Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Босогодо турган бейиш заманга азыртадан даярдана аласыңар

Бейиш заманга аз калды!

Бейиш заманга аз калды!

Кудай жерди адил адамдар анда түбөлүк жашасын деп жараткан (Забур 37:29). Ал алгачкы түгөйлөрдү, Адам ата менен Обо энени, көз жоосун алган Эйден багына жайгаштырган. Анан аларга жана алардын урпактарына жерди иштетүүгө, ага кам көрүүгө буйрук берген (Башталыш 1:28; 2:15).

Бирок азыр жер бети Кудай башында ниет кылгандагыдай бейиш эмес. Анткен менен Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниети өзгөргөн жок. Ал баштапкы ой-ниетин кантип ишке-ашырат? Буга чейинки макалаларда талкуулангандай, Кудай Жер планетасын жок кылбайт. Жерде ага баш ийген адамдар жашашы үчүн, ал аларды аман алып калат. Кудай бул ой-ниетин жүзөгө ашырганда, жер жүзүндөгү жашоо кандай болот?

Бүткүл дүйнөлүк өкмөт

Жакын арада Кудайдын асмандан бийлик кыла турган өкмөтү бүт адамзатты башкарат. Ошондо адамдар жер бетинде бакубат өмүр сүрүп, бири-бири менен ынтымакта жашашат. Алар канааттануу тартуулаган иштер менен алектенишет. Кудай жерди башкарууга Иса Машаякты дайындаган. Өз көмөчүнө күл тарткан бүгүнкү күндөгү башкаруучулардан айырмаланып, Иса ага баш ийгендердин жыргалчылыгын көздөйт. Ал сүйүү менен бийлик жүргүзгөн боорукер, ырайымдуу, калыс Падыша болот (Ышая 11:4).

Эл аралык биримдик

Жер бетинде жашай турган жаңы адамзат коому улутка, урууга бөлүнбөйт. Бүт адамзат бир элдей жашайт (Аян 7:9, 10). Алардын баары Кудайды жана жакындарын сүйүшөт. Жараткандын жерге байланыштуу алгачкы ой-ниети аткарылышы үчүн, алар Жер планетасын бейишке айлантып, ага кам көрүш үчүн эриш-аркак эмгектенишет (Забур 115:16).

Табият менен адамдардын ортосундагы таттуу мамиле

Кудайдын Падышалыгы жер бетине бийлик жүргүзгөндө, Жаратканыбыз табият күчтөрүн көзөмөлдөйт. Ошондо жаратылыш кырсыктары болбойт (Забур 24:1, 2). Иса Машаяк жерде жүргөндө алай-дүлөй түшкөн шамалды бир-эки сөз менен эле тынчытып койгон. Ушундайча ал жаңы заманда Кудайдын күчү менен эмнелерди кыларын көрсөткөн (Марк 4:39, 41). Ошондуктан Иса Машаяк башкарганда табигый кырсыктардан коркконго эч кандай себеп болбойт. Кудайдын Падышалыгы алдында адамдар менен жаныбарлар бири-бирине зыян келтирбейт. Баары табият менен таттуу мамиледе болот (Ошуя 2:18).

Чың ден соолук жана мол тамак-аш

Ар бир адамдын ден соолугу жеткилең болот. Эч ким оорубайт, карыбайт, өлбөйт (Ышая 35:5, 6). Адамдар түпкү ата-энебиз жашаган Эйден багындай таза, кооз жерде ырахаттанып өмүр сүрүшөт. Жаңы заманда, Эйден багындай эле, жерден мол түшүм алышат. Жер тургундарынын баарында жетиштүү тамак-аш болот (Башталыш 2:9). Кудайдын байыркы убакта жашаган ысрайыл элиндей болуп, бейиште жашаган ар бир киши каалашынча «нан жейт» (Лебилер 26:4, 5).

Тынчтык жана коопсуздук

Кудай башкарганда, төгөрөктүн төрт бурчундагы адамдар тынчтыкка ырахаттанышат. Бири-бирине боорукердик, калыстык менен мамиле кылышат. Согуш оту өчөт, бийлигин кыянат колдонгондор болбойт, эч ким эч нерседен өксүбөйт. Себеби Ыйык Китепте мындай убада жазылган: «Ар бири өзүнүн жүзүм сабагы менен анжир дарагынын астында отурат. Аларды эч ким коркутпайт» (Микей 4:3, 4).

Турак жай жана канааттандырарлык жумуш

Ар бир үй-бүлөнүн үстүндө үйү болот. Эч ким үйүмдөн айрылып калам деп коркпойт. Кандай жумуш аткарбасын, эмгегинин үзүрүн көрөт. Анткени Ыйык Китепте Кудай убада кылган жаңы заманда жашай тургандардын «куру бекер эмгектенбей» турганы айтылган (Ышая 65:21—23).

Эң мыкты билим

Ыйык Китепте: «Жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот»,— деген убада камтылган (Ышая 11:9). Жаңы адамзат коомун түзө тургандар Жахаба Кудайдын түбү жок акылмандыгы, анын колунан бүткөн кереметтүү нерселер жөнүндө билим алышат. Алар алган билимин курал-жарак жасаш үчүн же башкаларга зыян келтириш үчүн колдонушпайт (Ышая 2:4). Тескерисинче, бири-бири менен тынчтыкта жашаганга, Жер планетасына кам көргөнгө үйрөнө беришет (Забур 37:11).

Чексиз өмүр

Күн сайын жашоонун ырахатын көрүп жашашыбыз үчүн, Кудай Жерди эң сонун кылып жараткан. Ал адамдардын жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүшүн каалайт (Забур 37:29; Ышая 45:18). Ошол ой-ниетин аткарыш үчүн Кудай «өлүмдү түбөлүккө жок кылат» (Ышая 25:8). Ыйык Китепте: «Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт»,— делген (Аян 21:4). Кудай бул ыймансыз дүйнө жок кылынганда аман кала турган адамдарга жана жаңы заманда жер бетине тириле турган сансыз адамдарга түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүн берет (Жакан 5:28, 29; Элчилер 24:15).

Азыртадан эле дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар босогодо турган жаңы заманга даярданып жатышат. Алар жеткилеңсиз болушса да, Кудайга жаккан, бейиште жашаганга татыктуу адамдардан болууга бүт күчүн жумшоодо. Ан үчүн эмне кылып жатышат? Алар Жахаба Кудай жөнүндө жана ал жерге жиберген Иса Машаяк жөнүндө билим алышууда (Жакан 17:3).

Бул дүйнө жок кылынганда аман калып, жакында келе турган, кой үстүндө торгой уялай турган заманда жашаш үчүн эмне кылсаңар болору тууралуу көбүрөөк билгиле. Ал үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн бирине кайрылып, Ыйык Китепти «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептин жардамы менен акысыз изилдөөнү сурансаңар болот.