Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Табигый кырсык болгондо

Табигый кырсык болгондо

«Башында эмне кыларыбызды билбей, аябай жаман болдук. Ылай аралаш сел жүрүп, болгон мүлкүбүздүн баарын алып кетти» (Эндрю, Сьерра-Леоне).

«Катуу бороон-чапкындан кийин үйүбүзгө кайтып барсак, эчтекебиз калбай калыптыр. Нес болуп туруп калдык. Кызым чөк түшүп, боздоп кирди» (Дэйвид, Виргин аралдары).

ЭГЕР силер да табигый кырсыкка кабылган болсоңор, аман калгандардын деңдароо болорун, көргөн көзүнө ишене албай кыйналарын, заманасы куурулуп, тынчсызданарын жакшы билет болушуңар керек. Көптөрү ындыны өчүп, суй жыгыла чарчагандыктан андан ары жашагысы келбей калат.

Табигый кырсыктан улам колуңарда болгон нерселерден ажырап калсаңар, баарына кол шилтеп койгуңар келиши, атүгүл жакшылыктан үмүт үзүп коюшуңар мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте — Жараткандын Сөзүндө — кыйынчылыкка багынбай, келечекте бардыгы жакшы болоруна ишенишиңерге кандай негиз бар экени айтылган.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ЧЫНДЫК ҮМҮТ БАЙЛАТАТ

Насаатчы 7:8де: «Иштин аягы башталышынан жакшы»,— деп жазылган. Кырсыктан кийинки алгачкы күндөрү аракетиңерден эч майнап чыкпачудай сезилиши мүмкүн. Бирок жашооңорду «калыбына келтирүүгө» чыдамкайлык менен аракет кыла берсеңер, жагдайыңар бара-бара жакшырат.

Ыйык Китепте «ый, боздогон үн угулбай» турган убак келери алдын ала айтылган (Ышая 65:19). Андай заман Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу астында жер бети бейишке айланганда болот (Забур 37:11, 29). Ошол убакта табигый кырсыктар өткөндүн ишине айланат. Андай каргашадан жапа чеккендердин көкүрөгүндөгү жарааттар толугу менен айыгат. Анткени Кудурети чексиз Кудай: «Мурункулар мындан ары эскерилбейт, ойго да келбейт»,— деп убада берген (Ышая 65:17).

Ойлонуп көрсөңөр, Жаратканыбыз «силерге... келечек менен үмүт берүүнү ниет кылат». Ал өзүнүн жеткилең өкмөтүнүн тушунда тынчтыкта өмүр сүрүшүңөр үчүн чара көргөн (Жеремия 29:11). Бул чындыкты билүү жакшылыктан үмүт үзбөгөнгө жардам береби? Баш макалада айтылган Салли мындай дейт: «Кудайдын Падышалыгынын келечекте биз үчүн кандай сонун нерселерди ишке ашырарын эске салып туруу өткөндү унутууга жана учурдагы кыйынчылыктарга моюн сунбоого жардам берет».

Биз силерди Кудайдын Падышалыгы жакында адамзат үчүн эмнелерди кылары жөнүндө көбүрөөк билип көрүүгө чакырабыз. Бул силерге табигый кырсыктан зыян тартканыңарга карабай жакшылыктан үмүт үзбөөгө жана эч кандай каргаша болбой турган убакты ишеним менен күтүүгө көмөк кылат. Ал убак келгиче, Ыйык Китептеги баалуу кеңештер кырсыктын кесепеттери менен күрөшкөнгө күч берет. Анда эмесе, алардын айрымдарына токтололу.