ыйсанын чоңоюп жеткилең адам болушуна зор кызыгуу менен көз салып турган. Ыйса 30 жашка чыгып чөмүлтүлгөндө, Атасы өзү асмандан: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын»,— деп айткан (Матай 3:17). Ыйсанын өзүнө тийиштүү бардык пайгамбарлыктарды ишенимдүү аткарганын, табышталгандын баарын орундатканын көрүп, Атасы абдан эле кубанса керек! (Жакан 5:36; 17:4).

7, 8. а) Б.з. 33-жылынын 14-нисанында Ыйса эмнелерге чыдаган жана алар анын асмандагы Атасына кандай тийген? б) Эмне себептен Жахаба Уулунун азап тартып өлүшүнө жол берген?

7 Бирок б.з. 33-жылынын 14-нисанында Ыйсаны сатып коюшканда жана аны жаалдуу сүрмө топ кармап кеткенде, Жахаба кандай сезимде болгон? Аны шылдыңдап, бетине түкүрүп, ургулашканда, жонун жаралантып камчы менен сабашканда, Жахабага бул кандай тийген? Кийин Ыйсаны колу-бутунан жыгач мамыга кадап ташташкан. Бул аз келгенсип, кадалып турган жеринен кордошкон. Ошол учурда Жахабаны кандай сезимдер чулгаган? Ал эми катуу жабыркаган сүйүктүү Уулунун жалынычтуу үнүн укканда жана ал акыркы демин чыгарып, жаралгандан бери жашоосу биринчи жолу токтогондо, Жахаба кандай абалда болгон? (Матай 26:14—16, 46, 47, 56, 59, 67; 27:26, 38—44, 46; Жакан 19:1).

8 Жахабанын сезимдери ушунчалык күчтүү болгондуктан, Уулунун өлүмү ага кандай оор тийгенин сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Бирок биз Жахабанын буга эмне себептен жол бергенин айта алабыз. Өзүн ушундай оордукка кабылтууга Атага эмне түрткү берген? Жакан 3:16да Жахаба бизге укмуш бир нерсени ачып берет. Бул аят ушунчалык маанилүү болгондуктан, «чакан Инжил» деп аталып калган. Анда: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, Өзүнүн жалгыз Уулун берген. Кудай Аны Ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берген»,— деп айтылат. Демек, Кудайдын мунун баарына жол беришине сүйүү түрткү берген. Мынчалык улуу сүйүү эч качан көрсөтүлгөн эмес.

Жахаба бизди сүйөрүнө ынандырат

9. Шайтан Жахабанын бизге болгон көзкарашы жөнүндө кандай ойдо болушубузду каалайт, бирок Жахаба бизди эмнеге ынандырат?

9 Бирок бир маанилүү суроо туулат: Кудай ар бирибизди сүйөбү? Айрымдар, Жакан 3:16да айтылгандай, Кудай бүт адамзатты сүйөт дегенге кошулушу мүмкүн. Ошол эле учурда алар: «Кудай мени эч качан сүйбөйт»,— деп ойлошу ыктымал. Чынында, Жахаба мени эч качан сүйбөйт же баалабайт деп ойлошубузду Шайтан Ибилис каалайт. Бирок, өзүбүздү Кудайдын сүйүүсүнө татыксыз же санда жок деп канчалык эсептебейли, Жахаба бизди өзүнүн кызматчыларынын ар бирин баалаарына ынандырат.

10, 11. Кандайча Ыйсанын таранчылар жөнүндөгү мисалы Жахабанын бизди баалаарын көрсөтүп турат?

10 Мисалга Ыйсанын Матай 10:29—31-аяттарда жазылган сөздөрүн алып көрөлү. Ыйса өзүнүн шакирттеринин канчалык баалуу экенин мисал менен көрсөтүп: «Эки таранчы бир жез тыйынга эле сатылат эмеспи? Бирок Атаңардын эркисиз алардын бири да өлбөйт. Ал эми силердин башыңардагы чачыңар да саналуу. Ошондуктан коркпогула, силер топ таранчыдан кымбатсыңар»,— деген. Бул сөздөрдүн I кылымда Ыйсаны угуп турган адамдар үчүн эмнени билдиргенин карап көрөлү.

11 Ыйсанын убагында тамак-ашка деп сатылган чымчыктардын эң арзаны таранчы эле. Бир жез тыйынга эки таранчы сатып алууга боло турган. Бирок, Ыйсанын кийинчерээк Лука 12:6, 7-аяттарда айткан сөздөрүнө ылайык, эки жез тыйынга төрт эмес, беш таранчы келчү. Ошентип, бешинчиси эч кандай баага татыбагандай бекер берилчү. Андай чымчыктар адамдардын көз алдында бааланбашы этимал эле. Бирок Жараткан аларга кандай караган? Ыйса: «Кудай алардын бирин да [бекер берилгенин да] унутпайт»,— деп айткан. Бул кошумча маалымат Ыйсанын эмне айткысы келгенин түшүнүүгө жардам берет. Жахаба жөнөкөй эле бир таранчыны ушунчалык бааласа, анда ал үчүн адам канчалык кымбат! Ыйса айткандай, Жахаба бизди беш колдой билет — жадагалса башыбыздагы чачыбыз да саналуу!

12. Эмне үчүн Ыйсанын башыбыздагы чачыбыз саналуу деп айтканы аша чапкандык эмес болчу?

12 Ыйсанын башыбыздагы чачыбыз саналуу дегени кээ бирөөлөргө аша чапкандай көрүнүшү ыктымал. Бирок тирилүү тууралуу ойлонуп көрсөңөр. Кайрадан жарата алыш үчүн Жахаба адамды канчалык жакшы билиши керек! Ал бизди ушунчалык баалагандыктан, ар бир өзгөчөлүгүбүздү, анын ичинде татаал генетикалык кодубузду жана өмүр бою топтогон эскерүүлөрүбүздү, алган таасирлерибизди эсинде сактайт. Анда башыбыздагы 100 000дей чачыбызды санап коюу Жараткан үчүн кыйынга турмак беле? Ыйсанын сөздөрү бизди Жахабанын ар бирибизге кам көрөрүнө кандай сонун ынандырып турат!

13. Жахабанын жеткилеңсиз болгонубузга карабай бизден жакшы нерсе издээри кандайча Жошапат падышанын мисалында көрсөтүлгөн?

13 Ыйык Китепте Жахабанын бизди сүйөрүнө башка да далил бар. Ал адамдардын жакшы жагына көңүл бурат жана ошону баалайт. Мисалга ыймандуу падыша Жошапатты алалы. Падыша акылсыз иш кылып койгондо, Жахабанын пайгамбары ага: «Ушинткениң үчүн Теңир сага каарданып жатат»,— деп айткан. Кандай катуу айтылган! Бирок Жахабанын кабары ушул эле эмес болчу. Андан ары пайгамбар сөзүн: «Ошондой болсо да, сенин жакшы иштериң бар»,— деп улаган (2 Жылнаама 19:1—3). Жахабанын адилеттүү каары анын көзүн тумандатып койгон эмес, ал Жошапаттын «жакшы иштерин» байкаган. Кудайдын бизден жеткилеңсиз болгонубузга карабай жакшы нерсе издээрин билүү жубатарлык эмеспи?

«Кечирүүгө даяр» Кудай

14. Күнөө кетиргенде жүрөгүбүздү кандай сезимдер өйүшү мүмкүн, бирок Жахабанын кечиримдүү экенин кантип көрө алабыз?

14 Күнөө кетиргенибизде, көңүлүбүз чөгүп, абийирибиз жемелеп, өзүбүздү күнөөлүү сезгенден улам Жахабага кызмат кылууга эч качан татыктуу боло албайм деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок Жахабанын «кечирүүгө даяр» экенин унутпайлы (Забур 86:5, ЖД [85:5]). Ооба, күнөөлөрүбүздү мойнубузга алып өкүнсөк жана аларды кайталабоого бүт күчүбүздү жумшасак, биз Жахабанын кечиримдүү экенин көрөбүз. Келгиле, Жахабанын сүйүүсүнүн бул укмуштай өзгөчөлүгү Ыйык Китепте кандай сүрөттөлгөнүн карап көрөлү.

15. Жахаба күнөөлөрүбүздү бизден канчалык ыраактатат?

15 Забурчу Дөөт Жахабанын кечиримдүүлүгүн сүрөттөө үчүн айкын мисал колдонуп мындай деген: «Чыгыш батыштан кандай алыс болсо, Ал биздин мыйзамсыз иштерибизди бизден ошончолук алыстатты» (Забур 102:12). Чыгыш батыштан канчалык алыс? Баарына белгилүү болгондой, чыгыш батыштан дайыма алыс турат; бул карама-каршы эки тарап бири-бирине эч убакта жакындабайт. Бир окумуштуунун айтымында, бул сөз айкашы «мүмкүн болушунча алыс; ой жеткис алыс» дегенди билдирет. Дөөттүн Кудайдын жетеги астында айткан сөздөрү көрсөтүп тургандай, Жахаба кечиргенде күнөөлөрүбүздү бизден ой жеткис алыстыкка ыраактатат.

16. Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирген соң, анын бизди таза деп эсептээрине эмне үчүн шектенбесек болот?

16 Силер ачык түстүү кийимге түшкөн такты кетирүүгө аракеттенип көрдүңөр беле? Канча аракет кылсаңар да, такты толугу менен кетирүү кыйынга турса керек. Жахабанын өзүнүн кечиримдүү экенин кандайча сүрөттөгөнүн байкасаңар. «Эгерде силердин күнөөлөрүңөр кыпкызыл [«кызгылтым», ЖД] болсо, Мен аны аппак кардай агартам. Эгерде кочкул кызыл болсо, Мен аны ак жүндөй агартам»,— дейт ал (Ышайа 1:18) *. Биз өзүбүздүн аракетибиз менен күнөөнүн тагын эч качан кетире албайбыз. Бирок Жахаба кызгылтым же кочкул кызыл сыяктуу болгон күнөөлөрүбүздү кардай же аппак жүндөй кылып агарта алат. Демек, Жахаба күнөөлөрүбүздү кечирип жаткан соң, күнөөлөрүбүздүн тагы өмүр бою өчпөйт деп ойлогонубуз туура эмес болмок.

17. Кандай мааниде Жахаба күнөөлөрүбүздү Өзүнүн артына таштайт?

17 Хиския ажалдуу оорудан аман калгандан кийин Жахабага ыраазычылык билдирип: «Менин күнөөлөрүмдүн бардыгын Өзүңдүн артыңа таштадың»,— деп ыр жазган (Ышайа 38:17). Каймана мааниде Жахаба өкүнгөн адамдын күнөөлөрүн алып, аларды экинчи көрбөш үчүн же байкабаш үчүн Өзүнүн артына таштайт. Бир маалымдама эмгекке ылайык, бул ойду: «[Менин күнөөлөрүмдү] алар мурун болбогондой эле кылып койдуң»,— деп берсе болот. Кандай жубатарлык ой!

18. Жахабанын кечирүү менен күнөөлөрүбүздү биротоло алыстатарын Михей кандайча билдирген?

18 Михей пайгамбар Кудайдын элинин калыбына келери жөнүндө айтып, Жахабанын өкүнгөн элин кечирерине төмөнкүчө бекем ишеним билдирген: «Өз мурасынын калдыгынын кылмыштарын айыпка койбогон Сендей Кудай барбы?.. Сен биздин бүт күнөөлөрүбүздү деңиздин түпкүрүнө таштайсың» (Михей 7:18, 19). Бул сөздөрдүн байыркы убакта жашаган адамдар үчүн эмнени билдиргенин ойлоп көрсөңөр. Ал убакта «деңиздин түпкүрүнө» ташталган нерсени кайра алып чыгуу мүмкүн беле? Ошондуктан Михейдин сөздөрү Жахабанын кечирүү менен күнөөлөрүбүздү биротоло алыстата турганын көрсөтүп турат.

«Кудайдын улуу боорукердиги»

19, 20. а) «Ырайым көрсөтүү» же «аёо» деп которулган эврей этиши эмнени билдирет? б) Ыйык Китепте эненин сезимдери жөнүндөгү мисалдын жардамы менен Жахабанын боорукер экени кантип көрсөтүлөт?

19 Боорукердик Жахабанын сүйүүсүнүн дагы бир өзгөчөлүгү болуп саналат. Боорукердик деген эмне? Ыйык Китепте ал ырайым менен тыгыз байланыштырылган жана боор ооруу сезими бир канча эврей жана грек сөздөрү менен берилген. Мисалы, рахам деген эврей этиши көп учурда «ырайым көрсөтүү» же «аёо» деп которулат. Жахабага карата колдонулган бул эврей сөзү «жатын» деген сөзгө тектеш жана «эненин боорукердиги» деген маанини туюнтат.

20 Ыйык Китепте эненин сезимдери жөнүндөгү мисалдын жардамы менен Жахабанын боорукер экени көрсөтүлөт. Ышайа 49:15те: «Аял эмчектеги баласын унутмак беле? Өзүнүн курсагынан чыккан уулун аябай [рахам] коймок беле? Эгерде ал унутса да, Мен сени унутпайм»,— деп айтылат. Эненин эмчектеги баласын эмизүүнү, ага кам көрүүнү унутуп койгонун элестетүү кыйын. Анткени ымыркай энесинин камкордугуна күндүз да, түнкүсүн да муктаж эмеспи. Бирок, тилекке каршы, айрыкча ушул «оор күндөрдө» айрым энелердин өз балдарына ташбоор мамиле жасап жатышы эч кимге жашыруун эмес (2 Тиметейге 3:1, 3). Бирок Жахаба: «Мен сени унутпайм»,— деп ынандырат. Жахабанын өзүнүн кызматчыларына карата болгон улуу боорукердигине адамга мүнөздүү сезимдердин эң күчтүүсү — эненин боорукердиги — да тең келе албайт.

21, 22. Байыркы Мисирде ысрайылдыктар эмнеге дуушар болушкан жана алардын жалынычына Жахаба кандай жооп кылган?

21 Мээримдүү атага окшоп, Жахаба кантип боорукердик көрсөтөт? Анын бул сапатты кантип чагылдырары байыркы ысрайыл элине жасаган мамилесинен айкын көрүнүп турат. Б.з.ч. XVI кылымдын аягында миллиондогон ысрайылдыктар Мисирде кулга айланып, катуу эзүүгө алынышкан (Чыгуу 1:11, 14). Ошондо кыйналып-кысталган алар жалбарып Жахабага кайрылышкан. Боорукердиктин Кудайы буга кандай жооп кылган?

22 Бул Жахабанын жүрөгүн катуу козгогон. Ал: «Мен Өз элимдин Мисирде тарткан азабын көрдүм... боздогон үнүн уктум. Мен анын кайгысын билем»,— деген (Чыгуу 3:7). Жахаба өз элинин азап чегүүсүн карап же боздогон үнүн угуп тура алган эмес. Ал — боор ооругандыктын Кудайы. Ал эми боор ооругандык, башкача айтканда, башкалардын кайгы-капасын сезе билүүчүлүк, боорукердик менен тыгыз байланышта. Бирок Жахаба аларга боор ооруп эле койбостон, жардамга келген. Ышайа 63:9да: «Теңир аларды Өзүнүн сүйүүсү, ырайымдуулугу менен куткарып алды»,— делет. Ал ысрайылдыктарды Мисирден «күчтүү колу» менен алып чыккан (Мыйзам 4:34). Андан кийин аларды керемет жолу менен азыктандырып, түшүмдүү жерге алып барган.

23. а) Забурчунун сөздөрү Жахабанын ар бирибизге кам көрөрүнө бизди кантип ынандырып турат? б) Жахаба бизге кантип жардам көрсөтөт?

23 Жахабанын боорукердиги жалпы элине эле көрсөтүлбөйт. Мээримдүү Кудайыбыз ар бирибизге назиктик менен кам көрөт. Ал башыбызга түшкөн азап-тозоктордун баарын билет. Забурчу: «Теңирдин көздөрү адил адамдарга бурулган, кулагы алардын зар-муңуна бурулган. Теңир чын дилинен өкүнгөндөргө жакын, руху менен моюн сунгандарды куткарат»,— деп айткан (Забур 33:16, 19). Жахаба ар бирибизге жекече кантип жардам көрсөтөт? Ал сөзсүз түрдө көйгөйдүн себебин жоюп салбаса да, жардам сурап кайрылгандарга көптөгөн жолдор менен кам көрөт. Анын Сөзүндө зор жардам болорлук пайдалуу кеңештер берилет. Жыйналышта Кудай дайындаган рухий жөндөмдүү көзөмөлчүлөр башкаларга көмөк көрсөтүүдө Анын боорукердигин чагылдырууга умтулушат (Жакып 5:14, 15). Жахаба, «тиленүүнүн Угуучусу» (ЖД), «сурагандарга Ыйык Рух берет» (Забур 64:3; Лука 11:13). Мунун баары «Кудайдын улуу боорукердигинин» көрсөтүлүшү болуп саналат (Лука 1:78).

24. Жахабанын сүйүүсүнө кандай жооп кайтарабыз?

24 Асмандагы Атабыздын сүйүүсү жөнүндө ой жүгүртүү жүрөгүбүздү козгобой коёбу? Мурунку макалада биз Жахабанын өз күчүн, адилеттигин жана акылмандыгын сүйүү менен көрсөтөрүн жана ал сапаттарын биздин пайдабызга колдонорун карап чыккан элек. Ал эми бул макаладан Жахабанын адамзатка жана ар бирибизге эң сонун жолдор менен сүйүү көрсөтөрүнө ынандык. Эми ар бирибиз өзүбүздөн: «Жахабанын сүйүүсүнө мен кандай жооп кайтарам?» — деп сурап көргөнүбүз абзел. Келгиле, биз да аны бүт жүрөгүбүз, түшүнүгүбүз, жан-дилибиз жана күч-кубатыбыз менен сүйөлү (Марк 12:29, 30). Жашообуз күн сайын Жахабага дагы да көбүрөөк жакындоого чындап ынтызар экенибизди ырастай берсин. Ал эми сүйүүнүн өзү болгон Кудайыбыз Жахаба ар бирибизге түбөлүктөн түбөлүккө жакындай берсин! (Жакып 4:8).

[Шилтемелер]

^ 16-абз. Бир окумуштуунун билдирүүсүнө караганда, кызгылтым түс «туруктуу, өчпөс өң эле. Андай түс менен боёлгон кездеме шүүдүрүмдө же жамгырда калганда, жууганда же көпкө урунганда оңчу эмес».

Эсиңердеби?

Сүйүү Жахабанын эң негизги сапаты экенин кайдан билебиз?

Эмне үчүн Жахабанын өз Уулун биз үчүн азап тартып өмүрүн берүүгө жибергенин сүйүүнүн эң зор көрсөтүлүшү деп айтууга болот?

Жахаба бизди ар бирибизди сүйөрүнө кантип ынандырат?

Жахабанын кечиримдүү экени Ыйык Китепте кантип айкын көрсөтүлөт?

[Изилдөө суроолору]

[28-беттеги сүрөт]

© J. Heidecker/VIREO

«Силер топ таранчыдан кымбатсыңар».