Жакыныңардан айрылганда

Жакыныңардан айрылганда

«Агам күтүүсүздөн каза болуп калганда, эч нерсе кыла албаганыма ичим ушунчалык ачышты. Бир нече ай өткөндөн кийин да аны туруп-туруп эле эстеп кетчүмүн, ошондо жүрөгүм бычак сайылгандай ооруп кетчү. „Байкем эмне үчүн өлүп калды?“— деп ачууланган учурларым да болгон. Аны менен көбүрөөк убакыт өткөрсөм болмок деп да өзүмдү жеп жүрдүм» (Ванесса, Австралия).

ЭГЕР жакыныңардан айрылган болсоңор, силерди да ар кандай сезимдер чулгап жатса керек. Кээде кайгырышыңар, жалгызсырашыңар, өзүңөрдү алсыз сезишиңер мүмкүн. Балким, ачууланган, өзүңөрдү күнөөлөгөн же корккон учурларыңар да болоттур. Атүгүл: «Жакшылыктан үмүт үзбөгөнгө себеп барбы?» — деп ойлоноттурсуңар.

Айта кетчү нерсе, күйүт тартып жатканыңар алсыз экениңерди эмес, жакыныңарды жакшы көргөнүңөрдү айгинелеп турат. Бара-бара күйүтүңөрдүн басаңдап каларына шектенбесеңер болот.

АЙРЫМДАРГА ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРГЕН?

Өзүңөрдү кайгынын чеңгелинен эч качан чыга албачудай сезсеңер да, төмөндөгү ойлор көңүлүңөрдү жубатууга жардам бериши мүмкүн.

КҮЙҮТҮҢӨРДҮ ИЧИҢЕРГЕ КАТПАГЫЛА

Күйүттү ар ким ар кандай көтөрөт жана анын табы кайткыча ар кимге ар кандай убакыт талап кылынат. Ошентсе да ыйлап алуу муңга толгон көкүрөктү аз да болсо бошотууга жардам берет. Жогоруда айтылган Ванесса: «Ыйлагым келгенде ыйлап алчумун. Ошондо бугум чыгып калчу»,— дейт. Капысынан сиңдисинен айрылып калган София мындай деп бөлүшөт: «Эмне болгонун ойлогондо эле жүрөгүм ачышып кетет. Бул ириңдеп кеткен жараатты ачып, тазалагандай эле болот. Жанымды коёрго жер таппай кыйналам. Бирок ошонун аркасында жараатым айыгып бараткандай сезилет».

БУГУҢАРДЫ ЧЫГАРЫП АЛГЫЛА

Албетте, кээде жалгыз болгуңар келет. Бирок күйүттү жалгыз көтөрүү оор жүктү жалгыз көтөргөнгө тете. Атасы каза болуп калган 17 жаштагы Жаред: «Кандай сезимде болуп жатканымды башкаларга айтып берчүмүн. Кээде сөзүмдүн баш-аягы жоктой сезилсе да, ичимдегини айтып алганыма сүйүнчүмүн»,— деп эскерет. Баш макалада кеп кылынган Янис мунун дагы бир пайдасы тууралуу: «Бирөөлөр менен сүйлөшкөндө кадимкидей сооронуп калчумун. Алардын мени түшүнүп жатканын сезгенде жүгүмдү көтөрүшөр бирөө бар экен деп жеңилдей түшчүмүн»,— дейт.

ЖАРДАМДЫ КАБЫЛ АЛГЫЛА

Бир психолог: «Оор жоготууга учурагандан тартып эле досторунан, туугандарынан жардам издегендерге күйүттүн кийинки баскычтарын басып өтүү оңоюраак болот»,— деген. Андыктан досторуңарга эмнеге муктаж болуп жатканыңарды айтып тургула. Балким, алар жардам бергиси келип, бирок кантип жардам беришти билбей жүргөндүр (Накыл сөздөр 17:17).

КУДАЙГА ЖАКЫНДАГЫЛА

Тина мындай дейт: «Мурун ичимдегинин баарын бөлүшүп жүргөн жолдошум капысынан рактан каза болуп калды. Ошондон тартып жүрөгүмдөгүнү Кудайга төгө баштадым. Эртең менен турар замат андан ушул күндү жашап өткөнгө күч бер деп суранчумун. Кудай оюма келбеген жолдор менен жардам берип жатты». 22 жашында апасынан айрылган Тэрша: «Мен үчүн Ыйык Китепти күн сайын окуу сооронучтун булагы болду. Андан күч берерлик ойлорду тапчумун»,— деп бөлүшөт.

ЖАКЫНЫҢАРДЫН ТИРИЛГЕНИН ЭЛЕСТЕТКИЛЕ

Тина мындай деп кошумчалайт: «Башында тирилүүгө болгон үмүт көп деле жубаткан эмес. Анткени мен жолдошумдун, уулдарым атасынын келечекте эмес, ошол учурда жаныбызда болушун каалачубуз. Андан бери 4 жыл өттү. Азыр ошол үмүттү аябай баалайм». Ал үмүт ага, чөгүп бараткан кишини сакташ үчүн кемеден ыргытылган аркан сымал, кайгыга чөгүп кетпегенге жардам берип келет. «Жолдошумду тосуп алып жатканымды элестеткенде, жан дүйнөм тынчтыкка, кубанычка бөлөнөт»,— дейт Тина.

Албетте, күйүттөн дароо арылбашыңар мүмкүн. Анткен менен Ванессанын айткандары үмүтүңөрдү жандырары шексиз. Ал: «Кайгыдан эч качан баш көтөрө албайм деп ойлойсуң. Бирок кара булут тарай турган убак да келет»,— деп айтат.

Жакыныңарды сагынып, жоктой берериңер шексиз. Бирок багынбай, турмуш сапарын уланта бергиле. Мээримдүү Кудай силерге башкалар менен ынак мамиледе болууга, маңыздуу жашоо өткөрүүгө көмөк кылат. Кудай өлгөн адамдарды тирилте турган убак жакындап келатат. Ал силердин жакыныңарды кайрадан кыса кучакташыңарды каалайт. Ошондо жараатыңар биротоло айыгат!