Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | ЖАШТАР

Мамилеңер үзүлгөндө

Мамилеңер үзүлгөндө

КӨЙГӨЙ

«Мен издеп жүргөн кишимди таптым деп ойлогом. „Жанында түбөлүк жүрсөм да тажабайм“,— дечүмүн. Тилекке каршы, эки ай өтпөй эле мамилемди үзүүгө туура келди. Баары ушунчалык сонун башталып, тез эле бүтүп калганына ишене албай жаттым!» (Анна) *.

«Экөөбүздүн бир нерсеге эки башка көз карашта болушубуз мүмкүн эместей сезилген. Мен атүгүл аны менен баш кошконумду элестетип, кыялданчумун. Бирок убакыттын өтүшү менен экөөбүздүн такыр эки башка экенибизди байкап, катуу жаңылганымды түшүндүм. Анан аны менен мамилемди токтоттум» (Элен).

Сенин да башыңан ушундай нерсе өттү беле? Эгер өтсө, бул макаладагы кеңештер сага пайдалуу болот.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

Мамилени үзгөн тарап өзү да кыйналышы мүмкүн. Жигити менен жарым жыл сүйлөшкөндөн кийин мамилесин токтотуп койгон Сара деген кыз мындай дейт: «Аябай жаман болгом. Жашоомду, келечегимди ансыз элестете албаган кишим бир заматта жок болуп кеткендей эле болгон. Экөөбүз чогуу уккан ырларды угуп, чогуу өткөргөн бактылуу күндөрүбүздү эстей берчүмүн. Чогуу жүргөн жерлерге барып, аны жоктоп жаман болчумун. Ортобуздагы мамилебизди өзүм үзсөм да аябай кыйналгам».

Кайгыга салса да, туура чечим болушу мүмкүн. «Албетте, сүйлөшкөн кишиңдин жүрөгүн ооруткуң келбейт. Бирок мамилеңер жакшы болбой жатканына карабай андан ары уланта берсеңер, акырында экөөңөр тең кыйналышыңар мүмкүн»,— дейт Элен. Сара да анын оюн коштоп мындай дейт: «Менимче, сүйлөшүп жатканда бактылуу болбосоңор, үйлөнгөндөн кийин деле бактылуу болоруңар күмөн. Ошондуктан андайда сүйлөшүүнү токтотуп эле койгон оң».

Ийгиликсиздик деп кабыл албашың керек. Чынында, кыз менен жигиттин сүйлөшкөнүнүн негизги максаты — кандайдыр бир чечим чыгаруу. Бирок ал дайыма эле баш кошобуз деген чечим боло бербейт. Андыктан сен же сүйлөшкөн кишиң бир нерсеге түпөйүлдөнүп, шектенип жатса, анда мамилеңерди токтотконуңар акылдуулукка жатат. Мамилеңердин үзүлгөнү баары бүттү дегенди билдирбейт. Жашоо андан ары улана берет.

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Болгонду болгондой кабыл ал. «Ал менин жөн эле досум эмес, эң жакын досум болчу»,— дейт Элен. Жакын адамың менен сүйлөшпөй калганда жаман болоруң турган иш. «Кимдир бирөө менен мамилең үзүлгөндө, ушундай кылуу жакшы болорун билсең да, жүрөгүң оорубай койбойт»,— дейт Адам деген бир жигит. Андайда: «Түнү бою жаткан жерим көз жашка чыланып, төшөгүм суу болуп чыгат»,— деп жазган Дөөтү пайгамбардай болуп, кыйналышың мүмкүн (Забур 6:6). Бирок кээде кайгы менен күрөшүүнүн эң жакшы жолу — андан качпай, болгонун болгондой кабыл алып, көтөрө билүү. Кыйналып жатканыңды моюнга алганың — жүрөк дартынан айыгуунун биринчи кадамы. (Ыйык Китептеги принцип: Насаатчы 3:1, 4.)

Жөлөк боло тургандар менен көбүрөөк пикирлеш. Бул кыйынга турушу мүмкүн. «Башында эч кимди көргүм келбей жүрдү. Эмне болуп кеткенин түшүнүп, баарын кабыл алганга жана өзүмө келгенге убакыт керек болду»,— дейт Анна. Бирок ал ага жөлөк-таяк болгон жакын достору менен пикирлешүү жардам берерин кийинчерээк түшүнгөн. Анна мындай дейт: «Азыр өзүмдү жакшыраак сезип, мурункудай кайгырбай калдым». (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 17:17.)

Өткөндөн сабак ал. Ошол окуядан кийин жетишпеген жактарыңды байкадыңбы? Кийин бирөө менен сүйлөшө турган болсоң, эмнени башкача кылат элең? Ушулар тууралуу ойлонуп көр. «Башымдан өткөн нерсени бир канча убакыт өткөндөн кийин гана жакшыраак түшүндүм,— дейт Марсия деген бир кыз.— Болгон окуяга сезимдерге алдырбай, акыл токтотуп, туура көз карашта болуш үчүн убакыт керек болду». Адам деген жигит да: «Мамилебиз үзүлгөндөн кийин бир жыл дегенде араң өзүмө келдим. Ал эми өткөндөн сабак алыш үчүн андан да көп убакыт керек болду. Ошондон кийин өзүмө, карама-каршы жыныстагыларга, кыз-жигит болуп сүйлөшүүгө карата оюм бир топ өзгөрдү. Азыр өткөндү ойлоп анча кайгырбай калдым»,— деген.

Кудайга жүрөгүңдөгүнү төк. Ыйык Китепте Кудай жөнүндө: «Жүрөгү жаралангандарды айыктырат, алардын жараатын таңат»,— деп жазылган (Забур 147:3). Негизи, Кудай ар бир кишиге түгөй таап берүүгө милдеттүү эмес. Ошондуктан кимдир бирөө менен мамилебиз үзүлүп калганына аны күнөөлөө туура эмес. Анткен менен ал биздин жыргалчылыгыбызга абдан кызыкдар. Ошондуктан Кудайга кайрылып, жүрөгүңдөгүнүн баарын төк. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Петир 5:7.)

^ 4 абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.