Элчилер 24:1—27
24 Беш күндөн кийин башкы дин кызматчы Анания+ Кесарияга келди. Ага кошулуп кээ бир аксакалдар менен Тертул деген кыйын сүйлөгөн киши* да келди. Анан алар Пабылга каршы арыз-доосун айтыш үчүн башкаруучу Феликске барышты.+
2 Пабылды айтыпташ үчүн Тертулга сөз берилгенде, ал башкаруучунун алдында сөзүн мындай деп баштады:
«Биз сиздин аркаңыз менен тынчтыкка бөлөнүп жашап жатабыз, сиздин алысты көрө билгениңизден улам жакшы өзгөрүүлөр болуп, элибиздин турмушу оңолуп жатат.
3 Улуу даражалуу Феликс, мунун баары үчүн сизге дайыма терең ыраазычылык билдиребиз.
4 Эми убактыңызды көп албай кыска сүйлөйүн, сабыр кылып бизди угуп коюңуз.
5 Биз билгенден бул киши — элди бузган*,+ бардык жердеги жүйүттөрдү козголоң чыгарганга козуткан киши,+ назареттиктердин сектасынын башчысы.+
6 Бул ибадаткананы арамдаганга да аракет кылды. Ошон үчүн муну кармап алдык.+
7 *——
8 Эми өзүңүз суракка алып, таккан айыптарыбыздын баары негиздүү экенин биле аласыз».
9 Жүйүттөр да ага кошулуп Пабылды айыптап, айтылгандардын баарын туура деп ырасташты.
10 Башкаруучу башын ийкеп, сүйлөгөнгө уруксат бергенде, Пабыл мындай деди:
«Мен сиздин бул элге көп жылдан бери сот болуп келатканыңызды жакшы билем, ошон үчүн алдыңызда өзүмдү коргоп сүйлөп жатканыма кубанып турам.+
11 Менин Кудайга сыйыныш үчүн Иерусалимге барганыма 12 күндөй эле болгон. Муну өзүңүз да текшерип көрө аласыз.+
12 Мен ибадатканада кимдир бирөө менен талашып-тартышкан эмесмин, сыйынуу жайларында же шаарда элди дүрбөткөн да эмесмин. Ушуларды кылды деп эч ким далилдей албайт.
13 Булар мага койгон азыркы айыптарын да далилдеп бере алышпайт.
14 Бирок мен Мусанын Мыйзамында жана башка пайгамбарлардын китептеринде жазылгандардын баарына ишенгендиктен+ булар „секта“ деп атаган жолдо жүрүп, ата-бабаларымдын Кудайына+ ошого жараша кызмат кылып жатканым чын, муну танбайм.
15 Булар сыяктуу эле мен да Кудайдын көзү өтүп кеткен адил адамдарды да, адил эмес адамдарды да+ тирилтерине+ ишенип, ошого үмүт артам.
16 Ошо себептен Кудайдын да, адамдардын да алдында абийирим таза болушу үчүн, ар дайым бүт күчүмдү жумшап келем.+
17 Мен Иерусалимге көп жылдан кийин барган болчумун. Ал жакка элиме жардам катары акча жеткирип,+ курмандык чалыш үчүн баргам.
18 Булар мени тазалануу каадасын аткаргандан кийин ибадатканада ошол иш менен жүргөнүмдө көрүшкөн.+ Жанымда эл деле жок болчу, эч кандай ызы-чуу да салган эмесмин. Болгону, ал жерде азиялык айрым жүйүттөр бар болчу.
19 Эгер мени айыптаганга себеп бар болсо, анда ошолор алдыңызга келип, айыпташы керек эле.+
20 Же бул кишилер мени Жогорку соттун алдына алып барышканда менден айып табышкан болсо, анда айыбымды айтышсын.
21 Булардын арасында турганымда үнүмдү бийик чыгарып: „Мени өлгөндөрдүн тирилерине ишенгеним үчүн соттоп жатышат!“+ — деп айтканым эле болбосо, башка эч айыбым жок».
22 Бирок Кудайдын жолу*+ жөнүндө жакшы билген Феликс: «Силердин маселеңер боюнча миң башы Лусий келгенде чечим чыгарам» — деп, тергөө ишин кийинкиге калтырды.
23 Жүз башыга болсо Пабылды кайтарышын, бирок анча-мынча эркиндик беришин, досторунун келип-кетип, каралашып турушуна тыюу салбашы керектигин буйрук кылды.
24 Бир нече күндөн кийин Феликс жүйүт аялы Друзила менен келди. Анан Пабылды чакыртып, Машаяк Исага ишенүү деген эмнени билдирерин сурап, айткандарына кулак салды.+
25 Пабыл адилдик, өзүн өзү кармай билүү жөнүндө, келечекте Кудай адамдарды соттой турганы жөнүндө сөз кылгандыктан,+ Феликс коркуп: «Азырынча бара бер, убактым болгондо, кайра чакыртам»,— деди.
26 Бирок пара береби деген үмүттө Пабылды улам-улам чакыртып, сүйлөшүп турду.
27 Эки жылдан кийин Феликстин ордуна Поркий Фест келди. Ошол учурда Пабыл дагы деле түрмөдө отурган. Анткени Феликс жүйүттөргө жагыныш үчүн+ аны бошоткон эмес болчу.
Шилтемелер
^ Же: «Тертул деген юрист; жактоочу».
^ Же: «элге жугуштуу оорудай таасир эткен киши».
^ Бул аят Ыйык Китептин айрым котормолорунда бар болсо да, грек тилиндеги байыркы негизги кол жазмаларда кездешпейт. А3 тиркемесин кара.
^ Сөзмө-сөз: «бул Жол». Бул Исанын жолдоочуларынын жашоо мүнөзүн, окууларын билдирет.

