Мазмунун көрсөтүү

Шайтан Ибилис каякта жашайт?

Шайтан Ибилис каякта жашайт?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

 Шайтан Ибилис рух болгондуктан, адам баласынын көзүнө көрүнбөгөн рухий чөйрөдө жашайт. Бирок ал, айрымдар ойлогондой жана сүрөттө көрсөтүлгөндөй, тозокко түшкөн күнөөкөр адамдарды кыйнай турган жайда жашабайт.

Асмандагы согуш

 Шайтан Ибилиске бир канча убакыт бою рухий чөйрөдө ээн-эркин жүрүүгө, ошондой эле Кудайга ишенимдүү периштелер менен бирге Кудайдын алдына барууга жол берилген (Аюп 1:6). Бирок Ыйык Китепте «асманда согуш» болору жана анын натыйжасында Шайтандын жерге куулуп түшүрүлөрү алдын ала айтылган (Аян 12:7—9). Ыйык Китепте айтылгандар боюнча алып караганда да, дүйнөдөгү окуялар да көрсөтүп тургандай, ал «согуштун» болуп өткөнү айдан ачык. Азыркы учурда Шайтан Ибилис жердин айланасында гана жүрө алат.

 Шайтан Ибилис биздин планетанын белгилүү бир жеринде жашайбы? Мисалы, Ыйык Китепте байыркы Пергам шаары тууралуу «Шайтандын тактысы турган жер», «Шайтан жашаган жер» деп айтылган (Аян 2:13). Сыягы, бул сөздөр ал шаарда Шайтанга сыйынуучулуктун абдан гүлдөгөнүн баса белгилеш үчүн гана айтылган. Ыйык Китепте Шайтан Ибилистин «жер жүзүндөгү бардык падышалыктардын» үстүнөн бийлиги бар экени айтылат. Ал белгилүү бир жерде жашабайт. Ал каалаган жеринде жүрө берет, бирок жердин айланасынан чыга албайт (Лука 4:5, 6).