Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Дүйнөнүн акыры качан келет?

Дүйнөнүн акыры качан келет?

Буга чейинки макаладан билгенибиздей, Ыйык Китепке ылайык, дүйнөнүн акыры Жер планетасынын жок болуп кетерин же адамзаттын тукум курут болорун билдирбейт. Ал азыркы учурдагы Кудайга каршы чыккан уюмдардын жана аларды колдогондордун баарынын жок кылынарын билдирет. Бирок Ыйык Китепте анын качан болору айтылганбы? Ал тууралуу Иса пайгамбар эмне деген?

ДҮЙНӨНҮН АКЫРЫ ТУУРАЛУУ АЛ АЙТКАН ЭКИ НЕРСЕГЕ КӨҢҮЛ БУРСАҢАР:

«Ошондуктан сергек болгула, себеби ал күндү да, саатты да билбейсиңер» (МАТАЙ 25:13).

«Байкагыла, сергек болгула, анткени белгиленген убакыттын качан келерин билбейсиңер» (МАРК 13:33).

Демек, дүйнөнүн акыры качан келерин жер бетинде жашаган бир да киши так билбейт. Анткен менен Кудай дүйнөнүн акырынын убактысын — күнүн жана саатын — белгилеп койгон (Матай 24:36). Анда ал күндүн качан келерин билүү такыр мүмкүн эмеспи? Жок, сөзсүз деле андай эмес. Иса Машаяк шакирттерине дүйнө соңуна чыгып баратканда кандай окуялар болорун алдын ала айткан.

БЕЛГИ

Ошол окуялардын баары биригип «дүйнө түзүлүшүнүн аяктап баратканын» көрсөткөн белгини түзмөк. Иса пайгамбар: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде ачарчылык, жер титирөө болот»,— деген (Матай 24:3, 7). Ошондой эле ал эпидемияга айланган «жугуштуу оорулардын» болорун айткан (Лука 21:11). Силер Иса пайгамбар айткан ошол окуяларга күбө болуп жатасыңарбы?

Ырас, бүгүнкү күндө адамдар кыргындуу согуштардан, ачарчылыктан, жер титирөөлөрдөн жана түгөнбөгөн оорулардан азап чегип жатат. Мисалы, 2004-жылы Инди океанында болгон катуу жер титирөөдөн кийинки цунамиден 225 000дей киши каза тапкан. Ал эми COVID-19 пандемиясы үч жылдын ичинде эле дүйнө жүзү боюнча 6 миллион 900 миң кишинин өмүрүн алып кетти. Ушул окуялардын баары, Иса Машаяк айткандай, дүйнөнүн акырына аз калганынан кабар бермек.

«АКЫРКЫ КҮНДӨР»

Ыйык Китепте дүйнөнүн акырынын алдындагы убакыт аралыгы «акыркы күндөр» деп аталган (2 Петир 3:3, 4). 2 Тиметей 3:1—5-аяттарга ылайык, акыркы күндөрдө адамдардан ыйман кетип, пейили бузулмак (« Дүйнө жок кылынар алдында» деген кутучаны карагыла). Адамдардын өзүмчүл, ач көз, зөөкүр, мерез болуп баратканын байкап жатасыңарбы? Бул да дүйнөнүн акырына аябай аз калганынын белгиси.

Акыркы күндөр канча убакытка созулат? Ыйык Китеп боюнча, аз эле убакытка созулат. Андан соң Кудай «жерди кыйраткандарды кыйратат» (Аян 11:15—18; 12:12).

ЖАКЫНДА ЖЕР БЕТИ БЕЙИШКЕ АЙЛАНАТ!

Кудай азыркы бузулган дүйнөнү жок кыла турган күндүн убакыт-саатын эчак эле белгилеп койгон (Матай 24:36). Бирок коркууга эч кандай себеп жок. Анткени Кудай «эч кимдин өлүшүн каалабайт» (2 Петир 3:9). Ошондуктан ал адамзатка аны таанып-билип, ага баш ийүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Эмне үчүн? Себеби адамдардын аман калышын, бейишке айланган жер бетинде өмүр сүрүшүн каалайт.

Кудай адамдардын анын Падышалыгы алдында жашай турган жаңы адамзат коомуна кошулушун каалайт. Ошол себептен бүткүл дүйнө жүзү боюнча билим берүү ишин уюштурган. Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабардын «дүйнө жүзү боюнча... таратыларын» айткан (Матай 24:14). Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги үмүт берерлик кабарды таратуу жана окутуу ишине дүйнө жүзү боюнча 2 миллиарддан ашуун саат жумшашкан. Иса пайгамбар дүйнөнүн акыры келгенге чейин ушул кабардын жердин булуң-бурчуна жетерин айткан.

Адамдардын башкаруусу дээрлик соңуна чыгып калды. Бактыга жараша, силер дүйнөнүн акырынан аман өтө аласыңар. Ошондой эле Кудай убадалаган жер бетиндеги бейиште жашай аласыңар. Ан үчүн эмне кылсаңар болору тууралуу кийинки макалада айтылат.

Иса пайгамбардын «акыркы күндөр» жөнүндө айткандары жакшыдан үмүт үзбөгөнгө негиз берет