Мазмунун көрсөтүү

Ибилистин түспөлү кандай?

Ибилистин түспөлү кандай?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Ибилис рух болгондуктан көзгө көрүнбөйт. Демек, анын адамдыкындай денеси жок (Эфестиктер 6:11, 12).

 Ибилисти көбүнчө мүйүзү, куйругу бар, колунда айры кармап турган теке сымал жандыкка окшоштурушат. Аны ушундай кылып орто кылымдардагы сүрөтчүлөр сүрөттөй башташкан. Аларга, сыягы, эл оозунда айтылып жүргөн жомоктор менен байыркы уламыштар таасир эткен.

 Ыйык Китепте Ибилис кандайча сүрөттөлөт?

 Ыйык Китепте Ибилис ар кандайча сүрөттөлөт. Бул бизге анын түспөлүн эмес, табиятын элестеткенге жардам берет. Алсак, ал төмөнкү нерселерге окшоштурулат:

  •   Жарыктын периштеси. Ал адамдарды Кудайдан алыстатып, өзүнүн тарабына өткөрүш үчүн өзүн жакшы кылып көрсөтөт (2 Корунттуктар 11:14).

  •   Арылдаган арстан. Ал Кудайга сыйынгандарга аёосуз кол салат (1 Петир 5:8).

  •   Чоң ажыдаар. Ал жамандык кылуудан кайра тартпаган, үрөйдү учурган күчтүү жаратуу (Аян 12:9).