Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн жаман чөйрөгө жакынмын?

Эмне үчүн жаман чөйрөгө жакынмын?

Жаштардын суроолору:

Эмне үчүн жаман чөйрөгө жакынмын?

«Ал жигит менен жакын мамиле өрчүтпөшүм керек экенин билсем да, көз жумуп койдум. Анын мага көңүл бурганы жагып жатты» (Нэнси) *.

«Ролик тебүүчү аянтка жалгыз барчумун. Анан ал жактан „досторду“ таап, алар менен көп жолугуша баштадым. Көп өтпөй адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүп кеттим» (Дэн).

НЭНСИ да, Дэн да рухий жактан бекем жаштардан болчу. Нэнси Кудайдан корккон үй-бүлөдө өскөн жана тогуз жашынан тартып ишеними тууралуу башкаларга айта баштаган. Дэн болсо өспүрүм курагынан эле толук убакыттуу кызмат кылып жүргөн. Ошентсе да экөө тең чындык жолунан чыгып калышкан. Эмне үчүн? Анткени алар жаман чөйрө менен жакын дос болуп алышкан.

Сенин да кайсы бир адамдын терс таасир этерин түшүнгөнүң менен, ага тартыла берген учуруң болду беле? Балким, ал классташың же жагып калган башка жыныстагы адам болгондур.

Ыйык Китептин: «Алданбагыла, акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деген эскертүүсү эсиңде чыгар (1 Корунттуктарга 15:33). Бирок Жахабага кызмат кылбаган адамдардын баарын акылсыз деп айтууга болобу? Кимдир бирөө жакшы, атүгүл сонун сапаттарга ээ болсочу? Же рухий жактан жакшы үлгү көрсөтөт деп айтуу кыйын болгон ишенимдешиң тууралуу эмне дешке болот? Бул суроолорго жооп алар алдында андай адамдар эмне себептен жагып калышы мүмкүн экенин карап көрөлү.

Эмне себептен тартыласың?

Адамдар Кудайдын бейнеси боюнча жаратылгандыктан, Жахабаны таанып-билбегендердин арасында да жакшы сапаттары бар адамдар болот. Ошондуктан чыныгы Кудайга кызмат кылбагандардын арасынан да урматтоого татыктууларды жолуктурасың. Ыйык китептик окутууларды билишпегендиктен эле алардан таптакыр оолак карманыш керекпи? Жок. Себеби Ыйык Китеп бизди «бардыгына», демек, ишенимибизди жактабаган адамдарга да «жакшылык кылууга» чакырат (Галатиялыктарга 6:10). Жакын досторду кылдат тандоо өзүңдү башкалардан жогору көрүү дегендик эмес (Накыл сөздөр 8:13; Галатиялыктарга 6:3). Башкаларга бойкөтөрүү менен мамиле жасоо диниңе шек келтириши мүмкүн.

Бирок чындык жолундагы айрым жаштар чындыкка анчейин же таптакыр кызыкпаган адамдар менен жакшы мамиледе болуу менен гана чектелбестен, жакын дос болуп алышкан. Жогоруда айтылган Дэн роликти жакшы тепкенди үйрөнгөн. Бирок спорт аянтынан көп жолуккан балдар Кудайга ишенишчү эмес. Ошондуктан Дэн, жаңы «досторуна» кошулуп, адеп-ахлаксыз иштерди жасап, баңгизат колдоно баштаган. Жүрүм-туруму Кудайдын нормаларына ылайык келбей калганын түшүнгөндүктөн, ал жыйналышка барбай, кабар айтуу ишине катышпай калган. Анан бир топ жылдан кийин гана тийиштүү өзгөрүүлөрдү жасап, чындык жолуна кайра кайтып келген.

Мелани жыйналыштагы рухий жактан алсыз бир кыз менен достошо баштаган. «Жардамга муктаж дешкенинен ага көп көңүл бура баштадым»,— дейт Мелани. Албетте, Ыйык Китеп бизди «алсыздарды колдоого» чакырат (1 Тесалоникалыктарга 5:14). А бирок Мелани өзү кайра жаңы досу менен барларга бара баштаган. Ал жактан башкалар менен таанышып, жосунсуз иш жасоого чейин барган.

Үй-бүлөнүн таасири

Үй-бүлөдөгү жагдай да кандай досторду тандаарыңа таасир этиши ыктымал. Мишель өзүнүн негедир кайдыгер, мерез жигиттерди жактырарына таң калчу. Ойлонуп көрүп, мунун себеби алардын өзүнүн суз мүнөз, дайым колу бошобогондой сезилген атасына окшошуп кеткендигинде экенин байкаган. Ошондой эле ал кайдыгер эркектин көңүлүн «этегине эрмешип» жүрүп бурдурууга көнүп калгандыгы да себеп болсо керек деген жыйынтыкка келген.

Бирок буга дагы башка нерсе себеп болушу мүмкүн. Айталы, чындыкта өскөн бала же кыз, ата-энесин өтө эле өнтөлөп кам көрө берет деп эсептегендиктен, башкалардай болуп жашап көргүсү келиши мүмкүн. Кандай себептен улам болбосун, жагдайды дүйнөлүктөр менен жакын достошуп чечүүгө болобу? (Жакып 4:4). Мисалы, Билл менен мындай окуя болгон.

Аны апасы кичинесинен Ыйык Китепте айтылгандар боюнча тарбияласа да, ал Кудайга кызмат кылуу эркиндигимди чектейт деген ойдо болгондуктан, Жахабага арналбоону чечкен. Дүйнөдөгүлөрдөй болуп жашап көргүсү келгендиктен, ал бузулган топко кошулуп, баңгизат колдонуп, кылмыштуу иштерге катыша баштаган. Бир жолу машине менен полициядан катуу ылдамдыкта качып келатып аварияга кабылган. Анын ошондо тирүү каларына врачтар күмөн санашкан. Бактыга жараша, бир нече айдан кийин ал комадан чыккан. Бирок майып болуп, көзү көрбөй калган. Бул кайгылуу окуядан Билл (азыр ал — чөмүлтүлгөн биртууган) чоң сабак алган. Ал кетирген каталардын кесепетин өмүр бою тартууга туура келиши мүмкүн экенин түшүнгөн.

Башка таасирлер

Кээде жандос кандай болушу керектиги жөнүндөгү ой-түшүнүктү маалымат каражаттары калыптайт. Мисалы, китеп, телеберүү, фильм жана музыкалык клиптерде, бир караганда, ары орой, ары мерез, бирок кийин барып турган боорукер, мээримдүү адам болуп чыккан каармандар тууралуу көп айтылып-көрсөтүлөт. Бул ырайымсыз жана өзүмчүл көрүнгөн адамдар, чынында, аябай боорукер, сезимтал болот деген жаңылыш ойду жаратат. Андайда кайдан-жайдан пайда болгон, көбүнчө башка жыныстагы дос башкаарманга эң жакшы сапаттарын ачууга жардам берип калат. Бул кеңири таралган сюжеттерден. А бирок чыныгы жашоодо ошондойбу? Өкүнүчтүүсү, кээ бир жаштар бурмаланган үмүт-кыялдардын таасиринен улам өзүмчүл, ташбоор адам менен достошуп же баш кошуп алган соң, анын сезимтал, мээримдүү адамга «айланар» маалын күтүп кыйналып жүрө беришет.

Айрымдар начар адамдарга дагы бир себептен улам тартылышы мүмкүн. Алар өздөрүн сүйкүмсүз эсептешкендиктен, ким көңүл бурбасын, кабыл алууга макул. Макаланын башында сөздөрү келтирилген Нэнси Ыйык Китеп боюнча «Теңирге ишенген» адам менен гана баш кошуу керектигин билген (1 Корунттуктарга 7:39). Бирок өзүн сулуу эмесмин деп эсептегендиктен, диний көзкарашына ортоктош эмес эмгектеши жактырып калганын билдиргенде, каршы болмок турсун, кубанган. Ошондуктан аны менен жолугуша баштаган. Натыйжада ал аз жерден адеп-ахлаксыз иш жасап коё жаздаган.

Жогоруда айтылгандардан көрүнгөндөй, чындык жолундагы жаштар терс таасирдүү адамдарды ар кандай себептерден улам жактырышы мүмкүн. Анын үстүнө, алар анысын көп шылтоо менен актап коюшу ыктымал. Бирок мындай достуктун аягы жакшылык менен бүтпөйт. Эмнеге?

Достуктун таасири

Адам барган сайын досторуна окшошо баштаарын тана албайбыз. Андыктан кимдер менен көп жүрсөк, бизге ошолор абдан таасир этет. «Акылдуу адамдар менен мамилелешкен адам акылдуу болот, ал эми акылсыз адамдар менен достошкон адам бузулат»,— деп Накыл сөздөр 13:20да ал таасирдин жакшы же жаман болору белгиленген. Жакын досторду бир машинеде кетип бараткан адамдарга салыштырууга болот: алар бир багыт менен кетип бараткандыктан, сөзсүз баары бир жерге барып жетет. Ошон үчүн өзүңө төмөнкүдөй суроолорду берип көр: «Досумдун жашоодогу багыты мени көздөгөн жагыма жеткиреби? Ал мага рухий максаттарымдын ишке ашышына жардам береби?»

Албетте, туура баа берүү оңой эмес болушу мүмкүн. Балким, ортодо күчтүү сезимдер өрчүп кеткендир. Бирок дос тандоодо сезимге гана таянуу туурабы? Сен: «Жүрөгүң айтканды жаса»,— деген кеңешти көп уккандырсың. Бирок Накыл сөздөр 28:26да айтылгандай, жүрөгүнө же «өзүнө таянган адам акылсыз». Эмнеге? Себеби «адамдын жүрөгү өтө анткор, өтө бузулган» (Жеремия 17:9; Сандар 15:39). Анткорлук антынан тангандык, жалганчылык, куулук дегенди билдирет. Сен жалганчы же сөзүнө турбаган адамга ишеним артат белең? Жүрөгүбүз да алдап коюшу мүмкүн. Ошондуктан досторду жүрөгүбүздүн «айтканына» жараша тандап, баарын жакшы деп эсептей берүүгө болбойт.

Ыйык Китеп андан кыйла ишенимдүү жетекчилик берет. Анткор жүрөктөн айырмаланып, ыйык китептик принциптер эч качан натуура жакка багыттабайт жана көңүл кайттылыкка алып барбайт. Алардын жардамы менен адамдын жакшы же жаман дос экенин кантип аныктоого болот? Өмүрлүк жар тандап жатканда жаңылбоого эмне жардам берет? Бул суроолор ушул рубриканын эмки макаласында талкууланмакчы.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[20-беттеги сүрөт]

«Ойдогудай» достун бейнесин кээде маалымат каражаттары калыптайт.