Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1. Көйгөйлөрдөн качуу

1. Көйгөйлөрдөн качуу

Ыйык Китепте андагы кеңештердин Кудайдын жетеги менен жазылганы жана «окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн» пайдалуу экени айтылган (2 Тиметей 3:16). Чын эле ошондойбу? Анда Ыйык Китептеги акылмандык көптөргө айрым көйгөйлөрдү тереңдеп кете электе алдын алууга кандайча жардам бергенин карап көрөлү.

ИЧИМДИККЕ БЕРИЛҮҮ

Мурунку макалада айтылган София кыйынчылыктарынан улам көп иче баштаган. Ыйык Китепте чени менен ичүүгө тыюу салынбайт, бирок анда: «Шарапка мас болгондордун... арасында болбо»,— делет (Накыл сөздөр 23:20). Ичкиликтин айынан көптөр ден соолугун жоготот, башкалар менен болгон мамилесин бузуп алышат, ошондой эле жыл сайын миллиондогондор өмүрүнөн ажырайт. Эгер адамдар Ыйык Китептеги даанышман кеңештерге ылайык иш кылышса, андай көйгөйлөрдүн көбүнөн кача алышмак.

София так ошондой кылган. Ал мындай деп эскерет: «Ичимдик тынчсыздануулардан арылта албасын түшүндүм. Мен Филипиликтер 4:6, 7деги: „Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү... Кудайга... билдиргиле“,— деген кеңешти колдондум. Кечинде оюм чачыранды болуп, тынчсыздана баштаганда, дайыма Жахабага жалбарчумун. Ага бардык ой-сезимдеримди, анын ичинде эмнеге ачууланып жатканымды, кайгы-капамды, көңүлүмдүн чөккөнүн айтып, жакшы нерселер жөнүндө ой жүгүрткөнгө жардам беришин суранчумун. Эртең менен андай сезимдерди жуутпаганга андан ары да аракет кыла берчүмүн. Бул мага өзүмдө жок нерсеге эмес, бар нерсеге көңүл топтогонго жардам берди. Экинчи такыр ичпейм деп чечип алдым. Анткени жүрөгүмдөгү тынчтык ушунчалык баа жеткис болгондуктан, аны жоготуп алгандан коркчумун».

ЖЫНЫСТЫК АДЕП-АХЛАКСЫЗДЫК

Бул — жан дүйнөнү жаралап, адамды азапка салган көйгөйлөрдүн бири. Бирок Ыйык Китептеги принциптер ага алып бара турган нерселерден, мисалы, ар кимге тийишүүдөн, порнография көрүүдөн качканга көмөк кылат. «Башкаларга тийишүү мен үчүн кадимки эле нерсе болчу,— дейт Сэмуел деген жигит.— Кээде кимдир бирөөгө жакпасам деле, ал мени жакшы көрөт деп тийише берчүмүн. Ошондон ыракат алчумун». Башкалар Сэмуелди тийишти деп көп айыпташчу, атүгүл ал тийишпесе деле, аны күнөөлөй беришчү. Ошондуктан ал атайылап тийише баштаган. Бирок кийин оюн өзгөрткөн. «Анын зыяны чоң эле, анткени ал өзүмчүл болгонго түртөт»,— дейт Сэмуел.

Ал jw.org сайтынан жаштарга арналган бир макала окуган. Анан Накыл сөздөр 20:11деги: «Атүгүл жаш баланын жүрүм-туруму анын иштеринин таза же таза эмес экенин, туура же туура эмес экенин көрсөтөт»,— деген сөздөр жөнүндө ойлонгон. Натыйжасы кандай болгон? Ал башкаларга тийишкени таза да, туура да иш эмес экенин түшүнгөн. Сэмуел мындай дейт: «Тийишүүнү адат кылып алган жаштар кийин жакшы өмүрлүк жар болууга тоскоолдук кыла турган сапаттарды өрчүтүп аларын түшүндүм. Ошондой эле болочок жубайымдын башка кыз-келиндерге тийишип жатканымды көргөндө кандай сезимде болору жөнүндө ойлоно баштадым. Бул тийишүүнүн канчалык зыяндуу экенин түшүнүүгө жардам берди. Башкаларга тийишүү кадимки нерседей сезилсе эле, бул анын туура экенин билдирбейт». Ошентип, Сэмуел өзгөргөн. Тийишүүдөн качканы аны жыныстык адеп-ахлаксыздыктын торуна түшүп калуудан сактаган.

Антонио болсо порнография көрүүнү адат кылып алгандыктан андан да чоң балээге кабылып кала жаздаган. Ал жубайын жанындай жакшы көрсө да, азгырыкка алдырып, порнография көргөн учурлары көп болчу. Ага 1 Петир 5:8де айтылгандар тууралуу ой жүгүртүү жардам берген. Ал аятта: «Сак жана сергек болгула. Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деп жазылган. Антонио мындай дейт: «Бул дүйнөдө айлана-тегеректин баары эле порнографиялык сүрөттөргө жык толгон. Андай сүрөттөр акылыңда ташка тамга баскандай калып калат. Ал аят андай азгырыктардын булагы жөнүндө ой жүгүрткөнгө түрткү берди. Ыпылас сүрөттөр көзгө урунганда алардын жийиркеничтүү булагы ким экенин дароо эстегенге үйрөнүшүм керек болду. Азыр мен акылыма, жүрөгүмө, никеме урулган соккуларга каршы туруу үчүн „сак жана сергек болгонго“ Жахаба гана көмөк кыла аларын билем». Антонио жардамды кабыл алып, акыры жаман адатынан арылган. Анын аркасында андан да чоң көйгөйлөрдөн кача алган.

Ырас, Ыйык Китеп олуттуу кыйынчылыктардан качууга жардам берген кеңештерге бай. Бирок терең тамыр алып, такыр арыла албачудай сезилген көйгөйлөр жөнүндө эмне айтууга болот? Эмесе, Кудайдын Сөзү аларды жеңүүгө кантип жардам берерин карап көрөлү.

Ыйык Китеп айрым көйгөйлөрдөн качууга жардам берет