Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кандай деп ойлойсуңар?

Кандай деп ойлойсуңар?

Ыйык Китеп Кудай менен дос болууга жардам береби?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Биз таза эмес, күнөөкөр болгондуктан Кудай менен дос боло албайбыз деп айтышат. Башкалар болсо Кудай бизге кам көрбөйт дешет. Силерчи?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай «чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот» (Накыл сөздөр 3:32). Эгер ага баш ийсек, аны менен дос боло алабыз.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛЕБИЗ?

  • Кудай аны менен дос болушубузду каалайт (Жакып 4:8).

  • Досубуз катары ал бизге жардам берүүгө, күнөөлөрүбүздү кечирүүгө даяр (Забур 86:5).

  • Кудайдын достору ал жакшы көргөн нерселерди жакшы көрүп, жек көргөн нерселерди жек көрүшөт (Римдиктер 12:9).